Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 26.01.2020

Казакстан "Хоргосту" убактылуу жапты

Azattyk.org 

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин 26-январда Кытайда чыккан вируска байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Анда ооурунун тарап кетишинин алдын алуу максатында бир катар чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, Мамин казак-кытай чек арасында, аба майдандарында, темир жол бекеттеринде көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды жана эки өлкөнүн чек арасындагы кытай товарлары сатылган эң ири "Хоргос" базарын жабуу тууралуу буйрук берди. Андан сырткары Кытайдагы казак жарандарынан маал-маалы менен кабар алып турууну... Читать дальше...

Трамптын сөзү тымызын тартылган видео тасма тарады

Azattyk.org 

"Associated Press" маалымат агенттиги Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын жеке адвокаты Руди Жулианинин бизнес өнөктөштөрү Лев Парнас жана Игорь Фруман баштаган адамдар менен тамактануу маалында Украинанын талкуулап жатканы тымызын тартылып алынган видео тасманы жарыялады. Анда бул окуя 2018-жылы күзүндө Вашингтондо "Трамп" отелде түштөнүү маалында болгону айтылат. Чогулгандар АКШнын ошол кездеги Украинадагы элчиси Мари Йованович тууралуу сөз кылышкан. Анда үнү Парнаска окшош адам Киевдеги америкалык элчинин үстүнөн арызданган. Читать дальше...

АКШда "Боинг" жаңы учагын сынады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардында "Боинг" компаниясы "Боинг 777Х" үлгүсүндөгү жаңы учагын сынады. Ал Эверетт шаарындагы аэропорттон учуп чыгып, төрт сааттан кийин Сиэтлге аман-эсен конду. Узак сапарга ылайыкташкан, ичине 426 жүргүнчү баткан жана майды аз жеген эки кыймылдаткычтуу "Боинг 777Х" учагын жасоо 2013-жылы башталган жана алгачкы ирээт асманга былтыр эле көтөрүлүшү керек эле. Бирок "Боинг 737Х" үлгүсүндөгү эки учактын кыйрашынын улам аны сыноо кийинкиге калган. Учак колдонууга 2021-жылдан тарта берилет... Читать дальше...



Абактагы Наама Иссахар Путинден ырайым сурады

Azattyk.org 

Орусияда абакта отурган Израилдин жараны Наама Иссахар президент Владимир Путинге ырайым сурап кайрылды. Бул тууралуу анын адвокаттары кабарлашты. Ал былтыр октябрь айында маңзат аткезчилигине айыпталып, 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Иссахар 2019-жылы апрелде Делиден Тел-Авивге Москва аркылуу учуп кетерде камакка алынган, анын жүгүнөн тогуз грамм гашиш табылган. Ал маңзат аткезчилиги боюнча күнөөсүн мойнуна алган эмес. Владимир Путин 23-январда Израилге барганда Наама Иссахардын апасына жолуккан. Читать дальше...

Багдадда полиция демонстранттарга ок атты

Azattyk.org 

26-январда Ирактын борбору Багдад шаарында өкмөткө каршы нааразылык акцияларда полиция демонстранттарды кууп таратуу үчүн ок атты. Тахрир аянтынын жанындагы Халлани жана Ватба аянтында чогулгандардын арасында бери дегенде 17 киши жарадар болгону кабарланды. Демонстранттар полиция кызматкерлерине таш, май куюлган бөтөлкө ыргытышты. Нааразылык акциялар Насирия шаарында да өттү. Демонстранттар борбордук Ал-Хабоби аянтына кете турган жолдогу аянтты ээлеп алышты. Бул шаарда мындын бир күн мурда каршылык... Читать дальше...

Израил жарандарына Сауд Арабиясына барууга уруксат берет

Azattyk.org 

Израил өз жарандарына диний зыяратка же жеке ишине байланыштуу Сауд Арабиясына каттаганга уруксат бергени жатат. Ички иштер министрлиги 26-январда тараткан маалыматта мусулман жарандар мындан ары буга чейинкидей өкмөттүн атайын уруксаты жок эле Меккеге зыяратка бара алышары айтылат. Израилдик жөөттөргө ишине байланыштуу зарыл болсо Сауд Арабияга тогуз күнгө чейин барып-келгенге уруксат берилет. Израилдин ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө бул чечим өлкөнүн коопсуздук органдары жана Тышкы... Читать дальше...



Чүйдө жер силкинди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Сейсмология институту расмий сайтына 26-январда саат 15:16 чамаларында Чүй аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталганын жазды. Жер титирөө Чүйдүн Алмалуу, Тоолуу Маевка,  Карагай-Булак, Кой-Таш айылдарында да сезилди. (TSh)

Кара-Суудагы аламан улак

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында 25-январь күнү ишкер Каныбек Акаев үч уулун сүннөткө олтургузуп, аламан улак уюштурду. Анда Бишкектен бир бөлмөлүү батир, беш машине, тогуз төө жана акчалай сыйлыктар байгеге коюлду. Оюнга келгендердин саны миңден ашты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул кийинки убакта уюштурулган эң чоң мелдештердин бири.

Ооганстанда жардыруудан 20 киши жарадар болду

Azattyk.org 

Расмий органдардын маалыматына караганда, Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост провинциясында үйлөнүү үлпөт тоюн майрамдап жаткандарга ыргытылган граната жарылып, кеминде 20 киши жарадар болду. Азырынча гранатаны кимдер ыргытканы белгисиз. Ошондой эле 25-январда болгон жардыруу боюнча да жоопкерчиликти эч ким ала элек. Анда Кабулда полициянын машинесине коюлган, колго жасалган жардыргыч жарылган. Анын кесепетинен бир киши өлүп, төрт жай тургун жаракат алган. (TSh)

Ухандагы кыргыздар ооруну жугузган жок

Azattyk.org 

Кытайда жайылган коронавирусту Ухандагы 5 кыргызстандык жугузган жок жана алардын саламаттыгы жакшы экени маалым болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди. - Биз Кытайдагы элчилик, Тышкы иштер министрлиги менен байланышып, Уханда 4 студент, бир жараныбыз бар экенин тактадык. Алар менен байланышып, коронавирусту жугузбаганын, дени сак экенин уктук, - деди Акматова.  Кытайдын Ухань шаарында башталган коронавирустан акыркы маалыматтар боюнча 56 киши каза таап... Читать дальше...

Мамлекет коомдук уюмдарды тескегиси келет

Azattyk.org 

Бир катар депутаттар коммерциялык эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөп, алардын каржы булактарын ачыкка чыгаруу боюнча демилге көтөрүп, мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга коюшту.

СССР убагында Ооганстанга жиберилген кызматкерлерине согуш ардагери статусун берүү сунушталды

Azattyk.org 

Парламентте «Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ооруктагы эмгекчилер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү камтыган долбоор даярдалды. Анда совет доорунда Ооганстанга жиберилген партиялык жана советтик кызматкерлердин статусун согуш ардагерлери менен бирдей кылуу каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.  Мыйзамдын демилгечиси Исхак Пирматов алардын эч кандай макамы жок болгондуктан эч кандай жеңилдиктер каралбай калганын белгилейт. СССР мезгилинде КПСС тарабынан... Читать дальше...

Быйыл Анталияда иштечү мигранттар азаябы?

Azattyk.org 

Ушул тапта Түркиянын мейманканалары 2020-жылдын туристтик сезонуна даярдык көрө баштады. Бирок түрк иш берүүчүлөрү мигранттардын айлык акысын жөнгө салган жаңы мыйзамга байланыштуу чет өлкөлүктөрдү ишке алуудан баш тартышууда.

27-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 27-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, облустарынын тоолуу райондорунда кар түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4; Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6; Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10... Читать дальше...

Өзбекстан Кытайдан 30 студентин алып кетерин билдирди

Azattyk.org 

25-январда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кытайдын вирус чыккан Ухань шаарындагы 30 өзбек студентин алып чыгып кетүүгө убада берди. - Ухань шаарындагы 30 студент Өзбекстанга кайтарылат. Азыркы учурда Тышкы иштер жана Саламаттык сактоо министрликтери иш алып барууда, - деди Камилов. Министр студенттер качан кайтып келерин айткан жок. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Ухань шаарында 250 өзбекстандык бар. Алардын көпчүлүгү жогорку окуу жайларынын студенттери. Читать дальше...

Чек арадан жоголгон шаймандын чоо-жайын Аскер прокуратурасы иликтеп жатат

Azattyk.org 

Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын тарамдарынан күндөн кубат алуучу батарейка жоголгону аныкталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган мекеменин жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмүнүн улук офицери Асылкерим Ажиев билдирди. Маалыматка караганда, бул фактыны ушу тапта Аскер прокуратурасы териштирип жатат. - Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин көрсөтмөсү менен аскер бөлүктөрүндө жана бирикмелерде 2020-жылдын 11-январында өткөрүлгөн... Читать дальше...


Музыкальные новости
Концерт

Концерт JONY во Владивостоке: ждут ли его горожане?





Персональные новости
Александр Шохин

Было бы сесть предложено // Александр Шохин с почестями принял на своем съезде Владимира Путина





Айылга кетип калган ата

Azattyk.org 

Нуржигит Кадырбеков - адеп-ыйман маселесин эрикпей козгоп келаткан авторлордон. Анын ырлары, кара сөз чыгармалары тез-тез жарыяланып турат.

Ошто ала качуу үчүн шектүү катары үч киши кармалды

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ала качуу үчүн шектүү катары үч киши кармалганын маалымдады. Алар 22 жаштагы кызды ала качкан деп шек саналууда.  Мааалыматка ылайык, 21-январь күнү Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз бирөөлөр 22 жаштагы кызды ала качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул фактыны ыкчам иликтөө учурунда ал кызды мажбурлап никелешүү максатында алып кетишкени аныкталган. 23-январь түнү кылмышка шектүү катары 22 жаштагы үч жигит кармалып, Ош шаардык ички... Читать дальше...

Кыргыз, кытай, тажик жана өзбек чек араларында санитардык карантин пункттары иштеп жатат

Azattyk.org 

25-январда саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев «Манас» аэропортундагы санитардык карантин пункттарын текшерди. Бул пункттардын кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн ден соолугу жөнүндө сурамжылоо жүргүзүп, алардын дене табын өлчөөчү жабдыктар менен кылдат текшерип жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Министрлик коркунучтуу вирус Кыргызстандын аймагында каттала элек экенин дагы бир жолу белгилейт. Кыргызстандын, Кытайдын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек араларында 11 санитардык карантин пункту иштеп жатат. Читать дальше...

Си Цзиньпиң: «Коронавирус боюнча абал курчуп баратат»

Azattyk.org 

Кытайдагы коронавирустан 56 адам каза таап, дүйнө жүзүндө 2 миңден ашык кишиге жукканы маалым болду. АКШ Ухань шаарындагы дипломатиялык кызматкерлерин чыгарууда. Канадада бул ооруну жуктурган бир киши катталды. Ал арада Москвада 7 киши коронавирус боюнча шектүү катары ооруканага жаткырылды.  Кытайдын Бээжин, Шанхай шаарларында да бул тумоо жайылып жатканы айтылууда. АКШ, Тайланд, Түштүк Корея, Жапония, Автсралия, Францияда ооруну жугузгандар аныкталды. Кытай лидери Си Цзиньпиң жаңы жылдык куттуктоо учурунда оору көзөмөлдөн чыкканын... Читать дальше...

Трамптын импичменти боюнча сотто жактоочуларынын сөзү башталды

Azattyk.org 

25-январда Вашингтондо Дональд Трамптын адвокаттарынын үч күндүк сөзү башталды. Буга чейинки үч күн сегиз сааттан демократтардан айыптоочулар сүйлөгөн.  Ишембидеги отурумду Ак үйдүн юрист-консультанты Пэт Сиполлон ачты. Ал коргоочу тарап өз жүйөлөрүн келтириш үчүн толук үч күндүн кереги экенин деп билдирди. - Трампты айыптагандар үч күндөн бери алардын талаптары аткарылган учурда кандай кесепеттери болорун ойлонушкан жок, - деп айтты Сиполлон. Ак үйдүн юрист-консультанты президенттин каршылаштары... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Московской области прошел чемпионат Центрального округа Росгвардии по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Опыт проведения Всероссийской акции «Вода России» представлен на межведомственном заседании в Ташкенте





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время пути поездов от Москвы до Черноморья до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица Ольга Бузова прошла плановый осмотр в больнице



Москва

Нет взятки – нет и наказания? Что угрожает Тимуру Иванову

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net