Жазуучу Милан Кундера чех жарандыгын кайтарып алды
Францияда жашаган чехиялык жазуучу Милан Кундера 40 жыл мурда ажыратылган жарандыгын кайра алды. Бул тууралуу «Právo» гезити жазып, тийиштүү документтердин нускасын жарыялады. «Реалдуулуктун өтө оор жеңилдиги», «Күлкү жана унуткаруу китеби» сыяктуу чыгармалардын автору 1974-жылы миграцияга кеткенине байланыштуу коммунисттик бийлик аны 1979-жылы жарандыктан ажыраткан. 90 жаштагы Кундера акыркы жылдары туулуп-өскөн мекенине бир канча жолу келип кеткен. Бирок француз тилинде жазган акыркы романдарын чех тилине которууга тыюу салган. Читать дальше...