123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 20.07.2019

Иран: британиялык кемедеги 23 кишинин баары эсен-соо

Azattyk.org 

21-июлда Иран билдирүү таратып, 19-июлда кармалган Британиянын Stena Impero кемесинин экипажынын баардык 23 мүчөсүнүн ден соолугу жакшы экенини билдирди. Лондон мунай ташуучу танкердин кармалышын айыптап, ал Омандын айланасында мыйзамды бузбай сүзүп жүргөнүн айтып чыккан. Лондон Ирандын кылыгын “кастык аракет” катары сыпаттап, Тегерандын түшүндүрмөсүн четке какты. Ирандын Ислам Революциосынын сакчылары корпусу 20-июлда видео жарыялаган. Анда мунай ташуучу танкерди бир нече ылдам жүрүүчү кемелер курчап... Читать дальше...

Каталар бар, айыптуулар гана жок!

Azattyk.org 

Бул сатиралык жанытмадагы окуялар айрым өлкөлөрдөгү окуяларга окшошуп кеткени үчүн эч ким, жада калса аны жазган калемгер да, эч айыптуу эместигин эске алалык. Эмесе, “Күлкү кербен” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышына назар салыңыздар.

Араб туристтери жайлоону жакшы көрөт

Azattyk.org 

Расмий маалымат боюнча, Ысык-Көл облусуна өткөн жылы 1 миллион 20 миң киши келген. Быйыл аптапта көл жээги жергиликтүү эс алуучуларга толсо, Көк-Жайык, Каркыра жана Кырчын жайлоолору чет элдик меймандарды тосуп жатат. Айрыкча Кырчын этно-шаарчасы арабдардын эс алуу жайына айланды.



Жайлоонун касиетин качырып бүттүк

Azattyk.org 

Бүгүнкү күндөгү жайыттардын жана жайлоолордун кейиштүү абалда экени айтылып келет. Малдын саны көбөйгөнү жайыт талаш дагы күч алды. Бул көйгөйдөн кантип чыкса болот? Канткенде жайлоолордун экосистемасын сактап калабыз? "Жашыл планета" берүүбүздө ушул суроого жооп издейбиз.

Алайда «Сары-Таш - 2019» атайын тактикалык машыгуусу өттү

Azattyk.org 

Бүгүн, 20-июлда Ош облусунун Алай районундагы «Сары-Таш» машыгуу майданында «Сары-Таш — 2019» атайын тактикалык машыгуунун жыйынтыктоочу этабы өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ага президент, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков байкоо жүргүздү. Өлкө башчы курал-жарактар, аскер шаймандары жана согуш техникалары менен таанышып, улуттук коопсуздукту бекемдөө —  ички жана тышкы саясаттын негизги багыты экенин белгиледи. Президент бул... Читать дальше...

Сооронбай Жээнбеков Алайдагы алыскы айылдарга барды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда Ош облусунун Алай районундагы алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барды. Ал жерде мектептердин абалы менен таанышып, жергиликтүү элге жолукту. Аталган айылдар деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте жайгашкан.  Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тургундар Сары-Таш айылындагы №39 орто мектеп авариялык абалда экенин, ал эми Күн-Элек айылында мектептин жаңы имаратынын курулушу кечеңдеп жатканын айтышты. Тургундар медициналык кызмат көрсөтүүчү... Читать дальше...

Улан Эгизбаевдин элесине арналган футбол мелдеши өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Ак-Ордо ТЭЦ-2 жаңы конушунда «Азаттыктын»  кабарчысы Улан Эгизбаевдин элесине арналган футбол мелдеши өтүп жатат. Ага аталган конуштун көчөлөрүнөн баш-аягы беш команда катышууда. Ушул эле Ак-Ордо ТЭЦ-2 жаңы конушундагы эң чоң көчөлөрдүн бирине быйыл апрель айында Улан Эгизбаевдин ысымы ыйгарылган. Көчөгө журналисттин ысымын ыйгаруу жөнүндө чечимди жергиликтүү тургундар өздөрү кабыл алып, үйдүн дубалдарына «Улан Эгизбаев көчөсү» деген такталарды илишкен. Улан Эгизбаевдин көзү өткөнүнө быйыл бир жыл болот. Читать дальше...

Аракка ууланганы айтылган алты жаштагы бала чарчап калды

Azattyk.org 

Чүй облусунун Жайыл районунда аракка ууланганы айтылып жаткан алты жаштагы бала чарчап калды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жайыл районунун аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Болот Майканбаев кабарлады. «Бала эмнеден улам чарчап калганын азыр айта албайбыз. Себеби соттук-медициналык экспертизадан кийин акыркы жыйынтык чыгып, так диагноз ошондо коюлат. Алдын ала жыйынтык боюнча бала ичимдикке ууланган. Анткени алты жаштагы балага алкоголь катуу таасир берет. Биз күч кызматкерлерине бардык маалыматтарды бердик», - деди Майканбаев. Читать дальше...



Саакашвили Украинанын парламенттик шайлоосуна катышуудан баш тартты

Azattyk.org 

Грузиянын экс-президенти, Одесса облусунун мурдагы башчысы Михаил Саакашвили Жогорку Раданын кезексиз шайлоосуна катышуудан баш тартып, тарапташтарын Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин «Слуга народа» партиясына добуш берүүгө үндөдү. Мындай видеокайрылуусун ал «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. «Биздин программа алардыкы менен окшош. Биз президенттин партиясын сындабайбыз. Мен аларга мүмкүнчүлүк бериш керек деп ойлойм. Ошондуктан эгерде биздин партия беш пайыздык босого баллдан өтө албай калса... Читать дальше...

Иран Ормуз кысыгынан Британиянын эки кемесин кармады

Azattyk.org 

Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Ирандын бийлиги жума күнү Ормуз кысыгынан Британиянын эки кемесин кармап алганын билдирди. «Ассошиэйтед Пресс» агенттиги маанилүү делген деңиз жолунда чыңалуу күчөп баратканын жазды. Жереми Хант коопсуздук чаралары жана эки кемени, анын экипаждарын бошотуу боюнча британ өкмөтүнүн чукул жыйынында кемелердин кармалышын «жол берилгис» деп баалады. «Reuters» агенттиги Британиянын тышкы иштер министри Ормуз кысыгында кемелерге чектөө киргизүүдөн Иран... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Azattyk.org 

21-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36; Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37; Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28; Нарында түнкүсүн 9…14... Читать дальше...

Аракка ууланган алты жаштагы бала комадан чыга элек

Azattyk.org 

Чүй облусунун Жайыл районунда алты жаштагы балага арак ичиришкенден кийин ооруканага түшкөн факт сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, аталган окуя боюнча маалымат Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан 12-июлда келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу ооруканага түшкөн бала 2012-туулган П.Ю экенин аныктаган. Окуяга байланыштуу баланын апасы (П.А) суракка алынып, ал Ставропаловка айылында баш калкаларын айткан. Читать дальше...

«Коопсуз шаар»: айыппулдан бюджетке 166 млн. сом түштү

Azattyk.org 

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери 290 миң 858 жол эрежесин бузуу катталды. Анын ичинен 127 миң 396 айдоочу айыппулун төлөдү. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев төлөнгөн айыптардын жалпы суммасы 165 млн. 937 миң 145 сом болгонун айтты. Ал айыппулду убагында төлөбөгөн айдоочулардын автоунааларына чектөө киргизилерин эскертти. «Айыптын тууму өсүп, негизги айыппулдун көлөмүнөн ашып кеткен айыптар жакын арада сот аткаруучуларга жиберилет. Мыйзамдын... Читать дальше...

Жайытка курулган тамдар талаш жаратты

Azattyk.org 

Нарында жайыт талаш күч алды. Айрыкча Нарын менен Кочкор райондорунун арасында кызыл чеке урушка чейин жетүүдө. Малчылардын жайлоого батыша албай жатканын адистер малдын санынын көбөйгөнүнөн жана жайыт жерлерге элдин турак жай куруп, отурукташып алганынан көрүшөт.


Музыкальные новости
Елена Ходырева

Эксперты КА «Главный Советник» приняли участие в форуме «Тренды и антитренды корпоративного видео сегодня»





Персональные новости
Петербург

Путин отчитал Беглова за место Петербурга в туристическом рейтинге





Журналистиканын нугу өзгөрдү

Azattyk.org 

Бишкекте өткөн «Санарип трансформация шартында маалымат каражаттарындагы эркиндик жана плюрализм» аттуу эл аралык конференцияда Борбор Азия аймагына тиешелүү олуттуу маселелер козголду.

Түркияда улуттук оюндардын фестивалы өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн, 20-июлда Түркиянын Бурса аймагындагы Келеш Кожайайла жайлоосунда 16 түрк тилдүү мамлекеттерден келген спортчулар жана артистер катышкан фестиваль башталды. Бул жылы төртүнчү жолу уюштурулуп жаткан иш-чарага Кыргызстандан ырчылар жана спортчулар катышууда. Дүйнө этноспорт конфедерациясы жана Түркиянын маданият министрлигинин колдоосу менен өтүп жаткан фестивалда көкбөрү, күрөш, жаа атуу, тогуз коргоол жана ордо сыяктуу улуттук оюндар ойнотулат. Жергиликтүү серепчилер 2020-жылы Түркияда... Читать дальше...

Кыдыргычев Тоң райондук милициянын башчысы болуп дайындалды

Azattyk.org 

Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп Улан Кыдыргычев дайындалды. Мурда бул кызмат орунду Нургазы Увалиев аркалап келген, ал июнь айында ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулган.   38 жаштагы Улан Кыдыргычев буга чейин Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. (KS)

Жаңы кодекстер боюнча 570 киши абактан бошотулду

Azattyk.org 

2019-жылдын башынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу 570 киши абактан бошотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын коомдук кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканова билдирди. Анын маалыматына караганда, Жаза аткаруу кызматы жаңы кодекстер боюнча кайра карап чыгуу үчүн сотко 8590 ишти жиберген. Соттор учурда 7092 ишти карап бүттү. Анын ичинен 3100 кишинин жазасы өзгөртүүсүз калып, 721 адамдын ишин кароодон баш тартылды. 2701не мурда берилген жаза мөөнөтү өзгөртүлдү. Читать дальше...

Мирзахмедов: ӨКМдин түндүк борборунда каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов «Азаттык» радиосуна Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунда ири суммадагы каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди. Анын маалыматына караганда, аталган мамлекеттик ишкананын кызматкерлери министрге жетекчиси иштебей жатканын айтып арызданышкан. Мирзахмедов буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунун жетекчиси Асылбек Жусубалиев өткөн айдын башында иштен алынганын жана министрликте 10 кишиден турган топ түзүлүп, иликтөө жүргүзүлгөнүн айтты. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Федерация бокса России на ВДНХ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Хачанов: хочу вернуться в топ-10 ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Энергетические поля компенсируют растущие потребности в электроэнергии





Путин в России и мире
Москва

Путин удивился третьему месту Санкт-Петербурга в туристическом рейтинге


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Баста

Баста, Валерия и "Любэ" исполнили песни Муслима Магомаева



Москва

Жукову отказали в возврате прав на фонограммы песен «Руки вверх»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net