Кумтөрдө бир айдан бери иш токтоп турат
Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу 2019-жылдын 1-декабрынан бери иш токтоп турат. Ишкананын басма сөз катчысы Марина Гаврилова тоо-кен иштерин жүргүзүш үчүн иш планы бекитиле элек экенин, жумуш качан жанданары белгисиз болуп жатканын айтты: - Иштегенге уруксат жок болгондуктан, бардык иштер убактылуу токтотулган. 1-декабрь күнү таңга маал Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Читать дальше...