Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 24.07.2019

Атамбаев Москвада Путин менен жолукту

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Москвада жолукту. Бул тууралуу kremlin.ru сайты жазды. Жолугушуудан кийин Путин журналисттердин суроосуна жооп берди. «Эч кандай сыр жок. Силер билесиңер, мен дайыма азыркы жана жогорку кызматын калтырып кеткен кесиптештерим менен байланышка ачыкмын. Ооба, мен Алмазбек Шаршенович менен жолуктум. Биз Кыргызстандагы жана аймактагы абал боюнча сүйлөштүк. Мен өз позициямды ага жеткирдим. Кыргызстанды өнөктөш, жакын өлкө деп эсептейм. Читать дальше...



Чек ара талашы кантип чечилет?

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал орун алып, ок атылды. Кырдаалдан улам Ак-Сай айылынан 600гө жакын тургуну коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Ушул тапта Кыргызстан менен Тажикстан тарап чек арасындагы чырды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул жолу чек арадагы чырга эмне себеп болду? Эки тараптуу сүйлөшүүлөр кандай жыйынтык бериши мүмкүн? Чек ара чырын убактылуу эмес, биротоло чечүүнүн жолдору барбы жана аларды кантип ишке ашырууга болот?

Борис Жонсон премьер-министрлик кызматка расмий киришти

Azattyk.org 

Британияда көп жылдык салтка ылайык, Букингем сарайында ханыша Елизавета II премьер-министр Борис Жонсонду кабыл алды. Анда Жонсонго британ өкмөтүн жетектөө сунушталды. Борис Жонсон 23-июлдагы консерваторлордун шайлоосунда саясий атаандашы, Британиянын тышкы иштер министри Жереми Ханттан дээрлик эки эсе көп добуш алган. Буга чейинки Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте "Брекзит" келишимине байланыштуу бир канча жолу колдоо таба албай, ушул жылдын июнь айында кызматтан расмий кеткен... Читать дальше...

Казакстан: сот Жакишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошоткон жок

Azattyk.org 

Казакстанда Семей шаардык соту 24-июлда "Казатомпром” компаниясынын мурдагы жетекчиси Муктар Жакишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок. Жакишев 2009-жылы коррупция боюнча айыпталып, камакка алынган. Сот аны ошол жылы 14 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Семей шаардык соту 2018-жылы дагы Жакишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу өтүнүчтү четке каккан. Муктар Жакишевдин жактоочулары ал мурдагы банкир, Казакстандын биринчи президенти... Читать дальше...

Атамбаев Орусияга эмнеге кетти?

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Орусияга учуп кетти. Ал чет өлкөгө чыгышынын максатын түшүндүрбөй, Орусиядагы “жогорку деңгээлдеги жолугушууларга” Канттагы Орусиянын аба базасына конгон жеке каттамдагы учууну туура көргөн. Мындай кырдаалда Атамбаевдин өлкөдөн чыгышы ар кыл суроолорду жаратты. Бул суроолорду “Азаттыктын” Эксперттер талдайт берүүсүндө талкууланды. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, жарандык активист, Атамбаевди лидер катары тааныган КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов... Читать дальше...



"Бээжиндин касапчысы" көз жумду

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьерлери Баткенде жолугушту. Кытайдын мурдагы премьер-министри, Тяньаньмэнь көтөрүлүшүн ырайымсыз басууга буйрук берген жетекчи катары тарыхта калган Ли Пен 90 жашында көз жумду. Метеорологдор Парижде бейшембиде абанын температурасы 40 градустан ашат деп эскертишти

Мирзиёев менен Бердымухамедов телефондон сүйлөштү

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 24-июлда телефон менен сүйлөштү. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Анда Бердымухамедов Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктаганы, Өзбекстандын көп улуттуу элине бейпилдик, бакубаттык каалаганы айтылат. "Эки өлкөнүн башчылары боордош мамлекеттердин алака-катышы барган сайын чыңдалып жатканын канааттануу менен белгилешти. Ошондой эле эл аралык жана аймактык саясаттагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Читать дальше...

Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүдөн 24 млн. сом өндүрүлдү

Azattyk.org 

Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык туунду компаниялардан 24 млн. 275 миң сом салык өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме тараткан маалыматка караганда, Матраимовдор ээлик кылган «Д.Т», «ТКА», «Т.Т» ачык акционердик коомдору текшерилип, аталган үч ишканадан 18 млн. 33 миң 267 сом салык өндүрүлгөн. Ал эми Райымбек Матраимовдун жубайы кызматташкан чет өлкөлүк «Е.Е.S.» компаниясы текшерилип... Читать дальше...

Спикердин суроо жараткан мүлкү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун аялы үч жыл бою ишкердикке тиешелүү салыгын жашырып жүргөнү тууралуу маалымат тарады.

Баткен: чек арадагы сүйлөшүү уланууда

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырды чечүү, анын себептерин иликтөө жана абалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлеринин экинчи жолугушуусу өтүп жатат.

Муканбетов: Салык жыйноо 3,5 миллиард сомго кыскарды

Azattyk.org 

Экономика министри Санжар Муканбетов өкмөттүн 24-июлдагы жыйынында Кыргызстанда салык жыйноо 3,5 миллиард сомго кыскарганын билдирди. Ал муну көмүскө экономикадагы салыктык жоготуулар менен байланыштырды. Муканбетов «эксперттердин ар кандай баалоолору боюнча көмүскө экономиканын көлөмү 30 пайыздан ашык» деди. «Муну менен катар 1998-жылдан бери колдонулуп келаткан патент системасын да айта кетүү керек. Ал Эл аралык Валюта фондунун сунуштары боюнча салык алынуучу базанын өлчөмүн камтууну аныктоо үчүн гана кыска мөөнөткө ишке киргизилген. Читать дальше...

Аба ырайы: жамгыр жаабайт

Azattyk.org 

25-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36; Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37; Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27; Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27 градус болот. Читать дальше...

Абылгазиев: Өлкөдө 25 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарым жылда Кыргызстанда 108 ишкана ачылып, 25 миң 200 жумуш оруну түзүлгөнүн билдирди. Анын ичинен 23 миң 500 жумуш оруну жеке ишкерлер ачкан ишканаларга таандык. Ал бул тууралуу өкмөттүн 24-июлдагы жыйынында айтты. Абылгазиев жаңы жумушчу орундарды түзүү өкмөттүн негизги иши экенин белгилеп, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы иштерге токтолду. «Ачык тендердин жыйынтыгында «Макмал» кенине 75 миллион долларлык инвестиция келди. «Кичи Чаарат» ачууга даяр болуп калды. Читать дальше...

Атамбаев Канттагы авиабазадан учуп кетти

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июлда Канттагы авиабаза аркылуу Орусияга учуп кетти. Атамбаев менен чогуу КСДПнын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Асел Кодуранова, КСДПнын төрагасынын орун басары Мурадыл Мадеминов, КСДПнын мүчөсү Ирина Карамушкина жана КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков кетти. Жолдубаева Атамбаевди чакырган тарап РусДжет, ВС: RRJ-95B үлгүсүндөгү учакты жибергенин, аларды Москвада жолугушуулар күтүп турганын жазды. Бирок жолугушчу адамдардын атын ачык айткан жок.


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

Розенбаум жестко высмеял женщин, увлекающихся пластикой: “Посмотрите на этих губастых!”





Персональные новости
#123ru.net

Транспортный коридор «Север-Юг» станет катализатором социального и экономического развития стран Евразии и глобального Юга





Салянованын лицензияга байланыштуу соттук иши 1-августка жылдырылды

Azattyk.org 

Жогорку сот мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду 1-августка жылдырды. Жараян ишти карай турган соттук коллегиянын бир мүчөсү келбей калганына байланыштуу болбой калды. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова кабарлады. Парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Салянованын лицензияга байланыштуу иши Жогорку сотто быйыл жыл башында ишке кирген жаңы кодекстерге байланыштуу кайра каралганы жатат. Салянова 2010-жылы... Читать дальше...

Мирзиёев ишкерлердин имараттарын түрттүрүүгө тыюу салды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев облус, район жетекчилерине өтө чоң муктаждык, зарылдык болбосо ишкерлердин имараттары түрттүрүлбөшү керектигин эскертти. Бул тууралуу 23-июлда өкмөттүн жыйынында билдирди. "Бардык акимдерди ишкерлерге таандык имараттар негизсиз түрттүрүлүшүнө жол берилбей турганын эскертем", - деди өзбек президенти. Мунун алдында Кашкадарыя облусундагы Яккабаг районунда Бахиддин Исомов аттуу ишкер насыяга курган эки кабат дүкөнү менен цехин түрттүрүү үчүн келген район... Читать дальше...

Орусия: Лагердеги өрт боюнча ӨКМ кызматкерине кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө кызматы Хабаровск крайындагы лагерде төрт баланын өлүмү менен аяктаган өрткө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Эдуард Новгородцевге кылмыш ишин козгоду. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Новгородцев "Холодоми" тоо-лыжа комплексиндеги чатырлар лагеринде өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбай турганын билген, бирок чара көргөн эмес. Мунун алдында кырсыкка байланыштуу лагердин директору Максим Кузнецов менен анын негиздөөчүсү Виталий Бурлаков камакка алынган. Балдар лагеринде өрт 23-июлда түн ичинде тутанган. Читать дальше...

Клар Нуллис: Европада бара-бара күн мындан да ысыйт

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун метеорология агенттигинин басма сөз катчысы Клар Нуллис ушул тапта Европада адаттан тыш ысык аба ырайы климаттын өзгөрүшүнүн чоң белгиси деп билдирди. Ал мындай көрүнүш барган сайын күчөй туганын эскертти. Соңку күндөрү күн өтө ысып жаткандыктан француз бийлиги региондордо суу пайдаланууга чектөө киргизүүгө аргасыз болду. Быйыл катуу ысык өлкөдө экинчи жолу катталып отурат. "Метео Франс" агенттиги эртең, 25-июлда башкалаада абанын температурасы рекорддук 40 градустан ашаарын эскертти. Читать дальше...

Трамп салык декларациясы тууралуу сырды сот аркылуу коргойт

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресстин Өкүлдөр палатасынын бюджет комитетине, Нью-Йорк штатынын прокуроруна жана Нью-Йорк салык кызматына каршы сотко доо арыз менен кайрылды. Трамп анда өзүнүн салык декларациясы тууралуу маалыматтын берилишине тыюу салууну өтүнгөн. Ал АКШнын президенти болуп шайланганга чейин такай Нью-Йоркто жашаган. Бул тууралуу "CNBC" телеканалы маалымдады. АКШда демократтар президент Трамптын акыркы алты жылдагы салык декларациясын көрсөтүүнү талап кылып келет. Апрель... Читать дальше...

ИИМ: Атамбаев суракка келиши керек

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан кайткандан кийин суракка өзү келиши керек деп эсептейт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча комментарий берип жатып билдирди. «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин талабы боюнча Алмазбек Атамбаев күбө катары Тергөө кызматына суракка келиши керек. Мыйзам боюнча ИИМ анын өлкөдөн чыгуусуна тыюу сала албайт. Бирок ал мамлекетке кайра кайтып келерин жарыялады. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Генерал-полковник Алексей Воробьев высоко оценил подготовку кинологов Росгвардии к предстоящим соревнованиям по профессиональному многоборью


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Потапова обыграла Шнайдер на старте грунтового турнира WTA 1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Москвичам назвали пять мест, где можно полюбоваться цветущей сакурой





Путин в России и мире
Москва

Транспортный коридор «Север-Юг» станет катализатором социального и экономического развития стран Евразии и глобального Юга


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певец

Певец Григорий Лепс откроет караоке-бар Leps Bar в Петербурге



Москва

Столичных вандалов задержали в Новосибирском метро

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net