АКШ эмделген чет өлкөлүктөргө чектөөлөрдү жеңилдетет
АКШ президенти Жо Байден чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө киришин чектеген эрежелерди ноябрь айында жеңилдетет. Коронавируска каршы толук эмделген чет өлкөлүктөргө Кошмо Штаттардын аймагына кирүүгө уруксат берилет. Ак үйдүн коронавирус боюнча координатору Жефф Зиентс 20-сентябрда билдиргендей, АКШга бара турган чет элдиктер учакка отурар алдында эмделгени тууралуу документти жана вирустун жок экени тууралуу тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Зиентс толук эмделген жүргүнчүлөр обочолонбой турганын кошумчалады. Читать дальше...