123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 16.09.2021

Курсан Асанов тартиби катаал №50 колонияга камалды

Azattyk.org 

16-сентябрда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов №50 тергөө абагына эки айга камалды. №50 колония – Кыргызстандагы тартиби катаал жайлардын бири. 2015-жылы жаза өтөгөндөр абактын күзөт кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткен окуя ошол жерде болгон. Асанов менен чогуу айыпталып жаткан “АКБ Толубай" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев да эки айга Бишкектеги №1 СИЗОго камалды.

"Кумтөр иши": УКМК дагы бир мурдагы премьерди камады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 16-сентябрда мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевди Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармады. Ал "Кумтөр ишиндеги" жемкордукка байланыштуу шек саналган төртүнчү премьер-министр. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзамдын талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн... Читать дальше...

Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдардан БШКга алты арыз түштү

Azattyk.org 

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызын тапшырууда. 16-сентябрга карата, Боршайком билдиргендей, өзүн өзү көрсөткөндөр алтоо болду. Алар – Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев жана Нурлан Танабаев. Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Читать дальше...



Орусия чет жактагы жарым миллиондой жаранын кайтарууга аракеттенет

Azattyk.org 

Орусиянын Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтеринин чиновниктери чет жактарда жашап жаткан жарым миллиондой орусиялыкты мекенине кайтууга көндүрүүгө тийиш. Өкмөт ушундай токтом кабыл алганын Finanz басылмасы маалымдады. Сөз болгон мекемелердин кызматкерлери эмигранттардын ыктыярдуу кайтуусун камсыздаган Мамлекеттик программа тууралуу айтып берип турушмакчы. Программа 2022-2030-жылдарга мерчемделген. Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 2017-жылы Орусиянын сыртында 10,6 миллион жаран жашачу. Читать дальше...

Жалал-Абад: Чатырдан секирди деген өспүрүм кыздын өлүмү иликтенүүдө

Azattyk.org 

Жалал-Абадда өспүрүм кыздын өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 16-сентябрда болгон. Облустук ооруканадан кыздын сөөгү келип түшкөнү тууралуу маалымат берилген. Баштапкы териштирүүнүн жыйынтыгында 12 жаштагы кыз өзү жашаган көп кабат үйдүн чатырынан секирип каза болгону аныкталган. Кыз суицидге барганбы же кокустук болгонбу, азырынча белгисиз. 2020-жылы Кыргызстанда 44 өспүрүмдүн өлүмү суицид катары катталган. (TB)

Алмаз Сарыбаевди №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу чечим чыкты

Azattyk.org 

"Толубай" банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Сарыбаевдин бөгөт чарасын караган Биринчи Май райондук соту 16-сентябрда ушундай чечим чыгарганын “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Айжан Орозакунова билдирди. Жактоочунун айтымында, Сарыбаевдин бөгөт мөөнөтү 16-ноябрга чейин деп аныкталды. Адвокат соттун чечимине макул эместигин, шаардык сотко арызданарын айтты. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жазык кодексинин... Читать дальше...

Укук коргоо уюмдары Еврошаркетти ооган качкындарын коргоого үндөштү

Azattyk.org 

Укук коргоочу жана качкындар менен алектенген уюмдар Европа биримдигин оогандык качкындарды коргоо аракеттерин күч алдырууга чакырышты. Amnesty International, Caritas Europa баш болгон 22 уюм бейшембиде жарыялаган биргелешкен билдирүүдө шаркет "качкындарды коргоо ишин башкаларга шилтеп салбай, жоопкерчиликти өзү бөлүшүүгө тийиш” деп белгилешти. Адам укуктарын, качкындардын укуктарын коргогон топтор 27 өлкөнүн башын бириктирген блокту “ооган качкындарын көчүрүү программалары аркылуу, коргоого муктаж... Читать дальше...

Казак парламенти Тажикстанга акысыз курал-жарак берүү мыйзамын карайт

Azattyk.org 

Тажикстанга акысыз курал-жарак берүү тууралуу мыйзам долбоору Казакстандын парламентинин төмөнкү палатасы – мажилистин кароосуна коюлду. Бул тууралуу 15-сентябрда мажилистин эл аралык иштер жана коргоо комитетинин төрайымы Айгуль Куспан билдирди. Палатанын спикери Нурлан Нигматуллиндин айтымында, документ «Тажик-ооган чек ара аймагында коопсуздукту камсыздоодо аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Казакстан жана Тажикстан өкмөттөрүнүн келишимин ратификациялоо» деп аталат. Куспан келишимге... Читать дальше...



Адвокат: Курсан Асановду өзгөчө оор кылмыш жасагандардын абагына камамай болушту

Azattyk.org 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочулары ага өтө кооптуу кылмышкердей мамиле жасалып жатканын билдиришти. Адвокат Икрамидин Айткулов 16-сентябрда Асановдун бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, чечим чыккандан кийин журналисттерге төмөнкүлөрдү билдирди: “Абдан коркунучтуу кылмышкер катары №50 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарышты. Ал жерде өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалат. ИИМдин Тергөө кызматы бул иштин кайсы бир натыйжа менен аякташына кызыкдар болгондой көрүнүп турат. Читать дальше...

ЖККУ: Жапаров чек ара маселесин козгоду

Azattyk.org 

16-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери (ЖККУ) саммитке чогулду. Бул саммит Ооганстанда бийликке талибдер ("Талибан" - Кыргызстанда тыюу салынган уюм) келип, Борбор Азияда коопсуздук маселеси курчуган мезгилде өтүүдө. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери Дүйшөмбүдө негизги маселе катары Ооганстандагы соңку абалды талкуулашты. Андан тышкары президент Садыр Жапаров саммит учурунда кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселе көтөрдү. 17-сентябрда... Читать дальше...

Мирзиёев берген убадасын аткардыбы?

Azattyk.org 

Өзбекстанда Ислам Каримовдун диктатордук доору аяктап, анын ордун Шавкат Мирзиёев басканына беш жыл толду. Жаңы президент өзүн реформачыл саясатчы катары көрсөтүүгө аракет кылып, саясий туткундардын бир нечесин бошоткон, өлкөнү тышкы дүйнөгө ачууга умтулууда. Ошол эле маалда анын оппоненттери Мирзиёевдин көп тармакта реформа жасай албаганын айтып келишет.

Экс-премьер-министр Оторбаев камалды

Azattyk.org 

Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити аяктады. Анда Ооганстандагы кырдаал талкууланды. Ички иштер министрлиги "бийликти күч менен басып алуу аракети" деп аталган иш боюнча бир катар депутаттарды, экс-чиновниктерди күбө катары суракка алышы талкуу жаратты. Баткен облусунда сот Тажикстандын эки жаранын — Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоровду өмүр бою эркинен ажыратты.

АКШ, Британия, Австралия коопсуздук боюнча жаңы келишим түздү

Azattyk.org 

АКШ, Улуу Британия жана Австралия коопсуздук тармагында жаңы келишим түзгөнүн жарыялашты. AUKUS деп аталган бул өнөктөштүккө ылайык, Австралия суу алдында жүрүүчү атомдук кемелерге ээ болот. Инд-Тынч океан аймагын камтыган мындай макулдашууну Кытай кескин сынга алды.

УКМК: «Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев  Кумтөр  кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу 16-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматында Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзам талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген" деп жазылган. Мурдагы премьер бүгүн кармалганы... Читать дальше...

Курсан Асанов №50 тергөө абагына эки айга камалды

Azattyk.org 

16-сентябрда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Ысык-Ата районунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камалды. 14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын билдирген. Читать дальше...

УКМК: "Кыргызстан" партиясынан шайланган мурдагы депутат кармалды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурундагы алдамчылык үчүн шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу 16-сентябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кармалган экс-депутат, УКМК билдиргендей, шайлоо учурунда депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Ага каршы арызды акча бергенин айткан адам жазган. Шектүүнүн бөгөт чарасы жакын арада аныкталат. Читать дальше...

Чек ара жаңжалында каза болгон Мадинанын аты жаңы шаарчага берилди

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалда набыт болгондордун жакындары үчүн курулуп жаткан үйлөрдүн ачкычы 16-сентябрда ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Шаарчага чек ара чырынын курмандыгы болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын аты берилип "Мадина шаарчасы" деп аталды. “Алардын (жаңжалда набыт болгондор - ред.) мекен үчүн жасаган эрдиги эч качан унутулбайт. Бул үйлөрдө мамлекет үчүн күйгөн... Читать дальше...

ШКУ саммитинин күн тартиби - Ооганстан

Azattyk.org 

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити 17-сентябрда Дүйшөмбүдө өтөт. Кытай, Орусия, Иран жана бир нече Түштүк жана Борбордук Азиянын өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалды талкуулайт. Августта талибдер Ооганстан бийлигин колго алгандан кийин сентябрда ШКУ Тажикстанда саммит өткөрүп, региондогу коопсуздук маселесин күн тартибине койду. Коопсуздук боюнча Евразиялык блоктогу Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан жыйында АКШ баштаган эл аралык коалиция күчтөрүнүн... Читать дальше...

Саясат айдыңын дүрбөткөн аудио жана кайрылуу

Azattyk.org 

Бир канча күн мурда интернетке тараган аудио сүйлөшүүгө жана президенттин атына жазылган кайрылууга байланыштуу тергөө жана сурак иштери 16-сентябрда да уланып, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов эки айга камалды. Ал арада президент Садыр Жапаровго жолдонгон кайрылуунун автору анын түп нускасы, мазмуну бурмаланып, өзгөрүп калганын айтууда. Мамлекет башчынын администрациясына тапшырылган каттын коомчулукка жарыяланып кеткени суроо жаратууда. Милиция "калайман башаламандык... Читать дальше...


Музыкальные новости
Семён Слепаков

Никита Михалков назвал Слепакова талантливым артистом и пожалел его





Персональные новости
Сергей Собянин

Собянин: До конца 2025 года в Москве будет обновлено еще около 140 поликлиник





Жогорку сот Марат Алапаевге карата өкүмдөр жокко чыгарылганын ырастады

Azattyk.org 

"Ысык-Көл" инвестициялык банкын мыйзамсыз басып алуу деген иш боюнча Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге карата сот чечимдери жокко чыгарылганын Жогорку сот ырастады. Мекеменин басма сөз кызматынын бүгүн, 16-сентябрда тараткан маалыматында  бул иш жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карала баштаганы айтылат. Маалыматка караганда,  Жогорку соттун жоруктар жана кылмыштар боюнча соттук коллегиясы 18-августта ишти карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарган жана кайрадан сотко чейинки өндүрүшкө жиберген. Читать дальше...

Дагы төрт турист космоско учту

Azattyk.org 

Илон Масктын SpaceX компаниясынын Драгон капсуласы Жердин орбитасына төрт туристти жеткирди. 15-сентябрда НАСАнын Кеннеди борборунан учурулган кеменин экипажы 3 күн ааламда саякаттамакчы. Анын бортунда бир да адискөй астронавт жок экенин белгилей кетели. Буга чейин, быйыл июлда британиялык бизнесмен Ричард Брэнсон жана миллиардер Жефф Безос космоско өз өзүнчө барып келишкен. Бул жолку саякатты америкалык миллиардер Жаред Айзекман каржылап, өзү экипажды жетектеди. Сапарга канча акча кеткени айтылган жок. Читать дальше...

Аба ырайы: Бишкекте күн ысыйт, Ысык-Көлдө өткүн өтөт

Azattyk.org 

17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан жел согуп турат. Абанын температурасы: Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 30...32, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32, Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 26...31, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27, Нарын дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6... Читать дальше...

Путин: Ооганстанга чектеш аймакта "өтө олуттуу маселелер" пайда болду

Azattyk.org 

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттер менен Ооганстандын чек арасында “өтө олуттуу маселелер” пайда болду. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин бейшембиде уюмдун Дүйшөмбүдө өткөн саммитинде сүйлөп жатып айтты. Жыйынга видео байланыш аркылуу катышкан Путин чек ара аймагындагы кырдаал уюмга кирген өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратат деп эсептерин белгиледи. “Азыркы шартта ЖККУнун тыгыз координациясы жана бир муштумдай болуп аракеттенүү мурда болуп көрбөгөндөй зарыл. Читать дальше...

Асанов менен Сарыбаевдин бөгөт чарасы сотто каралууда

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга" шектелип кармалган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен "АКБ Толубай" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин бөгөт чарасын карай баштады. Экөө тең өздөрүнө коюлуп жаткан айыпка макул болушкан жок жана муну "жалаа" деп эсептеп жатышат. Ички иштер министрлигинин 16-сентябрда тараткан маалыматына караганда, ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө Кылмыш жана жоруктардын... Читать дальше...

ЖККУнун Дүйшөмбүдөгү саммити аяктады

Azattyk.org 

Бүгүн, 16-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинде президенттер аймактык коопсуздук жана эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулап, Ооганстандагы кырдаалды жана бирикменин ишине байланыштуу маселелерди карашты. Саммит Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өттү. Отурумга ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась дагы катышты. Жыйындын соңунда ЖККУнун коопсуздук кеңешинин декларациясы кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлду. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Легендарный вратарь Мануэль Нойер стал амбассадором Hisense на Чемпионате Европы по футболу – УЕФА ЕВРО 2024™


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Пятая ракетка мира Пегула не выступит на турнире WTA 1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Регоператор провел экологический телемост между школьниками Подольска и Москвы





Путин в России и мире
Москва

Шойгу рассказал о формировании Московского и Ленинградского округов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Губернатор Поморья встретился с президентом Беларуси Александром Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский допустил, что Москва и Киев начнут мирные переговоры


Навальный в России и мире
Москва

Мосгорсуд оставил в СИЗО журналистку Фаворскую, обвиняемую в экстремизме за репортажи о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певице Самойловой испортили лекарство за 795 тыс рублей в гостинице Геленджика



Москва

«Май подкинет горючего в огонь». Синоптики дали новый прогноз на конец весны

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net