Хабиб Нурмагомедов Конор менен кайра беттешүү үчүн шарт койду
Буга чейин UFC уюмунун президенти Дана Уайт Макгрегор менен Нурмагомедов чемпиондук кур үчүн кайрадан беттеш өткөрө турганын жар салган.
Буга чейин UFC уюмунун президенти Дана Уайт Макгрегор менен Нурмагомедов чемпиондук кур үчүн кайрадан беттеш өткөрө турганын жар салган.
Баткенде 2019-жылдын 5-октябрында пайдаланууга берилген социалдык шаарчанын тургундары турак үйлөрдүн сапатсыз курулганын айтып чыгышты. Социалдык шаарчада ар бири үч бөлмөлүү төрт батирден турган 25 үй салынган. Баткен мэриясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, майыптар үчүн курулган турак жай керектүү үй эмеректери менен камсыздалганын, 1700 метр түтүк жаткырылып, таза суу ар бир батирге тартылганын, кичи футбол аянты, мечит, ФАП, бала бакча курулганын билдирген. Бирок ал жерде жашап жаткан тургундар үйлөр сапатсыз болуп... Читать дальше...
Тегерандагы авиакырсыкта каза болгон Украинанын жарандарынын сөөгү Ирандан Украинага жеткирилди. Киевдин «Борисполь» аэропортунда аза күтүү расмиси өттү. Ага Украинанын президенти Владимир Зеленский баштаган аткаминерлер, маркумдардын жакындары катышты. Аба майданында жарандары каза болгон өлкөлөрдүн туулары көтөрүлдү. Зеленский мурдараак кырсыктын чоо-жайын толук изилдөөнү Ирандын бийлигинен талап кылууга жана каза болгондордун жакындарына кун өндүрүп берүүгө убада берген. Компенсацияны Украинанын бийлик органдары да төлөп берет. Читать дальше...
Манасчы, төкмө акын, эл агартуунун мыкты кызматкери Сапарбек Касмамбетов 87 жаш курагында 19-январда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын шакирттери кабарлашты. Манасчы акыркы убакта ооруканада дарыланып жаткан. Касмамбетов коомдук уюмдар тарабынан буга чейин «Эл манасчысы» жана «Залкар манасчы» деген наамдарды алган. Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу, «Манас-1000» юбилейлик медалынын жана «Даңк» медалынын ээси, 1987-жылдан бери Кыргызстанда өткөрүлгөн «Манас» айтуунун жети жолку жеңүүчүсү. Сапарбек... Читать дальше...
19-январда Берлин шаарында Ливиядагы жаңжалды жөнгө салууга арналган эл аралык жыйын өтөт. Ал Германиянын демилгеси жана БУУнун колдоосу менен чакыртылды. Жыйындын башкы максаты - аталган өлкөдө узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүү. Ага чатакташып жаткан башкы топтордун лидерлери - Ливиянын өкмөтүнүн башчысы катары эл аралык коомчулук тарабынан таанылган Фаиз Сарраж жана Ливия улуттук армиясы деп аталган күчтүн командачысы Халифа Хафтар катышат. Берлинге ошондой эле Түркиянын жана Орусиянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин... Читать дальше...
Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков «Kaktus media» басылмасына маек куруп, абактагы жагдайы, шарты жана өзүнүн кылмыш иши тууралуу суроолорго жооп берди. Ал түрмөнүн администрациясы камераларда олтургандарды эки-үч аптада аралаштырып турарын, натыйжада шериктери алмашып жатканын билдирди. Өзүнүн камакка алынышы жана тергөө аяктагандан кийин бошотулар-бошотулбасы жөнүндө журналисттин суроосуна саясатчы андан үмүтү жок экенин айтты. - Жаңы бийлик өлкөдөгү жакырчылык, жумушсуздук, коррупция сыяктуу көйгөйлөрдү чече алган жок... Читать дальше...
Бүгүн, 19-январь күнү дүйнөдөгү бардык православдар сыяктуу эле Кыргызстандагы православ христиандары ыйык чокундуруу майрамын белгилешти. Мунун алкагында Бишкек шаарынын чет-жакасындагы кыштактарда, Ош жана Каракол шаарларында христиандар дарыяларга жана атайын көлмөлөргө чөмүлүү жөрөлгөсүн өткөрүштү. Кафедралык Ыйык Жекшемби чиркөөсүндө (Свято-Воскресенский кафедральный собор) өткөн литургияны Кыргызстандын жана Бишкектин епискобу Даниил алып барды. Жыйында епископ жалпы православдарды майрамы менен куттуктады. Читать дальше...
Макгрегор менен Нурмагомедов биринчи жолу 2018-жылы 6-октябрда беттешкен. Анда ирландиялык спортчу муунтуу ыкмасынан утулуп калган.
Үйдө олтурган энелердин түйшүгү абдан чоң. Жылдар бою аялдардын колун кармаган үй тирилиги эч качан бүтпөйт жана көзгө көрүнбөйт.
«Кыргызгидромет» борбору маалымдагандай, 20-январда тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз -2…+3°; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7°, күндүз -1…+4°; Таласта түнкүсүн -4…-9°, күндүз -4…+1°; Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11°... Читать дальше...
Ирландиялык мушкер UFC уюму менен келишим түзгөндөн бери үч салмакта (66, 70 жана 77 килограмм) өзүн сынап, эки категориясында чемпиондукту багындыра алган.
Сатиралык «Күлкү кербени» куржунунан Борбор Азиядагы саясий азилдердин кезектеги шиңгилин сунуш кылабыз.
Садыр Сарыгулов коомдук турмуштун адатта баам сыртында калчу көлөкө жактарын бутага алчу.
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык Дональд Серроненин мушташы көпкө созулган жок. Макгрегор биринчи айлампада эле демилгени колго алып, Серронеге үстөккө-босток чабуул коюп, жерге кулатты. Андан соң каршылашына сокку жаадырган ирландиялык мушкердин аракетин калыс токтотууга аргасыз болду жана жеңишти Конор Макгрегорго ыйгарды. Бул беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп, UFC 246нын эң кызыктуу таймашы болот деп белгиленген эле. Буга чейин UFC президенти Дана Уайт эгерде Конор Макгрегор мушташтан жеңсе... Читать дальше...
Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында «Кызыл-Суу FM элдик радиосу» обого чыга баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна аталган элдик радионун негиздөөчүсү Илгиз Айдарбеков билдирди. Анын айтымында, айылдагы мектептин имаратында жайгашкан чакан радио FM 106 жыштыгында обого чыгат. - «Кызыл-Суу FM элдик радиосун» Кызыл-Суу айылы гана уга алат. Андан узакка чагылдырууга техникалык мүмкүнчүлүк азырынча жетпейт. Радиодо азыр музыка гана берип жатабыз. Келечекте айыл жериндеги жана өлкө аймагындагы жаңылыктар... Читать дальше...
Баштапкы эсептөөлөр боюнча 2019-жылдын январынан тартып декабрына чейин кошкондо Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 590 млрд. сомдон ашык каражатты түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 4,5% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылы ИДӨнүн көлөмү 2018-жылдын январь-декабрынын деңгээлинен 3,8% өсүү менен 543 млрд. сомдон ашты. ИДӨнүн өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш чөйрөсү, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Читать дальше...
Конор Макгрегор спортко бир жарым жылдан кийин кайтты. Соңку беттешинде россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп, чемпиондук курду тагынбай калган.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) «Крым.Реалии» редакциясы менен кызматташкан украиналык журналист Тарас Ибрагимовдун Орусиянын аймагына жана аннексияланган Крымга киришине тыюу салды. Бул тууралуу аталган редакция кабарлады. Крымга өткөн чек арада Ибрагимовго чек арачылар берген токтомдо чектөө 2054-жылдын май айынынын аягына чейин коюлганы жазылган. Журналисттин сөзүнө караганда кызматкерлер тыюу эмнеден улам салынганын түшүндүрүшкөн эмес, жагдай документте да жазылган эмес. Ибрагимов... Читать дальше...
Апта ичинде Кыргызстанда жана дүйнөдө болгон урунттуу окуяларга сереп. (13-19-январь, 2020-жыл).
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевди коргоп чыкты. Бул тууралуу ал «Фейсбук» баракчасына жазды: «Баткендеги чек аралаш Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевди вице-премьер-министр зекип, кызматтык иликтөө жүргүзүп, керек болсо иштен алууну тапшырыптыр. Ошол иликтөөгө мени да чакырып, угуп койсоңор. Сапарали акени Бишкекте эмне иш кылып жүрөсүң деп доомат коюп жатат, аны мына борборго келгенде Акүйгө мен чакырганмын! Читать дальше...
Бишкек шаарынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө микроавтобус менен жеңил автоунаа кагышып, үч киши мерт болду. Бул тууралуу маалыматты баш калаанын Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ырастады. Окуя 18-январдын кечинде Элебесов көчөсүндө болгон. Кичиавтобус «Mitsubishi» жана жеңил машине «Жигули» үлгүсүндө экени такталды. Каза болгондор «Жигулинин» жүргүнчүлөрү болушкан. Кырсыктын видеосун бир катар блогерлер жана басылмалар өз баракчасына жайгаштырып, окуянын чоо-жайын жазышты. (ErN)
Британ ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган мындан ары өздөрүнүн падышалык үй-бүлө мүчөсү титулун колдоно алышпайт жана аларга мамлекеттик каражаттар берилбейт. Бул тууралуу Букингем сарайынын билдирүүсүндө кабарланды. Гарри менен Меган канышанын расмий өкүлүнүн милдетин аркалай алышпайт жана аларга карата «Падыша даражалуу» («Королевское высочество») деген кайрылуу колдонулбайт. Герцог жана герцогиня мунун алдында өздөрүнүн Виндзордогу үйүн оңдоого Улуу Британиянын бюджетинен жумшалган 2,4 миллион фунтту кайтарып беришерин билдиришти. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттердин финансылык рынок чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады. Бул мыйзамды Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 2019-жылдын 12-декабрында кабыл алган. Ага ылайык Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн макулдашуунун... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.