123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 22.09.2021

Назарбаевдин "күйөө баласынын" күмөндүү байлыгы

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы, Мажилис депутаты Дарига Назарбаеванын күйөөсү делген Кайрат Шарипбаев өлкөдө кантип таасирдүү адамдардын бирине айланган? Элбашынын күйөө баласы делген Шарипбаевдин өмүр жолу жана шек туудурган байлыгы тууралуу "Азаттыктын" казак кызматынын иликтөөсү.

БУУ Ооганстандын саламаттык сактоо системасына 45 миллион доллар бөлөт

Azattyk.org 

БУУ Ооганстандын саламаттык сактоо системасынын кыйрашын алдын алуу үчүн 45 миллион доллар бөлүүнү чечти. "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) бийликти басып алган августтун ортосунан бери бул тармак терең кризиске учурап, гуманитардык жардам жеткирүү кыйындаган. Натыйжада бир топ медициналык мекемелер эң керектүү каражаттарсыз, калың эл тейлөөсүз калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана гуманитардык топтор эскертип келатышат. Чет өлкөлөр жана кайрымдуулук уюмдары талибдер акча каражаттан пайдаланбасын деп... Читать дальше...

Жаңылыктар: Кытайга ташылган алтын концентраты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында кайрылуу жасап, дүйнөдөгү окуяларга Кыргызстандын позициясын жарыялады. Аткезчиликке шек саналып кармалган 17 фура алтын концентраты Кыргызстандан Кытайга чыгарылып кеткени маалым болду. Иран дүйнө державалары менен 2015-жылкы өзөктүк келишимди жандандырууга кызыкдар экенин билдирди.



Депутат Акаев: Былтыркы шайлоодогудай эле чоң эки партия түзүлүп атат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуу үчүн таасирдүү кызмат адамдары жана акчалуулар кирген эки партия түзүлүп жатканын айтты. Ал муну былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган чуулгандуу парламенттик шайлоо менен салыштырып, бийлик муну алдын алыш керектигин билдирди. “Партияны түзгөн адамдар “президенттин батасын алдык, резюмеңерди бере калгыла, президент күтүп калды” деп талапкерлердин башын айлантып атат. Президент баарына бирдей мамиле кылам... Читать дальше...

Бишкектин БУУдагы сунушу жана демилгеси

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында президент катары биринчи ирет видеокайрылуу жасады. Ал Кыргызстан демократиялык жолдон тайбай турганын белгилеп, чөлкөмдөгү коопсуздук маселесине токтолду. Ооганстандан эвакуация болуп жаткан БУУнун мекемелерин Бишкекке жайгаштырууну сунуштады. Президент Садыр Жапаров сөз башында Кыргызстан 30 жыл мурда багыт алган демократиялык жолдон тайбай турганын билдирип, 2020-жылдагы октябрь... Читать дальше...

Хью Уильямсон: Кыргыз бийлиги менен диалогду улантабыз

Azattyk.org 

Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы Хью Уильямсон "Азаттыкка" курган маегинде укук коргоочу Азимжан Аскаровдун абактагы өлүмү, Орхан Инандынын уурдалышына байланыштуу пикирлери менен бөлүштү. - Human Rights Watch уюмунун 2020-жылга баяндамасында Кыргызстанда Азимжан Аскаровдун абактагы өлүмү, пандемия маалында зордук-зомбулуктун күчөшү, маалыматты манипуляциялоого байланыштуу мыйзамдардын каралышы, майыптыгы бар балдардын билимге болгон укуктарынын чектелиши жана башка окуялар белгилениптир. Читать дальше...

Kумтөрдүн ишин иликтеген комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

“Kумтөр Голд” ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы үч айга же Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин узартылды. Мындай чечимди парламент депутаттары Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында кабыл алды. Быйыл 17-февралда Кумтөр кенинин ишин иликтеген депутаттык комиссия түзүлүп кийин ал мамлекеттик болуп өзгөртүлгөн. Мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып... Читать дальше...

Ооганстандагы кол салуулардан бери дегенде беш киши каза болду

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышында талибдерге таандык автомашинелер чабуулга кабылганы маалымдалды. Кол салуулардан бир нече согушкер жана карапайым киши набыт болду. Жалалабад провинциясында белгисиз бирөө “Талибандын” машинесине ок чыгарганда эки жоочу жана бери дегенде бир жайкын адам өлдү. Бул тууралуу окуяга күбө болгон оогандар айтып беришти. Талибдер болсо окко учкандар жалаң катардагы адамдар болчу деп билдиришти. Бир сааттан кийин Нангархар аймагынын борбор шаарында жолдун боюна коюлган бомба жарылып... Читать дальше...



Кыргызстан Өзбекстандан жейрен алып келүү жөнүндө келишим түздү

Azattyk.org 

Кыргызстан Өзбекстандан жейрен алып келүү жөнүндө келишим түздү. Бул тууралуу 22-сентябрда "Sputnik Кыргызстан" агенттиги уюштурган онлайн брифингде Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун лаборатория башчысы Аскар Давлетбаков билдирди. Анын айтымында, гранттык каражатка алына турган 15 жейрен Кыргызстанга октябрь айынын ортосунда келет. Бир аз убакыт атайын жайда кармалгандан кийин алар мурда жейрен байырлаган жерлерге коё берилет. Адис белгилегендей, жейрендер Совет мезгилинде эле жок кылына баштаган. Читать дальше...

Төрөлбөй жатып чарчаган ымыркайлар

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө ушул жылдын алты айында 33 ымыркай чарчап, эки эне көз жумду. Дарыгерлер ымыркайлардын өлүмүн коронавируска байланыштырууда.  Август айында 18 жаштагы эненин өлүмү социалдык тармактарда талкуу жаратып, айрым активисттер маселени териштирүүнү талап кылган. Оорукананын жетекчилиги ымыркайлардын жана энелердин өлүмүн коронавируска байланыштырууда. 32 жаштагы Гулиза Абдылдаева ушул жылдын 30-августунда биринчи перзентин жарык дүйнөгө алып келген. Баласынын абалы начарлап... Читать дальше...

Тургунбай Садыков: "Күнүгө изденип иштебесе өнөр өспөй калат"

Azattyk.org 

Белгилүү скульптор-монументалист, Кыргыз илимдер академиясынын, СССР сүрөтчүлөр академиясынын академиги, ондогон мамлекеттик сыйлыктардын, наамдардын ээси Тургунбай Садыков 86 жашта. Ал бүгүн өзү түптөгөн улуттук көркөм академияны жетектеп, өнөрканасында жаңы чыгармаларды жаратуу менен алек. Даңазалуу айкелчи чыгармачылык сапары тууралуу “Азаттыкка” сыябан-маек курду.

Түркмөнстанда 2 миңден ашык айыпкерге ырайым берилет

Azattyk.org 

Түркмөнстанда 2 миңден көп айыпкерге ырайым берилет. Арасында чет өлкөлүк алты жаран бар. Тиешелүү буйрукка өлкө эгемендигинин 30 жылдыгын утурлай президент Гурбангулы Бердымухаммедов кол койгонун мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады. Тартип коргоо органдары тизмеге илингендерди бошотуу жана үйлөрүнө кайтаруу иштерин жүргүзүүгө тийиш. Бийлик жергиликтүү органдарды аларга жумушка орношууга жардам берүүгө милдеттендирди. Май айында Түркмөнстан  миңден ашуун кишинин айыбын кечкен, катарында 53 чет өлкөлүк бар болчу. Читать дальше...

Кыргызстанда “Бейтаптардын жамааттык бирикмеси” уюму түзүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда “Бейтаптардын жамааттык бирикмеси” уюму түзүлдү. Уюмдун “Келечек ооруларды алдын алууга жана артыкчылык бюджетине таандык” деген темадагы алгачкы жыйыны бүгүн 22-сентябрда Бишкекте өттү. Бирикменин курамына онкология, гематология, гемофилия, кант диабети, гепатит, склероз илдеттерине чалдыккан, гемодиализ алып жаткан жана орган алмаштырган бейтаптардын уюмдары кирди. Биригүүнүн максаты тууралуу “Азаттык” радиосуна Гемофилия коомунун президенти Нурбек Орозалиев айтып берди: “Максат – конструктивдүү диалог куруу. Читать дальше...

Кытай чет өлкөлөрдө көмүр менен иштеген станцияларды курбайт

Azattyk.org 

Кытайдын президенти Си Цзинпин анын өлкөсү чет мамлекеттерде көмүр менен иштеген станцияларды мындан ары курбайт деп билдирди. Кытай лидери БУУнун Башкы ассамблеясында видео аркылуу жасаган кайрылуусунда климаттын өзгөрүшүн алдын алууга байланыштуу бир топ убадаларды берди. Кытай дүйнөдө климаттын ысышына алып келген метан сыяктуу газдарды эң көп чыгарган жана көмүрдү эң көп керектеген мамлекет. Мындан улам Бээжин эколог, климатологдордун сынына кабылып келет. БУУнун климат боюнч атайын өкүлү... Читать дальше...

Бензиндин баасы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ аймагында үчүнчү тепкичке чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстанда бензин баасынын кымбатташы улантууда. Сентябрдын аягына карай Аи-92 жана Аи-95 маркаларынын баасы Орусияга салыштырмалуу 2-3 сомго кымбат сатылууда. Күйүүчү майдын дээрлик баары Орусиядан келгенине карабай, Кыргызстанда бензин салыштырмалуу буга чейин арзан болчу. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү күйүүчү майдын баасын салыштырды. Эң төмөнкү баа Казакстанда, эң кымбаты Арменияда: 20-сентябрга карата орточо салыштырмалуу баа... Читать дальше...

Беларус интернет эркиндигин чектөөнү улантып жатканы айтылды

Azattyk.org 

Freedom House эл аралык укук коргоо уюму Беларуста интернет эркиндиги абдан төмөндөгөнүн билдирди. 21-сентябрда жарык көргөн соңку докладында Вашингтондо жайгашкан уюм бийликтин “репрессивдүү өнөктүгү” быйыл да уланганын, былтыркы көрсөткүчтөр начарлаганын, бул жагынан Бирмадагы абал гана жаман экенин белгиледи. Укук коргоочулар былтыр президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык акциялары маалында жана андан кийин бийлик интернетти чектеп, социалдык медиага көзөмөлүн күчөттү, онлайн активисттерди кармап... Читать дальше...

Кара-Сууда алдамчылыкка шек саналган депутат камалды

Azattyk.org 

Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн депутаты жер сатууга байланышкан алдамчылыкка шек саналып камалды. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын үстүнөн күч органдарына жергиликтүү тургун даттанган. Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши ачылып, эки жылга жакын иликтөө жүргөн. 56 жаштагы депутат 17-сентябрда кармалды. Жергиликтүү соттун 19-сентябрдагы чечими менен милициянын убактылуу кармоочу жайына бир айга камалды. (SE)

Баш прокурор: Асановго жана Молдокматовго козголгон иштердин жүйөсү бар

Azattyk.org 

Башкы прокуратура ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жана оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовго карата козголгон иштердин жүйөсү бар экенин билдирди. 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешевдин алар каршы ой айтканы үчүн камалганы, толук маалымат берилбей жатканы тууралуу суроосуна жооп берген баш прокурор Курманкул Зулушев төмөнкүлөрдү айтты: “Курсан Асанов, Жеңиш Молдокматов боюнча “бир сөз үчүн эле камап, коомчулукка жарыяланбай жатат” дедиңиз. Читать дальше...

Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларын кооздогон айкелчи

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө жаш айкелчи курорттук пансионат жана эс алуу жайларын жаңыча кооздой баштады. Буга чейин айкелдерди чет элден алып же буйрутма берип келгендер эми чыгым азайганын айтып жатышат.


Музыкальные новости
Тимати

Экс-девушка Тимати Шишкова завела новый роман





Персональные новости
Александр Бастрыкин

Бастрыкин взял на контроль дело о калечащем пациентов нейрохирурге из Москвы





Зеленскийдин жардамчысынын машинеси аткыланды

Azattyk.org 

Киев облусунда белгисиз адамдар президент Владимир Зеленскийдин жардамчысы бараткан машинени аткылашты. Сергей Шефир өзү жабыркаган жок, айдоочусу жарадар болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Украинанын улуттук полициясынын басма сөз кызматы кол салуу шаршембиде эртең менен саат 10:00дөрдө Лесники деген айылдын жанында болгонун билдирди. Машинеге 10 ок атылган, жеринде тергөөчүлөрдүн тобу иштеп жатат. Ок чыгаргандар изделүүдө. Парламенттин коопсуздук комитетинин төрага орун басары... Читать дальше...

Ооганстандык таэквандочу кыздар Австралияга жайгашты

Azattyk.org 

“Талибан” бийликке келгенде Ооганстандан качкан кыз-келиндердин таэквандо командасынын мүчөлөрү Мелбурн шаарына жайгашты. Австралиянын таэквандо федерациясы маалымдагандай, 7 спортчу кыздын карантиндик мөөнөтү аяктап жатат. Аларды августтун ортосунда Пакистан аркылуу алып чыгуу үчүн “өтө кооптуу операция” жүргүзүлгөн. Кыздар ал шаарда окуп, иштеп, машыгууларын уланта бермекчи. Атлеттерге гуманитардык виза берилген. Федерация Кабулдан дагы 8 спортчу кызды эвакуациялоону пландап жатат. Австралия... Читать дальше...

Ак-Сай өрөөнүнө медициналык илимий-изилдөө базасы уюштурулат

Azattyk.org 

Нарын шаарында кыргыз-швейцар бийик тоолуу медицина жана изилдөө симпозиуму өтүп жатат. Ага Европанын 17 өлкөсүнөн келген 40 окумуштуу-дарыгер теңиртоолук медиктер менен тажрыйбасын бөлүшүүдө. Төрт күндүк иш-чара 18-сентябрда башталган. Эл аралык симпозиумда чет өлкөлүк дарыгерлер тоолуу аймакта жашаган калкка мүнөздүү ооруларды аныктоо, аларды алдын алуу жана дарылоонун ыкмалары тууралуу илимий баяндамаларын жасашты. Иш-чараны өткөрүүгө Швейцария өкмөтү кол кабыш кылып, Кыргызстандагы бийик... Читать дальше...

Орусиядагы шайлоодо талапкер болгон боордоштор

Azattyk.org 

Орусиядагы үч күнгө созулган парламенттик шайлоодо орус жарандыгын алган кыргызстандыктар активдүү катышты. Бул жолу Мамлекеттик Думага жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо теги кыргызстандыктар дагы талапкер катары чыкты. Орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны болжол менен 500 миңден көп. Айнура Жээнбекованын Орусияда жашап, иштеп жүргөнүнө 20 жылдын жүзү болду. 2004-жылы орус жарандыгын алган. Ал буга чейинки шайлоолорго активдүү катышпаганы менен быйыл 17-19-сентябрь күндөрү өткөн шайлоодо электрондук добуш берген. Читать дальше...

Түркмөн активисттери: бийлик өлкөдө коронавирус бар деп таанышы керек

Azattyk.org 

Түркмөнстандын жарандык коому Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кайрылып, бийликти өлкөдө COVID-19 эпидемиясы бар деп моюнга алдырууну өтүндү. Каттын авторлору расмий Ашхабад “коронавирустун учурлары катталганын, оорунун масштабын жана адам өлүмдөрүн танып жатканын” белгилешти. Алардын айтымында, ооруканалар бейтаптарга толуп калган, элдин көбүнүн стационардык дарыланууга чамасы чектелүү. Жарандык коомдун өкүлдөрү илдеттен көз жумган адамдар абдан көп болгонун, бирок дарыгерлер менен маркумдардын... Читать дальше...

Сахна артында: "Образга кирип, ооруп калчу"

Azattyk.org 

1983-жылы Орто Азия театрларынын ичинен биринчилерден болуп Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театры Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" романы боюнча спектакль коюп, баш каарман Катерина Ивановнаны Асылгүл Набиева аткарды. Ошондо аталган спектакль Москвада көрсөтүлгөндөн кийин искусство илиминин кандидаты О. Галахова Набиеванын эмгегин жогору баалаган. "Спектаклдин ички негизи күчтүү. Мындай касиет көпчүлүк персонаждардан сезилет. Өзгөчө актриса Асыл Набиева - Катерина Ивановнанын коңур... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Like FM – федеральный партнер релиза «Идеальная зависимость»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Полина Кудерметова проиграла Плишковой в первом круге турнира WTA в Руане


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Прием заявок на участие в конкурсе на лучшее путешествие по Дальнему Востоку начнется в мае





Путин в России и мире
Москва

Кремль: в Москве 22 апреля состоится встреча Путина с Алиевым


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Игорь Бутман

Бутман, Фантине и Аккуратов: как пройдет открытие Летнего театра в ЦПКиО Екатеринбурга



Москва

Экс-министра энергетики Подмосковья Самарина суд отправил под домашний арест

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net