123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 21.09.2021

БУУ: Кыргызстан демократияга, АКШ дипломатияга басым жасады

Azattyk.org 

21-сентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассемблеясына жолдогон алгачкы видео кайрылуусунда Кыргызстан демократиялык жолдон тайбай турганын айтты. АКШ президенти Жо Байден дипломатиянын жаңы доору башталып жатканын билдирди. Пандемия башталгандан бери биринчи жолу дүйнө лидерлеринин бир бөлүгү Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесине чогулушту. Былтыр коронавирустан улам президенттер жана өкмөт башчылардын дээрлик баары алдын ала кайрылуусун жөнөтүшкөн. Читать дальше...

Кыргыз-өзбек ишкер аялдары умтулган кызматташтык

Azattyk.org 

Бишкекте 21-сентябрда кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес форуму өттү. Ага Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева баштаган ишкер аялдар катышты.  "Кыргызстан – Өзбекстан ишкер аялдарынын диалогу - Жол картасынын жыйынтыгы катары" деп аталган жыйынды Борбор Азиядагы Аялдар лигасы уюштурду. "Бул форум эки өлкөнүн ишкер айымдары өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүүсүнө шарт түзүп берет. Мен өзүм энергетика тармагында эмгектенген бир айым менен тааныштым. Алар көбүнчө жеңил өнөр жай менен алектенип келишкен экен. Читать дальше...

Жапаровдун Дүйшөмбүдөгү сунушу, Кыргызстандын кызыкчылыгы

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Тажикстандагы саммитинде бир катар сунуштарды айтты. Ооган-тажик чек арасына өзгөчө көңүл бурулуп жаткан учурда аймактык аскердик уюм Кыргызстандын билдирүүлөрүнө кулак салабы? Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун 16-17-сентябрь күндөрү Дүйшөмбүдө өткөн саммиттерине катышкан Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков "Азаттыкка" маек курду.



Садыр Жапаров БУУнун мекемелерин Кыргызстанда жайгаштырууну сунуштады

Azattyk.org 

Садыр Жапаров 21-сентябрда Кыргызстандын президенти катары биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассемблеясында видео кайрылуу жасады. Ал жакын арада өлкөдө октябрь окуяларына бир жыл болорун, бул убакыт аралыгында бийлик коомдук-саясий кырдаалды жана социалык-экономикалык абалды турукташтырууга жетишкенин айтып, “Кыргызстан демократиялык жолдон тайбайт” деп билдирди. “Тарых мерчеми менен алганда эгемендик жылдардагы кыска аралыкта республиканын жетишкендиги - демократия мамлекеттин өнүгүү... Читать дальше...

Байден: Биз дипломатиянын жаңы доорун ачып жатабыз

Azattyk.org 

21-сентябрда Жо Байден АКШнын президенти катары биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассемблеясына кайрылуу жасады. Ал сөзүнүн башында COVID-19 пандемиясынын кесепетине токтолуп, дүйнөнү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө чакырды. Ошондой эле АКШ кайрадан эл аралык үстөлгө кайтып келгенин, НАТО, Евробиримдик жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сыяктуу эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын кайра бекемдеп жатканын белгиледи. "Биз Ооганстандагы 20 жылдык чыр-чатакты токтоттук жана... Читать дальше...

Чек ара: талап-тоноого көмөктөшкөн деп айыпталгандар соттолду

Azattyk.org 

Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу Лейлектин үч тургуну 8,5 жылдан 15 жылга чейин соттолду. Алар кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноодо коңшу мамлекеттин жарандарына жардам берген деп айыпталышкан. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков чет жакка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулду. Ал "300 миң доллар алды" деп айыпталып жаткан экс-депутаттын ишинин алкагында кармалган эле. Жакындары Шинжаңда камакта отурган казактар Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына чогулду. Читать дальше...

“Талибан” жетектеген өкмөткө аялдар кайрадан кирбей калды

Azattyk.org 

Ооганстанда “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) жетектеген өкмөт  өткөөл кабинеттин курамын кеңейтип, бир нече министрликтин орун басарларын дайындады. Бул ирет да бир да аялга кызмат берилген жок. «Талибандын» маалымат катчысы Забиулла Мужахид коргоо жана ички иштер министрлеринин орун басарлыгына эки талаа командири, соода министринин милдетин аткаруучу болуп этникалык тажик, анын орун басары болуп этникалык өзбек дайындалганын 21-сентябрда билдирди. Анын айтымында, болочокто өкмөткө аялдар да кириши мүмкүн. Читать дальше...

Алматы: сот аткаруучуларга атылган ок беш кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө Казакстандын Алматы шаарында болгон атышууда беш киши каза болгонун полиция департаменти билдирди. 54 жаштагы жаран аны үй-бүлөсү менен жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келгендерге ок аткан.



УКМК Туйгунаалы Абдраимовду мыйзамсыз баюуга айыптады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) саясатчы Туйгунаалы Абдраимовго карата “Мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганын билдирди. 20-сентябрда Абдраимовдун үйүн, кеңсесин тинтип, өзүн сегиз саат суракка алган атайын кызмат саясатчыга таандык деген мүлктөрдүн узун тизмесин жарыялады. Туйгунаалы Абдраимов бүгүн, 21-сентябрда атайын кызматтын айыптоосун четке какты. Атайын кызмат тараткан маалыматта Туйгунаалы Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланып... Читать дальше...

СССР Ооганстанды үч жолу кантип багындырган?

Azattyk.org 

Мындан 20 жыл илгери, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШ террордук чабуулга кабылып, ага жооп кылып "Ал-Каида" менен "Талибанга" (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюмдар) согуш жарыялап, Ооганстанды басып кирген. Уруш 20 жылга созулуп, соңунда батыш коалициясы аскерлерин алып чыгууга мажбур болуп, өлкөнүн бийлигин талибандар ээледи. Ири державалардын жана режимдердин кызыкчылыктары кесилишкен Ооганстан жакыр экенине карабай, өтө бекем экенин Сталиндин тажрыйбасынан дагы көрсөк болот. Сталин бул өлкөнү багындырууга үч жолу даярданып... Читать дальше...

Жогорку сот Сатыбалдиевге чыккан өкүмдү күчүндө калтырды

Azattyk.org 

21-сентябрда Жогорку сот Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Сатыбалдиев жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ага берилген жазаны кайра карап берүүнү суранган. Ал жаңы жагдай катары бул иш боюнча күнөөлүү деп табылган мурдагы финансы министри Ольга Лаврова менен өзүнө бирдей эле айып тагылганын, бирок башка кодекстер менен чечим чыкканын жүйө кылган. Читать дальше...

Кыргыз композиторлорунун мааракеси белгиленди

Azattyk.org 

20-сентябрда Улуттук филармониянын чоң залында эл артисттери Эсенгул Жумабаев, Сардарбек Жумалиев, Жылдыз Малдыбаева, Акимжан Жээнбай, Түгөлбай Казаков баштаган бир нече юбиляр композитордун мааракеси чогуу белгиленди.

Жакындары Шинжаңда кармалгандар Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына чыгышты

Azattyk.org 

Жакындары Шинжаңда камакта отурган же куугунтукка кабылган казактар шейшембиде Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына чогулду. Жети айдан бери Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чыгып келгендер нааразылык акциясын уланта берерин билдиришти. Консулдуктан эч ким чыгып, алардын арыз-муңун уккан эмес. Акция катышуучулары консулдуктун алдына чатыр тигип, түнөйбүз дегенде полиция ага тыюу салган. Этностук казактар туугандары Шинжаңда негизсиз эле кайра тарбиялоо лагерлерине же түрмөлөргө жөнөтүлгөнүн айтышат. Читать дальше...

Чек ара жаңжалына байланыштуу Лейлектин үч тургуну абакка кесилди

Azattyk.org 

Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу кармалган Лейлектин үч тургунуна сот өкүмү чыкты. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, Акмалжон Исоев 15 жылга, Аюбжон жана Амонжон (фамилиялары азырынча "Азаттыкка" маалым эмес) аттуу айыпталуучулар сегиз жарым жылга кесилди. Алардын жакындары жогорку инстанцияга кайрыла турганын айтышты. Куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналгандардын иши Баткен облусунун Лейлек райондук сотунда 21-сентябрда каралды. 15-сентябрдагы... Читать дальше...

Нурматовду элчиликке сунуштоо маселеси каралбай жаткан себеп айтылды

Azattyk.org 

Президенттин администрациясы экс-депутат Кубанычбек Нурматовду Тажикстанга элчилик кызматка сунуштоо маселесин ага байланыштуу окуянын чоо-жайы такталып бүткөнчө карабай турган болду. 21-сентябрда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Азаттыкка” бул тууралуу төмөнкүдөй комментарий берди: “Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңеште зарыл болгон макулдашуу жол-жоболорун ишке ашырып, президенттин администрациясынын тиешелүү бөлүмүнүн кароосуна киргизген. Бирок форс-мажор жагдайга байланыштуу... Читать дальше...

Венера Рыскулова Ошко вице-мэр болуп дайындалды

Azattyk.org 

Ош шаардык мэриясынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды. Буйрукка мэр Алмаз Мамбетов 21-сентябрда кол койду. 2010-жылдан бери вице-мэрликке аял киши дайындала элек болчу. 40 жаштагы Венера Рыскулова 2014-2016-жылдары Улуттук статистика комитетинде иштеген. 2021-жылдын май айына дейре өкмөттө ар кандай кызматты аркалаган. Ал мурунку вице-мэр Эмил Шадыхановдун ордуна келди. Ош шаарына бийликтин сунушу менен келип, шайланган Алмаз Мамбетов 6-сентябрда Марс Исаевди биринчи вице-мэр... Читать дальше...

“Коопсуз шаарды” ишке ашыруучу “Вега” менен келишимди өзгөртүү сунушталды

Azattyk.org 

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан “Вега” компаниясы менен түзүлгөн келишимге өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Бул маселе бүгүн 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда талкууланды. Депутат Улукбек Ормонов “Веганы” ылдамдыкты өлчөө үчүн жол боюна коюлуучу  көчмө аппараттардын жанына атайын эскертүүчү белги коюуга милдеттендирүү керектигин айтты: “Келишимге өзгөртүү киргизиңиздер. Биз жаздан бери ошону суранып жатабыз. Комитеттин чечими бар. Читать дальше...

Акыйкатчынын кеңсеси Сарыбаевди ачкачылыкты токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Акыйкатчынын кеңсеси камактагы Алмаз Сарыбаевди ачкачылыкты токтотууга чакырды. Бирок ал буга макул болгон жок. Акыйкатчыны орун басары Альберт Колопов "Азаттыкка" билдиргендей, омбудсмен аппаратынын кызматкерлери 21-сентябрда андан кабар алып келишти. Алар Сарыбаевдин абалын орто деп баалашууда. Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген шек менен эки айга камалган Алмаз Сарыбаев 17-сентябрдан бери ачкачылык кармоону улантып жатат. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Сарыбаевди 15-сентябрда кармаган. Читать дальше...

Талас: Милиция өзгөчө оор кылмышка шектүүнү издөөгө жардам сурады

Azattyk.org 

Таласта милиция өзгөчө оор кылмышка шектүү жергиликтүү тургунду издеп жатканын бүгүн 21-сентябрда билдирди. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, издөө 1-июлда жарыялаган. Мекеме билдиргендей, Кара-Буура районунун 50 жаштагы тургуну Бактыбек Биримкулов алигүнчө изин жашырып качып жүрөт. Милиция кылмышка шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, аны табууга жардам сурады. Сүрөттө көрсөтүлгөн адам 16 жаштагы өгөй кызын зордуктап жүргөнү, кыздын беш айлык боюнда бар экени аныкталганын апасы "Азаттыкка" билдирди. Читать дальше...


Музыкальные новости
Вячеслав Бутусов

Вячеслав Бутусов и Юлия Пересильд выступят фестивале «Дикая Мята» с 14 по 16 июня





Персональные новости
Кубок

Кубок Победы 2024 разыграли среди бадминтонистов в Чите





COVID-19: Индия вакцинанын экспортун жандантат

Azattyk.org 

Индия октябрдан тарта коронавирука каршы вакцинанын экспортун жандантат. Апрелде өлкөнүн өзүндө COVID-19 илдетинин учурлары көбөйгөндө бул жараян токтоп калган эле. Саламаттык сактоо министри Мансух Мандавиянын айтымында, өкмөт индиялыктарды эмдөөгө артыкчылык берет, бирок ашыкча дозалар коронавируска каршы глобалдык күрөштөгү милдеттенмелерди аткарууга жумшалмакчы. Вакцинанын дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүсү Индия БУУ түзгөн COVAX долбооруна чоң салым кошот деп күтүлүүдө. Өлкө быйыл январда COVID-19га каршы вакциналарды экспорттой баштаган... Читать дальше...

Мамлекеттик Думага беш партия өттү

Azattyk.org 

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шейшемби күнү эртең менен Мамлекеттик Думага шайлоонун бардык бюллетендерин санап чыкканын билдирди. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, “Бирдиктүү Орусия” партиясына добуштардын дээрлик 50 проценти (49,8) тийди. КПРФ – 19, ЛДПР– 7 жарым проценттен бир аз ашыгырак, “Адилет Орусия” – 7 жарым процентке жакын добуш алды. Думага 2003-жылдан бери алгачкы жолу дагы бир партия – “Жаңы адамдар” кирди. Бир мандаттуу чөлкөмдөрдө "Бирдиктүү Орусиянын” талапкерлери басымдуу көпчүлүгүндө же 198синде жеңди. Читать дальше...

Канада: парламенттик шайлооодо премьер-министрдин партиясы жеңди

Azattyk.org 

Канадада мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Жастин Трюдонун Либералдуу партиясы жеңди. 20-сентябрдагы шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына караганда, либералдар 156 орун алышты. Абсолюттук көпчүлүк үчүн аларга 170 мандат керек болчу. Консервативдүү партия 121 мандат менен мурдагыдай эле негизги оппозициялык күч бойдон калмакчы. Трюдо добуштардын бардыгы саналып бүтө элек болгону менен, “миллиондогон канадалык өнүгүүнүн прогрессивдүү жолун тандаганын көрүп жатабыз”, -деп айтты. Читать дальше...

Кирсан Илюмжинов “Талас облусунун ардактуу атуулу” болду

Azattyk.org 

Калмак Республикасынын экс-президенти Кирсан Илюмжиновго “Талас облусунун ардактуу атуулу” наамы берилди. 20-сентябрда Таласка барган Илюмжинов президенттин облустагы өкүлү Бакытбек Нарбеков менен жолугуп, экономика, билим берүү, маданият жана спорт тармагына инвестиция салуу ниетин билдирди. Президенттин өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Илюмжинов ишкер катары келгенин маалымдады. Кирсан Илюмжинов Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айыл аймагынын Куру-Бакайыр жайыгындагы күмүш кени жайгашкан жер менен таанышты. Читать дальше...

Европанын соту Литвиненконун өлүмүнө Орусия жооптуу деп тапты

Azattyk.org 

Европанын Адам укуктары боюнча соту Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) мурдагы офицери Александр Литвиненконун өлүмү үчүн Орусия жооптуу деп тапты. Маркум 2006-жылы ноябрда Лондондо ууландырылган. Анын чайына "полониум 210" деген сейрек кездешүүчү радиоактивдүү зат кошулганы кийин аныкталган. Президент Владимир Путиндин сынчысы, 43 жаштагы Литвиненко бир нече күн ооруканада жатып көз жумган. 2016-жылы Британияда жүргүзүлгөн иликтөө Литвиненконун көзүн тазалоо операциясын балким президент өзү жактырган деген бүтүмгө келген. Читать дальше...

Кылмыш-жаза мыйзам долбоорлоруна президенттин каршы пикирин парламент комитети колдоду

Azattyk.org 

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Кылмыш, Жазык-процессуалдык жана Укук бузуулар кодекстеринин долбоорлоруна президенттин каршы пикирин 21-сентябрда талкуулады. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кылмыш кодексинин бир катар пункттарын оңдоо, арасында "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренесин аягына чыгаруу керектигин билдирген. Депутат Мирлан Жээнчороев президенттин каршы пикири жүйөлүү экенин белгилеп, сунуштарды карап чыгуу үчүн макулдашуу комиссиясы керектигин айтты. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Кыргызстанцы завоевали медали на международном турнире по танцам в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Дарья Касаткина

Теннисистка Касаткина заявила, что скучает по России, но пока не может приехать


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Кабардино-Балкарии стартует крупнейшая экологическая акция «Вода России»





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин назвал сохранение духовных ценностей условием укрепления суверенитета


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко пообещал потенциальным агрессорам ответ всеми видами оружия




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

В РПЦ отказались называть причины запрета в служении иерея Сафронова, отпевавшего Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Борис Гребенщиков

Борис Гребенщиков сообщил, что не знает, кто такой Богомолов



Москва

В Дмитрове «Единая Россия» отправила гуманитарную помощь в зону проведения СВО

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net