Эски жылдагы экономика, жаңы жылдагы жагдай
2019-жылы Кыргызстан макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн туруктуу сактоо менен чыкты. Өкмөт ички дүң өнүмдүн өсүшү мерчемделгендей жыйынтык берди деп ишендирүүдө. Бирок айрым көрсөткүчтөрдө өсүш күтүлгөндөй болгон жок.