Путин премьер-министрликке Михаил Мишустинди көрсөттү
Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөттү жетектөөгө Федералдык салык кызматынын төрагасы Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта "Президент Владимир Путин Михаил Мишустин менен жолугушуп, ага өкмөттүн төрагасы кызматын сунуштады жана макулдугун алгандан кийин Мишустиндин талапкерлигин Мамлекеттик Думага жөнөттү" деп айтылат. 55 жаштагы Михаил Мишустин Федералдык салык кызматын 2010-жылдан бери жетектейт. Орусиянын президенти... Читать дальше...