Алайда биринчи жолу “Тоо театрларынын фестивалы” өтөт
Республикалык маанидеги фестивал биринчи жолу 29-30-сентябрда Гүлчө айылында уюштурулуп жатат. Иш чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына карата демилгеленгенин Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын жетекчиси Алымкул Исаков “Азаттык” радиосуна кабарлады.
Уюштуручуулардын айтымында, иш-чаранын максаты тоолуу аймактардагы театрлардын чыгармачыл потенциалын өркүндөтүү.
Иш чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, менен Алай райондук мамлекеттик администрациясы биргеликте колдоого алууда. Фестивалга өлкөнүн жети облусунан жана Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык-драма театрынын жамааты спектаклдерин тартуулайт. (JsA)