123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 06.01.2020

Январдын соңунда «Ак-Жол автожол» өткөрүү жайын жаңылоо башталат

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы «Ак-Жол автожол» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайын жаңылоо иштери январдын аягында башталат.  6-январда кыргыз өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган жайды модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча кеңешме өткөрдү.  Расмий маалыматта премьер-министр курулуш тез жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырганы айтылганы менен, ал качан аягына чыгары тууралуу кабар берилген жок.  Өкмөт оңдоп-түзөө иштеринен соң көзөмөл-өткөрүү жайынын заманбап талаптарга... Читать дальше...

Орусиянын суранычы менен БУУ Ливиядагы кырдаалды талкуулайт

Azattyk.org 

Орусия Ливиядагы кырдаалды талкуулаш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүү тууралуу демилге көтөрдү.  Ушул тапта Ливия борбору Триполиде өкмөт башчы Фаяз Сарраждын өкмөтү мамлекеттин чыгышында генерал Халифа Хафтар жетектеген атаандаш бийликке каршы күрөшүүдө.  Генерал Хафтардын күчтөрү 2019-жылдын апрелинде баш калааны ээлеш үчүн кол салуу уюштурушкан. Генералды Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана башка мамлекеттер колдоп жатканы айтылууда.  Маалыматтарга караганда... Читать дальше...

HRW Трамптын Ирандагы маданий жайлар тууралуу эскертүүсүн сындады

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандагы маданий жайларга сокку урулушу мүмкүн деген сөздөрү тынчсыздануу пайда кылды. 4-январда Трамп Иран бийлиги генералдын өлүмү үчүн өч ала турган болсо, АКШ “Иран жана Иран маданияты” үчүн маанилүү жайларды сокку урула турган 52 бутанын тизмесине кошорун "Твиттерге" жазды. Мындан кийин "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму согуш мыйзамдары “аскердик максаттарда пайдаланылбаган жарандык жайларга атайлап сокку урууга” жол бербейт деп билдирди. Читать дальше...



Өзбек чек арачылары кыргызстандыктардын мал-жандыктарын кайтарып беришти

Azattyk.org 

Өзбекстандык чек арачылар кыргыз жарандарынын 520 баш майда жандыгын кайтарып берди. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугуп, жаңжал басылганын, аймакта абал туруктуу экенин билдирди. 6-январда кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Абал курчуп кетип, өзбек аскерлери асманга эскертүү иретинде ок аткан. Андан эч ким жабыркаган эмес. Окуя Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы Ак-Курча деген жерде болгон. Читать дальше...

Арменияда премьер тууралуу жалган маалымат жазган киши кармалды

Azattyk.org 

Арменияда «премьер-министр Никол Пашинян АКШ президенти Дональд Трампты ирандык генералдын өлтүрүлүшү менен куттуктады» деген «Фейсбуктагы» постко байланыштуу бир киши кармалды. Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы башка бирөөнүн атына ачылган баракча аркылуу жалган маалымат тараткан жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирген адамдарды аныкташканын 5-январда билдирди. «Пашинян Трампты» куттуктады деген пост 3-январда Ирандын «Кудс» тандалма аскерлеринин кол башчысы генерал Касем Сулеймани... Читать дальше...

Тажикстанда «Мусулман агайыңдардын» мүчөсү катары 27 киши кармалды

Azattyk.org 

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөлөрү деген шек менен 27 киши кармалды. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматы өз булактарына таянып маалымдады. Бул уюмга 2006-жылдан бери өлкөдө тыюу салынган. Булактар ырастагандай, кармалгандардын арасында динаятчылар, жогорку окуу жайларынын мугалимдери жана бир айыл өкмөт башчысы бар. Азырынча аларга айып коюла элек. «Мусулман агайыңдар» - эл аралык диний-саясий уюм, 1928-жылы Египетте түптөлгөн. Бир нече өлкөдө мыйзамдуу... Читать дальше...



Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чегиндеги чатак жөнүндө маалымат берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 6-январда кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыкканын тастыктады. Анын маалыматына караганда, жаңжал курчуп кетип, өзбек аскерлери асманга эскертүү иретинде ок аткан. Андан эч ким жабыркаган эмес.  Окуя Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы Ак-Курча деген жерде болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, кыргызстандыктардын малы эки өлкө ортосундагы такталбаган аймакка өтүп кеткен. Издеп барган ээлери да ошол аймакка кирип калгандыктан... Читать дальше...

Ганус: Орусиянын апелляцияны жеңүү шанстары аз

Azattyk.org 

Орусиянын Допингге каршы агенттигинин (RUSADA) жетекчиси Юрий Ганус анын өлкөсү дүйнөлүк агенттик – WADA кабыл алган чечимге каршы апелляцияны жеңери күмөн экенин билдирди. Ал чечимге ылайык, Орусияны ири спорттук мелдештерден, анын ичинде олимпиадалардан 4 жылга четтетүү каралган. Ганус 3-январда «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна интервью берген маалда «орусиялык атлеттер бейтарап желек астында да мелдештерге катыштырылбашы мүмкүн» деди. WADA Орусиянын базасынан алынган лабораториялык маалыматтардын көчүрмөсү бурмаланганын аныктаган. Читать дальше...

Трамп Иракты санкция менен коркутту

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Багдад америкалык аскерлерди чыгара турган болсо, аларга «мурда болуп көрбөгөндөй катаал» санкция саларын эскертти.

Донбасста бир суткада 2 жоокер курман болду

Azattyk.org 

Донбасста акыркы 24 саатта украиналык эки жоокер окко учту, дагы бирөө жарадар болду. Бул тууралуу өкмөттүк армиянын штабы билдирди. Маалыматка караганда, жикчилдер бир нече жолу ок атышпоо режимин бузуп, тыюу салынган калибрдеги миномёттордон, пулемёттон жана гранатомёттордон аткылашкан. Штаб бир аскер көзгө атардын огунан мерт болгонун, экинчиси минага кабылып өлгөнүн белгиледи. Өздөрүн «Донецк элдик жумурияты» деп атаган жикчилдер украиналык аскерлер бир суткада 5 жолу элдешүүүнүн шарттарын бузушканын айтышууда. Читать дальше...

Ала-Бука: Ак-Сай айылындагы чек арада чыр чыкканы айтылууда

Azattyk.org 

6-январда Ала-Бука районунун Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен Ак-Сай айылына караштуу Ак-Курча участкасында жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Мындай маалыматты Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ильяс Рысдавлетов бышыктады. Мурдараак жергиликтүү тургундардын бири Сабыр Сейдакмат уулу өзбек чек арачылары аткан октон жеңил жарат алганын «Азаттыкка» билдирген.  - 8 өзбек чек арачысы Ак-Курча участкасында жүргөн 500дөн ашык 3 короо койду айдап баратканда айылдыктар чогулуп барганбыз. Читать дальше...

БУУ Ливиядагы кырдаалды жабык карайт

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ливияга аскерлерди жөнөтүү башталганын билдирди. Контингент эл аралык коомчулук тааныган Триполидеги Улуттук биримдик өкмөтү менен макулдашуунун негизинде жайгаштырылмакчы. Жекшемби күнкү теле эфирде Эрдоган Ливияда түрк армиясынын генералы жетектеген ыкчам борбор негизделерин, азырынча сөз согуштук аракеттерге катышуу тууралуу жүрбөгөнүн айтты. Өткөн жумада түрк парламенти Ливияга аскерлерди жөнөтүүнү жактырган. Дүйшөмбү күнү Бириккен Улуттар Уюму Ливиядагы кырдаалды жабык талкуулаганы турат. Читать дальше...

7-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Аба ырайы: 7-январда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7; Таласта түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…1; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-5, күндүз 4…6; Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5; Нарында түнкүсүн -19…-21, күндүз -9…-11 градус болот.  Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Каракол чаңгы базасында узун кезек пайда болду

Azattyk.org 

Акыркы күндөрү Каракол тоо чаңгы (лыжа) базасына кеткен жолдо эс алуучулардын узун кезеги пайда болду. Бул тууралуу аталган базада иштегендер «Азаттыкка» билдиришти. Чаңгы тебүү инструктору Пархат Дараевдин айтымында, акыркы күндөрү базага бараткан жолдо бир нече чакырымга созулган автунаалардын кезеги туруп калчу болду. Буга жолго кум төгүлбөгөнү да себеп болууда. Ак-Суу районунун акими Акыл Тукебаевдун айтымында, Каракол тоо чаңгы базасына барчу жол шаардын да, райондун да балансына кирбегендиктен тейленбей калып жатат. Читать дальше...

Хорватияда солчул талапкер президенттик шайлоодо жеңди

Azattyk.org 

Хорватияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында солчул Зоран Миланович азыркы мамлекет башчы Колинда Грабар-Китаровичти жеңди. Бюллетендердин 99% саналып бүткөндө мурдагы премьер-министр Милановичке 53% добуш тийгени жарыяланды. Башкаруудагы оңчул-борборчул «Хорватиянын демократиялык биримдиги» партиясынын талапкери Грабар-Китарович добуштардын 47% алды. Партия 1991-жылдан бери үстөмдүк кылып келген. Шайлоо Загреб Европа Биримдигинде төрагалык кыла баштаган кезде өттү. 2-январда өкмөт башчы... Читать дальше...

Улуттук банктын алтын-валюталык резерви 2 млрд. 417 долларды түздү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын-валюталык резерви 2 миллиард 417 долларды түздү. Бул акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдиргенин өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Абдыгулов Улуттук банктын буга чейинки ишинин жыйынтыгы жана пландар жөнүндө маалымат берген. Абдыгуловдун айтымында, акыркы жылы өлкөдөгү банк системасынын активдери 25 миллиард сомго же 11% көбөйгөн. Читать дальше...


Музыкальные новости
Comedy Club

Турбо из «Слова пацана» раскрыл правду о личной жизни на съёмках Comedy Club





Персональные новости
Желдорреммаш

Улан-Удэнский ЛВРЗ стал участником Всероссийской ярмарки трудоустройства





«Чернобыль» чакан сериал категориясында эң мыкты деп табылды

Azattyk.org 

Лос-Анжелесте 5-январда «Алтын глобус» сыйлыктарынын жеңүүчүлөрү аталды. HBO каналынын «Чернобыль» фильми чакан сериал категориясында эң мыкты болуп табылды. 5 сериядан турган фильм Чернобылдагы атомдук станцияда болгон апаатты жана трагедиянын кесепеттерин баяндайт. Сыйлыкты алып жатып, сериалдын авторлору жана башкы аткаруучулар жеңишин өзөктүк катастрофадан жабыркаган адамдарга арнай турганын айтышты. Ал эми эң мыкты фильм деп Сэм Мендестин «1917» деген тарыхый драмасы табылды. Фильм Биринчи... Читать дальше...

Ошурахунова: Өкмөттүк эмес уюмдарды көзөмөлдөө аракетине акыркы окуялар себеп болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Укук коргоочу Динара Ошурахунова 2010 жана 2015-жылдагы окуяларга парламентте орунсуз, Конституцияга каршы демилгелердин көтөрүлүшү себеп болгонун айтып, депутаттар өлкөнүн кэчээки тарыхын унутпашы керек деген оюн айтты.  Ошондой эле укук коргоочу бул демилге Бишкекте жарандык коом өкүлдөрү коррупциялык иштерге жана сөз эркиндигин муунткан аракеттерге каршы «REакция» аттуу акцияга чыгышкандан кийин көтөрүлүп жатышы жөн жеринен эмес, аны бийлик колдоп жатат деген пикирде.  - Парламентке келген депутаттар Кыргызстандын тарыхын билбейт. Читать дальше...

Тегеранда генерал Сулеймани менен коштошуу болду (видео)

Azattyk.org 

Тегеранда «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн башчысы Касем Сулеймани менен коштошууга жүз миңдеген киши чогулду. Иш-чарага Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өзү катышып, дуба кылды. Бир нече шаарда уюштурулган коштошуудан кийин маркумдун табыты туулган жери Керманга жеткирилип, 7-январда жерге берилмекчи. Генерал өткөн жума күнү Багдадда америкалык аскерлердин аба соккусунан набыт болгон. Тегеран Сулейманинин өлүмү үчүн өч аларын эскерткенден кийин АКШ президенти Доналд Трамп андай болсо... Читать дальше...

Депутат эски долбоорду кайра көтөрдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү жөнүндө сунуш коомдук талкууга коюлду.

Кумтөрдө жоголгон жумушчуларды издөө уланууда

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кенинде жер көчкүдөн кийин дайынсыз болуп жаткан эки жумушчуну издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын айтымында, учурда кырсык болгон жерде 100гө жакын куткаруучу жана 51 оор техника иштеп жатат. Буга чейин жумушчулар түштү деген автоунаа табылган. Бирок жумушчулар жок болуп чыккан. Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Анда Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об эффективности программ по формированию здорового образа жизни  


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Что чаще всего едят на завтрак дети Елены и Новака Джокович?


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

АО «Транснефть – Дружба» подвело итоги деятельности в сфере экологической безопасности





Путин в России и мире
Москва

Путин 22 апреля проведет в Москве переговоры с президентом Азербайджана Алиевым


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

Экс-девушка Тимати Шишкова завела новый роман



Москва

Почему Владимир Меньшов снял «Москва слезам не верит»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net