Акын, котормочу Мукан Асаналиев дүйнө салды
Акын, котормочу Мукан Асаналиев 2-январда 72 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна маркумдун жакындары билдирди. Мукан Асаналиев кыргыз акындарын англис, орус тилдерине, чет элдик акындарды кыргыз тилине оодарган таланттуу котормочу катары белгилүү эле. Ал Байрондун ырларын кыргыз тилине, кыргыз акындарынан Алыкул, Мидин, Байдылдадан баштап сексенге чукул акын-жазуучунун чыгармаларын англис тилине которгон. Мындан сырткары «Курманжан датка» көркөм фильмин англис тилинде сүйлөткөн. Читать дальше...