Кытай ирандык генералдын өлтүрүлүшүнө тынчсызданды
Ирандын таасирдүү аскер башчысынын Багдадда өлтүрүлүшүнө байланыштуу дүйнөнүн бир катар мамлекеттери тынчсыздануусун билдиришти. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын операциясын "кесепети ойлонулбаган кадам" деп мүнөздөп, мындай аракет чөлкөмдөгү кырдаалды курчутуп жибере турганын эскертти.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги "эл аралык мамилелерде күч колдонууга" каршы экенин билдирди.
"Биз тиешелүү тараптарды, өзгөчө Кошмо Штаттарды чыңалууну күчөтүп жибербөө үчүн сабырдуу болууга чакырабыз", - деп айтты министрликтин расмий өкүлү Гэн Шуан.
Франциянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Амели де Монтчалин АКШ менен Ирандын ортосунда чыңалуу күчөп жатканын айтты. "Биз кооптуу дүйнөдө ойгондук", - деди ал RTL радиосуна курган маегинде.
Министрликтин өкүлү француз президенти Эммануэл Макрон чөлкөмдөгү мамлекеттердин лидерлери менен сүйлөшүүнү пландап жатканын кошумчалады.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Грециядагы сапарын токтотуп, өз өлкөсүнө кайтты. Расмий Тель-Авив ирандык генерал жетектеген «Кудс» элиталык аскердик бөлүгү Израилге каршы түйүндүн башында турат деп эсептейт.
АКШнын армиясы 62 жаштагы Сулейманини өлтүрүүнү көздөгөн операция "коргонуу" максатында уюштурулганын, ирандык генерал Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына сокку урууга камылга көрүп жүргөнүн билдирди.