Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Меркелдин партиясы социал-демократтарга утулду

0
Меркелдин партиясы социал-демократтарга утулду

Германиядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары борборчул Социал-демократтар партиясы бийликтеги консервативдүү блокту жеңгенин көргөзгөнү менен өкмөттү ким башкарат деген суроо ачык бойдон калууда.

Аналитиктердин эсебинде, кабинетти түзүү боюнча сүйлөшүүлөр дагы көпкө созулуп, Ангела Меркел канцлердин милдетин аткаруучу болуп турат. Кеңири коалицияга үч партия кириши ыктымал.

Германиянын Федералдык шайлоо комиссиясынын алгачкы маалыматына ылайык, Бундестаг же парламентин төмөнкү палатасына шайлоодо вице-канцлер, финансы министри Олаф Шолцтун Социал-демократтар партиясы (SPD) добуштардын 25,7% алды. 2017-жылдагы шайлоого караганда аларга 5% көбүрөк добуш тийди.

Шайлоонун эртеси, 27-сентябрда Шолц добуш берүүчүлөр консерваторлор оппозицияга кетиш керек деп так айтышканын билдирди.

"Шайлоочулар эмки өкмөттү ким түзүшү керектигин так айтышты. Алар үч партияны – Социал-демократтарды, Жашылдарды жана Эркин демократиялык партияны (FDP) колдошту. Өлкө жарандары берген мандат мына ушундай. Бул үч партия эмки өкмөттү жетектөөгө тийиш".

16 жыл же төрт мөөнөткө канцлер кызматын аркалап келген Меркелдин чоң саясаттан кетип жатышы менен анын 76 жыл илгери түптөлгөн партиясы өз тарыхындагы эң начар жыйынтык көргөздү. Христиан-демократтар биримдиги менен Христиан-социалдык биримдигинин блогу (CDU/CSU) добуштардын 24,1% гана алды. 2017-жылкы шайлоо менен салыштырганда, бул 8% аз.

Мурда Меркел жетектеп келген Христиан-демократтар биримдигинин төрагасы Армин Лашет добуш берүүнүн жыйынтыгы өкүндүргөнү менен эмки кабинет курууга аракет көрөрүн билдирди.

"Азыркы сандардан баамдасак, биринчи жолу үч партиядан куралган коалиция болот. Биз, консерваторлор шайлоочулардан мандат алдык. Консерваторлорго көргөзүлгөн колдоо – солчулдар жетектеген өкмөткө каршы добуш дегенди билдирет".

Ушу тапта SPD жана консерваторлор башкаруудагы коалицияга киришет. Алардын өкмөтү жаңысы түзүлмөйүнчө өз милдетин аткарууну улантып, Меркел парламенттин жаңы курамы эмки канцлерди шайлагандан кийин гана бийликтен кетет.

“Жашылдар” партиясы 15% добуш менен буга чейин болуп көрбөгөндөй кийгиликке жетти. Ал эми Эркин демократиялык партия, алдын ала жыйынтыктарга караганда, 11,5% алды.

Белгилей кетчү жагдай, 30 жашка чейинки шайлоочулар жашылдарга артыкчылык беришти. Эксперттер бул ирет эко-активисттер буга чейинки мандаттарын дээрлик эки эсеге көбөйтүп алышканына басым жасашат.

Жекшемби күнкү шайлоого катышкан дагы эки партиянын жаңы өкмөткө кирүү ыктымалдыгы жокко эсе. Ашынган оңчулдардын Германия үчүн алтернатива (AfD) партиясы 10,3% добуш алып,  парламентке өткөнү менен алдынкы партиялар алар менен коалицияга баруу мүмкүнчүлүгүн четке кагышты.

Лашет да, Шолц да Жашылдар жана Эркин демократтар партиялары менен сүйлөшүүгө барышы ыктымал. Сөз болгон эки партия салык, социалдык программа, климаттагы өзгөрүүлөр саясатында эки башка пикирди карманышат.

Шайлоо кампаниясында дал ушул маселелер үстөмдүк кылып келди. Андан тышкары талапкерлер билим берүү, медициналык тейлөө, миграцияга кайрылып, тышкы саясат ички көйгөйлөрдүн көлөкөсүндө калгандай.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля


Спорт в России и мире
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Даниил Медведев

Тарпищев: нельзя Медведева назвать главным претендентом на золото Олимпиады


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

"Погода идёт на поправку": Синоптик прогнозирует долгожданное потепление в Москве





Путин в России и мире
Москва

Появились подробности тайной жизни предложенного Путиным министра обороны


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко надеется на восстановление транспортных маршрутов с Израилем




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Мечтающего по победе Киева Макаревича* проверят на экстремизм


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Илья Лагутенко

Макс Покровский рассказал о жизни Лагутенко в период молчания



Москва

В Новосибирске сохранят исторический статус военного городка №17. Но есть нюансы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net