123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 03.07.2019

Мамлекеттин келечеги үчүн ким жооптуу?

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамы алынгандан кийинки кырдаал коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Саясий чөйрөдө абал опурталдуу деп бааланып, бийлик жана анын каршылаштары кыска кызыкчылыктардын деңгээлинен көтөрүлүп, мамлекеттүүлүктү, биримдикти, туруктуулукту сактап калуунун камын көрүшү керектиги айтылууда. Жогорку Кеңештин экс-президенттен кол тийбестикти алуу боюнча чечими мурдагы жана азыркы президенттердин өзүн барымтага алып койгон жокпу? Кризистик кырдаалдан чыгуунун кандай жолдору бар? Читать дальше...

Кылычбек Султан УКМКга 4-июлда да сурак берет

Azattyk.org 

Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук комитетинен (УКМК) сурактан чыкты. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакуновадан алынган маалыматка караганда, ал бүгүн төрт саат суракта болду. Сурак эртең, 4-июлда да уланат.   Адвокат да, Кылычбек Султан да сурактын жүрүшү тууралуу маалымат таратпоо жөнүндө тил кат жазып берген. Мындан улам Токтакунова анын УКМКга эмне үчүн чакырылганынын чоо-жайын айткан жок.  Буга чейин УКМК Кылычбек Султан мурда козголгон... Читать дальше...

Ак-Сайдын тургундары Ворух-Исфана жолун бууп турушат

Azattyk.org 

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылынын жашоочулары бүгүн, 3-июлда коңшу өлкөнүн Исфана аймагын Ворух анклавы менен байланыштырган жолду бууп коюшту. Буга бүгүн аксайлык ишкерди тажикстандык жаран сабап качып кеткени түрткү бергени айтылууда.  Маалыматтарга караганда, жабыркаган ишкер өзүнүн май куйган бекетинде тажикстандыктын автоунаасына газ толтуруп жаткан учурда коңшу өлкөнүн башка бир жараны келип, таяк менен башка чаап, андан кийин машинесине отуруп качып кеткен. Жергиликтүү ишкер жаракат менен ооруканага жаткан. Читать дальше...



Орусия ракеталарды жок кылуучу келишимден чыкканын мыйзамдаштырды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин жакынкы жана ортоңку аралыкка уча турган ракеталарды жок кылуу боюнча келишимди токтотуу тууралуу мыйзамга кол койду.  Документ 3-июлда укуктук маалымат жайгаштырылган расмий сайтка жарыяланды.  Мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думага Владимир Путин киргизген жана документ парламентте колдоо тапкан.  Ушул жылдын март айында Путин жакынкы жана ортоңку аралыкка уча турган ракеталарды жок кылуу тууралуу келишимди токтотуу жөнүндө буйрук чыгарган. Муну аталган келишимдин шарттарын АКШ бузганы менен негиздеген. Читать дальше...

Өзбекстан: мурдагы башкы прокурор үй камагына чыкты

Azattyk.org 

«Азаттыктын» өзбек кызматы бийликтеги жана башка ишенимдүү булактарына таянып, өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Отабек Муродов үй камагына чыгарылганын жазды. Ага ылайык, Муродов күнөөсүн мойнуна алды жана тергөө менен кызматташууга макул болду. Ошондой эле өлкөдөн эч кайда чыкпоо, Интернет колдонбоо өңдүү талаптарга көндү.  Өзбек бийлиги мурдагы башкы прокурорго байланыштуу соңку жагдай тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.  2018-жылдын январынан бери башкы прокурор болуп иштеп жаткан Муродов кызматтан 20-июнда кызматтан алынган. Читать дальше...

Бишкекте чет элдик жаранды сабоого шектүү киши кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык милициясы «Айчүрөк» соода борбору тарапта нигериялык жаранды сабады деген киши 3-июлда кармалганын билдирди. Ал Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган тургуну болуп чыкты.    Жабыркаган чет элдик 2-июлда токмок жеп, Улуттук госпиталга түшкөн. Ал жактан милицияга кабар берилген. Күбөлөр Нигериянын 1985-жылы туулган жаранын белгисиз киши ур-токмокко алганын билдиришкен. Азыр ал реанимацияда экени кабарланды. Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы окуяны Жазык кодексинин 138-беренеси... Читать дальше...

Шыкмаматов: Атамбаев - ультрарадикал оппозиция

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов Бишкекте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары уюштурган тынч митинг жана анда айтылган пикирлер боюнча «Азаттыктын» суроосуна жооп берди. Ал Атамбаев бийликти бир тараптуу сындаган ультрарадикал оппозиция болуп жатканын айтты. Ошондой эле андан экс-президент макамынын алынышы, андан кийинки иштер боюнча Башкы прокуратура элге маалымат берип турушу керек деп эсептейт. ​- Саясий кризис дегенге кошулам, - деди ал. Читать дальше...



Ысык-Көлдө эки жигиттин чөгүп кетиши иликтенип жатат

Azattyk.org 

"Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, бүгүн, саат 12:00 чамасында Тоң районундагы  "Аалам Ордо" комплексиндеги көл жээгинде сууга түшүп  жаткан эки жаран чөгүп кеткен. Алар - 21 жана 29 жаштагы жигиттер.  Окуя болгон жерге Бөкөнбаев айылдык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери чакырылган. Мындан тышкары Каракол шаарынан дагы суучулдар жиберилген.  Бирок көлдөгү катуу толкун эки жигиттин сөөгүн жээкке чыгарып койгон. Азыр укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Бишкектеги митинг бийликке мөөнөт чектеди

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары Бишкекте өткөргөн митингде бийликке бир нече талап коюлуп, резолюция кабыл алынды. Анда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкен убактан тартып шайлоо өнөктүгүндө айткан убада, ураандарынан четтегени белгиленген. Мындан сырткары мыйзамсыздыкты токтотуу, өкмөттү кызматтан кетирип, элдик өкмөттү шайлоо, УКМКнын, Башкы прокуратуранын, ИИМдин жетекчилерин тезинен алмаштыруу, камакта мыйзамсыз отурган саясий оппонеттерди бошотуу, чуулгандуу... Читать дальше...

АКШ Казакстандан акыл сурайт

Azattyk.org 

Триполинин четиндеги качкындар лагерине урулган соккудан кеминде 40 киши каза тапты, 80 адам жарадар болду. АКШ Казакстанды Сириядан жарандарын кайтаруу, коомго аралаштыруу тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырды. Чилинин жашоочулары менен миңдеген турист Кокимбо чөлүндө күндүн тутулушуна байкоо салып турушту.

Атамбаев: азыркы парламент тарап, өкмөт кетиши керек

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында өтүп жаткан тынч митингде сөз сүйлөп жатып, азыркы парламент тарашы керек деген пикирин айтты. Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт иштебей жатканын белгиледи: - Абылгазиев менен Сооронбайдын колунун эч нерсе келбейт. Жаш жигиттерди алып барса ошондо өлкө өнүгөт. Мен анын (Сооронбай Жээнбеков – ред.) өзүнө деле айткам, «телефонду жакшы колдонгонду билбейбиз, жаштар келиши керек» дегем. Анан «санариптештирүү» деп дүйнөгө уят болуп жатабыз. Читать дальше...

Давид-Мария Сассоли Европарламенттин төрагасы болуп шайланды

Azattyk.org 

Европа парламентинин жаңы курамы 3-июлда спикер кылып италиялык Давид-Мария Сассолини шайлады. Ал экинчи айлампада үч атаандашынан көп добуш алып утуп чыкты. Сассолинин талапкерлигин 345 депутат колдоду, бул Европарламенттеги жалпы депутаттардын теңине жакынын түзөт.  Мунун алдында Европанын лидерлери «эки башкы кызматты аялдар ээлесин» деген Франциянын президенти Эммануэл Макрондун сунушуна макул болушкан. Ошондон улам Европа Комиссиясынын жетекчилигине Германиянын коргоо министри Урсула фон дер... Читать дальше...

Американын Ирандын жүргүнчү учагына кол салуусунун жүрөк үшүн алган жана жарыялана элек сүрөттөрү

Ca-irnews.com (kg) 

Мындан 31 жыл мурун, 1988-жылы 3-июлда Ирандын “Iran Air” авиакомпаниясына таандык  Airbus A300B2-203 жүргүнчү учагы Тегерандан Дубайга учуп бара жатканда Перс булуңунда жүргөн Американын аскер-деңиз флотуна таандык “Vincennes” ракеталык крейсери ракета менен атып түшүргөн.

ИИМ: Теңиздеги тополоңдун «негизги уюштуруучусу» кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тугумбаев Атырау облусундагы Теңиз мунай кениндеги калайман мушташтын «негизги уюштуруучусу» деп шек саналган бир адам камакка алынганын, дагы бир топ адамга байланыштуу иликтеп-тергөө жүрүп жатканын билдирди. Ал кармалган жарандын тек-жайы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.  Министрдин маалыматына караганда, «Адамдын денесине залал келтирүү», «Бейбаштык» беренелери менен бир канча кылмыш иши козголду.  Теңиз кенинде 29-июнда жергиликтүү жумушчулар чет өлкөлүктөргө кол көтөргөн... Читать дальше...

Оштогу Атамбаевдин ишинин изи чыкты

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Оштогу ишкер Жалил Атамбаевге тиешеси бар деп саналган ишканалардын салыктарын териштирүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады.

Орусиянын энергетика министри: Иран Жакынкы Чыгыштагы туруксуздукка себепкер эмес

Ca-irnews.com (kg) 

Орусиянын энергетика министри Александр Новак Американын жана башка батыш өлкөлөрүнүн Иран Батыш Азиядагы туруксуздукка себепкер деген билдирүүлөрүн четке кагып, Тегеранга каршы санкцияларды “мыйзамсыз” деп атады.

Равшан Жээнбеков оппозиция менен бийликти диалогго чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Равшан Жээнбеков оппозиция менен бийликти диалогго чакырды. Ал бул тууралуу Бишкекте, «Медиа Форум» имаратында өтүп жаткан, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары уюштурган тынч митингде сөз сүйлөп жатып билдирди: - Мен президенттен суранар элем: али да болсо кеч эмес, диалогго, тегерек үстөлгө отуралы. Кыргызстан оор саясий кризиске келип такалды. Биз муну моюнга алышыбыз керек. Биз оппозиция катары баарыбыз биригип, бийликке каршылык көрсөткөндү... Читать дальше...


Музыкальные новости
Семён Слепаков

Shot: комик Семен Слепаков решил ликвидировать ИП в России





Персональные новости
БГАТОиБ

Фестиваль оперы имени Лхасарана Линховоина открылся оперой «Князь Игорь»





Жумабеков: Депутаттар жакшы иштегени үчүн сын укту

Azattyk.org 

Төрага Дастанбек Жумабеков VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясында эл өкүлдөрү жакшы иштеп, маанилүү мыйзамдар кабыл алынды деп эсептейт. Мындай пикирин төрага сессияны жыйынтыктаган басма сөз жыйынында билдирди.

Карамушкина: парламенттин тарашын талап кылабыз

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Ирина Карамушкина парламенттин тарашын талап кылышарын бүгүн, 3-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анык тарапкерлери Бишкекте өткөрүп жаткан митинг учурунда билдирди. Ал «парламенттин соңку жыйыны Кыргызстанда мыйзам бузулуп жатканда депутаттарга ишенүүгө болбой калганын көрсөттү» деп билдирди. «Медиа Форумда» өткөн митингге Алмазбек Атамбаев өзү да катышууда. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Анвар Артыков... Читать дальше...

Евробиримдиктеги талаштуу тандоо

Azattyk.org 

Үч күндүк талаш-тартыштан жана бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдөн кийин Европа Биримдиги беш жылдык мөөнөткө аткаруу органдарына жаңы адамдарды тандоого жетишти.

Премьер-министр Нигериянын жаранын сабагандарды табууну тапшырды

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын борборунда Нигериянын жаранын сабаган күнөөлүүнү тез арада табууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырды. Өкмөт башчы шашылыш түрдө чуулуу окуяга тиешеси бар күнөөлүүнү тез арада кармоого ыкчам иш-чараларды жүргүзүп мыйзам жоопкерчилигине тартууга тийиш экенин белгиледи. Абылгазиев жабыр тарткан Нигерия жаранынын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттык сактоо министрлигине табыштады.  Улуттук госпиталдан алынган маалыматка караганда... Читать дальше...

Кремль кырсыктаган кеме тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков 14 деңиз аскеринин ажалына себеп болгон суу алдындагы кеме тууралуу маалымат берилбей турганын айтты. Песков муну мындай маалыматтын купуялыгы менен түшүндүрдү. Ошондой эле деңиз аскерлери кандай тапшырма менен жүргөнүн да айткан жок. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги кабарлады.  Бирок орус бийлиги кемедеги өрттөн ажал тапкан деңиз аскерлери Санкт-Петербургдан барган офицерлер экенин ырастады. Бул тууралуу аталган шаардын... Читать дальше...

Молдакун Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу үчүн уюштуруу комитети түзүлдү

Azattyk.org 

Жайыл районунда Көкөмерен суусуна машинеси менен кошо агып кеткени айтылган өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка караганда, өкмөттүн облустагы өкүлү Алтынбек Намазалиев бүгүн, 3-июлда Абдылдаевдин машинесин издеп табуу иштери боюнча чукул жыйын өткөрдү. Маркумдун зыйнаты качан, кайсы жерде болору азырынча айтыла элек. Өзгөчө кырдаалдар... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Актера Свиридова госпитализировали из-за инфицирования после операции в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Российская теннисистка Калинская покинула WTA-1000 из-за проблем со здоровьем


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Выпуск ЦФА на платформе «Атомайз» поможет снизить нагрузку на экологию





Путин в России и мире
Москва

Путин уточнил у Беглова причины снижения популярности Петербурга у туристов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

«С какой целью вы пришли почтить память? Он вам родственник?» В Москве осудили девушку, которая пришла возложить цветы в память о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Олег Митяев

Олег Митяев отменил концерты в Тюмени и Тобольске



Москва

Фролов: Конвенциальной войны Россия-НАТО не будет – только ядерная

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net