Кыйкырып жиберди... IIHF уюмуна вице-президент болгон Оморовдун реакциясы видеодо
Кыргызстандык спортчу эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланды.
Кыргызстандык спортчу эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланды.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку маектеши Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Тилектеш Ишемкулов болду.
Улут тагдыры азыркы опуртал мезгилдин өтө орчундуу сыноосуна кабылды. Бул кыйчалыш кырдаалдан бүлүнбөй чыгып кетүү үчүн биримдикти бекемдөө эң зарыл милдет болуп калды. Кантип? Ушул багытта чогуу ой жүгүртүп көрөлү. Биримдиктин башкы шарты – адилеттик. Азамат Алтайдын соңку маегинде айтканы. Жаран жана мамлекет биримдиги Соңку кезде “Мамлекет (өлкө) мага эмне кылып берди дебей, мен мамлекетке эмне кыла алам деп сура” деген чакырык көп жаңырууда. (60 жыл мурун Американын президенти Жон Кеннеди ушундай ураанды айтып чыккан экен). Читать дальше...
Шайлоо ишемби күнү Санкт-Петербургдагы IIHF конгрессинде өткөн. 68 жаштагы франциялык Люк Тардиф IIHF федерациясынын президенти болсо, кыргызстандык Айваз Оморканов вице-президент болуп шайланды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Токтогул ГЭСиндеги жана Камбар-Ата ГЭС каскадындагы оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Марипов Токтогул ГЭСиндеги жабдууларды капиталдык ремонттон өткөрүү жана монтаждоо иштери, ГЭСтин төртүнчү гидроагрегатынын жабдууларын алмаштыруу иши менен таанышты. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жетекчилиги энергетикалык объекттердин алдыдагы күз-кыш мезгилине карай белгиленген жүктү көтөрүүгө даярдыгы тууралуу маалымат берди. Читать дальше...
Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл аймагынын Кайрат айылында 25-сентябрь күнү үлпөт тойдо белгисиз куралдан ок атылган. Милиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштап, текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында тойдо автоматтан ок чыгарган бала Ош шаарынан куралы менен кармалып, райондук милицияга өткөрүлүп берилген. Текшерүү учурунда курал уулун үйлөнтүп жаткан кишиге таандык экени аныкталган. Ал аны Орусиядан атайын тойго алып келгенин айткан. Читать дальше...
Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) өзүнүн YouTube-каналына Валентина Шевченко менен каршылашы Лорен Мерфи чыга турчу беттештин проморолигин жарыялады.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик катчы жөнүндө жобону бекитти. Буга байланыштуу президенттин жарлыгы Юстиция министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Жободо мамлекеттик катчынын милдеттери, ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн. Мамлекеттик катчы кызматына президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Чолпонбек Абыкеев 2021-жылы июль айында дайындалган. Мамлекеттик катчынын кызмат орду Кыргызстан эгемендик алган жылдары, алгачкы президент Аскар Акаевдин тушунда киргизилген. Экинчи президент... Читать дальше...
Кыргызстандан Кытайга 360 тонна алтын концентратынын чыгарылып кетиши бажы тармагына сын пикирди күчөттү. Депутат бажыны коррупцияга айыптады Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында депутат Аккулу Бердиев жыл башында "Эркечтам” чек ара бекетинен аткезчиликке шектүү катары кармалган 17 чоң машинеге жүктөлгөн алтын концентраты 21-сентябрда “Достук” өткөрмө бекетинен сыртка чыгарылып кеткенин айтты. Депутат автоунаалар концентрат курамында алтындын чыныгы пайызы жашырылгандыгы үчүн кармалганы... Читать дальше...
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Бурана мунарасын оңдоп, калыбына келтирүүгө 200 миң доллардан ашуун каражат бөлдү. Элчилик буга байланыштуу долбоорун 24-сентябрда мунара жайгашкан жерде ачты. Маалыматка караганда, каражат АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондунан бөлүнүп жатат. "Улуу Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана биз ал дагы миң бекем турат деген үмүттөнөбүз. Бүгүн биз кыргыздын улуттук байлыгын сактоону колдоо үчүн Кыргыз-АКШ өнөктөштүгүн белгилеп жатабыз”... Читать дальше...
24-сентябрда АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарыхый Бурана мунарасын сактап калуу боюнча долбоордун ачылыш аземин өткөрдү. Иш-чарада байыркы тарыхый архитектуралык эстелик эсептелген Бурана сейсмикалык коркунучта турганы айтылып, аны сактап калуу демилгеси көтөрүлдү. Ал үчүн АКШ элчилиги 200 миң доллар каражат бөлүүдө.
Эл аралык кызыл чырым комитети ("Красный крест") Сириядагы Кыргызстандын жарандарын, балдарды алып келүүгө көмөктөшөт. Бул маселе тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баш болгон делегация аталган комитеттин президенти Питер Мауэр менен жолугушкан учурда көтөрүлдү. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, жолугушуу 23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында болду. Анда негизги басым Сириядан Кыргызстандын жарандарын кайтарууга жасалды. Читать дальше...
Орто Азиядагы алгачкы протез кулак Кыргызстанда жасалды. Алма четинди сактоо боюнча кыргызстандык окумуштуунун илимий иши эл аралык илимий журналга жарыяланат. Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн толук версиясы жарык көрөт. Кыргызстандык отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Шухрат Буваев менен анапластолог Нурлан Осмоналиев Орто Азиядагы алгачкы протез кулак жасаган адистер болуп калышты. Дарыгерлер бул аракет тубаса же кандайдыр бир жагдайдан улам кулагынан ажырап калган адамдарга жардам берүү максатында жасалганын айтышты. Читать дальше...
Кыргызстанда соңку үч айдагы изилдөөгө караганда, коронавирус жуктурган бейтаптардын 70 пайызында инфекциянын "дельта" варианты аныкталды. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетектөөчү адиси Султан Суранбаев "Азаттыкка" билдирди. "Бизде июлга чейин британиялык штамм (85,6%) болуп жаткан. Акыркы жөнөткөн үч айдын жыйынтыгы боюнча ооругандардын 70% ашуунуна индиялык "дельта" штаммы жуккан. Ошону менен Кыргызстанда төрт штамм катталды. Эң көп катталганы "дельта" болуп жатат", - деди Суранбаев. Читать дальше...
Волгоград шаарында сот "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун беш мүчөсүн экстремисттик ишмердүүлүк үчүн күнөөлүү деп таап, үч жылдан 6,5 жылга чейин абакка кести. 49 жаштагы Сергей Мельник, 50 жаштагы Игорь Егозарян алты жылга, 50 жаштагы Вячеслав Осипов менен 43 жаштагы Денис Пересунко алты жыл, үч айга кесилди. 59 жаштагы Валерий Рогозин алты жарым жылга кесилди. Айыптоо корутундусунда алар "конфессиянын башка өлкөдөгү мүчөлөрүнөн сунуштарды алып, миссионердик иштер менен алектенишкени, сыйынуу кызматтарын көрсөтүшкөнү... Читать дальше...
Мигранттардын укугун коргоо боюнча иштеген Валентина Чупик ишембиге караган түнү, 25-сентбярда Москвадагы Шереметьево аэропортунан кармалды. Ал Армениядан учуп келген. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматына Чупиктин санаалашы Александр Ким билдирди. Чупик - Өзбекстандын жараны. Ал Орусияда качкын макамы менен жашап жүргөн. Учуп келгенден кийин ага чек арадан качкын макамынан ажыраганы тууралуу билдирме тапшырылып, өлкөгө кирүүгө 2051-жылга чейин тыюу салынганын айтышкан. Чупик кармалганы... Читать дальше...
Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде 16-сентябрь күнү Чоң-Алайдын био-маданий ар түрдүүлүгүн чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылды.
"Кыргызгидромет" агенттиги 26-сентябрда жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Айрым райондордо катуу шамал болушу мүмкүн. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 22…27; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27; Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25; Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 7...12. Бишкек шаарында күн ачык болот, абанын табы түнкүсүн 7…9... Читать дальше...
"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) Ооганстанда кылмыш кылгандарды катуу жазалаган практиканы кайра киргизүүнү пландап жатат. Кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири Нуриддин Тураби Associated Press агенттигине курган маегинде сөз колун кесүү жана өлүм жазасы тууралуу болуп жатканын айткан. "Колун кесүү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл", - деген Тураби жазанын мындай түрү кылмышты токтотууга таасирдүү ыкма экенин айткан. Анын белгилешинче, мындай тажрыйба коомчулуктун алдына... Читать дальше...
Апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек ара жаңжалына байланыштуу кармалган Лейлек районунун үч тургуну сегиз жарым жылдан 15 жылга чейин, Тажикстандын эки жараны өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилди. Курал колдонуу менен коштолгон чек ара окуясында мамлекетке чыккынчылык кылууга, талап-тоноочулукка, баңгизаттарын сактоого шек саналып кармалган беш адам, анан ичинде Тажикстандын эки жараны да Лейлек районунун Борбордук айылында жашаган.
Казакстан дүйнөдөгү 100 белгилүү илимий эмгекти казакчага которду. Тажикстандын ооган качкындарына байланышкан позициясы эмне себептен өзгөрдү? Талибдер чөнтөк телефондогу маалымат үчүн жазалайбы? Качкындарды кабыл алууну каалабаган коңшулар Дүйнөлүк басылмалардын көбү Ооганстандагы жана анын айланасындагы окуяларга кайрылып, талибдер бийликти басып алгандан бери элдин турмушу кандай өзгөргөнүн, кандай коркунучтар жаралганын чагылдырып келет. The Diplomat басылмасында 22-сентябрда Борбор Азия... Читать дальше...
Казакстан дүйнөдөгү 100 белгилүү илимий эмгекти казакчага которду. Тажикстандын ооган качкындарына байланышкан позициясы эмне себептен өзгөрдү? Талибдер чөнтөк телефондогу маалымат үчүн жазалайбы? Качкындарды кабыл алууну каалабаган коңшулар Дүйнөлүк басылмалардын көбү Ооганстандагы жана анын айланасындагы окуяларга кайрылып, талибдер бийликти басып алгандан бери элдин турмушу кандай өзгөргөнүн, кандай коркунучтар жаралганын чагылдырып келет. The Diplomat басылмасында 22-сентябрда Борбор Азия... Читать дальше...
Орусиянын "Россельхознадзор" мекемеси Түркиядан алынып келинген мөмө-жемиштерден коркунучтуу монилиоз жана помидордон вирус табылганын кабарлады. 23-сентябрда мекеменин өкүлдөрү Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин Азык-түлүк башкармалыгы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Орус бийлиги "продукциянын фитосанитардык коопсуздугун жогорулатууну" талап кылды. "Россельхознадзор" Түркиядан ташылып келген жашылча-жемиштерде пестициддердин деңгээли жогору экенин белгилеген. Бул маалыматтар Орусия... Читать дальше...
Бажы системасы толугу менен санарипке өтмөйүнчө коррупция жоюлбайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн жыйынында билдирди. "Биз канчалык кадрдык өзгөртүүлөрдү жасабайлы, бажы системасын толугу менен автоматташтырбасак, иш оңолбойт", - деди Улукбек Марипов. Анын айтымында, Бажы кызматы менен бизнес өз ара байланышпаган процессти түзүү зарыл. Бул үчүн жакында бажы декларациясын дистанциялык түрдө толтуруу системасы ишке кирет. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы... Читать дальше...
2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин айлык маянасы 40% жогорулатылды. Буга байланыштуу токтомго Министрлер комитетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Чечим социалдык кепилдиктерди камсыздоо, аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Аскер кызматкерлеринин эмгек маянасы көтөрүлөрү тууралуу президент Садыр Жапаров август айында Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада айткан. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.