Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 30.09.2021

Тажикстанда Ооганстандагы урушка катышты делген келин 12 жылга кесилди

Azattyk.org 

Тажикстанда "Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышты" деп айыпталган тажик жараны Олима Камолова 12 жылга түрмөгө кесилди. Мындай өкүмдү 30-сентябрда баш калаа Дүйшөмбүнүн жанындагы Вахдат шаарынын соту чыгарды. Сот Камолованы 2015-жылы Ооганстандын убагында "Ислам мамлекети" террордук тобунун жергиликтүү бутагы көзөмөлдөп турган аймагындагы урушка катышкан деп тапты. Прокуратура 31 жаштагы келинди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн. Олима Камолова төрт баланын энеси. Ал Ооганстанда... Читать дальше...

Меркелдин мурасы: кыргыз-немис мамилеси

Azattyk.org 

Өткөн жекшембиде Eвробиримдиктин эң ири экономикасы – Германияда 16 жылдан бери биринчи жолу парламенттик шайлоо Ангела Меркелсиз өттү. Чоң саясаттан кетерин үч жыл мурун жар салган канцлер айымдын башкаруусу өлкө, Европа жана дүйнө үчүн кандай болду? Меркелдин ички жана дүйнөлүк сахнадагы эң чоң жетишкендиктери жана каталары кайсылар? Меркелдин тушунда Берлин менен Борбор Азиянын мамилелери кандай өнүктү? Кыргызстандагы парламентаризимдин калыптанышына колдоо көргөзүп келген жетекчи бийликтен кетип... Читать дальше...

Укук коргоочу Валентина Чупик Украинадан баш калка сурады

Azattyk.org 

25-сентябрдан бери Москванын Шереметьево аэропортундагы иммиграциялык убактылуу кармоочу жайда отурган укук коргоочу Валентина Чупик Украинадан баш калка сурады. Бул тууралуу анын жардамчысы Александр Ким 30-сентябрда "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, укук коргоочунун өкүлдөрү Чупиктин атынан Украинанын Тышкы иштер министрлигине жана Москвадагы украин элчилигине баш калка сураган өтүнүчтү жолдошту. Азырынча украин бийлиги мындай өтүнүч боюнча комментарий бере элек. Александр Ким билдиргендей... Читать дальше...



Митингчилерге бир миллион теңге айып пул салынды

Azattyk.org 

Нур-Султандагы Кытай элчилигинин алдына Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып чыккан 10 кишиге сот 1 миллион теңге айып пул салды. Казакстандык укук коргоочулар мыйзам баарына бирдей экенин, мындай жаза аша чапкандык болгонун айтууда. Өткөн аптанын башынан бери он чакты адам Нур-Султандагы Кытай элчилигинин имаратынын алдына чыгып, элчи Чжан Сяонун Казакстандан кетишин талап кылып турушкан. Онлайн өткөн сот 10 күндөн бери элчиликтин алдында тикесинен тик туруп, туугандарын бошотууну... Читать дальше...

Журналисттер ЖМК мыйзамын шашылыш өзгөртүүгө каршы

Azattyk.org 

Журналисттер жана медиа эксперттер жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча мыйзамдардын шашылыш өзгөртүлүшүнө каршы президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровго жана юстиция министри Асел Чыныбаеванын атына кайрылуу жолдоду. Кайрылууда "Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" мыйзамдарды өзгөртүүнү жыл соңуна чейин эмес, мөөнөтүн узартып, кеңири талкуудан кийин гана кабыл алууну сунуштады. Читать дальше...

Адвокаттарды араздаштырган курултай

Azattyk.org 

Кыргызстандын Адвокатурасынын кеңешинин жаңы курамын шайлоо жаңжал менен коштолуп, жактоочулардын көбү жыйынга киргизилбей сыртта калды. Алар буга Адвокатуранын жетекчиси Билим Райымкуловду күнөөлөп, ал жеке басар бийлигин орнотуп, каржылык отчёт да бербей келатканын айтып доомат коюшту. Райымкулов мындай айыптардын айрымдарына макул эмес. Мунун алдында эле президент Садыр Жапаров адвокаттардын II съездине катышып, жактоочулар ээн-эркин көз карандысыз иштеши керектигин билдирген. Жактоочулардын... Читать дальше...

Журналисттер сөз эркиндигине кабатыр

Azattyk.org 

Журналисттер коомчулугу бүгүн президент Садыр Жапаровго кайрылып, медиа тармагын тескеген мыйзамдарды азырынча өзгөртпөй турууга чакырышты. Чет өлкөлөрдө жашаган ондогон түркмөнстандыктар президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигине каршы митингдердин кезектеги айлампасын башташты. Бишкекте балалуу энени кол арабасы менен албай кеткен маршрутканын айдоочусу иштен айдалды.

Беларус: КГБнын огунан өлгөн адам АКШдагы фирманын кызматкери болгон

Azattyk.org 

Эки күн мурда Минскидеги батиринде беларус коопсуздук күчтөрүнүн огунан каза тапкан адам АКШдагы EPAM Systems IT компаниясынын кызматкери болгон. Мындай маалыматты компания Reuters жаңылыктар агенттигине жөнөткөн катында ырастады. Бирок EPAM Systems бул кызматкеринин америкалык паспорту болгонун же болбогонун тактаган жок. "Бул адамдын аты расмий булактарда аталбаса да, биз маалымат каражаттарында сөз болгон киши EPAM компаниясынын кызматкери экенин ырастайбыз", - деп айтылган билдирүүдө. 28-сентябрда... Читать дальше...



Женевада кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голддун" сүйлөшүүсү аяктады

Azattyk.org 

28-30-сентябрда өткөн Швейцариянын Женева шаарындагы кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен буга чейин Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилеринин биринчи сүйлөшүүсү аяктады. Бул тууралуу сүйлөшүүгө катышкан ишенимдүү булак "Азаттыкка" билдирди. Кыргызстандын делегациясын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеп барган. Делегация курамында Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Тенгиз Бөлтүрүк... Читать дальше...

Улуттук банк чуусу: Фроловдун бийлик менен байланышы

Azattyk.org 

Улуттук банктын жетекчиcин алмаштырууга байланыштуу маселеде аты аталган орусиялык банкир Владимир Фролов президент Садыр Жапаровго жолукканы айтылды. Фроловду депутат Саматбек Ибраев банк жөнүндөгү өз мыйзамына эксперт катары тартып жаткан. Башка эл өкүлдөрү чет элдик жаранды “финансылык шылуун” катары мүнөздөп, “ал Кыргызстандын финансы тармагын бузганы жатат” деп айыпташкан. Фролов, Ибраев, Абдыгулов жана Жапаров Владимир Фролов аттуу ысым Кыргызстандын саясий айдыңында быйыл жыл башынан тарта белгилүү боло баштады. Читать дальше...

Ош базарында дагы өрт чыкты

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош базарынын аймагында жайгашкан "Кыял" соода борборунда 30-сентябрга караган түнү өрт чыкты. Билдирүүдө айтылгандай, базардын ичиндеги бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяк, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнер (павильон) жана темир устундуу желим менен жабылган өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн. Эки чач тарачтын терезеси жана аба муздаткычы күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрди түздү. Өрттү өчүрүүгө эки бригада тартылып... Читать дальше...

Рыскүл: Сыноолор мага күч берди

Azattyk.org 

37 жаштагы Рыскүл Базарбаева Москвада иштеп жүрүп, кырсыктап буту баспай калган. "Азаттык" Базарбаеванын жашоосун үч жыл мурда чагылдырган. Келин анда насыясын төлөй албай, майыптыгын кабыл ала албай жашап жатканын баяндаган. Бул аралыкта Базарбаеванын жашоосу өзгөрүп, ал турмушка чыгып, билим алып, эми майыптыгы бар адамдардын турмушу тууралуу социалдык тармактарга видеолорду жарыялап келет. Рыскүл Базарбаева бардык адамдар бирдей экенин жана элдин майыптыгы бар адамдарга болгон көз карашын өзгөртүүнү каалайт.

Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчынын атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырды

Azattyk.org 

Президенттин басма сөз кызматы айрым депутаттарды мамлекет башчынын атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырды. "Бул үчүн басма сөз кызматы бар", - деди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" берген комментарийинде. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев 29-сентябрда парламентте кызуу талкууланган орусиялык банкир, эксперт Владимир Фролов тууралуу "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" талкуусунда түшүндүрмө берген. Эл өкүлү Фроловду президент Садыр Жапаров өзү кабыл алганын айткан. Читать дальше...

Талас обладминистрациясы УКМКнын маалыматын четке какты

Azattyk.org 

Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) облустук акимчиликте коррупциялык схема аныкталды деген маалыматын четке какты. Бул тууралуу 30-сентябрда облустук бийлик расмий билдирүү таратты. Облустук бийлик УКМК өкүлчүлүктүн 2020-жылга чейинки ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзгөнүн, маалымат анын жыйынтыгына негизделгенин билдирип, атайын кызмат айткан "коррупциялык схемаларга" азыркы облус жетекчилеринин тиешеси жоктугун кабарлаган. УКМК 29-сентябрда... Читать дальше...

Пхеньян Сеул менен байланыш каналын ачууга даяр экенин билдирди

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын октябрь айынан тарта Түштүк Корея менен коммуникация каналын калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирди. Ал бул тууралуу парламентке кайрылуусунда айтканын Түндүк Кореянын борбордук жаңылыктар агенттиги 30-сентябрда билдирди. Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бирин башкарган Ким Чен Ын АКШнын диалог тууралуу сунушун четке каккан. Ал Түштүк Кореяны курал-жарактарын көбөйтүп, аскердик машыгууларды өткөрүү менен "чөлкөмдөгү кырдаалды чыңалтып жатат" деп айыптап, Вашингтон... Читать дальше...

"АКШ күчтөрүн чыгаруу ооган армиясына моралдык сокку болду"

Azattyk.org 

Америкалык аскерлерди Ооганстандан толугу менен чыгаруу жергиликтүү армиянын маанайына, моралдык абалына абдан чоң таасирин тийгизди. 29-сентябрда ушундай пикирин АКШ куралдуу күчтөрүнүн жетекчилери Өкүлдөр палатасындагы угуулар учурунда билдиришти. АКШ Борбордук командачылыгынын кол башчысы генерал Кеннет Маккензи америкалык контингент 2 жарым миң кишиден азайса, Кабул өкмөтү, "анын артынан армия кулайт" деп, "көптөн бери" ойлоп жүргөнүн айтты. Ооган армиясы көп жылдан бери чалгын маалыматтарды чогултуу... Читать дальше...

“Сомо” компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча журналисттик иликтөө жарыяланды

Azattyk.org 

15 мүнөттө насыя алууга азгырган, өзүн ломбард атаган "Сомо" компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн журналист Али Токтакуновдун “МедиаХабы” иликтеп чыкты. Анда аталган компаниянын ээси латвиялык бизнесмен экени, Латвиянын өзүндө ишмердүүлүгү чектелгени тууралуу айтылган. "Латвиялык бизнесмендин дүйнөгө жайылган микрокредиттик уюмдарынын бири “Сомо” миң сомдон 50 миң сомго чейин зайым берет. Журналисттер анын сайтындагы калькулятор менен эки вариантты эсептеп көрсөтүштү. Анда эгер кардар 1000 сом насыя алса... Читать дальше...

Аба ырайы: Тоолуу райондорго кар жаайт, үшүк жүрөт

Azattyk.org 

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-4-октябрларында аба ырайы туруксуз болот. Мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан жаап, айрым жерлерде катуу шамал болот. Айрым аймактарда үшүк жүрөт. 1-октябрда айрым аймактарда түнкүсүн жана күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 6 … 11... Читать дальше...

Дыйкандар жемди экспорттоого уруксат берүүнү талап кылышууда

Azattyk.org 

Кыргызстандагы "Жүгөрү өстүрүүчүлөр" ассоциациясынын өкүлдөрү 400 миң тоннадай жүгөрү чирип кетүү коркунучунда турганын айтып чыгышты. Мындан улам алар айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго кайрылып, жемди тышка экспорттоого уруксат берүүнү суранышты. Ассоциациянын жетекчиси Бакыт Жумалиевдин айтуусунда, дыйкандар министрге бул маселе боюнча бир нече жолу кайрылган. "Биз жүгөрүнү тышка сатууга уруксат берүүнү талап кылабыз. Сугат суу маселесин чечип, жердин ижара... Читать дальше...


Музыкальные новости
Певица

Певица Анна Семенович призналась, что ей пришлось прервать отдых из-за болезни





Персональные новости
ЦСКА

РОСГВАРДИЯ ОБЕСПЕЧИЛА ПРАВОПОРЯДОК ВО ВРЕМЯ ФУТБОЛЬНОГО МАТЧА «ЦСКА» - «СПАРТАК» В МОСКВЕ





Бишкек-Торугарт жолунда кыймыл чектелет

Azattyk.org 

4-8-октябрда Бишкек-Торугарт жолунун 131-чакырымында, тагыраагы Боом капчыгайында жол кыймылына коркунуч келтирбеши үчүн таш көчүрүү иши жүргүзүлөт. Буга байланыштуу аталган аймакта жол кыймылы убактылуу токтотулат. Таш көчүрүү иштери күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда кыймыл үчүн бир тилке ачылат. 30-40тан ашык автоунаанын топтолушу менен таш түшүрүү иши токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Бишкек-Торугарт жолунун Боом... Читать дальше...

Адвокаттардын II курултайында жаңжал чыкты

Azattyk.org 

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда 30-сентябрда өтүп жаткан адвокаттардын II курултайында жаңжал чыкты. Түшкө чейин съезд өтүп саат 14:00дө Кыргызстандын Адвокатурасынын кеңешинин жаңы курамын шайлоо маселеси каралмак. Ага айрым жактоочулар кире албай калганын “Азаттык” радиосуна адвокат Бакыт Жумашев айтып берди. “Саат 2де келсек, филармониянын эшиктерин жаап алып тизме менен гана киргизебиз деп коё бербей коюшту. Жыйынды көмүскө эле эч кимге билгизбей өткөрүү туура эмес. Читать дальше...

Тилекмат Кудайберген уулу 27-абакка которулду

Azattyk.org 

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) №1 тергөө абагынан №27 түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу "Туран" партиясынын өкүлү Эрлан Бекчоро уулу "Азаттыкка" билдирди. Жаза аткаруу кызматы маалыматты ырастады. Бишкектин Свердлов райондук соту 20-августта Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Читать дальше...

Эне-баланы салбай кеткен айдоочу жумуштан алынды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында коляскасы менен турган эне-баланы салбай кеткен 203-маршрутканын айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, аталган кызматтын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, айдоочу 37 жаштагы М.Б. аттуу жаран экенин аныктаган. Ал өзүнүн аракети боюнча түшүндүрмө берип, жалпы коомчулуктан жана жүргүнчү келинден кечирим сураган. "Айдоочу бир жыл мурда дагы ушундай окуя болуп... Читать дальше...

Кыргыз спорту жалгыз эле күрөш эмес

Azattyk.org 

Кыргызстанда алдыңкы он белгилүү спортчунун тизмесин түзө келгенде эрежесиз мушташ (ММА) менен күрөш балбандары башка спорттун түрлөрү боюнча спортчуларга орун бербейт. Ушундан улам өлкөдө ММА жана күрөштүн түрлөрүнөн башка спорт жоктой ой келет. Ал эми спорттун бөлөк түрлөрүнөн Кыргызстан эл аралык ири мелдештерде чеке жылытарлык жыйынтыктарды көрсөтпөй жаткандыктан, өлкөдө кайсы спорттун түрлөрүнө түрткү жетпей жатканын талдадык. Волейбол Келечеги бар спорттордун катарына күрөш жана анын бардык түрлөрүн кошкон жокпуз. Читать дальше...

Сооронкулова тыңшоого байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылат

Azattyk.org 

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова Башкы прокуратурага жана акыйкатчыга кайрыларын "Азаттыкка" билдирди. Буга анын жарандык активист Рита Карасартова менен Телеграм каналы аркылуу сүйлөшкөнү соцтармактарга жайылып кеткени себеп болгон.  Сооронкулова мунун артында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) турат деп шек саноодо.  "Биздин Телеграм каналдан шайлоо тууралуу сүйлөшкөнүбүз кимге кызык? УКМК саясий оппоненттерине карата ушундай... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Теннисист Рублев в Мадриде отыгрался на тай-брейке со счета 0:5


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Прокуратура Москвы: тело мужчины нашли в лесопарке в Сокольниках





Путин в России и мире
Москва

Politico: Россия проиграет войну с НАТО, предупреждает Польша (Topmember)


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Басманный суд Москвы арестовал продюсера Reuters Константина Габова за помощь ФБК в подготовке материалов



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Фрэнк Синатра

Таунхаус Фрэнка Синатры впервые выставлен на продажу



Москва

В Ленобласти спасли мальчика, увязшего в глине в колодце

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net