Эрдоган менен Путин «Түрк агымы» куурун ачышат
Орусиянын президенти Владимир Путин 8-январда Стамбулда «Түрк агымы» газ куурунун ачылышына катышмакчы. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы маалымдады. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган көптөн бери өлкөсүн энергетикалык хабга айлантууну көздөп келатат. Беш жылда курулган куурга 8 миллиард доллар жумшалды. «Түрк агымы» Орусиядан Түркиянын батышына жылына 31,5 миллиард куб метр газ ташып турмакчы. Анын жарымы Балкан жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө багытталат. Долбоор - Москванын газды Украинаны... Читать дальше...