Грузияда коронавирустан каза болгондор жогорку чекке жетти
Грузияда соңку бир суткада коронавирустан 86 адам көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Инфекция үч миңден ашуун адамдан аныкталды. Грузияны ушул тапта коронавирустун төртүнчү толкуну каптап жатат. Адистер аны "катастрофалык" деп аташууда. Эксперттер эпидемиологиялык кырдаалдын кескин начарлашын коронавирустун "дельта" вариантынан көрүп жатышат. Август айында Грузия вирустун жайылышы боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыккан. Бийлик буга чейин киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтүн узартты. Читать дальше...