123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 16.01.2020

Ирандагы учак кырсыгы ачык иликтенүүдө

Azattyk.org 

Украиналык эксперттер Иранда кыйраган учакты иликтеп бүтүп, бир бөлүгү мекенине кайтты. Эксперттердин дагы бир бөлүгү сөөктөрдүн өздүгүн ДНК анализдин жардамы менен аныктап, аны жакындарына өткөрүп беришмекчи.

Разаков чек ара боюнча митингге катышкан жетекчилерге чара көрүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Баткенде чек ара маселеси боюнча өткөрүлгөн координациялык кеңешмеде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков митингге катышкан айыл өкмөт башчыларына жана туугандарына тили өтпөгөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуш кылды. Кеңешмеде Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Тажикстан менен чектеш жайгашкан Максат айыл өкмөтүнүн башчысы Сапарали Адинаевдин Бишкектеги митингде жүргөнүн маалымдады. Лейлек районунун акими айыл өкмөт башчысы учурда мыйзамдуу эмгек өргүүсүндө жүргөнүн айтып... Читать дальше...



Украина: АКШнын экс-элчисин аңдуу боюнча кылмыш иштери козголду

Azattyk.org 

Украинанын Ички иштер министрлиги Киевде АКШнын мурдагы элчиси Мари Йованичтин артынан сая түшүп аңдуу фактысы боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.  Мари Йованич былтыр май айында мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен жана буга байланыштуу Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын жеке адвокаты Рудольф Жулианинин аты аталган. Федералдык прокурорлор Жулианиге байланыштуу иликтөө баштаган жана анда адвокаттын Йовановичтин иштен кетишине тиешеси бар-жогу такталарын айтышкан. Читать дальше...

Дача СУда калгандардын үмүтү

Azattyk.org 

Бүгүн Дача-СУ авиакырсыгына үч жыл болду. Буга байланыштуу айылда кырсыкта курман болгондорго куран окутулуп, аларга арналып орнотулган эстеликтерге гүл коюлду. Дача СУнун тургундары уюштурган быйылкы эскерүү иш-чараларына бийликтен өкүлдөр катышкан жок. "Манас" аба майданынын жанында жайгашкан Дача СУнун тургундарынын бүгүнкү турмушунан кезектеги репортаж.

Мамдума өкмөт башчылыкка Мишустиндин талапкерлигин жактырды

Azattyk.org 

Орусияда Мамлекеттик Дума президент Владимир Путин премьер-министрлик кызматка сунуштаган Михаил Мишустиндин талапкерлигин колдоду. Анда Коммунисттер партиясынын фракциясы гана добуш берүүдөн карманды, калгандарынын баары макул болду. Михаил Мишустин депутаттардын алдында сүйлөп жатып, улуттук долбоорлорду ишке ашырууга, Путиндин май айындагы буйруктарын ишке ашырууга убада берди. Ал жаңы өкмөттүн куралышы тууралуу маалымат берген жок. Владимир Путин 15-январда өкмөттү жетектөөгө Федералдык... Читать дальше...



АКШ-Кытай: Соодадагы жылыш

Azattyk.org 

АКШда демократтар президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча Конгресстин документтерин Сенатка тапшырды. Трамп импичмент маселесин «суу кечпеген иш» деп келет. Вашингтон менен Бээжин соода-экономикалык келишиминин биринчи баскычына кол коюшту. Эки ири державанын соода талашы дээрлик эки жылга созулду. Пакистанда аскерлер көчкү алдынан дагы 20дан ашуун сөөктү алып чыгышты.

Жамшитов Баткенде жергиликтүү жетекчилерди зекиди

Azattyk.org 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча 16-январда Баткен шаарында өткөн координациялык кеңешмеде жергиликтүү бийликтин ишин сындады. Ал мыйзам боюнча шаарлар менен райондордо жергиликтүү бийлик күч органдары менен кошо координациялык кеңешмелерди өткөрүп турушу керек экенин айтып, 2019-жылы Баткенде мындай кеңеш аз өткөрүлгөнүн билдирди. Жамшитовдун маалыматына караганда, былтыр Баткен облусунда 31 кеңешме болгон. Анын ичинен Баткен облустук администрациясында 14, Лейлек районунда төрт... Читать дальше...

Ясинанын өлүмү кудаларды жаатташтырды

Azattyk.org 

Ак-Суу райондук ооруканасында 10-январь күнү чарчап калган наристенин чоң энеси милицияга арыз менен кайрылды. Жабырлануучу бул кадамга секелектин көкүрөгүндөгү жана далысындагы көгала тактарды көргөндөн кийин барган.

Айрым жол эрежесин бузгандарга айыппул төмөндөтүлдү

Azattyk.org 

Тартип бузуу жөнүндө кодекске жана Жоруктар боюнча кодекске өзгөртүү киргизилип, бир катар жол эрежесин бузгандарга айыппул арзандады жана жасалма номер таккандардын жазасы күчөтүлдү. Тишелелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 16-январда кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык: - жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар; - жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын бузгандар (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүү же болбосо манёвр жасоо эрежелерин... Читать дальше...

Таластан табылган ак илбирстин эки көзү тең көрүп жатат

Azattyk.org 

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги «Таласта кармалып Бишкекке жеткирилген ак илбирстин бир көзү агып калды» деген маалымат тастыкталбаганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы 16-январда тараткан маалыматта илбирстин эки көзү тең соо экени, бирок начар көрүп жатканы айтылат. Ветеринарлар дарылоодон кийин анын көрүшү жакшырат деп үмүт артышууда. 10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында ак илбирске операция жасалып, анын башына тийген 70тен ашык бытыранын 18 калдыгы алынган. Читать дальше...

Разаков: чек арадагы окуялар Тажикстан менен сүйлөшүүнү татаалдатууда

Azattyk.org 

Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 16-январда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси боюнча координациялык кеңешмеде айтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, кеңешмеде Разаков чек ара маселеси боюнча жумушчу топтор иштеп жатканын, эки өлкө ортосунда белгилүү бир деңгээлде өз ара түшүнүү бар экенин билдирди. - Кыргыз тарап буга чейин жетишилген келишимдерди карманууда жана чек ара маселесин тез чечүү максаты бар. Ошол эле учурда адам өлүмүнө алып келген... Читать дальше...

«Toyota» учуучу машине жасоого 400 миллион доллар бөлөт

Azattyk.org 

Жапониядагы автоунаа чыгаруучу ири «Toyota» компаниясы «тез жүргөн, катуу үн чыгарбаган жана баасы асман чапчыбаган» учуучу автоунаа жасап чыгарууга киришип жаткан «Joby Aviation» компаниясына 400 миллион доллар инвестиция жумшайт.  Компаниянын президенти Акио Тойода асманды келечекте автоунаалар үчүн да колдонуу алардын узак мөөнөттөгү планы экенин белгиледи. «Мындай жаңы саамалыкты баштоо менен биз кардарларыбыздын эркин жүрүшүнө, жерде да, асманда да ырахат алышына шарт түзөбүз деп үмүттөнөбүз. Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

“Настя — не из дешёвых женщин”, – У Волочковой появился молодой ухажёр с серьёзными намерениями





Персональные новости
Фильм

Фильм Джонни Деппа о Модильяни покажут в России





Роухани: Иран өзөктүк келишимге чейинкиден да көп уран байытып жатат

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеран ушул тушта 2015-жылдагы өзөктүк келишимге чейинки убактан да көп өлчөмдө уран байытып жатканын айтты. Ал 16-январда мамлекеттик телеканалда сүйлөгөн сөзүндө өзөктүк келишимден биротоло чыгып кетпеген чечимди коргоду. Анда «эгер Иран ал келишимден биротоло чыгып кетсе, Бириккен Улуттар Уюму бизге каршы санкция салмак, бул АКШнын президенти Дональд Трамптын чырагына май тамызмак» деп айтты. Ушул айдын башында Ирандын бийлиги дүйнөдөгү алты держава менен... Читать дальше...

Журналист Бейшенбеков Аскер прокуратурасында сурак берип чыкты

Azattyk.org 

chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков 16-январда Аскер прокуратурасында 1,5 саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бейшенбеков өзү билдирди. Ал сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкатка кол коюп бергенин айтып, кайсы иш боюнча суралганын ачык айткан жок. Бирок сурак анын журналисттик ишине байланыштуу болгонун кошумчалады. Анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова да Бейшенбеков кайсы иш боюнча суракка алынганын жана кимдир-бирөөлөрдүн аты-жөнүн айта албай турганын билдирди. Читать дальше...

Ошто мурдагы мэрдин инисин сабоо боюнча шектүү эки киши кармалды

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттык» радиосуна Улан Раимбековду ур-токмокко алуу боюнча шектүү катары эки киши кармалганын билдирди. - Алар Өзгөн жана Алай райондорунун тургундары экен. Шектүүлөр 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын бөгөт чарасын эми сот карайт, - деди Сыдыков. Мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбеков 11-январга караган түнү Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонунда сабалган. Ал жаагы сынып, эриндери... Читать дальше...

АКШ менен Кытай соода келишими боюнча жарым-жартылай макулдашты

Azattyk.org 

Вашингтондо 15-январда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Хэн эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык келишимдин биринчи бөлүгүнө кол коюшту.  Документте жакынкы эки жылда АКШнын импортун 200 миллиард долларга көбөйтүү жана кытай товарларына салыкты азайтуу каралган. Андан сырткары интеллектуалдык менчикти коргоо, америкалык өнөр жай, айыл чарба өндүрүмүн сатып алууну көбөйтүү, валюталык көз боёмочулукту токтотуу, тараптардын соода... Читать дальше...

Ок тийген ак илбирсти дарылоого акча топтоло баштады

Azattyk.org 

Таласта кармалган жаралуу ак илбирсти дарылоого акча топтош үчүн банк эсеби ачылып, «РСК банкы» илбирсти дарылоого 50 миң сомдук сертификат берди. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, ак илбирске операция жасалгандан кийин абалы жакшырган. Азыр ал тамак ичип калды. 10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында илбирске операция жасалып, анын башына тийген бытыранын 18 калдыгы алынган. Бирок операция болгондон көп өтпөй анын экинчи көзү да көрбөй калды. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Блиц-матч по шахматам между двумя командами провели в павильоне «Спорт для каждого»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Азаренко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Майами


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Татьяна Марчук выпустила альбом «Экопесенки» на лейбле Riki Music





Путин в России и мире
Москва

Путин уточнил у Беглова причины снижения популярности Петербурга у туристов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

Силовики задержали за сутки пятерых журналистов, часть проходит по делу об «участии в работе ФБК», одного жестоко избили при задержании



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Шнуров

Сергей Шнуров и Гарик Мартиросян «не смогли поделить» участницу «Новой Фабрики звезд»



Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге: «Инвесторы заинтересованы в развитии Республики Коми»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net