Трамптын сөзү тымызын тартылган видео тасма тарады
"Associated Press" маалымат агенттиги Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын жеке адвокаты Руди Жулианинин бизнес өнөктөштөрү Лев Парнас жана Игорь Фруман баштаган адамдар менен тамактануу маалында Украинанын талкуулап жатканы тымызын тартылып алынган видео тасманы жарыялады.
Анда бул окуя 2018-жылы күзүндө Вашингтондо "Трамп" отелде түштөнүү маалында болгону айтылат. Чогулгандар АКШнын ошол кездеги Украинадагы элчиси Мари Йованович тууралуу сөз кылышкан. Анда үнү Парнаска окшош адам Киевдеги америкалык элчинин үстүнөн арызданган. Трапм болсо аны "эртең эле аны кызматтан алгыла" деп буйрук берген. АКШ президенти ошондой эле чогулгандардан Украина Орусия менен тиреште "канчага чейин чыдап, кармана аларына" кызыккан.
"Associated Press" агенттигинин билдиришинче, бул тасманы Фруман тымызын жаздырып алган жана аны журналисттерге Парнастын адвокаты берген.
Буга чейин Трамп мурдагы СССРдин жарандары Парнас жана Фруман менен жеке тааныштыгы жоктугун айтып келген.
Мари Йованич былтыр май айында мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен жана буга байланыштуу Трамптын жеке адвокаты Рудольф Жулианинин аты аталган.
Федералдык прокурорлор Жулианиге байланыштуу иликтөө баштаган жана анда адвокаттын Йовановичтин иштен кетишине тиешеси бар-жогу такталарын айтышкан. Анда Жулиани элчи айымдын таасирин азайтууга аракет кылганы айтылган. Бирок адвокат мындай айыптоону четке каккан.
Мари Йованович Өкүлдөр Палатасында президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында көрсөтмө берген.
Ушул тушта АКШнын Сенатында импичмент маселеси каралып жатат. Конгресстин жогорку палатасы жаңы далилдерге байланыштуу Лев Парнас баштаган жаңы күбөлөрдү чакырып көрсөтмө алар-албасы белгисиз.