Азербайжан «Кара январды» эскерди
1990-жылдын 20-январында бийликке каршы митингдерди басуу үчүн Советтик армиянын чопкутталган танктары Азербайжандын борбору Бакуга киргизилген.
1990-жылдын 20-январында бийликке каршы митингдерди басуу үчүн Советтик армиянын чопкутталган танктары Азербайжандын борбору Бакуга киргизилген.
Тажикстанда тыюу салынган «Мусулман агайындар» уюмунун мүчөсү деген шек менен кармалгандардын саны кеминде 70 кишиге жетти. Азырынча өлкө бийлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Эки жума мурун «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматынын тартип коргоо органдарындагы булактары 27 киши кармалганын, шектүүлөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн экенин маалымдашкан. Кармоо иштери тууралуу жыл башында белгилүү болгон. Ички иштер органдарындагы булактардын бири азыр кеминде 70 кишиге кылмыш иши козголгонун билдирди. Читать дальше...
Жакындарынан ажырап, бөтөн үйдө мал багып калган Илья балдар үйүнө которулуп, мектепке бара баштады. Жаш илимпоз Наргизанын майда, бирок маанилүү кадамы. Айылына эки кабаттуу мектеп түптөгөн ишкер. Орусиядагы ишин таштап, айылдагы мектепке спортзал уюштурган Бекзат. Кайберендердин санын эсептеген нарындык корукчулар. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Кыргызстан 20-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы адам укуктары боюнча кеңешинде өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат берип, акыркы төрт жыл ичинде аткарылган иштерди тизмектеди.
Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко анын өлкөсү Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) мониторинг миссиясын кеңейтүүнү өтүнгөнүн билдирди. 20-январда министр Киевде уюмдун учурдагы төрагасы Эди Рама менен жолугушкан. ЕККУнун миссиясы Украинада 2014-жылдан бери иштеп келатат. Ал жылы Москва Крымды аннексиялап алгандан кийин өлкө чыгышында орусиячыл жикчилдер баш көтөрүшкөн. Ошондон бери Донбасстагы урушта 14 миңден көп киши өлдү. Миссиянын жарандык мониторинг тобунун... Читать дальше...
Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү Кытайдын Улуттук-боштондук армиясынын Шинжаң уйгур автономиялык району боюнча чек ара өкүлчүлүгүнүн аппараты менен жолугушту. Бул тууралуу «Азаттыкка» чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Анда 2019-жылдагы кыргыз-кытай чек арасын чогуу кайтаруунун жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылга чек ара кайтаруунун планын бекитилди. Жолугушуу «Эркечтам» өткөрмө бекетинин Кытай тарабында Симкана деп аталган жерде өттү. Тараптар мамлекеттик чек... Читать дальше...
Азербайжанда 20-январда өлкөдө “Кара январь” деген атка конгон кайгылуу окуянын курмандыктарын эскеришүүдө. Мындан 30 жыл мурун ал күнү СССРдин жетекчилиги Азербайжан ССРиндеги оппозициялык митингдерди басуу үчүн бир катар шаарларга аскер киргизген. Күбөлөр жана журналисттер "Сокку" деп аталган ал операция аёосуз жүргүзүлгөнүн белгилешет. Натыйжада 140 киши өлүп, 700дөн ашыгы жараат алышкан. 800дөн көп киши камакка алынган. Дүйшөмбүдө президент Илхам Алиев баштаган бийлик өкүлдөрү Шейиттер аллеясына келип, "Өчпөс отко" гүл коюшту. Читать дальше...
Лас-Вегаста өткөн UFC 246 турниринен кийин Уайт россиялык мушкер менен ирландиялык спортчунун беттешин уюштурарын айткан.
Матраимовдор «Азаттык» радиосу, кабарчы Али Токтакунов, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттары иликтөөдөгү маалыматтарды төгүндөсө материалдык доодон баш тартууга даяр. Бул тууралуу алардын адвокаттары 20-январдагы сот отурумунда айтышты.
Матраимовдор «Азаттык» радиосу, кабарчы Али Токтакунов, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттары иликтөөдөгү маалыматтарды төгүндөсө материалдык доодон баш тартууга даяр. Бул тууралуу алардын адвокаттары 20-январдагы сот отурумунда айтышты. «Азаттык» жана «Kloop.kgнин» жактоочулары иликтөөдөгү фактыларды жокко чыгарбай турганын айтса, «24.kg» агенттигинин өкүлү Матраимовдор тууралуу иликтөөгө катышпаганын, болгону сайтына жайгаштырганын жүйө кылды. Доогер тарап соттук ишти тынчтык жолу менен чечүүгө кеңешүү үчүн убакыт сурап... Читать дальше...
Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка кызматынан кетти. Президент Владимир Путин Тергөө комитетинин жетекчи орун басары Игорь Красновдун талапкерлигин Федерация кеңешине сунуш кылды. Кремлдин маалыматында Чайка башка ишке которулганы үчүн кызматынан бошотулганы айтылат. Бирок кайда кетип жатканы белгисиз. 68 жаштагы Чайка башкы прокурор болуп 2006-жылдан бери иштеп келди. Оппозициялык саясатчы, Коррупция менен күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальныйдын ири иликтөөлөрүнүн бири Чайканын ишкер балдарына арналган болчу.
Акыркы эки жылда өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берген кыргызстандык делегацияга Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү сунуштарын жана каалоолорун айтышты. Кыргызстанга өз сунуштарын берген өлкөлөрдүн ичинен Ирландиянын өкүлү "2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тагдырына кызыгып, укук коргоочуну бошотууга үндөдү. Читать дальше...
Бүгүн, 20-декабрь Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф венесуэлалык кесиптеши Хорхе Арреаса менен Тегеранда жолугушту.
Кувейттин «Al-Qabas» гезити Ирандын АКШнын «Айн-аль-Асад» базасына жасаган ракеталык чабуулунда жаракат алган 16 америкалык аскер Кувейттин түштүгүндөгү аскердик госпиталдардын бирине жеткирилгендигин маалымдады.
2019-жылдын 29-декабрь күнү Ошто эки жашар кызын көчөгө таштап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган аял милицияга берген алгачкы көрсөтмөсүндө Жаңы жыл майрамы алдында мас болуп уктап калып кызын жоготуп койгонун айткан. Бирок кызын издөөгө аракет кылган эмес. 2019-жылдын 29-декабрында «Тез жардам» кызматы Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан эки жашар кызды таап, милицияга кабарлаган. Кызын... Читать дальше...
Райондун Отуз-Адыр айылынын тургуну өз үйүндөгү жайкы ашканага асынып алган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, окуя 17-январь күнү катталган. Маркум жакында эле Орусияда иштеп келген, туугандары аны үйлөнтүүгө кам көрүп жатышкан. Аширбаевдин маалыматына караганда маркумдун жакындары сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөргүсү келген эмес. Былтыр облус аймагында 19 адам суицидге барган. (DU/ZKo)
Аскер прокуратурасына суракка чакырылып, андан ары 48 саатка камалган журналист Турсунбек Бейшенбековдун аялы Гүлзада Имашева «Азаттыкка» кайрылды. Ал күйөөсүнүн күнөөсүз экенин айтып, аны бошотуп алууга коомчулуктан жардам сурады: - Үч жаш балабыз менен батирде ижарада турабыз. Балдарымдын улуусу жети жашта, ортончусу 2,5 жашта, кичүү кызым эки айлык. Мен эч жерде иштебейм. Турсунбектин кармалганын адвокаты чалып кабарлады. Аны камап койсо, мен жаш балдарым менен кайда барам? Chyndyk.kg сайтынын редактору... Читать дальше...
Германияда Ирандын пайдасына тыңчылык кылган деп шек саналган адамдын соту башталганы жатат. Маалыматка караганда, Абдул Хамид С. деген кишинин немис жана ооган жарандыгы бар. Ал Бундесверде котормочу жана кеңешчи болчу. Былтыр кармалып, көп жылдардан бери Ирандын чалгынчыларына маалымат берип жүргөн деп айыпталган. Прокуратура шектүү адам 19 өтө жашыруун документти өткөрүп берген деп эсептейт. Иран мурдагы аскердик кеңешчи менен байланышканын четке кагууда. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Германиянын... Читать дальше...
"Эже-сиңдилер" талкуусунда бул жолу адамдагы өзүнө ишенбестик тууралуу кеп кылдык. Кыргыз коомунда өзүн-өзү кемсинтүү кандай жагдайларда пайда болот?
Орусиянын Пермь шаарындагы мейманканада ысык суу түтүгү жарылганда беш киши каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. «Интерфакс» өлгөндөрдүн арасында жашы жете элек бир бала бар экенин жазып жатат. Бардык жабыркагандар ооруканаларга жеткирилди. Алардын абалы оор деп бааланууда. Кырсык дүйшөмбү күнү эртең менен ылдыйкы кабатында чакан менчик мейманкана орун алган турак жайда болгон. Күбөлөр ысык суу кошуна көчөлөргө чейин жеткенин айтып беришти. Үйдүн тургундары көчүрүлгөн жок. Читать дальше...
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Кытайда мурда белгисиз вирус жайылып жатат. Өткөн дем алыштарда эле 139 жаңы учур катталды. Өлкө бийлиги 20-январда ушуну менен үчүнчү киши дем алуу органдарын, өпкөнү сезгенткен илдеттен көз жумганын билдирди. Вирус тараган булактын аныкталбай жатканы дүйнө коомчулугун, адистерди өзгөчө камтама кылат. 2002-жылы ушундай вирус Кытай менен Гонконгдо 600дөн көп кишинин өмүрүн алып кеткен. Бэжинде түзүлгөн комиссия оору адегенде Ухань шаарында катталган деген жыйынтыкка келди. Бирок 3 жаңы бейтап Кытайдын башка жерлеринде аныкталды. Читать дальше...
Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков 20-январда Аскер прокуратурасына сурак бергени чакырылып, андан ары убактылуу 48 саатка камоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди. Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 16-январда 1,5 саат сурак берип чыккан. Анын сөзү боюнча, бул журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болуп жатат. Бейшенбеков 16-январдагы сурактан кийин сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол коюп бергенин айтып... Читать дальше...
Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча соттук иш 29-январга жылдырылды.
Кыйноого каршы коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловго кайрылып, 30-декабрь күнү коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуш кылды. Аталган мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттик органдарга киреше-чыгашасы, жумушчулардын саны жана курамы, айлык акылары жана башка маалыматтарды берүүгө милдеттүү болору айтылган. Коалиция бул талаптар өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын түйшүгүн көбөйтөт, бул иш менен алектенүүдөн өкмөттүн бюджети зыян тартат деп эсептейт. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.