Reuters: Америка Рухани менен Зарифке виза берди
Reuters агенттиги Америка өкмөтү Ирандын президенти менен тышкы иштер министрине Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына катышуулары үчүн виза бергенин маалымдады.
Reuters агенттиги Америка өкмөтү Ирандын президенти менен тышкы иштер министрине Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына катышуулары үчүн виза бергенин маалымдады.
Американын тышкы саясат ведомствосу 19-сентябрда билдирүү жасап, Ооганстанга бөлүнгөн 100 млн. доллар жардамынан баш тартаарын жарыялады.
Базар-Коргон районунун Совет айылындагы «Жахабанын күбөлөрү» диний агымына таандык сыйынуу үйүнүн курулушу жана анын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондук мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысы, комиссиянын төрагасы Мурат Өскөнбаев билдирди. Өткөн айда айылдыктар сыйынуу үйүнүн курулушуна каршы болуп райондук жана жергиликтүү бийлик органдарына кайрылышкан. Анын негизинде түзүлгөн райондук комиссия териштирүү иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгында чечим кабыл алды. Читать дальше...
Тунис ЖМКалары өлкөнүн качкын президенти Сауд Арабияда көз жумганын кабарлады.
Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кийинки жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинаны кайрадан чакырышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 19-сентябрда комиссия кезектеги жыйынын өткөрүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрөгасы Абдил Сегизбаев менен президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиевдин маалыматын угушту. Мындан сырткары 7-8-августтагы окуялар... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы өлкөлөрдүн аскердик бөлүктөрүнүн «Борбор-2019» аттуу биргелешкен машыгуулары өтүп жаткан Орусиянын Оренбург шаарына учуп кетти. Мамлекет башчы Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен бара турганын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Оренбургда куралдуу күчтөрдүн кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтөт. Мунун алкагында Кыргызстандын жана Орусиянын башчылары жолугушуу өткөрүп... Читать дальше...
2020-жылдагы бюджеттен саламаттык сактоо тармагына 800 миллион сомдон ашык каражатты аз берүү тууралуу сунуш коомдук уюмдардын жана бул тармактагы өз алдынча эксперттердин сынына кабылды. Ден соолукка кеткен акча үнөмдөлсө кайсы бейтаптар жабыр тартышы мүмкүн?
Президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча укук коргоо органдарына сурак берүүдө. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» өзү билдирип, бирок тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоого милдеттендирген кагазга кол коюп бергенин жүйө кылып, иштердин мазмунун ачыкка чыгарган жок. Коёналиев 11 айдан бери суралып жатканын кошумчалады. Турусбек Коёналиев Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчисинин кызматынан былтыр октябрда бошотулган. Читать дальше...
Бүгүн, 20-сентябрда, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Нур-Султанда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт.
Жогорку Кеңеш акыйкатчынын бир жыл ичиндеги ишинин баяндамасын укту.
Сириядагы Идлиб провинциясында ок атууну токтотуу боюнча эки резолюция Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган жок. Орусия жана Кытай көпчүлүк Батыш өлкөлөрү сунуш кылган резолюцияга вето коюшту. Ага чейин аны Коопсуздук кеңешиндеги 15 өлкөнүн 12си колдогон эле. Бул Орусиянын Сирияда жарандык согуш башталганы ок атууну токтотуу боюнча резолюцияга он үчүнчү жолу вето коюшу болду. Резолюцияны сунуш кылган Германия, Белгия жана Кувейт документ «гуманитардык гана максатты көздөй турганын» белгилеп... Читать дальше...
Sputnik агенттиги дүйнө чемпионатынын финалында кыргызстандык балбан менен күч сынаша турчу болгариялык спортчунун карьерасына көз жүгүрттү.
АКШ Иран боюнча маселелерди тынч жол менен жөнгө салгысы келет. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 19-сентябрда Абу-Дабиге жөнөгөнү жатканда билдирди. - Биз тынч жол менен жөнгө салууну каалайбыз. Муну биз көрсөттүк деп ойлойм, - деди Помпео. Мамлекеттик катчы кезектеги жолу Сауд Арабиясындагы мунай кендерине коюлган чабуул үчүн жоопкерчиликти Тегеранга жүктөдү. Помпео Перс булуңундагы бир да мамлекет бул чабуулга Ирандын тиешеси бар экенинен күмөн санабай турганын кошумчалады. Читать дальше...
Тунистин экинчи президенти Зин аль-Абидин бен Али каза болду. 83 жаштагы саясатчы «Араб жазы» аттуу саясий толкундоодон соң Сауд Арабиясына качып барып, ушул өлкөдө жашап жүргөн. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, бен Али ооруп, акыркы үч айда реанимацияда жаткан. Зин аль-Абидин бен Али 1987-жылы Тунистин президенттигине шайланган. Ал 2011-жылы январда өлкөдө нааразылык башталган соң Сауд Арабиясына качып кеткен. Тунис оппозициясы бен Алини «демократиялык баалуулуктарды сактабай, диктатура орнотту» деп сындап келген. Читать дальше...
Якутиялык бакшы Александр Габышевдин сапарлаштары анын маршруту менен сапарды улантат. 19-сентябрда Габышевди милиция кармап кеткени белгилүү болду. Аны Якутияга жеткирилери айтылууда. Бирок анын тарапкерлери жолду улантууга бул тоскоолдук болбой турганын айтып жатышат. 51 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй жыл башында жөө-жалаңдап жолго чыккан. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокер» деп эсептерин, Москвага 2021-жылы жетип, дубанын күчү менен президент... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясы мугалимдердин айлык акысын жана пенсияны жогорулатуу боюнча өкмөттүн иштерин талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында кабарланды. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева баш болгон өкмөт өкүлдөрү айлык акы менен пенсияны көтөрүү боюнча даярдык тууралуу маалымат берет. Буга чейин өкмөт 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көтөрүлөрүн жарыялаган. Бул үчүн кийинки жылга бюджеттен 8 миллиард сом керектелери айтылган эле. Читать дальше...
Кыргызстанда 15 миңге жакын ишкана иштейт, алардын 93 пайызы чакан ишканалар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда иштеп жаткан ишканалардын 26 пайызга жакыны соода-сатыкта, 15 пайызы өнөр жайында жана 12 пайызы курулуш тармагында иш жүргүзөт. Бул ишканаларда 2019-жылга карата 402 миңге жакын жеке ишкер эмгектенет. Чакан жана орто ишканалар өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 33 пайызын түзөт. Бүгүн Кыргызстанда ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленүүдө. (BkA)
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.