УКМК Равшан Жээнбековдун жардамчысынын үйүн тинтүүгө алды
29-сентябрда УКМКнын кызматкерлери абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиеваны суракка чакырып, үйүндө тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кудайбердиеванын адвокаты Нурбек Токтакунов кабарлады. УКМК азырынча маалымат бере элек. "Азаттык" маалымат сурап атайын кызматка кайрылды. Айсулуу Кудайбердиева саат 16:00дөн баштап УКМКда эки сааттай суракка алынган. Атайын кызматка барып суралып чыкканын Кудайбердиева өзү да "Фейсбук" баракчасына жазды Окуя тууралуу Нурбек Токтакунов буларды билдирди... Читать дальше...