Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 17.07.2019

Иранда Загари-Ратклифф абактан психикалык ооруканага которулду

Azattyk.org 

Иранда улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүгө байланыштуу айыпталып, беш жылга камалган Британия жана Иран жараны Назанин Загари-Ратклифф абактан психикалык ооруканага которулду. 16-июлда "Назанин эркиндикке чыгарылсын" кыймылы аны Тегерандагы Эвин түрмөсүнөн Имам Хумайни ооруканасына алып кетишкенин маалымдады. Бирок атасына аны көрүп чыгууга уруксат берилбеди.  Загари-Ратклифф 2016-жылы кармалган. Ага "Иран өкмөтүн оодарууга аракет кылган" деген айып коюлган. Өзү муну моюнга алган эмес. Читать дальше...

Ысык-Көлдө моторлуу кайыктарды колдонууга тыюу салынышы мүмкүн

Azattyk.org 

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбай агенттиги Ысык-Көлдүн суусун таза сактоо максатында моторлуу кайыктарды колдонууга тыюу салууну көздөп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев билдирди: - Себеби, суунун булганышына көбүнчө моторлуу кайыктар себеп болот. Агенттик ага тыюу салыш үчүн сунуш даярдап жатат. Ишке ашып калса, суунун сапатынын жакшырышына таасир берет.  Рысалиев Ысык-Көлдүн суусу жылына үч жолу - туристтик сезондун башында, ортосунда... Читать дальше...

Мыйзам жана түшүнүк: эмне күчүндө?

Azattyk.org 

Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырды. Президент “ата мекенчилердин” камактагы саясатчылардын ишин акыйкат, калыс кароону камсыздап берүү өтүнүчүнө көңүл бурабы? Бул иштин жыйынтыгы өлкөдөгү сот акыйкаттыгынын абалын жана бийлик башындагылардын позициясын аныктайбы? Студиянын коноктору Жогорку Кенештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев.



Орусия: сот украин деңиз аскерлерин камоо мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

Орусиянын Москва шаарындагы Лефортов райондук соту 17-июлда Украинанын 24 деңиз аскерин камоо мөөнөтүн октябрь айына чейин узартуу тууралуу чечим кабыл алды.  Өткөн аптада Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөндө деңиз аскерлерин кое берүүнү өтүнгөн. Алардын бала-чакасынын абалын эске алууну суранган.  Былтыр 25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында Орусия Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кеткен. Читать дальше...

Украина: «Бук» ракеталык комплексин ташыган деп шек саналган киши кармалды

Azattyk.org 

Украинанын Улуттук коопсуздук кызматы малайзиялык MH17 каттамындагы учакты атып түшүргөн деген «Бук» ракеталык-зениттик комплексти ташыган деп шек жараткан бир жаран кармалганын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Виталий Маяков билдирди. Анын айтымында, кармалган жаран мындай комплексти Орусиядан машинесине чиркештирип алып Донецкке алып келген. Атайын кызмат аны телефонуна тартып алганы видео аркылуу аныктаган.  Улуттук коопсуздук кызматы кылмышка шектүү... Читать дальше...

Сот Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартууга макул болгон жок

Azattyk.org 

Аламүдун райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) сунушун кабыл алган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов кабарлады. Сот ишти 16-июлда караган. Анда прокурор соттолуучуга мунапыс мыйзам күчүнө киргенден кийин алты айга чейин колдонулушу керек экенин жүйө келтирген. - Сот прокурордун айынан үч жолу жылдырылды. 16-июлга саат 9:00гө жылдырылган сотко Камбаров деген прокурор жарандык формада келип... Читать дальше...



Сый тамактын айынан министр кызматтан кетти

Azattyk.org 

Украинанын аба мейкиндигинде 298 кишинин өмүрүн алган каргашага беш жыл. Малайзиялык учакты ким атканы боюнча эл аралык талаш токтой элек. Француз министри Франсуа де Рюжи мамлекеттин акчасын ысырап кылганы тууралуу иликтөөдөн кийин кызматтан кетти. Коррупцияга айыпталган Перунун мурдагы президенти АКШда кармалды. Эми аны мекенине өткөрүп берүү маселеси каралат. АКШ Түркияга аскердик F-35 учактарын сатпай турган болду.

Санкт-Петербургда табылган сөөк кыргызстандык жарандыкы болуп чыкты

Azattyk.org 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 6-июлда табылган өлүк кыргызстандык жарандыкы болуп чыкты. Ал Жалал-Абад облусундагы Каракөл шаарынын 34 жаштагы тургуну экенин, туугандары аны тааныганын Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Маркумдун сөөгү мекенине жөнөтүлдү.  17-июлдагы расмий маалыматка ылайык, маркумдун тек-жайы он күн аралыгында аныкталды, бирок өлүмдүн себеби такталып бүтө элек. Полиция өлүктү «Модуль» соода борборунун токтотмосундагы «Hyundai Elantra» үлгүсүндөгү машинеден тапкан. Читать дальше...

Зардалыдагы өмүр көпүрөсү

Azattyk.org 

Зардалы жана Кара-Бак айылынын тургундары 2016-жылы сел алып кеткен көпүрөнүн ордуна ашар жолу менен жаңысын курушту.

Бишкекте кафе жана сулуулук салону өрттөндү

Azattyk.org 

Бишкекте Жаш Гвардия – Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Али Хан» аттуу кафеден өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо тууралуу кабар 16:25те түшкөн. Кафеге жакын жайгашкан сулуулук салону да күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.

Путинге каршы чыккан активисттердин ишин тергөө аяктай элек

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы пикетке чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаевага карата кылмыш ишин тергөө аягына чыга элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, үчүнчү экспертизанын жыйынтыгына карап иш кыскарат же сотко өтөт. Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келерден бир күн мурун жарандык активист Нурлан Карымшаков аялы Гүлзана Имаева экөө Бишкектеги орус элчилигинин астына пикетке чыгышкан. Жубайлар 27-март күнү эртең менен колдоруна «Путин - агрессор... Читать дальше...

Конгодо эбола вирусу катталды

Ca-irnews.com (kg) 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Конго Демократиялык Республикасынын чыгышындагы Гома шаарында катталган эбола вирусу олуттуу кесепеттерге алып келиш ыктымал экенин эскертти.

«Ашардын» мааракеси үчүн ашарга!

Azattyk.org 

Мындан 30 жыл илгери, 1989-жылдын 15-июлунда «Ашар» уюмун негиздөө максатында жыйын болгон. «Ашар» уюмунун мааракеси тууралуу тарыхчынын блогу.

Абылгазиев: Кыргызстан санариптештирүүдө Түштүк Кореядан тажрыйба алат

Azattyk.org 

Кыргызстан санариптештирүүдө Түштүк Кореядан тажрыйба алат. Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте өтүп жаткан «Кыргызстан - Түштүк Корея» бизнес-форумунда билдирди. Анын айтымында, Түштүк Корея Кыргызстан үчүн ар тараптуу өнүгүүнүн үлгүсү. - Түштүк Корея дүйнөдөгү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн алдыңкы катарында турат. Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия мейкиндигиндеги өзүнүн абдан жакын өнөктөштөрүнүн бири деп эсептейт. Бизнес-форумга Түштүк Кореянын өкмөт башчысы өзү катышып жатканы да эки өлкөнүн... Читать дальше...

Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду

Azattyk.org 

2022-жылы Катарда боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан менен мөрөй талаша турган атаандаштар аныкталды. Азия футбол конфедерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн, 17-июлда аталган уюмдун Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында жайгашкан башкы кеңсесинде (штаб квартирасында) чүчү кулак кармоо аземи болду. Чүчү кулак кармоого ФИФАнын 14-июнда жарыяланган рейтингине жараша бөлүнгөн Азия чөлкөмүнүн 40 командасы катышып, сегиз тайпага бөлүндү. Читать дальше...

18-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызстанда 18-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.  Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38; Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 32…37; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38; Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30; Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз... Читать дальше...


Музыкальные новости
БГАТОиБ

Школьники могут принять участие в конкурсе видеороликов «Байкал без пластика»





Персональные новости
Анфиса Чехова

Отец из Панамы, школьная любовь и любимая еда: Елена Борщёва раскрыла все тайны на шоу ТВ-3 «Вкусно с Анфисой Чеховой»





Еврокомиссияны аял саясатчы жетектейт

Azattyk.org 

Евробримдиктин жаңы парламенти узак соодалашуудан жана талаш-тартыштан кийин Европа комиссиясынын президенттигине Урсула фон дер Ляйенди бекитти.

Абылгазиев: Кыргыз-корей соодасы 30 млн. долларга жетти

Azattyk.org 

2018-жылы Кыргызстан менен Кореянын ортосунда товар алмашуунун көлөмү 30 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте өтүп жаткан “Кыргызстан-Түштүк Корея” бизнес-форумунда билдирди. Иш-чарага Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып жатат.  "Кыргыз- корей соода-экономикалык карым-катнашын жакшыртууга бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Азыркы учурда Кыргызстанда корей капиталы менен кызматташкан миңге жакын ишкана бар. Читать дальше...

Бишкекте кафени өрт чалды (видео)

Azattyk.org 

Бишкекте Жаш Гвардия – Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Али Хан» аттуу кафеден өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо тууралуу кабар 16:25те түшкөн. Учурда окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. «Азаттыктын» кабарчысы Гулжан Турдубаеванын өрт чыккан жерден билдиргенине караганда, күбөлөр үч киши кафенин ичинде экенин айтышкан. Өрттүн себептери жана жабыркагандар бар-жогу айтыла элек. (КЕ)

Башкы штаб: аскерлерди сабаган деп шек саналган кызматкер иштен алынды

Azattyk.org 

Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат мөөнөтүн өтөп жаткан айрым жоокерлер армияда узак убактан бери чоңсунууга туш болуп келатышканын билдиришти. Бул тууралуу аскер бөлүктөрүндөгү мыйзамдуулуктун жана уставдын сакталышын текшерген учурда белгилүү болгонун «Азаттыкка» Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева билдирди: - Комиссия ар бир аскер бөлүгүнө берип текшерүү жүргүзүп жатканбыз. Ошондо кызмат мөөнөтүн өтөп жаткан жоокерлер арасында анонимдүү сурамжылоо уюштурулуп, бир канчасы ушундай факт болгонун билдиришкен. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия обеспечила правопорядок во время футбольного матча «ЦСКА» - «Спартак» в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В СВАО Москвы реконструируют дорогу и построят мост





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время пути поездов от Москвы до Черноморья до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Ирина Серегина

Сотрудники Росгвардии Московской области написали «Диктант Победы»



Москва

Пыль из пустыни Сахара добралась до улиц Москвы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net