Сулаткан, муунткан, жеңген. UFC өткөн жылдагы мыкты беттештерди топтоду. Видео
UFC уюму өткөн жылдагы мыкты деп эсептелген мелдештердин урунттуу учурларын бир видеого топтоду. Анда алты беттеш камтылган.
UFC уюму өткөн жылдагы мыкты деп эсептелген мелдештердин урунттуу учурларын бир видеого топтоду. Анда алты беттеш камтылган.
Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган алгачкы спортчу болуп калды.
Жылдын мыкты балбандарын аныктоодо спортчулардын ири мелдештердеги жетишкендиги, катышкан чемпионаттарынын жыйынтыгы эске алынган.
2019-жылы Кыргызстан макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн туруктуу сактоо менен чыкты. Өкмөт ички дүң өнүмдүн өсүшү мерчемделгендей жыйынтык берди деп ишендирүүдө. Бирок айрым көрсөткүчтөрдө өсүш күтүлгөндөй болгон жок.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдагандай, Ооганстандын түндүгүндө талибдердин кол салууларынан күч түзүмдөрүнүн 26 өкүлү мүрт кетти. “Талибан” кыймылы 31-декабрдын кечинде болгон чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Кундуз провинциясындагы өткөрүү бекетине кол салуудан 10 ооган аскери курман болуп, төртөө жараат алган. Балхтагы чабуул тогуз полициячынын өмүрүн алды. Провинциянын губернаторунун өкүлү Жавад Хажрин атышууда “Талибандын” 10 мүчөсү жок кылынганын айтты. “Талибан” кыймылынын... Читать дальше...
82 жаштагы саясатчы Серикболсын Абдилдин көз жумганын “Фейсбуктагы” баракчасына журналист Ермурат Бапи жазды. Казакстандык саясатчы жана экономист Абдилдин 1990-1991-жылдары Казак ССРнин Жогорку Советинин төрага орун басары болуп турган. 1991-жылдын октябрь айынан 1993-жылдын соңуна чейин Казакстандын Жогорку Советинин төрагасы болгон. 1990-жылдардын орто ченинде Абдилдин оппозицияга өтүп, көп жылдар бою Казакстандын Коммунисттик партиясын жетектеп турду. 1999-жылы мамлекет башчылыгына ат салышып... Читать дальше...
Словакияда сот иликтөөчү журналист Ян Куциякты жана анын сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө катышкан деп шектелген беш адамдын бирин 15 жылга эркинен ажыратты. Сот мындай өкүмүн 30-декабрда чыгарды. Прокурорлордун версиясына караганда, ал Куцияк менен сүйлөшкөн кызы Мартина Куснированы өлтүргөн киллерлер менен буйрук бергендердин ортосунда ортомчу болгон. 42 жаштагы Золтан Андруско коюлган айыпты мойнуна алды. Коррупцияга каршы иликтөөлөрү менен белгилүү журналистти жана анын сүйлөшкөн кызы Марина Куснированы... Читать дальше...
Бир сутка ичинде Кыргызстанда ар кандай диагноз менен 120 адам ооруканага жаткырылып, «Тез жардам» кызматы келгенге чейин беш киши каза болду. Дагы беш адам автокырсыктан жаракат алып, бирөө токмоктолуп, дагы бири бычак жеген. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, «Тез жардам» кызматына баш-аягы 759 кайрылуу түшкөн. Анын 600үнө адистер телефондон кеңеш беришкен. Бишкекте Ала-Тоо аянтында «Тез жардам» кызматынын эки бригадасы күзөттө турду. Аларга бир адам кайрылып, медициналык жардам берилген. Читать дальше...
АКШнын Багдаддагы элчилигине иранчыл митингчилер чабуул койгонуна байланыштуу Вашингтон Жакынкы Чыгышка кошумча 750 аскерин токтоосуз жөнөтөт жана жакынкы күндөрү алардын санын дагы көбөйтөт. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Марк Эспер 31-декабрда билдирди. Ал “бул эскертүү чарасы экенин” билдирди. Вашингтондун аба соккуларына каршылык билдирген миңдеген адамдар 31-декабрда АКШнын Багдаддагы элчилигинин алдына топтолуп, алардын бир бөлүгү имаратка кирүүгө аракет кылышты. Ирактын коопсуздук күчтөрү... Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкери Майрамбек Абылов 1-январдын таңында бычакталып, ооруканага жетпей үзүлүп кетти. Облустук милициянын басма сөз кызматынан «Азаттыкка» билдиргендей, милициянын сержанты Абылов Ноокен районунун Арал айылына топ балдардын мушташына тааныштарынын чакыруусу менен барган учурда бычакталган. Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Базар-Коргон районунун 26 жаштагы тургуну кармалды. Читать дальше...
Чычкан жылы күлкү менен коштолсун! “Күлкү кербендин” Жаңы жыл майрамына арналган кезектеги чыгарылышы 2020-жылдын ирегесинде тартууланды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 261 ымыркай төрөлдү. Анын ичинен 133ү эркек бала, 128и кыз. Бишкек шаарында 67 эне көз жарды. Бир эгиз балдар төрөлдү. Жарык дүйнөгө келген балдардын 34ү эркек, 34ү кыз. Министрлик кабарлагандай, өлкө боюнча үч эгиз төрөлдү. Алар Бишкектеги Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордо, Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда жарык дүйнөгө келишти. Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда болуп, 80 наристе төрөлдү. (BTo)
Жылан жылы күлкү менен коштолсун! “Күлкү кербендин” Жаңы жыл майрамына арналган кезектеги чыгарылышы 2020-жылдын ирегесинде тартууланды.
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 2-январда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7; Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9; Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4; Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -7…-12; Бийлик тоолуу райондордо -24…-29... Читать дальше...
Бишкекте Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык майрамдан кийин үч тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасы билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, аянтты тазалоо иштерине 60 кызматкер жана беш атайын техника тартылды. Таштанды үчүн борбордук аянтка 30 контейнер коюлган. Негизги майрамдык иш-чара Ала-Тоо аянтында өтүп, эстрада ырчыларынын концерти болду. Ал аяктаганча «Тез жардам» жана өрткө каршы кызмат күзөттө турду. Ал эми Жаңы жыл түнү Бишкекте коомдук тартипти эки миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөдү. Читать дальше...
2020-жылдын 1-январынан тарта Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы мамлекеттерден ташып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымы көбөйдү. Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы буга чейин билдиргендей, мисалы, 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү мурда 1250 доллар болсо, 1-январдан баштап ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыкты. Былтыр 18-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында кыргыз тарап үчүнчү өлкөдөн... Читать дальше...
Бишкекте Ала-Тоо аянтында 1-январга караган түнү Жаңы жылды майрамдоо учурунда 12 бала жоголуп, милициянын жардамы менен ата-энесине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Жаңы жылды майрамдоо түнү Бишкекте коомдук тартипти эки миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөдү. Негизги майрамдык иш-чара Ала-Тоо аянтында өтүп, эстрада ырчыларынын концерти болду. Жалпысынан республика боюнча 10 миң ички иштер кызматкери тартипти сактоо иштерине тартылды. Читать дальше...
2020-жыл Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктоосунда билдирди. - Балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл, - деди Жээнбеков. Президент мамлекет балдарга карата камкордугун күчөтөрүн айтып, ошол эле... Читать дальше...
Спортчулар өлкө биринчилигинде түрдүү аралыкка чуркап, алыстыкка, бийиктикке секирип жана ядро ыргытып ат салышат.
Орусия менен Украинанын ортосундагы беш жылдан берки газ чатагына мурунку келишимдин мөөнөтү бүтө турган акыркы күнү гана чекит коюлду.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.