123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 03.01.2020

Иран аскер көсөмүн жоготту

Azattyk.org 

Ирандын жогорку бийлиги генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн АКШдан өч аларын жарыялады. Генералдын өлтүрүлүшү АКШ менен Ирандын ортосундагы тирешти күчөттү.

Орусия Беларуска чийки мунай жөнөтпөй калды

Azattyk.org 

Орусия 1-январдан тарта Беларус нефти заводдорун чийки мунай менен камсыздоону токтотту. Бул маалыматты Беларустун түндүгүндөгү Новополоцк шаарында жайгашкан мунай иштетүүчү заводдун өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна ырасташты. Алардын айтымында, учурда Беларустагы заводдор өткөн жылы жеткирилген чийки мунайды иштетип жатышат. Орусиянын мунай өткөрүү системасын тейлеген "Транснефть" ишканасы Беларуска мунай жөнөтүү тапшырмасы жок экенин, бирок Беларус аркылуу башка өлкөлөргө мунай үзгүлтүксүз берилип жатканын билдирди. Читать дальше...

Кытай ирандык генералдын өлтүрүлүшүнө тынчсызданды

Azattyk.org 

Ирандын таасирдүү аскер башчысынын Багдадда өлтүрүлүшүнө байланыштуу дүйнөнүн бир катар мамлекеттери тынчсыздануусун билдиришти. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын операциясын "кесепети ойлонулбаган кадам" деп мүнөздөп, мындай аракет чөлкөмдөгү кырдаалды курчутуп жибере турганын эскертти. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги "эл аралык мамилелерде күч колдонууга" каршы экенин билдирди. "Биз тиешелүү тараптарды, өзгөчө Кошмо Штаттарды чыңалууну күчөтүп жибербөө үчүн сабырдуу болууга чакырабыз"... Читать дальше...



"Азаттыктын" каарманы Германияга акысыз окууга жөнөтүлөт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Азаттык" радиосунун каарманы, Орусияда миграцияда жүргөн Бекзат Жолдубай уулун чет өлкөгө окууга жибере турганын билдирди. Бул тууралуу "Фейсбукка" жазып, кыргызстандыктарды башка мамлекеттерге окууга жөнөтүүчү долбоорлорду ишке ашырып жүргөн Нурсултан Кубанов менен ушундай чечимге келишкенин маалымдады.  Ушундай эле кабарды Нурсултан Кубанов жазып, Бекзат Германияга окууга жиберилерин кабарлады.  24 жаштагы Бекзат Жолдубай уулу Москвада тамак ташып иштейт. Читать дальше...

Аба ырайы: 4-январда кар жаайт

Azattyk.org 

4-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаайт. Айрым аймактарга туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7, Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5... Читать дальше...

Сержанттын өмүрүн алган кандуу мушташ

Azattyk.org 

Милициянын сержанты Майрамбек Абыловду өлтүрүүгө шектүү адам Ноокен райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Ал кылмыш болгондон бир нече саат өткөндөн кийин колго түшкөн.

Белгилүү казак саясатчысы Абдилдиндин сөөгү жерге берилди

Azattyk.org 

Алматыда белгилүү мамлекеттик ишмер Серикболсын Абдилдин менен коштошуу зыйнаты өттү. 3-январда Казак мамлекеттик филармониясынын имаратына укук коргоочулар, жарандык активисттер, оппозициячыл саясатчылар чогулду. Коштошуу зыйнатына шаардык бийликтин өкүлдөрү да катышты. Казакстандагы Адам укуктары боюнча бюронун жетекчиси Евгений Жовтис Абдилдинди "Казакстандын эгемендигинин башатында турган алп ишмер" деп атады. "Серикболсын Абдилдин адилеттүү саясаттын үлгүсүн көрсөтө алган саналуу саясатчылардын бири", - деди Жовтис. Читать дальше...

Жер ортолук деңизине жаңы газ кууру төшөлөт

Azattyk.org 

Грециянын, Кипрдин жана Израилдин лидерлери Жер ортолук деңиздин чыгышынан Европага газ жеткире турган жаңы куурдун долбоору боюнча макулдашууга кол коюшту. 1900 чакырымга созула турган газ түтүктөрү деңиз алдына төшөлүп бүтсө, Европа Орусиянын көгүлтүр отунуна мурдагыдай көп көз каранды болбой калат. "EastMed" деп аталган бул долбоор боюнча келишимге кол коюу аземи 2-январда Афиныда өттү. Ага грек премьер-министри Кириакос Мицотакис, Кипрдин президенти Никос Анастасиадис жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху катышты. Читать дальше...



Иран бийлиги АКШга жооп кайтара турганын билдирди

Azattyk.org 

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи таасирдүү командир Касем Сулейманини өлтүргөндөрдү "кылмышкер" деп атап, аларга "кескин жооп кайтарыларын" эскертти. Ал АКШнын соңку кадамы Иран элин Вашингтондун саясатына каршы турууга "эки эсе шыктандыра турганын" жума күнү жарыялаган билдирүүсүндө белгиледи. Ирандын президенти Хасан Роухани өз өлкөсү АКШга дагы чечкиндүүлүк менен каршы турарын, Тегеран жана анын чөлкөмдөгү өнөктөштөрү "өч аларын" айтты. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири... Читать дальше...

Арпачиев: 2020-жылы Кыргызстанда допингге каршы конгресс өтөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев 2020-жылы Кыргызстанда Азия жана Океания өлкөлөрүнүн катышуусунда допингге каршы атайын конгресс өтөрүн айтты.

Жаңылбай, жаңыланалы

Azattyk.org 

Жаӊы жыл келгендеги сезимдердин бири дал ушул жаңылануу маанайына тиешелүү окшойт.

Бийлик 2020-жылы ички миграцияны азайтууга аракет жасайт

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги 2020-жылы өсүп келаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат. Анын ичинде балдарды коргоонун социалдык деңгээлине таасир тийгизген ички миграцияны азайтууга аракет жасалат.  Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 3-январда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алганда айтканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.  Президент менен премьер-министр 2019-жылдын жыйынтыгын жана 2020-жылга пландарды талкуулады.  ... Читать дальше...

Ошто көчөдөн табылган кичинекей кыздын жакындары изделүүдө

Azattyk.org 

Ош шаарында 2019-жылдын 29-декабрында көчөдөн табылган кичинекей кыздын жакындары изделип жатат. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыз болжол менен эки жашта. Турпаты славян тектүүлөргө окшойт.  Ал Навои көчөсү менен Курманжан Датка көчөлөрү кесилишкен жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан түн жарымда табылган. Жергиликтүүлөр "Тез жардамга" кабарлап, андан соң милицияга маалымат беришкен. Учурда реаблитациялык борбордо адистердин көзөмөлүндө. Саламаттыгы жакшы. Читать дальше...

Москвада мигранттар үчүн патент баасы кымбаттады

Azattyk.org 

Москвадагы мигранттарга иштөөгө уруксат берген патент баасы 7% кымбаттады.  "Интерфакс" кабарлагандай, салыкка байланыштуу мыйзамга Москва Думасы өзгөртүүлөрдү киргизген. 2019-жылы мигранттар айына 5000 рубль төлөсө, 2020-жылы 5350 рубль төгүшү керек.  Бул мыйзамдын кыргызстандыктарга тиешеси жок. Орусияда украиналыктар, өзбекстандыктар, азербайжандыктар, молдовалыктар жана тажикстандыктар патент менен иштеши керек. Мындай эреже 2015-жылы киргизилген.  Москванын экономикалык саясат жана өнүгүү департаментинин маалыматына караганда... Читать дальше...

Егор Скобеев үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун убактылуу кызматтан четтетилген жетекчиси Егор Скобеев үй камагына чыгарылды. Тергөө менен кызматташууга барганы үчүн анын бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн 3-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан "Азаттыкка" билдиришти. Скобеев ушул жылдын 21-сентябрында кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Скобеев Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге... Читать дальше...

Апас Жумагулов: Өкмөт жоопкерчиликти алыш керек

Azattyk.org 

Кыргызстандын экономикасы үч-төрт пайызга өстү деп мактануу өкмөткө бүгүн аброй алып келбейт. Мындай пикирин 1993-1998-жылдардагы премьер-министр Апас Жумагулов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Президенттик аппарат мамлекет башчынын сайты оңдолгонун билдирди

Azattyk.org 

Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчынын ишмердигин чагылдырган president.kg сайты оңдолгонун 3-январда билдирди. "Азаттыктын" кабарчылары бир канча жерден сайтка кирүүгө аракет кылды, бирок дагы эле ачылбай жатат.  - Азыркы убакта айрым интернет- провайдерлерде DNS-жазуулары жаңылана электигине байланыштуу president.kg сайтына кирүүдө тоскоолдуктар жаралууда, - деп түшүндүрдү​ президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү:​ Кыргызстандын мамлекет башчысынын ишмердигин чагылдырган... Читать дальше...


Музыкальные новости
Фредди Меркьюри

Амигуруми: как связать Фредди Меркьюри крючком (узор и схема)





Персональные новости
Роман Абрамович

Миллиарды Абрамовича не помогли: либерал глумился над ЧП в "Крокусе"





Президенттин сайты иштебей жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекет башчысынын ишмердигин чагылдырган, жарлыктар жана башка документтер жарыяланып турган president.kg сайты иштебей калды. Сайт 2-январдан бери ачылбай жатат. Буга азырынча расмий түшүндүрмө берилген жок.  Экономика министрлигинин сайты да (mineconom.gov.kg) ачылбай турат. Анын алдында Тышкы иштер министрлигинин (mfa.gov.kg) жана Ички иштер министрлигинин (mvd.gov.kg) сайттары да иштебей, бир аздан соң оңдолгон.   KG домендерди тейлеген «Азия инфо» компаниясынын оператору сайттардын иштешинде маселе жаралганын... Читать дальше...

Ирандын таасирдүү командири Багдадда өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани өлтүрүлдү. Чет өлкөдөгү атайын операцияларга жооптуу генерал жума күнү Багдад эл аралык аэропортуна жасалган аба соккусунда каза болду. Бул тууралуу биринчилерден болуп Ирактын мамлекеттик телеканалы кабарлады. Пентагондун өкүлү бул АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен ишке ашырылган аскерий операция болгонун ырастады. Касем Сулейман менен бирге «Элдик мобилизация... Читать дальше...

Ташкентте колдо жасалган пиротехника өспүрүмдүн өмүрүн алды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Ташкент облусунда колдо жасалган пиротехникалык каражат 8-класста окуган баланын өмүрүн кыйды. Жергиликтүү басылмалар Ички иштер министрлигине таянып билдиргендей, окуя 1-январда Чиназ районунда болгон.  Күкүрт жана магма кошулуп жасалган пиротехниканы 20 жаштын тегерегиндеги жигиттер темир куурдун ичине салып жардырышкан. Куур учуп келип ошол жерде жүргөн өспүрүмгө тийген. Ал ооруканада көз жумган.  Милиция пиротехника жардырган үч кишини кармады. Окуя Кылмыш кодексинин 250-1-беренесинин... Читать дальше...

Баракелде! Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын баасы өстү

Sputnik Кыргызстан (sport) 

2019-жылдын 3-январында кыргыз футболчуларынын башка жерге барып ойногон баасы 2 миллион 75 миң еврого барабар эле. Белгилей кетсек, бардык оюнчулар эмес, тогузу гана бааланган. Алардын ичинен эң кымбаты команданын капитаны Валерий Кичин (1,2 миллион евро) болчу.

Ташиев: Жапаровду бошотуу боюнча президент менен сүйлөшкөм

Azattyk.org 

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотуу маселеси боюнча президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу ал «region» телеканалына курган маегинде билдирди. - Бул маселе боюнча Сооронбай Шарипович менен сүйлөшкөм. Ал кишинин Садыр тууралуу ою жаман эмес. Бир гана маселе Сооронбай Шарипович «муну мыйзам чегинде гана чечели» деп айтып жатат. «Мен бирөөгө бүгүн-эртең чыгарып кой. Же чыгарба дей албайм» деп айткан, - деди Ташиев. Былтыр ноябрь... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Екатерина Александрова

Александрова впервые войдет в топ-15 мирового рейтинга


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Татьяна Марчук выпустила альбом «Экопесенки» на лейбле Riki Music





Путин в России и мире
Москва

Москва готовится к ракетным ударам по аэродромам НАТО?


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

Силовики задержали за сутки пятерых журналистов, часть проходит по делу об «участии в работе ФБК», одного жестоко избили при задержании



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Елена Ходырева

Эксперты КА «Главный Советник» приняли участие в форуме «Тренды и антитренды корпоративного видео сегодня»



Москва

В Ульяновске теперь по 5! За год резко подорожали услуги проституток

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net