"Ош-Тазалыктын" сынга кабылган сүрөтү
"Ош-Тазалык" ишканасы кызматкерлерине униформа таратып жаткан сүрөттөрү социалдык тармактарда сынга кабылды. Интернет колдонуучулар сүрөттү ар кандай чечмелеп жатышат.
Бул маселе айлык акынын аздыгынан мындай жумушта жалаң улгайган кишилер иштеп, эмгектери бааланбайт деген пикирлерге жем таштады. "Ош-Тазалыкта" курагы 60 жаштан ашкан кызматкерлер 70 пайызды түзөт. Алардын айлыгы орто эсеп менен 8 миң сом.
Сүрөттө "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов улгайган курактагы кызматкерине форма кийгизип жатканы тартылган. Артында 3-4 эркек киши карап турат.
Исмаилов "Азаттыкка" берген интервьюсунда сүрөттүн талкуу жаратканын мындайча түшүндүрдү:
"Атайын униформа берилбей калган эле. Быйыл күзгү форманы атайын тиктирип бердик. Өлчөмү туура келгенин текшерип көрүү үчүн кийгизип жатканда тартылган сүрөт. Пиар кылуу максатыбыз деле жок болчу. Сүрөттүн чыкканы бир чети туура болду. Мисалы, жаштар бул ишке барбайт. Шыпыруучу, жүктөөчүлөр жалаң 60тан өткөн энелер, аксакалдар. Эгер жаштар кыйын экен энелерди, апаларды чыгарбай өздөрү иштесин. Таштандыларды жолго, аялдамаларга таштап кетип аткандар ошол жаштар эмеспи. Ошонун баарын ушул апалар тазалап жатканын билишсин, эстешсин".
Сүрөт жарыяланган соң ал отчет иретинде тартылганын айтып, бир топ колдонуучулар "Ош-Тазалыктын" таламын талашып чыгышты. Ошол эле учурда мамлекеттик ишканалардын маалымат кызматтары кенедей ишти көбүртүп берип жатканын сындагандар да болду.
Ош шаарынын тургуну, журналист Зулфия Тургунова "Ош-Тазалыктын" маалымат кызматы этиканы бузду деп эсептейт.
"Катардагы эле жөнөкөй иш чараны чоңойтуп көсөтүп жатат. Балким, ошол эне коомчулукка ачык чыгууну каалабаган чыгар. Анын туугандары бул сүрөттү көрсө кандай абалда болушу мүмкүн. Ушундай жагдайларды да эске алышса болмок".
"Ош-Тазалыктын" жетекчиси "сүрөт кандай жарыяланып кеткенин билбейм" дегени менен "Фейсбуктагы" баракчасында дале турат. Ал билдирүүнү Ош шаардык мэриясынын баракчасы да бөлүштү.
"Ош-Тазалык" - шаарда 220 миң кишини тейлеп, жылдык бюджети 90 миллионго чукулдайт. Өзүн-өзү тейлеген ишкана болгонуна карабай 2021-жылкы бюджеттен 23 миллион 500 миң сом бөлүнгөн.