123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 28.01.2020

Дүйнөнүн үшүн алган вирус

Azattyk.org 

Кытайда 2300дөй киши өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп, 100дөн ашык адам каза тапты. Советтик армия Освенцимдеги өлүм лагерине кирип, дүйнөгө Холоксот кыргынынын сырын ачканына 75 жыл болду. "Каректе Евразия" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.

Москвада коронавирустан улам коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Azattyk.org 

Москва шаарынын бийлиги Кытайдан чыккан коронавируска байланыштуу мейманканаларда жана туристтик жайларда коопсуздук чараларын күчөттү. Бул боюнча мэр Сергей Собяниндин билдирүүсү 28-январда анын расмий сайтына жарыяланды. Анда Орусиянын баш кааласында шаардык жана федералдык кызматтардын ишмердигин тескөө үчүн ыкчам штаб түзүлгөнү айтылат. "Мейманканаларды жана туристтер көп келген башка жайларды өзгөчө көзөмөлгө алып жатабыз. Сигнал келип түшкөндө ал жакка медиктердин ыкчам бригадасы жөнөтүлөт", - деп билдирди Собянин. Читать дальше...



АКШ Газнидеги учак кырсыгында өлгөндөрдүн сөөгүн алып кетти

Azattyk.org 

АКШнын күчтөрү Ооганстандын Газни провинциясында кырсыктаган учактын бортундагы адамдардын сөөгүн тик учак менен алып кетти. Бул маалыматты америкалык жана ооганстандык расмий өкүлдөр ырасташты. Маалыматка ылайык, Кошмо Штаттардын аскерлери сөөктөрдү тик учакка жүктөп жатканда айлана-тегеректи ооган коопсуздук күчтөрү кайтарып турушту. Ага чейин ооган аскерлери учак кулаган аймакка бара жатканда "Талибан" кыймылынын жоочулары менен кагылыша кеткени кабарланган. Газни провинциясынын жергиликтүү... Читать дальше...

Пакистанда пуштун активисттин кармалышы нааразылык жаратты

Azattyk.org 

Пакистандын Карачи, Исламабад сыяктуу бир нече аймагында пуштундардын укугун коргогон активисттин кармалышына каршы миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. «Пуштундарды коргоо кыймылы» аттуу жарандык уюмдун башчысы Манзур Паштинди колдогон акциялар 28-январда Ооганстандын айрым шаарларында да өттү. Кабулда Пакистандын элчилигинин алдында топтолгон жоон топ адам активисттин бошотулушун талап кылышты. Ооганстандын президенти Ашраф Гани активист Паштиндин кармалышына тынчсыздануусун билдирип, чөлкөмдөгү... Читать дальше...

Ооган күчтөрү учак кыйраган аймакта талибдер менен кагылышты

Azattyk.org 

Ооганстандын бир күн мурда АКШнын аскердик учагы кыйраган Газни провинциясында коопсуздук күчтөрү менен "Талибан" кыймылынын жоочулары кагылышты. Бул маалыматты ооган өкмөтү да, талибдердин өкүлдөрү да ырасташты. Провинциянын жергиликтүү полициясынын башчысы Халид Вардактын айтымында, учак кулаган жерге бараткан коопсуздук кызматкерлери талиб жоочуларынын буктурмасына кабылышкан. Кошмо Штаттардын армиясы "Bombardier E-11A" учагы Газни провинциясынын Дех Як районунда кыйрап түшкөнүн ырастап, бирок... Читать дальше...

Аэропортто балдарын таштап кеткен киши полицияга өзү барды

Azattyk.org 

Москвадагы "Шереметьево" аэропортунда кароосуз калган балдардын атасы Дмитрий Гаврилов полицияга өзү барды. Ростов облустук полициясы 41 жаштагы жаранды суракка ала баштады.  Гаврилов 26-январда Хабаровскиден Москвага учуп келип, 9 жана 6 жаштагы эки уулун таштап кетип калган. Балдардын жанынан атасы аларды багууга дарамети жок экени тууралуу тилкат табылган.  Тергөө комитети «балдарын коркунучта калтырган» деген негиз менен кылмыш ишин козгогон. Балдардын ата-энеси ажырашып кеткени, энеси алардан кабар албаганы белгилүү болду. Читать дальше...



Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча планын жарыялайт

Azattyk.org 

Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 100дөн ашты. АКШнын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планын жарыялаганы турат. Бразилияда суу ташкыны 50гө чукул кишинин өмүрүн алды.

Жаңы күчтөр партияга бирикти

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев баштаган жаш саясатчылар прогрессивдүү жаштардын партиясын түзгөнүн жарыялашты. Партия Бишкекте кеңсесин ачып, алгачкы жолугушуусун Ошто өткөрүүдө. Бул - быйылкы жылы өтө турган парламенттик шайлоого камылгасын ачык баштаган алгачкы партия.

Үй-бүлөлүк саламаттык боюнча алгачкы кыргызча тиркеме чыкты

Azattyk.org 

Үй-бүлөнүн ден соолугуна кам көрүү боюнча кыргыз тилиндеги алгачкы мобилдик тиркеме иштелип чыкты. 28-январда Бишкек шаарында “Ага Хан Фонду” жана республикалык Ден соолукту чыңдоо борбору даярдаган “Саламат” тиркемесинин презентациясы өттү. Тиркемеде балага кам көрүү, анын өнүгүп өсүү нормалары, сөзсүз алынуучу вакциналар тууралуу суроолорго жооптор, ар кандай коркунучтарды алдын алуу боюнча сунуштар камтылган. Бул тиркеме андроид платформасынын негизинде бардык мобилдик телефондордо, онлайн жана офлайн түрүндө кыргыз... Читать дальше...

Associated Press: Генерал Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин Ирак менен Сириядагы ИШИМдин чабуулдары күч алды

Ca-irnews.com (kg) 

Associated Press агенттиги ирандык генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин Ирак менен Сириядагы ИШИМ террордук уюмунун уктап жаткан ячейкалары активдеше баштап, акыркы бир нече аптанын ичинде алардын чабуулдары күч алганын маалымдады.

Ат-Башыда логистикалык борборго байланыштуу митинг өттү

Azattyk.org 

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда 28-январда тынчтык митинги өттү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева билдирди. Ал райондук акимчиликтин маалыматына таянып, митингге 50-60 киши катышканын, көпчүлүгү Ат-Башы базарында соода кылгандар экенин, ар бир айылдан 2-3 киши келгенин айтып берди: - Негизги талабы – индустриялык соода-логистикалык борборду Кытай инвестору курса каршыбыз, курдурбайбыз, ал эми өзүбүздүн кыргызстандык... Читать дальше...

Крымдык журналист Семенага чыккан сот өкүмү жокко чыгарылды

Azattyk.org 

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу (ЭЕ/АР) менен кызматташкан крымдык журналист Николай Семенага чыккан сот өкүмү жокко чыгарылды. Крымдын Симферополь шаарындагы соттун мындай чечими 28-январда журналисттин колуна тийди. Маалыматка ылайык, сот 69 жаштагы Семенаны толугу менен жазадан бошоткон бул чечимин эки жума мурда кабыл алган. Николай Семенаны Украинанын Крым жарым аралындагы Москвага баш ийген бийлик 2016-жылдын апрель камакка алган. Ага ЭЕ/АРнын Крым.Реалии сайтына 2015-жылы жазган макаласында... Читать дальше...

Кыргызстандык укук коргоочулар эл аралык федерацияга кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын үч алдыңкы укук коргоо уюму Адам укуктары боюнча эл аралык федерацияга (FIDH) кайрылуу жолдоп, бейөкмөт уюмдарга карата соңку демилгелер боюнча тынчсыздануу билдирди. «Бир Дүйнө», «Адилет» жана «Кылым Шамы» уюмдарынын кайрылуусунун маңызын “Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдирасулова айтып берди: - “Кесиптик кошуундар каттоодон өтпөсө алар иштей албайт” деген бул карапайым жумушчулардын укугун тебелөө. Дүйнөлүк тажрыйбада андай талап жок. 2019-жылы апрель айындагы "коммерциялык... Читать дальше...

Украин активистинин өлүмү үчүн шектүү киши Болгарияда кармалды

Azattyk.org 

Болгариянын соту украиналык активист Екатерина Гандзюктун өлүмү үчүн шек саналган Алексей Москаленкону 40 күнгө камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Буга Украинанын прокуратурасы берген Интерполдун кызыл түстөгү эскертүүсү түрткү берди.  42 жаштагы украин жараны Москаленко 24-январда Болгариянын Бургас шаарында кармалган. Полиция шектүү Болгарияга 2018-жылы Румыния аркылуу өтүп келип, украиналык бир аял ижарага берген батирде жашап жүргөнүн билдирген. Ошондой эле Москаленко Интерполдун издөө жарыяланган... Читать дальше...

Камактагы саясатчы коюлган күнөөнү четке какты

Azattyk.org 

Оор кылмыштар үчүн шектүү катары камакта отурган Равшан Жээнбеков өзүнө коюлган айыптарды саясий чечим деп баалайт. Бул тууралуу анын жактоочусу 28-январдагы басма сөз жыйынында билдирди.

Зилалиевдин сот иши создугуп жатышынын себеби айтылды

Azattyk.org 

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши сотто кайра башынан карала баштады. Бул тууралуу 28-январда Башкы прокуратура кабарлады.  Мекеменин өкүлү Кадырбек Мараимбеков «Азаттыкка» билдиргенине караганда, буга объективдүү себептер болду. - Кылмыш ишин кароо созулуп жаткандыгынын себеби - судья алмашты жана айыпталуучу Зилалиевдин жактоочулары келтирген ар кандай өтүнүчтөр каралып жатат, - деди ал.  Башкы прокуратуранын өкүлү кошумчалагандай, 2019-жылдын 29-майында иш Чүй облустук... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Ивлеева

Неприятности для Ивлеевой: блогеру светит уголовное дело за слова об армии





Персональные новости
Желдорреммаш

Улан-Удэнский ЛВРЗ стал участником Всероссийской ярмарки трудоустройства





Түндүк Македонияда абанын булганышына каршы чара көрүлүүдө

Azattyk.org 

Түндүк Македония калкын абанын булганышынан сакташ үчүн шашылыш чараларды жарыялады. Ага ылайык, өкмөт баш калаа Скопье сыяктуу айрым шаарларда кош бойлуу аялдарга жана жашы улгайып калгандарга ишке келбөөгө уруксат берди. Ал эми курулуш компанияларын ачык абадагы иштерди токтото турууга, жарандарды бул күндөрү сыртта дене тарбия көнүгүүлөрүн убактылуу жасабай турууга үндөдү. Өкмөт сунуш кылган чаралар шейшембиден тартып күчүнө кирет.  Түндүк Македония - Европадагы абасы эң булганган мамлекеттердин бири. Читать дальше...

Казакстанда Кытайдан келген төрт киши ооруканага жаткырылды

Azattyk.org 

Кийинки күндөрү Кытайдан Казакстанга келген 23 кишинин дене табы жогору экени аныкталып, төрт адам ар кандай вирустук инфекция жугузуп алган деген шек менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов 28-январда билдирип, бейтаптардын так анализи үч күндүн ичинде белгилүү болорун кошумчалады.  Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурышев Кытайдын алгач ирет жаңы коронавирус катталган Ухань шаарындагы 98 казак студентти чыгарып кетүү боюнча... Читать дальше...

Коронавирус: Бишкектин четиндеги госпиталда текшерүү үчүн 100 орун даярдалды

Azattyk.org 

Кыргызстан коронавируска каршы иш-аракеттердин алкагында шектүүлөрдү текшерүү (фильтр) үчүн Бишкектин четиндеги аскердик госпиталдан 100 орун камдап койду. Бул тууралуу 28-январда жергиликтүү кеңештин жыйынында маалымат берип жатып Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиев билдирди. Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашты. Эгер госпиталь пайдаланыла турган болсо... Читать дальше...

АКШ Сириядагы чабуулдарга тынчсызданды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Сириянын Идлиб жана Алеппо провинцияларындагы аскердик чабуулдарга тынчсыздануусун билдирип, атышууну токтотууга чакырды. Мамлекеттик катчы Майк Помпео 27-январдагы билдирүүсүндө Идлибде аба соккуларынан жана жердеги аскерлердин чабуулдарынан улам «жүз миңдеген» жайкын тургундар гуманитардык кризиске кабылганын, алардын айрымдары коопсуз жайга чыга албай калганын белгиледи.  АКШнын башкы дипломаты Сириянын түндүк-батышындагы мындай кырдаал үчүн президент Башар Асадды, Орусиянын жана Иранды айыптады. Читать дальше...

Коронавирус боюнча шектүү бишкектик жөнүндө маалымат берилди

Azattyk.org 

Бишкектин коронавирус боюнча шек саналган 28 жаштагы тургунунда андай диагноз такталган жок. Бул тууралуу 28-январда жергиликтүү кеңештин жыйынында маалымат берип жатып Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Бишкектин шаардык башкармалыгынын башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиев билдирди. Сыдыгалиевдин айтымында, ал жигит апасы менен эс алуудан кийин Таиланддан учуп келген.  - Дене табы көтөрүлүп турган экен. Учактан түшөр замат «Тез жардам» менен Жугуштуу илдеттер ооруканасына алып келишти. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

«Динамо» (Москва) одержало победу в третьем матче полуфинала


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Финалисты «Мастерса» в Монте‑Карло опередили Рублева в рейтинге ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Литва настраивает темп российским путешественникам





Путин в России и мире
Москва

Первый пуск «Ангары-А5М» с Восточного запланирован в 2027 году


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

У помощника Лукашенко по общим вопросам нашли три квартиры в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: Западу неинтересны планы Киева по атаке на Крымский мост


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

Анастасия Волочкова рассказала о состоянии отца после инсульта



Москва

РОСТОВ. В Ростове приговорили к длительным срокам четверых жителей Ставрополья за подготовку теракта в ТЦ

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net