Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 27.09.2021

Казакстан "Талибанга" кол сунду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук кызматы өлкөдө фармацевтикалык мафия аныкталганын билдирди. Казакстандын Ооганстандагы элчиси “Талибан” өкмөтүнүн өкүлү менен жолукту. Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети ЕАЭБдин премьер-министрлеринин Чолпон-Атадагы жыйынына коротулду делген 18,8 миллион сомду бекитип берүүдөн баш тартты.

Беларус абагындагы оппозициячыл активистке Гавел сыйлыгы ыйгарылды

Azattyk.org 

Беларус абагында жаткан оппозициячыл активист Мария Колесникова Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (PACE) Вацлав Гавел атындагы сыйлыгынын лауреаты болду. Бул сыйлык Колесникованын бир тууганы Татьяна Хомичке ассамблеянын 27-сентябрдагы күзгү сессиясынын ачылышында тапшырылды. "Колесникова тынч жана мыйзамдуу митингдерге каршы зомбулукту жана ырайымсыздыкты тандаган режимге каршылык көрсөтүү менен өзүнөн да чоң максат үчүн коопсуздугун тобокелчиликке салууга даяр экенин көрсөттү. Ал чыныгы кайратмандыкты көрсөттү"... Читать дальше...



Мигранттар укугун коргогон Чупик Өзбекстанга өткөрүлөбү?

Azattyk.org 

Орусияда мигранттардын укугун коргогон Валентина Чупик 25-сентбярда Москванын Шереметьево аэропортунан кармалды. Өзбекстандын жараны Чупик Армениядан учуп келгенден кийин ага чек арадан кирүүгө 2051-жылга чейин тыюу салынганын айтышкан. Москвадагы укук коргоочу Валентина Чупик Өзбекстандын жараны. Ал 1990-жылдары Орусияга барып, качкын макамын алган. Өткөн ишембиде Армениядан учуп келгенден кийин чек арадан токтотуп, качкын макамынан ажыраганы тууралуу билдирме берип, 30 жыл Орусияга кирүүгө тыюу салынганын айтышкан. Читать дальше...

Укук коргоочу Чупик өзүнө коюлган айыптарды "акылга сыйгыс" деп атады

Azattyk.org 

25-сентябрдан бери Москванын Шереметьево аэропортундагы иммиграциялык убактылуу кармоочу жайда отурган укук коргоочу Валентина Чупик эгер өзү төрөлгөн Өзбекстанга депортациялана турган болсо, ал жакта абакка кесилиши мүмкүндүгүн, керек болсо абакта өлтүрүлүшү мүмкүндүгүн айтты. Москвада мигранттардын укугун коргогон "Дүйнө таңы" уюмун жетектеген Чупик мындай пикирин 27-сентябрда "Настоящее Время" телеканалынын кабарчысына билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү... Читать дальше...

Ашраф Ганинин "Фейсбуктагы" барагы хакердик чабуулга кабылды

Azattyk.org 

Ооганстандын бийликтен кулатылган президенти Ашраф Гани "Фейсбук" социалдык түйүнүндөгү баракчасын белгисиз бирөөлөр бузуп киргенин билдирди. Анын алдында Ганинин "Фейсбуктагы" барагында Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүн таанууга чакырган билдирүү пайда болгон эле. "Доктор Мохаммад Ашраф Ганинин "Фейсбуктагы" расмий барагы кечээтен бери хакердик бузуп кирүү аракетине туш болду. Баракчага көзөмөл кайра орнотулмайынча андагы билдирүүлөрдүн баары эле жарактуу эмес", - деп жазды Гани "Твиттердеги" барагына. Читать дальше...

Кайык менен каттаган айыл

Azattyk.org 

Токтогул суу сактагычынын артында калган Токтобек-Сай айылында отуздан ашык түтүн жашайт. Он беш жыл мурда электр жарыгы кирген айылда мектеп, оорукана жок. Телефон байланышы айрым жерде гана тартат. Мындагы эл кайык менен Кара-Көл шаарына каттап, тамак-аш ташып, күзүндө балдарын окутуу үчүн шаарга көчүп кетет.

Чек арадагы кармоолор, кыргыз бийлигине жолдонгон кат

Azattyk.org 

Тажикстандын күч органдары жекшембиде кармап кеткен Лейлек районунун Жаштык айылынын тургунун Кыргызстанга кайтарып берди. Эксперттер соңку күндөрү жайкын тургундардын чек ара тилкелеринде тез-тез кармалып жатканын куралдуу жаңжал боюнча соттук териштирүүгө байланыштырууда. 26-сентябрда Тажикстандын аймагында кармалган Лейлек районунун Жаштык айылынын тургуну Орозбек Мирзаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң бир күндөн кийин 27-сентябрда түш оогондо "Кулунду" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу кайра Кыргызстанга кайтарылды. Читать дальше...



Башкы чекист "Кумтөрдүн" кирешесин санады

Azattyk.org 

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан июнь-июль айында “Кумтөрдөн” 90 миллион доллар пайда тапканын билдирди. Буга удаа эле ал кендин айланасындагы маселелер боюнча Женевага кеткени кабарланды. Бул окуялар "Кумтөр Голддун" ишмердигине байланыштуу коомчулукта талкуу токтобой жаткан учурда болду. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кенден өндүрүлгөн алтын, анын киришеси тууралуу маалыматты талап кылып чыгышты. Ишкана болсо муну саятсатчылардын упай топтоо аракети катары баалап жатат. Читать дальше...

Сузактагы карылар үйүндө зомбулук фактысы аныкталганы кабарланууда

Azattyk.org 

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы карылар жана майыптар үчүн жатак жайда тазалык нормалары сакталбай, анын тургундары кызматкерлер тарабынан зомбулукка учурап жатканын жарыялады. Аталган борбор бул жайды көзөмөлгө алып, бир катар мыйзам бузууларды аныктаганын кабарлады. "Мекемеде атайын изолятор уюштурулган, директордун айтымында, ага коронавируска шектелгендер, спирт ичимдигин ичкендер жайгаштырылат. Бирок, социалдык мекемеде мындай... Читать дальше...

Алмамбет Шыкмаматов шайлоого байланыштуу кызматтан кетерин билдирди

Azattyk.org 

Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого байланыштуу инвестициялар министри кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазарын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда белгилүү болду. Жапаров анын отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирип, аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Андан сырткары, "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чинин ыйгарды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов инвестициялар... Читать дальше...

"Кумтор голд компани" алтын кени үзгүлтүксүз иштеп жатканын билдирди

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан "Кумтор голд компани" ишканасынын басма сөз кызматы билдирүү таратып, мекеме үзгүлтүксүз иштеп жатканын маалымдады. Ишкана акыркы убактарда айрым басылмаларга "Кумтөр алтын кенинде алтын өндүрүү азайып, тиешелүү материалдар жетишсиз болуп жатат" деген маалыматтар чындыкка дал келбесин белгилөөдө. Компаниянын технологиялар боюнча корпоративдик директору Канат Курманов Кумтөр кени план боюнча туруктуу, коопсуз иштеп жатканын айтат. "Кумтөр алтын кени үзгүлтүксүз иштеп жатат. Читать дальше...

Чек арадагы Максат жана Жаштык айылдарына таза суу тартылат

Azattyk.org 

Лейлек районунун Жаштык жана Максат айылына таза суу куурларын орнотуу боюнча курулуш компаниялар менен жергиликтүү өз алдына башкаруу органдары 27-сентябрда келишимге кол койду. Курулуш жумуштары жакынкы күндөрү башталып, бир жылдын ичинде аяктайт. Эки айылда 32 чакырым суу түтүктөрү орнотулуп, 4500 адам суу менен камсыз болот. Бул эки айылга таза суу киргизүү АРИС аркылуу "Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу" долбоорунун алкагында ишке ашат. Долбоор жалпысынан Баткен облусунун 44 айылын камтыйт. Читать дальше...

Тажикстан кызматташууну калыбына келтирүү боюнча Кыргызстанга кайрылган

Azattyk.org 

Тажикстандын Транспорт министрлиги чек араны ачуу жана кызматташтыкты жандандыруу боюнча Кыргызстанга расмий кат жолдогон. Бул тууралуу Тажикстандын Транспорт министрлигинин "Наклиот" апталык басылмасынын башкы редактору Хандонгул Доробова “Озоди” менен маегинде билдирген.  “Бишкектин жообун азырынча ала элекпиз. Тажикстан өзү тараптан өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланышты жандандырууга даяр”,-деп белгилеген Доробова. 2021-жылдын 28-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин... Читать дальше...

"Озоди": Талибдер Тажикстан менен чектеш аймакка жоокерлерин жөнөттү

Azattyk.org 

Ооганстандагы бийликти колго алган "Талибан" кыймылы "коопсуздукка байланыштуу жана башка коркунучтарды жок кылуу үчүн" Тажикстан менен чектеш Тахор провинциясына "миңдеген" жоокерлерин жөнөттү. Бул тууралуу талибдердин расмий өкүлдөрүнө шилтеме кылып "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди" радиосу) 26-сентябрда билдирди. Маалыматка ылайык, "Талибандын" басма сөз өкүлү Забиулла Мужахид 25-сентябрда аскердик унаалардын жана аскер кийимчен кишилердин сүрөтүн "Твиттерге" жарыялап... Читать дальше...

Меркелдин партиясы социал-демократтарга утулду

Azattyk.org 

Германиядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары борборчул Социал-демократтар партиясы бийликтеги консервативдүү блокту жеңгенин көргөзгөнү менен өкмөттү ким башкарат деген суроо ачык бойдон калууда. Аналитиктердин эсебинде, кабинетти түзүү боюнча сүйлөшүүлөр дагы көпкө созулуп, Ангела Меркел канцлердин милдетин аткаруучу болуп турат. Кеңири коалицияга үч партия кириши ыктымал. Германиянын Федералдык шайлоо комиссиясынын алгачкы маалыматына ылайык, Бундестаг же парламентин төмөнкү палатасына шайлоодо вице-канцлер... Читать дальше...

Түрк тилдүү мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жолугушту

Azattyk.org 

Жолугушуу түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) тышкы иштер министрлеринин отурумун утурлай, 26-сентябрда, Түркиянын Стамбул шаарында өттү. Жолугушууга Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркиянын тышкы иштер министрлери жана ТТМККнын Башкы катчысы катышты. Жолугушууга ошондой эле, Нобел сыйлыгынын лауреаты, илимпоз-биохимик Азиз Санжар катышып, цивилизациялык өнүгүүдөгү түрк дүйнөсүнүн ролуна илимий мамиле, медициналык өнүгүүнүн заманбап тенденцияларын айтып берди. Читать дальше...

Казакстандан Кыргызстанга кишилерди мыйзамсыз өткөрүүгө шек саналгандар кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен чогуу мыйзамсыз миграция агымын аныкташты. Бул боюнча эки кыргызстандык шек саналып, кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, баштапкы маалыматтар боюнча, 39 жаштагы жана 37 жаштагы жарандар Казакстандын жарандарын Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүп турушкан. Алар кыргыз-казак чек арасынан кармалды. Учурда бул иш боюнча тиешелүү иликтөө жүрүп жатат. Кыргызстан менен Казакстандын... Читать дальше...

Атамбаев парламенттик шайлоого катышууну ойлонуп жатканын айтты

Azattyk.org 

Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого катышууну ойлонуп жатат. Бул тууралуу ал Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда өткөн Кой-Таш окуясы боюнча сот процессинен кийин билдирди. "Мага мандаттын кереги жок. Бирок "тизменин башына туруп бериңиз" деп суранып жатышат. Бул тууралуу ойлонуп жатам. Катышсам дагы символикалуу түрдө гана катышам", - деди Атамбаев. Алмазбек Атамбаев 2019-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотуу иши боюнча камакка алынган. Читать дальше...


Музыкальные новости
София Ротару

Данил Барановский и внучка Софии Ротару





Персональные новости
ЦБ

Частота страховых случаев по ОСАГО для такси в 6,6 раза выше, чем по полисам на другие легковые машины – ЦБ РФ





NRC: Ооганстандын экономикасы кыйроо алдында турат

Azattyk.org 

Норвегиядагы качкындар кеңеши (NRC) Ооганстандын экономикасы кыйроо алдында турганын, өлкө гуманитардык катастрофа коркунучуна кептелгенин эскертти. Уюмдун баш катчысы Ян Эгеланн 27-сентябрда Кабулдагы сапары маалында билдиргендей, Ооганстанда нак акча жетишсиздигинен банк системасы кыйрап калышы мүмкүн. "Биз абанын температурасы 20 градуска чейин төмөндөй турган кыш мезгилине чейин адам өмүрлөрүн сактап калуу үчүн убакыт менен жарышып жатабыз. Жер которууга аргасыз болгон жүз миңдеген адамдарга жакынкы жумаларда баш калка... Читать дальше...

Лейлек: Жийделик айылына баратып кармалган кыргыз жараны бошотулду

Azattyk.org 

26-сентябрда Тажикстандын укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен делген Лейлек районунун Жаштык айылынын 26 жаштагы тургуну Орозбек Мирзаев "Кулунду" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга өткөрүлуп берилди. Бул маселе Баткен облусунун жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилигинин сүйлөшүүсүнөн кийин чечилген. Чек ара кызматынан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, 26-сентябрь күнү түштөн кийин Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну келинчеги менен Тажикстандын этникалык... Читать дальше...

Нур-Султанды каптаган көк түтүн

Azattyk.org 

Казакстандын башкалаасы Нур-Султанда жылуулук сезону башталганы абаны көк түтүн каптады. Бир эле жуманын ичинде абада зыяндуу газдардын көлөмү көбөйгөн 96 факт катталган. Экологдор бир миллион киши жашаган шаар көмүрдөн баш тартканда гана жагдай оңолот деп үмүттөнүшөт. "Азаттыктын" казак кызматынын видео баяны.

Түркияда Алтай элдеринин симпозиуму өтүп жатат

Azattyk.org 

Түркиянын Бурса шаарындагы "Панорама 1326" музейинде Алтай элдеринин IX эл аралык симпозиуму башталды. Быйыл симпозиум "Эпостор жана эпикалык маданият" темасында өтүп жатат. Маданий иш-чаранын биринчи күнүндө Кыргызстандан барган манасчылар "Манас" эпосунан үзүндү айтышты. Ошондой эле, Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Жапония, Монголия, Индия, Азербайжан, Венгрия жана Испания сыяктуу өлкөлөрдөн 80 илимпоз өз эмгектери менен катышууда. Илимий жыйын 30-сентябрга чейин Бурса шаарында уланат. Алтай таануу жыйындары буга чейин Бишкек... Читать дальше...

Казак элчиси Кабулда “Талибандын” министри менен жолукту

Azattyk.org 

Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Эсенгелдиев 26-сентябрда Кабул шаарында “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукту. Казакстандык маалымат каражаттары жазгандай, бул жогорку даражалуу казак расмий өкүлүнүн талибдер менен алгачкы сүйлөшүүсү. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө Ооганстандагы радикал топтун аты аталган жок. Анда Муттаки “Ооганстандагы убактылуу өкмөттүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу” деп мүнөздөлдү. Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча сот 29-сентябрга жылдырылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча өтүп жаткан сотко мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана саясатчы Равшан Жээнбеков сотко алынып келди. Айыпталгандардын бири Равшан Жээнбеков сот залы тар болуп жатканын, санитардык талаптарга жооп бербегенин эске алып ишти ачык, кенен имаратта өткөрүүнү талап кылды. "Пандемияны эске алып Кой-Таш окуясын караган сот үчүн санитардык талапка жооп берчү имарат бөлүүнү талап кылам. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Учения по ликвидации лесных пожаров прошли в Богородском округе





Путин в России и мире
Москва

Поведение Путина вызвало резонанс, потерянные в 90–е заводы возвращаются РФ


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Басманный суд Москвы арестовал продюсера Reuters Константина Габова за помощь ФБК в подготовке материалов



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Пётр Чайковский

В Клину состоится праздничная программа в честь дня рождения Чайковского



Москва

Куда отправиться на майские: топ-6 направлений для россиян без загранника и визы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net