123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 04.01.2020

Индонезияда селден жана көчкүдөн кеминде 53 адам каза тапты

Azattyk.org 

Индонезияда селден жана көчкүдөн кеминде 53 жергиликтүү тургундун өмүрү кыйылганы расмий кабарланды. Кырсык өлкөнүн борбор шаары Жакартада болду. Куткаруучулардын айтымында, дагы көптөгөн адам ылайдын алдында калган болушу ыктымал. Аба ырайы бузулуп, нөшөр жаан токтобой жаткандыктан электр энергиясы да үзгүлтүккө учуроодо. 400 000 миңдей адам убактылуу жайларга эвакуацияланды. (RK)

Франция: Көчөдөгүлөргө кол салган адам оорулуу экени аныкталды

Azattyk.org 

Францияда көчөдө адамдарга бычак менен кол салган адам психикалык жактан оорулуу болгону аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн прокуратурасы билдирди. Жума күнү ал Париждин чет жакасында паркта сейилдеп жүргөн адамдарга кол салган. Бир адам каза таап, үчөө жараат алды. Кылмышка шектүү адамды полиция ошол жерден атып өлтүргөн. Күч түзүмдөрү азырынча бул окуяны террордук акт деп атай элек. Францияда 2015-жылы террордук чабуулдан 250 адам жашоо менен кош айтышкан. Ошондон бери өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Читать дальше...



Австралия өрттү басууга үч миңдей аскерди тартмай болду

Azattyk.org 

Австралия токойдогу өрттү басууга резервдеги үч миңден ашуун аскер кызматкерин тартмай болду. Өлкөнүн коргоо министри Линда Рейнольдс өкмөттүн мындан башка аргасы калбай калганын билдирди. Виктория жана Жаңы Түштүк Уэлс штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Соңку айларда Австралияда беш миллион гектарга жакын токой күйүп кетти. Кеминде 23 адам каза болуп, жүз миңдеген жаныбар жок болду. Миңден ашуун турак үй өрттөндү. Түтүндүн айынан кээ бир райондордо өрттү абадан өчүрүү мүмкүн болбой жатат. Читать дальше...

Намысты ойготкон күү

Azattyk.org 

Чоюн Өмүралиев көп кырдуу талант, анын философиялык эсселери, ырлары, кара сөз жаатында жараткандары – баары кызыгуу менен окулат.

Депутат Бекешев: Мага ашыкча сумма жазган салыкчы жоопко тартылышы керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев салык кызматкерлери анын документтерин туура эмес толтуруп койгону үчүн жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” жеке баракчасына жазды. “Өзүмдүн актыгымды далилдеш үчүн документтерди чогулттум. Салыкчылар мага ашыкча сумма жазып коюп, декларацияны прокуратурага жөнөтүшүптүр. Ошол салыкчыларды жоопко тартууну суранам” деп билдирди Бекешев 4-январда. Буга чейин Бекешев Башкы прокуратура анын салык декларациясын текшере баштаганын билдирген. Читать дальше...

Багдадда АКШнын чабуулун айыптаган миңдеген адам жөө жүрүшкө чыкты

Azattyk.org 

Ирактын борбор шаары Багдадда бүгүн миңдеген адам чогулуп, АКШ армиясынын чабуулунан каза тапкан ирандык генерал менен коштошуп жатышат. Жөө жүрүшкө Ирактын премьер-министри Адил Абдул-Махди да катышты. Ирандын элиталык атайын аскер бөлүгүнүн башчысы Касем Сулеймани жана дагы бир нече адам жума күнү Багдад шаарында америкалык аскерлердин авиасоккусу менен өлтүрүлгөнүн Пентагон расмий тастыктады. АКШ президенти Дональд Трампал ал “Согуш башташ үчүн эмес, согушту токтотуш үчүн” жок кылынганын билдирди. Читать дальше...



Бишкекте балдардын республикалык шахмат чемпионаты өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте балдар арасында шахмат боюнча республикалык чемпионат өтүп жатат. Акыл таймашына 6 жаштан 18 жашка чейинки курактагы кыздар жана балдар катышууда. Катышуучулардын жалпы саны эки жүздөн ашат. 3-январда башталган чемпионаттын жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу салтанаты 12-январда өтөт. Иш-чаранын максаты - Кыргызстанда шахмат оюнун жайылтуу, жаш оюнчулардын спорттук чеберчилигин өстүрүү жана дени сак жашоого үгүттөө. (RK)

5-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

5-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8; Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8; Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10... Читать дальше...

Тамакка ууланган 16 адам тууралуу маалымат берилди

Azattyk.org 

Чүйдүн Жайыл районунда Жаңы жылды тоскон күнү тамакка уулангандардын баары медициналык жардам алып, үйүнө коё берилген. Бул тууралуу 4-январда “Азаттык” радиосуна Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан жардам сурап 16 адам кайрылган. Беш жашар кыз ооруканада калтырылып, калгандары үй шартында дарыланууга жөнөтүлгөн. Кыз ооруканадан эртеси күнү чыккан. Абалын доктурлар канааттандырарлык деп мүнөздөп жатышат. “Анализдер алынды. Читать дальше...

Мурзаев: футболчу болом деп ойлогон эмесмин

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу, "Дордой" футбол клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев жети жашынан футболго кызыгуусу башталганын айтты.

CNN жана Bloomberg Кыргызстанды мыкты туристтик өлкөлөрдүн катарына кошту

Azattyk.org 

Кыргызстан эки белгилүү маалымат каражатынын дүйнөлүк туризм боюнча мыкты өлкөлөр рейтингине кирди. CNN телеканалы Кыргызстанды турист катары эс алууга ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, Bloomberg экономикалык жаңылыктар агенттиги 2020-жылы туризм үчүн кызыктуу боло турган 24 өлкөнүн бири деп атады. Дүйнөдө туризм ички дүң өнүмдүн 10 пайызын түзөт. Кыргызстанга соңку жылдары келип кеткен туристтердин саны 1 миллиондун тегерегинде болууда. (RK)

Арманда кетти бир акын...

Azattyk.org 

Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты, акын-котормочу Мукан Асаналиев 73 жашында дүйнө салды.

Жазык мыйзамдарын стратегиялык өнүктүрүү долбоору иштелип чыгат

Azattyk.org 

Кыргызстанда өкмөт быйылкы жылы жазык мыйзамдарын стратегиялык өнүктүрүү боюнча документтин долбоорун иштеп чыкканы жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Ошондой эле жыл башында 40тан ашык долбоор парламенттин кароосуна сунушталат. Былтыр өкмөт жазык мыйзамдарын өркүндөтүү максатында 33 мыйзам долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. 2019-жылы Кыргызстанда соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы жазык мыйзамдары күчүнө кирген. «Кылмыштардын... Читать дальше...

Түндүк Македониянын премьер-министри кызматтан кетти

Azattyk.org 

Түндүк Македониянын премьер-министри Зоран Заев мөөнөтүнөн мурда уюштурула турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырып берди. Парламент бул чечимди колдоду. Түндүк Македония жана Албания Европа Биримдигине мүчө болууну көздөөдө. Бирок уюмдун талаптарына жооп бербегендиктен бул тууралуу сүйлөшүүлөр убактылуу токтоп турат. Диалогду улантуу үчүн өлкө быйыл 12-апрелде парламенттик шайлоо өткөргөнү жатат. Буга чейин оппоненттердин каршылыгына карабастан Заев Грекия менен сүйлөшүү жүргүзүп... Читать дальше...

Орусия Беларуска мунай жөнөтүүнү токтотту

Azattyk.org 

Орусия Беларустун мунайды кайра иштетүү заводдоруна чийки зат жөнөтүүнү токтотту. Новополоцак шаарында жайгашкан ишкананын өкүлдөрү “Азаттыктын” беларус кызматына билдиргенине караганда, буга мунайдын баасы боюнча мунаса табылбай койгону себеп болду. 1-январдан бери Орусиядан мунай келбей жатканын айткан ишкана өкүлдөрү учурда ага чейинки запас менен иштеп жатканын билдиришти. Эки өлкө ортосундагы интеграция маселесинде Москванын басымы күчөгөнүн айткан белорус тарап мунайдын баасына байланыштуу... Читать дальше...

Шайлоо босогосунун талашы бүтө элек

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылы шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн айрым ченемдери 1-январдан тарта күчүнө киргенин жарыялады.

Трамп: Сулеймани согушту токтотуш үчүн өлтүрүлдү

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Ирандын элиталык атайын аскер бөлүгүнүн башчысы Касем Сулейманини “Согуш башташ үчүн эмес, согушту токтотуш үчүн” өлтүргөнүн билдирди. Бул тууралуу Трамп 3-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Пентагондун расмий маалыматына караганда, генерал Касем Сулеймани жума күнү Багдад шаарында Трамптын буйругу боюнча авиасокку менен өлтүрүлдү. Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменеи таасирдүү командирди өлтүргөндөрдү "кылмышкер" деп атап... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Расплата за расточительство! ФК «Оренбург» на домашнем поле уступил ФК «Динамо» (Москва) – 1:2


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Путин в России и мире
Москва

Киркоров и Пелагея спели для амурчан-бамовцев в Москве


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко рассказал о планах расширения НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

Священнику, отпевавшего Навального, запретили носить рясу и крест



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Эдвард Григ

«В путешествие с Григом»: в Свердловской филармонии стартовала вузовская неделя музыки



Москва

Определены финалисты конкурса «Воспитатель года» в Подмосковье

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net