Укук коргоочулар Гератта аялдардын укугу одоно бузулуп жатканын айтышты
Эл аралык укук коргоочу уюмдар талибдер Ооганстандын Герат шаарында кыз-келиндердин укуктарын одоно бузуп жатканын билдиришти. 12-августта шаар “Талибандын” колуна өткөндөн бери ашынган исламчыл кыймыл активисттерди, белгилүү аялдарды куугунтуктап, кыз-келиндердин билим алуу, иштөө жана көчөгө ээн-эркин чыгуу укугун чектеп, бети-башын чүмкөп жүрүүгө милдеттендирди, тынч жыйындарга чогулуу укугун бузууда, - деп белгиленет 23-сентябрда Human Rights Watch (HRW) жана Сан Хосе мамлекеттик университетинин... Читать дальше...