123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 24.09.2021

"Озоди" өз булактарына таянып "Ансоруллах" Тажикстанга кол салууга даярданып жатканын жазды

Azattyk.org 

«Азаттыктын» тажик кызматы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Чек ара башкармалыгындагы булагына таянып, "Ансоруллах" тобу (Кыргызстанда тыюу салынган диний уюм) Тажикстанга кол салышы мүмкүн экенин жазды. Маалыматка караганда, тажик бийлиги учурда оперативдик кабарларды иликтеп, ошол эле учурда өлкөнүн күч түзүмдөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирген. Куралдуу жоочулардын кол салышы тууралуу кеп-сөздөр бар экенин Тоолуу Бадахшан автоном облустук администрациянын маалымат катчысы Голиб Ниятбеков дагы "Озоди" радиосуна ырастады. Читать дальше...

Евробиримдик Орусияга байланышы бар киберчабуулдарды айыптады

Azattyk.org 

Евробиримдик шаркетке мүчө бир катар мамлекеттерге жасалган киберчабуулдар үчүн Орусияны айыптап, "жоопкерчиликтүү мамлекеттин" эрежелерин сактоого чакырды. "Айрым биримдикке мүчө мамлекеттер Ghostwriter деп аталган киберчабуул болгонун каттап, аны Орусия менен байланыштырышты. Мындай нерсе кабыл алынгыс. Анткени ал биздин демократиялардын баалуулуктарына, принциптерине, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздукка коркунуч жаратууга багытталган", - деди шаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел 24-сентябрда. Читать дальше...

Иран өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр жакын арада жанданарын билдирди

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахяндын айтымында, Тегеран "чукул арада" дүйнөлүк алты держава менен түзүлгөн 2015-жылкы келишимди кайра калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөргө кайтат. Иран быйыл Венада өзөктүк келишимди кайра жандандыруу боюнча алты айлампадан турган сүйлөшүүлөргө катышкан. Сүйлөшүүлөр быйыл июнь айында Иранда президенттик шайлоодо Ибрагим Раиси утуп чыккандан кийин токтоп калган. Министрдин билдирүүсүнө чейин Раиси Башкы Ассамблеяга жасаган кайрылуусунда Тегеран келишимди жандантып... Читать дальше...



Акция же криптовалюта... Кантип байыса болот?

Azattyk.org 

Акчаңызды чогултуп депозитке салсамбы же мал алып койсомбу деп ойлонуп жатсаңыз, анда “Азаттык плюс” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сөзсүз көрүңүз. Анткени бул жолу адистер акчаны кантип туура жакка инвестициялоо керектигин айтып беришет.

Шевченко менен Мерфинин беттешин кайсы сайттардан көрсө болот. Тизме

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Беттеш 26-сентябрга караган түнү Лас-Вегас шаарында T-Mobile Arena аренасында өтөт. Убакыт айырмасынан улам кыргызстандыктар бул жолугушууну жекшемби күнү эртең менен көрө алышат.

Жаңылыктар: Тажикстан "Талибанга" эскертүү берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенттик администрациясы Ооганстанга барган делегация гуманитардык жардам жеткиргенин маалымдады. "Кумтөр ишине" байланыштуу кармалган саясатчылар Асылбек Жээнбековдун, Төрөбай Зулпукаровдун, Жоомарт Оторбаевдин жана Темир Сариевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Талибан" кыймылын бардык улуттардын өкүлдөрүн камтыган өкмөт түзүүгө чакырды.

"Кыргызча сурасаң, орусча жооп угасың". Мамтилди сынаган 30 жыл

Azattyk.org 

Эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеген Кыргызстанда кыргыз тили толук мамлекеттик тил боло алдыбы? Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 32 жыл толду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын аспирантурасында окуп жаткан сүрөтчү Сергей Худолеев кыргыз тилинде таза сүйлөйт. Ал кыргыздарга кыргызча сүйлөп кайрылганында көп учурда орусча жооп аларын белгиледи. Читать дальше...



Украина: олигархтарды чектеген мыйзам кабыл алынды

Azattyk.org 

Украинанын парламенти олигархтардын саясатка жана экономикага таасирин чектөөнү көздөгөн мыйзам долбоорун колдоду. Президент Владимир Зеленский жардамчысынын автоунаасына кол салуудан кийин кабыл алынган мыйзамды оппозициянын өкүлдөрү кескин сындап чыгышты.

Актер Марат Шаймухамедов каза болду

Azattyk.org 

24-сентябрда, 59 жаш курагында театр жана кино актеру, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын сахна чебери Марат Шаймухамедов жүрөгү кармап көз жумду. Бул тууралуу аталган театрдын эмгек жамааты билдирүү таратты. Марат Шаймухамедов Ташкент шаарындагы Театралдык институттун “Куурчак театрынын артисти” бөлүмүн бүткөн. 1988-жылы Самарканд, Ташкент шаарларынын театрларында эмгек жолун баштап, Бишкектеги республикалык Муса Жангазиев атындагы куурчак театрына келип кирген. Отуз жылдан ашык убакытта... Читать дальше...

Каракол милициясы аялдын сабалышы тууралуу айыптоого жооп берди

Azattyk.org 

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы кош бойлуу аялдын сабалышы тууралуу айыптоого жооп берди. Мекеме 24-сентябрда тараткан маалыматта милицияга карата каралоо жүрүп жатканы, аялдын айткандары чындыкка дал келбей турганы жана жоопкерчиликтен качуу максатында ал коомчулукту адаштырып жатканы айтылды. Милиция билдиргендей, 5-августта аларга эжесинин жана жездесинин зомбулугуна кабылганын айткан 22 жаштагы жергиликтүү келин кайрылган. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Үй-бүлөдөгү... Читать дальше...

Кушчубеков: Кабул сапары Бишкектин тышкы саясатына каршы келбейт

Azattyk.org 

Ооганстандын дүйнө коомчулугу тааный элек жаңы өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн Кабул жолугушуусу коомчулуктун көңүлүн бурган окуя болду. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков бул кадамды Кыргызстандын эркиндеги кадыресе иш катары баалады. - Талант мырза, Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков баштаган делегация Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирип, өкмөттүк деңгээлдеги жетекчилерине жолукту. Муну кыргыз тараптын күтүүсүз кадамы деп баалоого болобу? Читать дальше...

Бюрократиядан тажаган ишкерлерди Өзбекстан чакырууда

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын форуму жергиликтүү ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо жетишсиз экенин ачыктады. Ишкерлер Кыргызстандагы бир катар тармактар акырындап Өзбекстандын товарларына орун бошото баштаганын айтышууда. Өзбекстандын базарын багындыруу оңой эмес Өзбекстандан келген ишкер, жашылча-жемишти кайра иштетүүчү комбинаттын ээси Мамлакат Сидикова ишкер айымдардын бизнес-форумунун алкагында Кыргызстандагы бир катар ишканаларды кыдырып чыкты. Жашылча-жемишти кайра иштетүүчү... Читать дальше...

Кыргызстандык ишкерлер колдоого муктаж

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын форуму жергиликтүү ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо жетишсиз экенин ачыктады. Ишкерлер Кыргызстандагы бир катар тармактар акырындап өзбекстандын товарларына орун бошото баштаганын айтышууда.

Казак соту Кытай элчилигинин алдына чыккан аялга айып пул салды

Azattyk.org 

Казакстанда сот Кытай элчилигинин алдына Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып чыккандардын бири Гаухар Курмангалиевага 200 доллар өлчөмүндөгү айып пул салды. Расмий маалыматка ылайык, ага "коомдук тартипти бузуу жана жыйын өткөрүү" деген берене боюнча айып тагылды. Курмангалиева менен чогуу элчиликтин алдына чыккан тогуз адамды полиция 23-сентябрда кармап кеткен. Ушул аптанын башынан бери он чакты адам Нур-Султандагы Кытай элчилигинин имаратынын алдына чыгып, элчи Чжан Сяонун Казакстандан кетишин талап кылып жатышат. Читать дальше...

Каталониянын экс-лидери, жикчил Пучдемон Италияда кармалды

Azattyk.org 

Каталониянын мурдагы башчысы, бозгунда жүргөн Карлес Пучдемон Италиянын Сардиния аралында Испаниянын өтүнүчү менен кармалды. Ал төрт жыл мурда Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча референдум өткөргөндөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал референдумду Мадрид мыйзамсыз деп тааныган. Пучдемонду эми Испанияга экстрадициялоо боюнча сот 24-сентябрда өтөрү күтүлүп жатат. Учурда Пучдемон Бельгияда жашайт, ал Европарламенттин мүчөсү. 2017-жылдын күзүндө Испаниянын эң бай аймактарынын бири Каталониянын... Читать дальше...

"Алтын комузду" төкмө акын Баян Акматов жеңип алды

Azattyk.org 

Ош шаарында 22-23-сентябрда уюштурулган Республикалык айтыштын баш байгесине төкмө акын Баян Акматов ээ болду. Ага  алтын жалатылган "Алтын комуз", 80 миң сом жана "Ак таңдай" аттуу алтын төш белги ыйгарылды. Биринчи орунга Айсааба Базарбай кызы, экинчиге Жылдызбек Төрөканов, үчүнчү орунга Мамбеттокто Мамбеторозо уулу татыды. Айтышка жалпысынан 40 акын катышып, финалга 16сы чыкты. Арасында эки казак акыны да бар.   Айтышты ЭлТР менен “Ак таңдай” акындар ордосу уюштуруп, иш-чара эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына... Читать дальше...

Бишкекте Дүйнө эпосторунун эл аралык фестивалы өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте Эгемендиктин 30 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө эпосторунун эл аралык VI фестивалы өтүүдө. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү катышып жатат. Өкмөттүн басма сөз кызматы 24-сентябрда билдиргендей, улуттук аң-сезимди чыңдоо, эпикалык мурастарды глобалдык деңгээлге алып чыгуу жана жандандыруу максатын көздөгөн иш-чара президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууга багытталган.  Фестиваль... Читать дальше...

Татьяна: Кыргызстандыктар жакшы жашоого татыктуу

Azattyk.org 

Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская Британиядагы Index on Censorship уюмунун ой-пикирди эркин билдирүү боюнча эл аралык сыйлыгына татыктуу болду. Зеленская адам, аялдардын укуктары жаатындагы иллюстрациялык эмгектерди жаратып келет. Ал “Азаттыкка” курган маегинде чыгармачылыгы, сүрөттөрүнө болгон коомдун реакциясы жана мекенчилдик тууралуу ойлору менен бөлүштү.


Музыкальные новости
Татьяна Рязапова

Социальная работа на предприятии: современные тенденции и интересные кейсы





Персональные новости
Росгвардия

Сотрудники Росгвардии приняли участие в донорской акции «От сердца к сердцу»





Сирияда соттолгон кыргыз жарандарынын балдарын мекенине кайтаруу маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Сириянын Тышкы иштер министрлиги бул өлкөдө соттолгон кыргыз жарандарынын балдарын мекенине кайтарууга жардам берет. Бул тууралуу Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы алкагындагы эки тараптуу жолугушууда тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Сириянын башкы дипломаты Фейсал Мекдад билдиргенин 24-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Министрлер балдарды кайтаруу маселесин жана Сириядагы соңку кырдаалды талкуулашты. Руслан Казакбаев Кыргызстан бул өлкөдөгү... Читать дальше...

Иран Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан товар алып өтүү үчүн жер бөлүп берди

Azattyk.org 

Иран өкмөтү Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан товар алып өтүү үчүн транзиттик жер тилкесин бөлүп берди. Бул тууралуу Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы алкагындагы эки тараптуу жолугушууда тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Ирандын башкы дипломаты Хоссейн Амир Абдоллахиян билдиргенин 24-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жер тилкеси менен кошо Кыргызстандан чыккан же өлкөгө ташылып бараткан... Читать дальше...

Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны кескин көбөйдү

Azattyk.org 

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда соңку бир суткада коронавирустан каза болгондордун саны 828ге жетти. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Орусияда төртүнчү күн катары менен коронавирус 800дөн ашуун кишинин өмүрүн алып жатат. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча кризистик борбор 24-сентябрда билдиргендей, соңку бир суткада вируска 21 миңден көп адам чалдыккан. Маалыматка караганда, Орусиядагы 85 аймактын 36сында инфекцияга кабылгандардын саны жогорулап жатат. Адистер кырдаал катаалдашы мүмкүн экенин эскертишти. Читать дальше...

Эльбрус чокусуна чыгып бараткан топтун беш мүчөсү каза болду

Azattyk.org 

Орусиядагы Эльбрус чокусун багындырууга барган туристтик топтун беш мүчөсү каза болду. "Интерфакс" агенттигинин маалыматына ылайык, топто жалпысынан 19 адам болгон. Алардын 14үн тиешелүү кызматттар куткарып калууга үлгүргөн. Алдына ала маалыматтарга караганда, буга аба ырайынын кескин начарлап кетиши себеп болду. Туристтик топ бараткан аймакта, шамалдын ылдамдыгы секундасына 40 метрге жетип, бороон башталып, эч нерсе көрүнбөй калган. Ошондой эле, туристтик топтогулардын бири да кесипкөй альпинист болбогону кабарланды. Читать дальше...

Өзбекстанда кандай ырчылар лицензия алат?

Azattyk.org 

Өзбекстандык “Электрооко” синти-поп тобу евразиялык музыкалык турунун алкагында Бишкекте концертин коюп кетти. Постмодерндик лирикалары, жандуу скрипка, гитара жана электрониканын айкалышы менен таанылган альтернативдүү топтун музыканттары “Азаттыктын” студиясына келип дымактуу ойлору менен бөлүштү.

Орусиядагы жол кырсыктан эки кыргызстандык каза болду

Azattyk.org 

Орусиянын Тула облусундагы аварияда төрт адам мүрт кетти. Алардын экөө - кыргыз жарандары. Жол кырсыгы 23-сентябрда П-22 "Каспий" трассасында болгонун Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Көз жумган кыргызстандыктардын бири 35 жаштагы эркек, экинчиси 34 жаштагы аял. Орусиянын тийиштүү органдары кылмыш ишин козгоп, авариянын себеби иликтенүүдө.

Спорт в России и мире
Москва

«Фонкод» отметили в народном голосовании Всероссийского конкурса спортивных проектов


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Финалисты «Мастерса» в Монте‑Карло опередили Рублева в рейтинге ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Брянский путешественник Игорь Шпиленок подготовил отчет о далекой экспедиции





Путин в России и мире
Москва

Первый пуск «Ангары-А5М» с Восточного запланирован в 2027 году


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

У помощника Лукашенко по общим вопросам нашли три квартиры в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Владимир Высоцкий

Актриса Лужина рассказала правду о романе с Высоцким



Москва

Россия и ОАЭ запланировали постройку новых посольств

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net