123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 23.09.2021

Кыргызстан талиб өкмөтүнүн тамырын тартты

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков баштаган делегация Кабулда биринчи жолу "Талибан" өкмөтүнүн жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Президенттин басма сөз кызматы бул делегация Ооганстанга гуманитардык жардам жеткиргенин билдирди. Бул талибдердин ооган бийлигин колго алгандан берки Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку жетекчилери менен ачык жарыяланган алгачкы жолугушуусу болуп калды. Күтүүсүз жолугушуу Кыргызстандын расмий өкүлдөрү менен "Талибандын" өкмөт мүчөлөрү... Читать дальше...

Масадыков Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын президентинин администрациясы расмий бийлик өкүлдөрү Ооганстанда "Талибан" кыймылы түзгөн өкмөттүн жетекчилери менен жолукканын ырастады. Мекеме 23-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган кыргыз делегациясы 23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Ооганстандын калкына гуманитардык жүк жеткирди. Гуманитардык жүк Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн... Читать дальше...

Элчи кызматына талапкердин кармалышы талкууга түштү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) алдамчылыкка шектүү деп кармаган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов эки айга тергөө абагына камалды. Ал Тажикстанга элчи болуп дайындалуу алдында турган. Чек арадагы абалдан улам мамиле солгундап турган өлкөгө элчи болуп дайындала турган адамдын кармалышы, мамлекеттин тышкы саясаты тууралуу маселени козгоду. 23-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМК алдамчылыкка шек санап кармаган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Нурматовду... Читать дальше...



Таалатбек Масадыков "Талибандын" министри менен жолукту

Azattyk.org 

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы түзгөн ооган өкмөтүнүн өкүлү менен жолукту. Азырынча жолугушууда эмне маселе талкууланганы айтыла элек. Мамлекеттик бажы кызматы Кытайга чыгарылган алтын концентраты мыйзамдуу жол менен кеткенин маалымдады. Депутат 17 фура концентрат аткезчилик жол менен чыгарылып кеткенин айтып чыккан эле. 23-сентябрда Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Өлкөдө иш кагаздарын кыргыз... Читать дальше...

Кыргызстандын өкүлдөрү "Талибандын" министри менен жолукту

Azattyk.org 

Ооганстандын "Талибан" кыймылы курган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков жана президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Жээнбек Кулубаев менен жолугушту. Бул тууралуу 23-сентябрда талибдер өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забиулла Мужахид "Твиттерге" жазды. Ал жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болгонун кошумчалады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана президенттик... Читать дальше...

“Кумтөр” айрым саясатчылар кен аркылуу упай топтоп атканын билдирди

Azattyk.org 

“Кумтөр Голд” ишканасы кендин ишмердигине байланыштуу коомчулуктагы талкууга жооп берди. Компания айрым саясатчылар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү коомчулукка калп маалыматтарды таратып, өздөрүнүн баа-баркын көтөрүүгө аракет кылып жатканын билдирди. “Алар ушундай популисттик билдирүүлөрү менен арзан кадыр-барк топтоп, эртеңки шайлоого даярданышууда. Эсиңиздерге сала кетсек, “Кумтөр” – бул саясат эмес, өндүрүш жана бул теманын өзгөчөлүгүн терең билбей туруп, ар кандай божомолдорду айта берүү кооптуу. Читать дальше...

"Оогандагы таарыныч, өчөшүүнүн азабын тарткан эл"

Azattyk.org 

Молдо Сабыр Досбол уулу - ар тараптуу сабаты бар дин аалымдарынын бири. Көптөгөн диний, илимий, адабий китептерди, окуу куралдарын араб, фарсы жана өзбек тилдеринен оодарып чыгарган таанымал котормочу. Бишкектеги Расул Акрам ислам институтун 2000-жылдан бери жетектеп келаткан аалым менен ислам дининин өзгөчөлүктөрү, Ооганстанда болуп жаткан окуялар тууралуу баарлаштык. - Ооганстанда талибдердин кайрадан бийликке келиши, алардын жамаат катары пайда болушунун себептери жөнүндө айтып берcеңиз? -... Читать дальше...

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында окуучулар сабалды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу жабыр тарткан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен районунун акими Учкун Жоробаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, окуя 23-сентябрда саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участогунда болгон. “Алдын ала маалымат боюнча кыргызстандык 8-класстын төрт окуучусу мектептен кайтып келатканда Тажикстандын 11-классынын 30га жакын окуучусу кыргыз балдарын токмоктоп койгон. Кыргызстандык... Читать дальше...



Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим

Azattyk.org 

25 жылдык тажрыйбасы бар кыргыз тили жана адабияты мугалими Замира Бекташева автордук программасын иштеп чыккан. Кинестетикалык кыймыл-аракеттерге негизделген ыкманын жардамы менен ал башталгыч класстын окуучуларына, өзгөчө башка улуттун өкүлдөрүнө тилди жеңил үйрөтөт.

"Талибан" БУУга кат жолдоду

Azattyk.org 

Талибдер Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кайрылуу жасоону көздөшөт. Алар мындай өтүнүч катты уюмдун баш катчысы Антониу Гуттеришке жолдошкон.

Кара-Суудагы "Оомат" базарынын сатуучулары нааразылыкка чыгышты

Azattyk.org 

Кара-Суу шаарындагы "Оомат" базарынын сатуучулары 23-сентябрда нааразылыкка чыгышты. Алар базардын жаңы ээсинин адамдары сатуучулар менен жаңы келишим түзүлөрүн, ар бир контейнерден беш жылга 5000 АКШ доллардан талап кылып жатканын билдиришти. "Азаттык" базардын ээси ким экенин сатуучулардан жана башка булактардан азырынча тактай алган жок. Райондук админстрациянын алдына чыккан ишкерлер патенттери бар экенин, тийиштүү салыктарды төлөп келишерин кошумчалап, бийликти бул жагдайга көңүл бурууга чакырышты. Читать дальше...

"Өзбек форуму": Психиатриялык ооруканада жаткан активисттер бар

Azattyk.org 

Өзбекстанда жарандык активисттердин оозун басуу үчүн аларды психиатриялык ооруканага жаап салуу президент Шавкат Мирзиёев бийлигинде да уланып жатканы байкалууда.  "Өзбек форуму" деп аталган укук коргоо уюму 21-сентябрда Германияда жарыялаган баяндамасында, бийликти сындап жүргөн активисттердин арасында бери дегенде эле жети киши психиатриялык ооруканага жаткырылганын белгилейт.  Баяндаманын авторлорунун бири “Өзбек-немис форуму” деп аталган адам укуктарын коргогон уюмдун жетекчиси Умида Ниязова... Читать дальше...

"Бир дүйнө Кыргызстан" Ошто жергиликтүү лидер аялдар үчүн жыйын уюштурду

Azattyk.org 

Ошто бул күндөрү жергиликтүү лидер аялдардын өлкөдөгү саясий процесстерге катышуусуна арналган жыйын өтүп жатат. “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте уюштурган жыйынга Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынан 18-35 жаштагы 30га жакын активист, лидер кыз-келин катышууда. Уюштуруучулардын айтымында, негизги максат – жаш лидер аялдарды шайлоо жараяндарына окутуу аркылуу тартуу, ар кандай кырсыктарды жана тобокелдиктерди алдын алуу иштерине катыштыруу... Читать дальше...

АКШ Pfizer-BioNTech вакцинасынын үчүнчү дозасына уруксат берди

Azattyk.org 

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек агенттиги айрым адамдарга COVID-19 илдетине каршы Pfizer-BioNTech вакцинасынын үчүнчү дозасын (бустер) колдонууга уруксат берди. Препарат 65 жаштан улуу адамдарга, саламаттыгы начар жаштарга, жумушуна байланыштуу коронавируска чалдыгуу коркунучу жогору болгон кызматкерлерге (дарыгерлер, мугалимдер) сайылмакчы. Жараян башталгыча дагы бир топ жактыруулардан өтүүгө тийиш. Moderna жана Johnson & Johnson вакциналарынын үчүнчү дозасы боюнча чечим чыга элек. Президент... Читать дальше...

Зеленский Донбасстагы абалды жөнгө салууга жардам берүүгө чакырды

Azattyk.org 

Украина президенти Владимир Зеленский Улуттар уюмун өлкө чыгышында уланып жаткан согушту токтотуу үчүн аракет көрүүгө чакырды. Аймакта жети жылдан бери Москва колдогон жикчилдер менен өкмөттүк күчтөр согушуп келатат. 22-сентябрда Башкы ассамблеянын трибунасынан кайрылган президент Орусия ал жактагы куралдуу жаңжалдын отуна май тамызып жатканын, Крым жарым аралын аннексиялап алганы үчүн жооп бере электигин айтты: "2019-жылы ушул трибунадан сүйлөп жатып мен Украинадагы согуш 13 миң кишинин өмүрүн алганын... Читать дальше...

Иманкулов шайлоодо мамлекеттик кызматкерлерге басым көрсөтпөөгө чакырды 

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов парламенттик шайлоодо бюджеттик кызматкерлерди колдонгондор жазаланарын эскертти. 23-сентябрда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өттү. Ал президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, жана Ош шаарынын мэрлерине кайрылып, мамлекеттик кызматкерлерге шайлоодо басым көрсөтпөөгө чакырды. "Мугалимдерди, дарыгерлерди, социалдык кызматкерлерди, квартал башчыларын... Читать дальше...

"Эркиндик үнү": Бишкекте абактагыларды текшерүүдө мыйзам бузуу бар экени аныкталды

Azattyk.org 

“Эркиндик үнү” коомдук уюму Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган адамдарды коронавирусту алдын алуу үчүн медициналык текшерүүдөн өткөрүүдө мыйзам бузулуп жатканын билдирди. Уюмдун координатору Батыр Ботобеков 23-сентябрда “Азаттыкка” маалымдагандай, аларды сотко же башка тергөө иш-чараларына алып чыгып, кайра алып келген сайын өпкөсүн текшертип, рентгенден өткөрүп жатышканы белгилүү болду. Анын айтымында, маселе бар экени акыйкатчынын, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү менен... Читать дальше...

Тажикстанда мунапыс берилгендер абактан чыга баштады

Azattyk.org 

Тажикстанда жапырт мунапыска илинген айыпкерлердин биринчи тобу түрмөлөрдөн чыкты. Айдын башында парламент президент Эмомали Рахмон сунуш кылган тиешелүү мыйзам долбоорун жактырган. Өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карай кабыл алынган мыйзамда 16 миңден көп кишиге мунапыс берүү каралган. Алардын катарына негизинен аялдар, 18 жаштан кичүү жана 55 жаштан улуулар, майыптар, оор илдеттери барлар, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлангандар, согуш ардагерлери, чет өлкөлүк жарандар кирген. Укук коргоочулар... Читать дальше...

Швейцария илимпоздору Ат-Башыда малчыларды он жыл изилдеди

Azattyk.org 

Нарын шаарында Кыргыз-швейцар бийик тоолуу медицина жана изилдөө симпозиуму 22-сентябрда аяктады. Төрт күндүк иш-чара 18-сентябрда башталган. Ага Европанын 17 өлкөсүнөн келген 40тан ашык окумуштуу-дарыгер теңиртоолук медиктер менен тажрыйбасын бөлүштү. "Туура тамактанууга көңүл бургула" Швейцариялык илимпоздор Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндө жашаган малчылардын саламаттыгына 10 жыл бою көз салышкан. Бул аралыкта алар деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте күн кечирген адамдар жүрөк кан тамыр ооруларына кабылып... Читать дальше...


Музыкальные новости
Джиган

Джиган откровенно рассказал, почему начал худеть, и раскрыл свой максимальный вес





Персональные новости
Россия

ЦИК: В регионах России в 2024 году пройдет 3,5 тыс. избирательных кампаний





АӨБ Кыргызстанда инфляция 10% болот деп божомолдойт

Azattyk.org 

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстандагы инфляциянын божомолун 10% көтөрдү. Быйыл май айында АӨБ жылдын аягына чейин инфляция 7% болушу мүмкүндүгүн айтылган эле. Сентябрга карай уюмдун эксперттеринин эсеби өзгөрдү. 22-сентябрда жарыяланган “Азиянын өнүгүүсүнө сереп-2021” баяндамасына ылайык, азык-түлүктүн баасы кымбат бойдон кала берүүдө. Улуттук валютанын АКШ долларына карата куну да төмөн сакталып турат. Азык -түлүк бааларынын туруктуу жана тез өсүшүн эске алганда, АӨБ инфляциянын 2021-жылы 10% чейин тездешин... Читать дальше...

Байден менен Макрон өз ара алаканы жакшыртууну макулдашты

Azattyk.org 

АКШ жана Франция президенттери октябрда жолугушмай болду. Франциялык элчи эмки жумада Вашингтонго кайтат. Бул тууралуу 22-сентябрда Жо Байден жана Эммануэл Макрондун телефон сүйлөшүүсүндө айтылды. “Абалды Франция жана европалык өнөктөштөр үчүн маанилүү стратегиялык маселелерди ачык талкуулоо аркылуу жакшыртса болоруна эки лидер тең макул болушту", - деп билдирди Ак үй. 15-сентябрда АКШ, Британия жана Австралия AUKUS деп аталган альянс түзүшкөн. Инд-Тынч океан аймагындагы коопсуздук тармагын камтыган... Читать дальше...

Хабаровскинин жанына кулаган учактын калдыктары табылды

Azattyk.org 

Хабаровскинин жанында шаршембиде дайынсыз жоголгон Ан-26 учагынын калдыктары табылды. Куткаруучулар кырсык болгон жерге барышканда аман калгандарды таба алышкан жок. Бортто алты киши бар болчу. Маалыматтарга караганда, катуу ылдамдыкта бараткан учак тоону сүзгөн. Ан-26 үлгүсүндөгү учак 22-сентябрда Хабаровск шаарынын аэропортуна 40 километр калганда байланышка чыкпай, радарлардан жоголуп кеткен. Учак навигациялык байкоо системаларынын ишин текшерип жаткан. Алдын ала айтылган версиялар боюнча кырсык начар аба ырайынан... Читать дальше...

БУУнун качкындар боюнча кеңсесинин өкүлү Бишкекте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча башкармалыгынын Борбор Азия аймагындагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддердин Кыргызстан боюнча иш сапары уланууда. Бүгүн 23-сентябрда ал Ички иштер министрлигинде (ИИМ) болуп, кызматташтыкты талкуулады. Министрдин орун басары Нурбек Абдиев башка мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар менен бирге качкын деп таанылган адамдарга жардам берүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш жүргүзүлүп турарын билдирди. Читать дальше...

Токаев Борбор Азияда гидроэнергетикалык консорциум түзүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында чыгып сүйлөдү. Алдын ала жаздырылган видео кайрылуусунда мамлекет башчы COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу, климаттагы өзгөрүүлөр жана Ооганстандагы гуманитардык кырдаалга токтолду. Токаев COVAX долбоорунун алкагында анын өлкөсү вакцина менен бөлүшүүгө даяр деп айтты. Экология маселесине кайрылып, Казакстан деңизге чыкпагандыктан климат башка өлкөлөргө караганда тезирээк өзгөрүп жатканын, кургакчылык көп болуп турарын белгиледи. Читать дальше...

Милициянын зомбулугуна кабылганын айткан аялдын окуясы териштирилүүдө

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө милициянын зомбулугуна кабылганын айткан аялдын окуясы териштирилип жатат. Бул тууралуу 23-сентябрда акыйкатчынын кеңсеси билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, акыйкатчыга арызданган аял Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери аны кармап кетип, талаага алып чыгып сабап, муунтканын жана өлтүрөбүз деп коркутканын, ошонун айынан боюнан түшүп калганын айтып берген. Анын айтымында, окуя быйыл 5-августта болгон. Жабыркаганын билдирген аял милиционерлерди жоопко тартып, жазалоону талап кылууда. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Ставропольский гандбольный клуб «Виктора» в Москве уступили армейцам


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Теннисистка Александрова оказалась сильнее полячки Швентек на турнире WTA в США


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Выпуск ЦФА на платформе «Атомайз» поможет снизить нагрузку на экологию





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин поручил комиссии по НТР представить перечень приоритетных направлений


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

«С какой целью вы пришли почтить память? Он вам родственник?» В Москве осудили девушку, которая пришла возложить цветы в память о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Шнуров

«Мое сердце у твоих ног»: Сергей Шнуров признался в симпатии одной из участниц «Новой Фабрики звезд»



Москва

Ефимов: инвесторы арендуют в Москве 43 объекта по льготной ставке

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net