123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 27.01.2020

Тажикстанда 3,8 млн. SIM-карта каттоодон өтө элек

Azattyk.org 

Тажикстанда 1996-жылдагы паспорттордун негизинде берилген 3,8 миллиондой SIM-карта дале пайдаланылууда. Бул тууралуу Тажикстандын Байланыш кызматынын төрагасынын орун басары Адолат Абдурахмонзода Дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында билдирди. Өткөн жылдын башында тажик өкмөтү колдонуучулар телефон номурларын жаңы паспорттор менен кайра каттатуу зарыл болорун билдирген. Каттоодон өтпөгөн SIM-карталар өчүрүлө турганы айтылган. Телефон ээлерине берилген бул мөөнөт 15-февралда аяктаганы турат. Байланыш... Читать дальше...

«Талибан»: Газниде АКШнын аскердик учагы кыйрады

Azattyk.org 

Ооганстандагы «Талибан» кыймылы Газни провинциясында жүргүнчү учак эмес, АКШнын аскердик учагы кыйраганын билдирди. Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахиддин учак кырсыгы «көптөгөн» америкалык аскерлердин өмүрүн алганын маалымдады. Бирок адатта жоочулар курмандыктардын санын атайын көбөйтүп айтып келет. АКШнын Борбордук командачылыгынын басма сөз өкүлү, майор Бет Риордан «Талибан» кыймылынын билдирүүсү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок ал ага чейин Кошмо Штаттардын армиясы Ооганстандагы учак кырсыгын иликтеп жатканын билдирген болчу. Читать дальше...



Иранда жүргүнчү учак конуу тилкесинен чыгып кетти

Azattyk.org 

Ирандын "Каспий" аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы Махшехр шаарына конуп жатып, тилкеден чыгып кетти. Борттогу 135 жүргүнчүнүн баары аман-эсен экенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, учак конуу тилкесинде токтой албай жакынкы кара жолго чейин сүрүлүп барган. "Макдоннелл Дуглас" учагы Тегерандын Мехрабад аэропортунан учуп чыккан. "ISNA" жаңылыктар агенттиги учак 27-январда жергиликтүү саат боюнча эртең менен 7:50дө кырсыктаганын жазды. Мамлекеттик телеканалдын окуя болгон жерге барган кабарчысынын айтымында... Читать дальше...

Өкмөттү түйшөлткөн көмүскө экономика

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү 2019-жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү 590 млрд. сомго жетип, реалдуу өсүш 4,5% чыкканын, 2020-жылы өсүштү 5% жеткирүүнү максат кылып жатканын билдирди.

Кытайдын премьери Уханга барды

Azattyk.org 

27-январда Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян коронавирус биринчи жолу катталган Ухан шаарына барды. Мамлекеттик медиа кабарлагандай, өкмөт башчысы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана дарыгерлер менен жолугуп, шаарда илдетке чалдыккандар үчүн чукулунан салынып жаткан оорукананын курулушу менен таанышты. Кытайда өпкөнү сезгенткен коронавирустан каза тапкандардын саны 81 адамга жетти. Бийлик 3 миңге чукул адам жаңы вирусту жуктуруп алганын ырастады. Расмий Бээжин вакцинасы табыла элек илдеттен улам... Читать дальше...

Англис тил мугалимин өлтүргөн киши соттолду

Azattyk.org 

Бишкектеги «Cambridge School» тил үйрөтүүчү мектептин директору, Нигериянын жараны Али Тижжани Абубакарды өлтүрдү деп шектелген адам 7,5 жылга кесилди. Бул адам өлтүрүү айыбы үчүн берилген эң төмөнкү жаза катары бааланууда.



Ооганстанда жүргүнчү учак кулады

Azattyk.org 

Ооганстандын "Талибан" көзөмөлдөгөн провинциясында 80ден ашуун жүргүнчүсү менен учак кулады. Кытайда коронавирустан 80 кишинин каза болуп, 3000ге чукул адам вирусту жугузуп алганы кабарланды. Освенцимдин бошотулушуна 75 жыл.

Өкмөт: Коронавирус тууралуу Кыргызстанда жалган маалымат тарап жатат

Azattyk.org 

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө «Кыргызстанда коронавирус катталды» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы расмий кабарлады. Мекеме мессенжерлер аркылуу «Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирусту жугузуп алган бейтап жаткырылды» деген маалыматты толугу менен четке кагууда. «Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагында кимдир-бирөө коронавирусту жугузуп алган учур катталбаганын дагы бир жолу эске салат. Читать дальше...

Матраимовдор 24.kg сайтына койгон доосунан баш тартууда

Azattyk.org 

Матраимовдордун үй-бүлөсү «24.kg» сайтына койгон доосунан баш тартууда. Бул тууралуу 27-январда «Азаттыкка» алардын адвокаты Канатбек Азиз билдирди. Жактоочунун айтымында, буга агенттиктин сайтына жарыяланган маалымат негиз болду.  Бишкектин Свердлов райондук сотуна жолдонгон арызда доогер тарап 15 миллион сомдук айыппул салуу талабынан баш тартып жатканы айтылат. 2019-жылдын 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана... Читать дальше...

"Баламды өлтүргөндү кечирдим"

Azattyk.org 

Бишкектеги «Cambridge School» тил үйрөтүүчү мектептин директору, Нигериянын жараны Али Тижжани Абубакарды өлтүрдү деп шектелген адам 7,5 жылга кесилди. Алинин атасы Тижжани Абубакар уулун өлтүргөн адамды кечирип, милицияга тосмо арыз жазып берген.

Памирден келгендер сабатын ачууда

Azattyk.org 

2019-жылдын декабрь айында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. Алар айылдагы эски мектептин бир имаратында жашап, экинчи имаратта билим алып жатышат. Памирлик кыргыздарды «Сабат ачуу» программасынын негизинде эки мугалим окутуп жатат. Алайдагы памирликтердин жашоосу менен кабарчыбыз таанышып келди.

Алмаматовдун иши боюнча прокурор кызматтан алынды

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун иши боюнча прокурор кызматтан алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын өкүлү Кадырбек Марайымбеков 27-январда кабарлады: - Ал прокурор иш экинчи инстанцияда, шаардык сотто каралып жатканда мамлекеттик айыптоочу болгон. Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы, коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, сот жообуна тартылган Алмаматовду издөө... Читать дальше...

Ошто «Бандит» рейди өттү, 16 адам милициянын көзөмөлүндө

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милициясы «Бандит» деген рейд уюштуруп, кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 16 адам менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу 27-январда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, «жетекчилик бир да кылмыштуу топтун мүчөсүнүн ээн-эркин кылмыш кылып жүрүшүнө мүмкүнчүлүк бербеш керек экенин өздүк курамга катуу эскертти». - Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө орун жок, - деди шаардык милициянын башчысы Муратбек Боронов. Читать дальше...


Музыкальные новости
Юрий Лоза

Лоза счёл полупустой зал на концерте Серова в Угличе знаком





Персональные новости
Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)





АКШда Болтондун жарык көрө элек китеби талкууга түштү

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын Украинага аскердик жардамды токтото туруу ниети болгонун «The New York Times» (NYT) басылмасы Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтондун жарык көрө элек китебине таянып жазды. Маалыматка караганда, Трамп эгер Киев анын шайлоодогу болжолдуу атаандашы Жо Байден менен уулу Хантерге байланыштуу иликтөө ишин баштабаса, жардамды кармап турарын Болтонго айтып берген. Мунун баары мурдагы кеңешчинин жарык көрө элек китебинде жазылган. Бул маалымат... Читать дальше...

Польшада Освенцимдин курмандыктары эскерилди

Azattyk.org 

75 жыл мурда Освенцим концлагеринен аман бошотулган 200дөй киши 27-январда Польшага келди. Алар азыр мемориалдык комплекске айланган мурдагы лагерге чогулуп, Холокосттун курмандыктарын эскеришти. Бул иш-чарага Польшанын президенти Анжей Дуда жана Жөөттөрдүн дүйнөлүк конгрессинин башчысы Рональд Лаудер да катышты.  Израил, АКШ, Австралия, Орусия сыяктуу бир нече өлкөдөн келген бул адамдардын көбү Освенцимде жана нацисттердин башка лагерлеринде ата-энелеринен жана туугандарынан айрылган.  Нацисттер... Читать дальше...

Кой-Таш окуясы: Шектүүлөр тергөө тобун айыпташты

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясы боюнча шек саналып жаткандар мекеме аралык тергөө тобун айыптаган билдирүү таратышты. Анда тергөө тобу 24-январда токтом кабыл алып, кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга берилген убакытты 1-февралга чейин деп чектеп койгону мыйзам бузуу экени айтылат. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, жалпысынан 10 киши кол койгон билдирүүнүн сүрөтү Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн... Читать дальше...

Кыялына жеткен балбан

Azattyk.org 

Ардагерлер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, балбан Чынарбек Изабековдун баскан жолу. Уз айымдардын башын бириктирген 100 жылдык шырмалдар. Орусиянын аскерлерин кийиндирген аялдардын чакан тигүү цехи. Көрүүчү окуянын нугун өзгөртө алган өзгөчө тасма. Ушул баяндар «Данистенин» мазмунун түздү.

Кордук көргөн аял, коргобогон коом

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" берүүсүндө жыл башынан бери элди бушайманга салып жаткан үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепети тууралуу баарлаштык. Январь айында эле эркектердин зомбулугунан үч аял өлүп, бирөө оор абалда ооруканага түшкөн. 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 8159 аялдан арыз түшкөн. Кандай гана жагдай болбосун аялдарга кол көтөрүүгө болбой турганын коомчулукка кантип түшүндүрө алабыз?

Ооганстанда учак кыйрады

Azattyk.org 

Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Газни провинциясында учак кыйрады. Азырынча жабыркагандар же каза тапкандар тууралуу маалымат жок. Айрым маалымат каражаттары учакта 80ден ашуун жүргүнчү болгонун жазып жатышат. Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Ареф Нури «Азаттыкка» билдиргендей, учак 27-январда жергиликтүү саат боюнча түшкү саат 1лер чамасында кыйраган. - Ал абдан алыс жер. Биздин коопсуздук күчтөрүбүз ал аймакка жете албай жатышат, - деди Нури. «Reuters» маалымат агенттиги мамлекетке... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Прием заявок на участие в конкурсе на лучшее путешествие по Дальнему Востоку начнется в мае


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Шнайдер проиграла Бадосе на старте турнира WTA в Штутгарте


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Прием заявок на участие в конкурсе на лучшее путешествие по Дальнему Востоку начнется в мае





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о догазификации СНТ  


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Андрей Макаревич

Борис Галкин объяснил истоки поведения Макаревича* и других уехавших артистов



Москва

Суд арестовал еще троих предполагаемых участников банды из Белгородской области

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net