Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 21.09.2021

Бишкекке расмий сапар менен Өзбекстан Cенатынын төрайымы келди

Azattyk.org 

Бүгүн 21-сентябрда Бишкекке расмий сапар менен Өзбекстан парламентинин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Нарбаева келди. Сапар алкагында өзбек делегациясы Кыргызстандын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Нарбаева Бишкекте ачылган кыргыз-өзбек ишкер аялдардын форумуна катышты. Бул иш-чарага Өзбекстандан келген 25 ишкер жана депутат аял да катышууда. Өзбекстандын 250 мандаттуу парламенти (Олий Мажлис) жогорку (Сенат) жана төмөнкү (Мыйзам чыгаруу палатасы) палатадан турат.... Читать дальше...

Мэр Болотбековдун бөгөт чарасы аныкталды, ал прокурордун өтүнүчү менен камактан бошоду

Azattyk.org 

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Башкы прокуратуранын прокурорунун өтүнүчү менен тышка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулду. Анын бөгөт чарасы тууралуу ушундай чечим 20-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынганын соттун басма сөз кызматы билдирди. Ал соттук териштирүү учурунда тергөөчүнүн уруксатысыз эч жакка чыкпоого, териштирүүгө тоскоолдук жаратпоого жана чакырган убакта барып турууга милдеттендирилди. Болотбеков “Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты... Читать дальше...

Хемингуэй менен Фицджеральдды дүйнөгө ачкан адам

Azattyk.org 

Эгер тагдыр дүйнөлүк адабият менен маданиятка опол тоодой салым кошкон америкалык улуу жазуучулар Эрнест Хемингуэй, Скотт Фицджеральд жана Томас Вульфка залкар редактор Макс Перкинсти жолуктурбаганда, бүгүн биз "Чал жана деңиз", "Кош бол, курал", "Мухиттеги аралдар", "Бейиштин бери жагында", "Улуу Гетсби", "Өз үйүңө кара, периште", "Убакыт жөнүндө жана дарыя тууралуу" ж.б. керемет чыгармаларды окубай калмакпыз. Балким, дээринен өжөр, кайратман, сөздүн генийи дегидей тубаса талант жана Гете өңдүү... Читать дальше...



Ош: жолбун ит капкан 13 киши ооруканага кайрылды

Azattyk.org 

Ош шаарында 19-сентябрь күнү 13 тургунду жолбун ит каап, алар ооруканага кайрылды. Дарыгерлер жабырлануучулар жеңил жараат алганын билдиришти. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Жыргалбек Толоров "Азаттык" радиосуна шаардык ооруканага кайрылган 13 жаран рабиологиялык вакцина алганын айтты. "Жарааттары бир-эки жип менен тигилип үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Күч түзүмдөрү да келип маалымат алып кетишти. Алардын баарына рабиологиялык вакцина берилген". Шаардыктарды капкан ит жок кылынган. Читать дальше...

УКМК камакка алган Нурматов Тажикстандагы элчи кызматына көрсөтүлгөн

Azattyk.org 

Алдамчылыкка шектелип кармалган Кубанычбек Нурматовдун талапкерлиги Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына парламенттик комитетте жактырылган. Бул маалыматты 21-сентябрда “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Индира Куралбекова тастыктады. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде Нурматовдун талапкерлиги 1-сентябрда каралып, колдоо тапкан жана тийиштүү чечим чыккан. Элчилерди дайындоо тартибине ылайык, комитеттин чечими президентке жөнөтүлөт, мамлекет башчысы жарлыкка кол коет. Читать дальше...

Казакстанда коронавирустун "нигериялык" штаммы табылды

Azattyk.org 

Казакстанда коронавирус инфекциясынын «Эта» штаммы табылды. Бул тууралуу 21-сентябрда саламаттык сактоо министри Алексей Цой «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Бул штаммды кээде «нигериялык» деп да атап жүрүшөт. Министр июль-август айларында ооруп калган бейтаптардын анализдери изилденгенде, 5,2% вирустун негириялык түрү аныкталганын маалымдады. Цойдун айтымында, бул штамм Караганды, Павлодар, Маңгыстау облустарында жана башкалаада бар болуп чыкты. «Эта» штаммы былтыр декабарда адегенде Нигерия жана Британияда аныкталган. Читать дальше...

ЕБ Австралия менен талашта Францияга тилектештигин билдирди 

Azattyk.org 

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Франция менен Австралиянын суу астында сүзүүчү кемелердин айынан келип чыккан талашында Парижге тилектештигин билдиршти. Расмий Канберра Париж менен түзүлгөн келишимден баш тартып, АКШ жана Британияда өндүрүлгөн суу астында сүзүүчү атомдук кемелерди алууну чечкен. Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Йозеп Боррелл БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган министрлер менен жолугушуудан кийин Австралиянын кадамы “Инд-Тынч океан аймагында биримдик... Читать дальше...

Сот жоопкерчилигин кароо жобосу сынга кабылды

Azattyk.org 

Соттор кеңеши Судьялардын макамы жөнүндө конституциялык мыйзам күчүн жоготпогонун белгилеп, жобо анын негизинде кабыл алынганын билдирүүдө. Айрым эксперттер чыгарган чечими үчүн сотторду жоопкерчиликке тартуу - дүйнөлүк тажрыйбада жоктугун белгилеп, Соттор кеңешине мындай укукка ээ болууга жол бербөө зарылдыгын айтып жатышат. Саясий чечим үчүн куугунтук Соттордун жоопкерчилигин кароо тартиби тууралуу убактылуу жобо Судьялар кеңеши тарабынан 16-августта кабыл алынган. Андан бери бул жобо менен... Читать дальше...



22-сентябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

22-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22…27; Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 20…25; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 10…15... Читать дальше...

Байден Башкы ассамблеяда климат, пандемия маселеси боюнча чогуу иштөөгө чакырат

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Башкы ассамблеясындагы алгачкы сөзүндө Вашингтон климаттагы өзгөрүүлөр жана COVID-19 пандемиясы өңдүү жалпы адамзат үчүн маанилүү маселелерди чечүүнүн үстүнөн дипломатиялык аракеттерин күч алдырарына токтолот. Байден 76-ассамблеянын биринчи күнүндө, 21-сентябрда чыгып сүйлөйт. Байден АКШ - Кытай мамилелерине да токтолуп, ал өлкө менен “кансыз согушка” жеткирбөөнү каалай турганын айтат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Вашингтон администрациясындагы расмий адам "Франс пресс" агенттигине билдирди. Читать дальше...

Түркия мигранттардан эмдөө сертификатын талап кылууда

Azattyk.org 

Түркияда калктын 67% коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алды. Алардын арасында бул өлкөдө туруктуу иштеген чет өлкөлүк мигранттар да бар. Акыркы айларда иш берүүчүлөр мигранттардан дал ушул эмдөө сертификатын талап кылып жатканы айтылууда. Кыргызстандык Гүлжан алты айдан бери Анкара шаарындагы менчик ооруканада коронавирус менен ооруган бейтаптарды карап иштейт. Ал жумушу кооптуу жана оордугуна карабай, күнүмдүк төлөнгөн айлыгы жакшы болгондуктан, баарына кайыл болуп иштеп жатканын айтып берди. Читать дальше...

Ар бир телефонду каттоого алуу тууралуу мыйзам даярдалды

Azattyk.org 

Кыргызстанда мобилдик телефондорду идентификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып жатат. Бул тууралуу 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтылды. Маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Дастан Догоевдин айтымында, өзгөртүүлөр жөнүндөгү мыйзам кабыл алынса Интернетке туташтырылуучу телефон же модем сыяктуу техникалык каражаттар өлкөнүн аймагына импорттолуп киргенде  милдеттүү түрдө идентификациядан өтөт. Читать дальше...

Чаткалда "Вертекс Голд" ишканасына байланыштуу жагдай талкууланууда

Azattyk.org 

Чаткалда алтын кенин иштеткен "Вертекс Голд" ишканасына байланыштуу жагдай талкууланууда. Буга чейин жергиликтүү тургундар ишкананын уу калдыктар сакталган жайы суунун жанына курулганына каршы болуп, аны жабууну талап кылышкан. Мындан улам 21-сентябрда уюштурулган жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Чаткал районунун акими баштаган жергиликтүү бийлик башчылары жана компания кызматкерлери менен жашоочулар катышууда. "Вертекс Голд" 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр кенин иштетет. Читать дальше...

Орусиядагы эмгекчил мекендештер

Azattyk.org 

Акыркы жылдары Екатеринбург кыргызстандык эмгек мигранттары көп келген Орусиянын шаарларынын катарын толуктады. Алар ар кандай тармактарда иштеп, көбү үй-бүлөсү менен көчүп барган. Ушундан улам Екатеринбургда жалаң мигранттар жашаган район, балдары барган бакча, мектептер бар. "Данисте" берүүсү бул жолу Екатеринбургга барып, мекендештердин жашоосуна кызыгып келди.

Табиятты сактоого чакырган сүрөтчүнүн галереясы

Azattyk.org 

16-сентябрда сүрөтчү Нурбек Жолбунов жаратылышты сактоого үндөгөн жана улуттук баалуулуктарды чагылдырган кол эмгектеринин көргөзмөсүн уюштурду. Иш-чара Нарын шаарындагы искусство галереясында өтүп, сүрөтчүнүн чийге, ташка жана кийизге түшүрүлгөн эмгектери эл алдына коюлду. Көргөзмөгө тынчтыкты сүрөт менен чагылдыргысы келген өнөрпоздун 70тен ашык эмгеги коюлган.

Туйгунаалы Абдраимов УКМКнын айыптоосуна жооп берди

Azattyk.org 

Чүй облусунун мурдагы жетекчиси, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов ага карата коюлуп жаткан “мыйзамсыз баюу” деген айыпка байланыштуу 21-сентябрда билдирүү таратты. 1990-жылдары жер реформасы учурунда алган жер үлүштөрү бар экенин, өмүр бою ишкерлик менен алектенип келгенин айткан Абдраимов 2000-жылдан бери он жыл бизнесте, он жыл мамлекеттик кызматта болгонун, үй, машина же жер сатып алып, кайра сатып жүргөнүн, бирок УКМК ошонун баарын аныкы катары жазып алганын белгилеп, “тарых эч кимди эч нерсеге үйрөтпөй жатат” деген оюн айтты.

Полиомиелитке каршы медиаөнөктүккө блогерлер жалданат

Azattyk.org 

Республикалык иммунопрофилактика борбору полиомиелит (шал оорусу) жана ага каршы вакцина алууга үндөгөн медиаөнөктүк үчүн тендер жарыялады. Каражат Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянстан (GAVI) бөлүнөт. "Бул донордук каражатты колдонбосок, кийин бизге каражат берилбей калат. Альянс бөлгөн акчаны колдонууга тийишпиз", - деди Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова. Тендердин баасы 1 миллион 4 миң сом, ага блогерлер катышат. Каражат 1,5 жыл бою бир... Читать дальше...

Ош шаарынын тургуну өз агасынын колунан каза тапты

Azattyk.org 

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда бир туугандар чырлашып, агасы инисин бычактап салган. Маркум көп кан жоготкондуктан көз жумган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (Ош ШИИБ) билдирди. Шаардык милицияга 21-сентябрь күнү таңкы саат 07:00дө кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын ыкчам-тергөө тобу барганда жабырлануучу жоон санына бычак жегенине күбө болушкан. "Шектүү, 1990-жылы туулган М.Ө. берген көрсөтмөсүндө каза болгон иниси күн сайын ичип келип, үйдө чыр чыгарып, апасы экөөнө тынчтык бербегендиктен... Читать дальше...

Министр Купешевге кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат расмий төгүндөлдү

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат расмий төгүндөлдү. Министрлик бул тууралуу 21-сентябрда "Фейсбукта" билдирүү таратты. 20-сентябрда reporter.kg сайты Купешевге кылмыш иши козголгонун жазган. Министрлик басылмадан төгүндөө маалыматын берүүнү талап кылууда. Сайттын кызматкерлери маалымат ишенимдүү булактардын негизинде жазылганын айтышты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы министрге байланыштуу кабар чындыкка дал келбестигин билдирди. Читать дальше...


Музыкальные новости
Елена Образцова

В «Зарядье» пройдет концерт к 85-летию со дня рождения Елены Образцовой





Персональные новости
Meta

Анонсирована Batman: Arkham Shadow для VR-гарнитуры Meta* Quest 3





Алтын соодасына чектөө: өкмөт издеген жол

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров Лондондогу Баалуу металлдар базарынын (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын токтотуу чечимин “күтүлгөн иш болчу” деп баалады. Алтын сатуу аракети: мүмкүнчүлүк жана тобокелдик Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын кыргыз алтынын сатууга байланыштуу чектөөсүнө Кыргызстандын аткаруу бийлигинин мүчөсү Акылбек Жапаров “Фейсбуктагы” баракчасында кенен түшүндүрмө берди. “Кыргызалтындын” аффинаждоочу... Читать дальше...

Садыр Жапаров БУУ жыйынынын ачылышына катышат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 76-сессиясынын жалпы дебаттарындагы жогорку деңгээлдеги жумалыктын ачылышына видео байланыш аркылуу катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Жапаров Нью-Йоркто башталып жаткан жыйындын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, кайрылуу жасайт. Президенттин тапшырмасы боюнча тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нью-Йорктогу бир катар жыйындарга катышып, БУУнун жетекчилиги менен жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Читать дальше...

COVID-19: Дагы эки адам каза болду, 89 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 21-сентябрагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2592 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (53 адам). Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти. Бир күндө 108 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Читать дальше...

Бишкекте кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын бизнес форуму өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте 21-сентябрда кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес форуму өтөт. Уюштуруучулар ага Өзбекстандан 25 делегация келгенин кабарлады. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 2016-жылы 192 миллион долларды түзсө, 2020-жылы 341 миллион долларга жеткен. 4-5 жылда Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 125 миллион доллардан 152 миллион долларга чыкса, Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту 67 миллион доллардан 200-300 миллион долларга өскөн. Читать дальше...

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 30% көбөйдү

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп. Бул тууралуу 20-сентябрда үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү маселеси талкууланган жыйында айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жылдан-жылга үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп баратканын, мыйзам жер-жерлерде толук иштебей жатканын айтты. Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылдан... Читать дальше...

Равшан Жээнбеков куугунтук бир да бийликке ийгилик алып келбегенин айтты

Azattyk.org 

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков саясий оппоненттерин куугунттукка алган бир да бийлик ийгиликке жетишпегенин билдирди. Бул тууралуу ал 20-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча отурумда учурда айтты. “Саясатчыларды, оппоненттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн, журналисттерди куугунтуктоо менен бир да мамлекет, бир да авторитардык бийлик ийгиликке жеткен эмес”, - деди Жээнбеков. Биринчи май райондук сотунда 20-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму бир аптага жылдырылды. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В поселке Калининец состоялся этап Чемпионата и Первенства Москвы и МО по кроссу «Кубок Kramar Motorsport»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев о победе над Алькарасом на турнире в Мадриде: мне очень помогла подача


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире
Москва

Путин посетил пасхальную службу в храме Христа Спасителя в Москве


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Филипп Киркоров

Кудрявцева про Киркорова: «Его ягодицы обсуждают больше, чем мое лицо»



Москва

Экс-футболист Деменко: ЦСКА играл с "Зенитом" абсолютно на равных

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net