Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 04.12.2019

Карасартова: сындаганды да, иштегенди да билиш керек

Azattyk.org 

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигине жетекчи болуп дайындалган Рита Карасартова "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. Буга чейин бийликтин иш-аракеттерин катуу сынга алып келген активист ал дайындалган тармакты кандайча реформалай турганын, бул кызматка кантип дайындалганын айтып берди. Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын сынына да жооп кайтарды.

Ош: «Азиздер жана дүлөйлөр» коомунун ишканасына 350 миң сом бөлүндү

Azattyk.org 

«Азиздер жана дүлөйлөр» коомунун Оштогу ишканасына шаардык казынадан жардам берилди. 350 миң сомду жамаатка мэр Таалайбек Сарыбашов тапшырды. Ишканада майыптар өз колу менен эмерек жасап, сапаттуу төшөк, жаздык жана кызматтык кийимдерди тигишет. Мэр менен жолугушууда алар шаар башчысынан мамлекеттик ишканалардан буюртманы көбөйтүүгө көмөк сурашты. Сарыбашов Оштогу жалпы социалдык колдоого муктаж жарандардын тизмеси материалдык-моралдык колдоо көрсөтүү үчүн мекеме-ишканаларга бөлүштүрүлүп берилгенин билдирди... Читать дальше...

Футзал мелдешинде Кыргызстан Түркияны утуп алды

Azattyk.org 

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Түркиянын курама командасын 5:3 эсебинде утуп алды. Жолдоштук беттеш кечээ кечинде Бишкекте өттү. Кыргызстандын командасынан Максат Алимов, Мирлан Жолдубаев, Дилшат Кадыров жана Юлдаш Салимбаевдер гол киргизишти. Кыргызстан менен Түркиянын командалары бүгүн дагы бир оюн өткөрүшөт. Эки команданын тең машыктыруучулары бул жолдоштук беттеш командаларга алдыдагы ири турнирлерге даярдык катары мүнөздөп жатышат. Оюн Арча-Бешиктеги «Газпром» спорт комплексинде, кечки саат 20:00дө башталат. Читать дальше...



Кожошев Каржылык көзөмөл кызматына жетекчи болду

Azattyk.org 

Арзыбек Кожошев өкмөткө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка 4-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.  Бул мекемеде жетекчинин орду быйыл жайдан бери бош турган. Мурдагы төрага Санжар Муканбетов экономика министри болуп дайындалган.  Кожошев 2015-2017-жылдары экономика министри болгон. Быйыл жазында Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандан министр болуп дайындалган. (RK)

Камактагы активист Жоробековдун жакындары БУУга кайрылышты

Azattyk.org 

Камакта отурган активист Афтандил Жоробековдун туугандары аны бошотууга жардам сурап Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылышты. Жоробековдун бир тууганы Чынара Темирова бүгүн «Фейсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттеришке видео кайрылуу жиберип, Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктар коркунучта экенин айтты: - Менин бир тууганым Афтандил Жоробеков бийликти социалдык түйүндөрдө сындаганы үчүн камалып отурат. Ага каршы ойдон чыгарылган жана негизсиз айыптар коюлууда. Үч күн психологиялык басым жасалып... Читать дальше...

ЖЭБ соту: Айыпталуучулар жүйөсүн айтышты

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук ишти кароо уланып жатат.

Юрист: «Азаттыктын» кабарчыларын скайп аркылуу суроого мыйзам жол берет

Azattyk.org 

«Азаттыктын» кабарчыларын скайп аркылуу суроого мыйзам уруксат берет. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Медиа полиси» институтунун юристи Акмат Алагушев билдирди. Ал УКМКнын «эки кабарчы суракка өздөрү келиши керек» деген талабы боюнча төмөнкүлөрдү айтты: - Эмне себептен ошол беренени (Жазык-процессуалдык кодекстин 194-беренеси - ред.) колдоно алышпайт экен? Эмнеси дал келбейт? Ошону жазышпаптыр. Суроосу болсо беришсин, жооп беришет. Бул шылтоо. Көрсөтмөлөрү керек болсо ошол жакка учуп барсын. Муну юрист эмес адам да түшүнөт. Читать дальше...

Назарбаевдин Казакстандын саясатындагы көлөкөсү/Акыркы чечимди кабыл алуучу ким?

Ca-irnews.com (kg) 

Казакстандык саясий эксперт Казбек Бейсебаев: Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев бийликтен кетсе дагы анын тышкы жана ички саясатта роль ойноп жатканы көрүнүп турат.



УКМК: «Азаттыктын» журналисттери УКМКга келиши керек

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча  мамлекеттик комитети (УКМК) «Азаттык» радиосунун эки кабарчысы бул мекемеге суракка келиши керектигин билдирди. Бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта алардын катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш экендиги айтылат. «Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 194-беренесине... Читать дальше...

Бишкекте абанын булгануу деңгээли кескин төмөндөдү

Azattyk.org 

Бишкекте абанын булгануу деңгээли соңку эки күндө кескин төмөндөдү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди. Шерипованын айтымында, ноябрдын акыркы күндөрүнө караганда бүгүн булгануу 34 эсе аз. 3-4-декабрда Бишкек шаарында аба массасынын алмашуусу байкалууда. Ар түрдүү бийиктиктерде жүргөн шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрге жетип жатты. Мындай метеорологиялык шарт борбор калаанын абасындагы зыян заттардын тарап кетишине алып келди... Читать дальше...

Кыргыз паспорту Орусияда бизнеске айланганы парламентте айтылды

Azattyk.org 

Кыргыз паспорту Орусияда бизнеске айланганы Жогорку Кеңеште айтылды. Вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин жалпы жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине кайрылып, жакында Санкт-Петербург шаарында мекендештер менен жолугуп келгенин, Кыргызстандын паспортун башка өлкөлөрдүн жарандарына сатып жаткандар көп экенин айтты: - Кыргыз паспорту бизнеске айланды. Өзбекстандан барган мигранттар кыргыз паспортун жарнамалап сатып жатат. Кылмыш кылган адам кармалып калса анын паспорту Кыргызстандан... Читать дальше...

Алайда жер титиреди

Azattyk.org 

Ош облусунда катталган жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 3-декабрда саат 16:03тө болгон. Күчү үч баллга жеткен силкинүү Алай районунун Кара-Киндик айылында эки баллга чейин сезилди. Кыйроо жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Швеция: мыйзамсыз миграциянын схемасы

Azattyk.org 

Швециянын TV4 телеканалы мыйзамсыз миграцияга өбөлгө түзгөн өкмөттүк системадагы өксүктөр тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен бирге жүргүзгөн иликтөөсүн жарыялады.

Жогорку Кеңеш коррупция маселесин талкуулайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы коррупция маселесин талкуулайт. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун айтымында, жемкорлукка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселеси 5-декабрдагы жалпы жыйындын күн тартибине кирди. «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев «Кыргызстандын ички жана тышкы коопсуздугу боюнча өкмөттүк саат же өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуш кылганын, бул кылдат маселе болуп жатканын» эскертти.  Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы Коопсуздук кеңешинин жыйынында... Читать дальше...


Музыкальные новости
Михаил Кутушов

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Персональные новости
#123ru.net

Заместитель генерального директора сети клиник «Евроонко» выступил на конференции онкологов в Белгороде





Американын адам укуктары боюнча мыйзамы Гонконгдо туруксуздукту алып келди

Ca-irnews.com (kg) 

Гонконг автономдуу районунун губернатору Американын митингчилерди колдогон акыркы мыйзамы аймакта туруксуздуктун келип чыгышына себеп болгонун жана Вашингтонго каршы чараларды кабыл аларын эскертти.

Жапонияда аялдардын укугун талашкандар кол топтоп жатышат

Azattyk.org 

Жапонияда кыз-келиндер жумушта көз айнек тагынууга жана жалпак бут кийим кийүүгө тыюу салган эрежелерге каршы өнөктүктү улантып жатышат. Күн чыгыш өлкөсүндө аялдардын ажарын бузат деп көз айнек тагынууга уруксат берилбейт. Ошондой эле аялдар кеңседе бийик такалуу бут кийим кийип жүрүүгө милдеттүү.  Активист Юми Исакава петиция жарыялап, кол топтоодо. 3-декабрдагы маалыматка ылайык, онлайн петицияны 31 миң адам колдоду. «Бут жана оору» деген маанини туюндурган акция Жапонияда жылдын башында башталган.

Филиппинде «Каммури» бороону бир өмүрдү жалмады

Azattyk.org 

Филиппинди каптаган «Каммури» бороону бир кишинин өмүрүн алды. Жүз миңдеген тургун коопсуз жайларга көчүрүлдү. Шамалдын ылдамдыгы саатына 235 чакырымга жетип жатат.  Баш калаа Манилада окуу жайлар жана мамлекеттик мекемелер жабылды. 3-декабрдагы кабарга ылайык, аэропортто 500дөй авиакаттам токтотулду.  Бул жыл башынан өлкөгө бүлүк салган жыйырманчы тайфун.

Бишкекте Манас күнүнө карата маданий иш-чаралар өтөт

Azattyk.org 

4-декабрь - Манас күнүнө карата Бишкектеги Улуттук филармонияда 13:30да «Манас» эпосуна арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Ага чейин Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө «Залкар манасчы» тасмасынын бет ачары болот. Саат 14:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери «Кагылайын Манасым» деген театрлаштырылган пролог тартуулап, ал концерттик программа менен коштолот. 2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзат... Читать дальше...

АКШда Камала Харрис президенттик жарыштан чыкты

Azattyk.org 

Калифорния штатынан шайланган демократ-сенатор Камала Харрис АКШ президенттигине ат салышуудан баш тартты. Талапкерлиги ийгиликтүү башталып, сурамжылоолордо мыкты натыйжаларды көрсөтүп келаткан 55 жаштагы Харрис акыркы убакта АКШнын негизги штаттарынан көп колдоо таппай калды. Ал электрондук почта аркылуу тараткан билдирүүсүндө күрөштү улантууга каржы тартыш болуп жатканын белгиледи.  Айрым серепчилердин айтымында, Камала Харристин популярдуулугунун түшүп кетиши анын саясий программасы так жазылбаганына байланыштуу болду. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Учения по ликвидации лесных пожаров прошли в Богородском округе





Путин в России и мире
Москва

Поведение Путина вызвало резонанс, потерянные в 90–е заводы возвращаются РФ


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Басманный суд Москвы арестовал продюсера Reuters Константина Габова за помощь ФБК в подготовке материалов



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Блогерша Алена Водонаева заявила, что ей нравится сын рэпера Джигана



Москва

И куда смотрит Екатерина Михайловна Мизулина (и вся "Лига безопасного интернета")?

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net