123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 14.07.2019

Элчи Дэррок: Трамп Обамага өчөшүп келишимден чыккан

Azattyk.org 

Британиялык бир нече басылма Вашингтондогу мурдагы элчи Ким Дэррок Лондонго жөнөтүп турган телеграммалардын дагы бир бөлүгүн жарыялады. Гезиттердеги маалыматка караганда элчи АКШ президенти Доналд Трамптын Иран менен өзөктүк келишимден чыгышын жеке себептери менен байланыштырат. Эмне дегенде документке президент Барак Обама кол койгон. Мындай мамилени Дэррок «дипломатиялык вандализм» деп атаганын "Daily Mail" жазат. Ал эми "The Sunday Times" жашыруун телеграммалардын ачыкка чыгып кетишине чет өлкөлүк хакерлердин тиешеси жоктугун баяндайт. Читать дальше...

Ооганстандын чыгышында журналистти өлтүрүп кетишти

Azattyk.org 

Ооган полициясы Пактия чөлкөмүндө радио журналист киши колдуу болгонун маалымдады. Надер Шах Шахибзаданын сөөгү ишембинин кечинде, дайынсыз жоголгондон бир күн өткөндөн кийин табылган. Полициянын башчысы Мохаммад Хосман Янбаздын айтымында, "Радио Гардестин" алып баруучусу кандай жагдайда ажал тапканы, кылмыштын анын кесиптик ишмердигине байланышы иликтенүүдө. Кол салуунун артында ким турганы белгисиз. "Талибан" кыймылы жана “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлери журналисттерди бутага... Читать дальше...

Москвада калыс шайлоону талап кылган акция өтүп жатат

Azattyk.org 

Москванын борборунда бир миңдей киши оппозиция өкүлдөрүн баш калаанын думасына талапкерлердин тизмесине киргизүүнү талап кылып жатышат. Шаар бийлиги акцияга уруксат бербегендиктен иш-чара «шайлоочулар менен жолугушуу» форматында башталган. Буга чейин аймактык шайлоо комиссиялары бир катар оппозициялык талапкерлер тапшырган документтерде жараксыз колдор көп деп аныктаганы белгилүү болгон. Эми алар каттоодон өтпөй калышы ыктымал. Оппозициячылар өздөрү колдордун жараксыз деп табылышын мыйзасыз деп эсептешет. Читать дальше...



«Баарыңар эле айтып калдыңар…»

Azattyk.org 

Рыскул Калдыманов айылда жашап, мезгилдүү басма сөздө жарыяланган азыноолак чыгармалары болбосо, адабий процесске кызуу аралашкан жок.

Кыйноонун алдын алуу борбору Саляновадан кабар алды

Azattyk.org 

Кыйноонун алдын алуу борбору Бишкектин №1 тергөө абагында кармалып турган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын абалынан кабар алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган борбордун директору Нурдин Сулайманов кабарлады. Анын айтымында, Салянова ага саламаттыгы начарлап, кыйналып жатканын билдирген. «Өзүнүн айтымы боюнча, «чынында эле кыйналып жатам» дейт. Күн ысык, камерасында желдеткич бар экен, аны иштетсе ооруп калып жатыптыр. Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) дарыгерлери «ооруканага которууга муктаждык жок» деп атышат. Читать дальше...

Чүйдө түрмөгө нашаа алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Azattyk.org 

Чүй облусунун Петровка айылындагы түрмөгө 3 киллограммдан ашык нашаа алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, милиция сөз болуп жаткан кишини түрмөнүн жанынан кармаган. Текшерүү маалында анын жанынан жети ором нашаа табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



15-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Чукул билдирүү: 13-15-июлда күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Аба ырайы: Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36; Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36; Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29; Нарында түнкүсүн 8…13... Читать дальше...

Жынысын өзгөртө алган ургаачы балык

Azattyk.org 

Кишини жүзүнөн таанычу акылдуу айнек. Жынысын өзгөрткөн ургаачы балык. 113 миллион жыл мурдагы лилия гүлү. Бээжиндеги 11,3 миллиард долларлык мега-аэропорт.

«Bloomberg»: АКШ С-400 комплексинен улам Түркияга санкция киргизет

Azattyk.org 

Түркия Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алганы үчүн АКШ ага каршы жакынкы күндөрү санкция киргизет. Бул тууралуу «Bloomberg» агенттиги өз булактарына таянып жазып чыкты. Маалыматка ылайык, президент Дональд Трамптын кеңешчилер тобу үч санкциялар пакетин даярдаган. Учурда АКШ президенти алардын бирин бекиткени турат. Санкцияда кандай чаралар бар экендиги азырынча жарыялана элек. Түркия 2017-жылы Орусиянын С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык системасын сатып алууга келишим түзгөн. Читать дальше...

Нью-Йоркто электр жарыгы калыбына келди

Azattyk.org 

АКШнын Нью-Йорк шаарында электр жарыгы менен камсыз кылуу калыбына келди. Ишемби күнү кечинде шаардын борбордук бөлүгү Манхэттен жарыксыз калган. Блэкаут деп коюшкан бул электрдин өчүшүнөн 70 миңге жакын адам жарыксыз отурду. Метро токтоп, көптөгөн адамдар вагондордон жана көп кабаттуу үйлөрдүн лифттеринен чыга албай калышты. Жол чырактар иштебей, көчөлөрдө тыгын пайда болду. Бродвейде спектакль үлгүлтүккө учурап, айрым чыгармачыл топтор көчөлөрдө өнөрүн көрсөтүштү. «Madison Square Garden» залында... Читать дальше...

Жаштардын күрөш боюнча Азия чемпионаты: Кубатов финалда

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Байсал Кубатов күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушу тапта Тайланддын Чонбури шаарында өтүп жатат.  «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтындагы маалыматына таянсак, Байсал Кубатов эркин күрөштөн 86 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты. Кубатов мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач түштүк кореялык Жеонгву Паркты 2:2 эсебинде, жарым финалдык беттеште кытайлык балбан Тең Жаону 7:2 эсеби менен утуп, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Читать дальше...

Бангладештин мурдагы диктатору Хуссейн Эршад каза болду

Azattyk.org 

Бангладештин мурдагы аскер диктатору Хуссейн Мухаммед Эршад 91 жаш курагында каза болду. Ал 1982-жылдагы аскердик төңкөрүштөн соң бийликке келип, өлкөнү 1990-жылга чейин башкарган. Мурдагы аскердик лидер бир топ оорудан жабыркап, июндун аягында ооруканага жаткырылган эле. 1990-жылы өлкөдөгү нааразылык акциясынан соң бийликтен кеткен Эршад кийин түрмөгө да отуруп чыккан. Бирок кайра саясатка кайтып, өмүрүнүн аягына чейин парламенттеги оппозициянын лидери болуп турган.

Кыргызстандын эң кымбат футболчусу Беларуста ойнойт

Azattyk.org 

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин Беларустун «Динамо» футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлады.  Кичин жаңы клубда 12 катар санында ойномокчу.  26 жаштагы коргоочу «Динамо» клубу менен канча жылга келишим түзгөнү азырынча белгисиз. Кичин буга чейин үч жыл катары менен орусиялык «Енисей» клубунда Орусиянын улуттук жана премьер-лигаларында ойногон. Эл аралык «Трансфер маркет» (www.transfermarkt.com) басылмасы Валерий Кичинди... Читать дальше...


Музыкальные новости
Фрэнк Синатра

Леонардо ДиКаприо может сыграть Фрэнка Синатру в новом байопике Мартина Скорсезе





Персональные новости
Владимир Путин

Владимир Путин поздравил ветеранов с 50-летием начала строительства Байкало-Амурской магистрали





Маркум Молдакун Абдылдаевдин уулунун сөөгү табылды

Azattyk.org 

Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясынан өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, маркум Молдакун Абдылдаевдин уулу Илимдин сөөгү табылды. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты. Маалыматка ылайык, сөөк бүгүн дарыядан табылган. Абдылдаев, анын аялы, баласы жана 8 жаштагы небереси, айдоочусу түшкөн автоунаа 30-июнда Суусамырга Кожомкулдун 130 жылдыгына бараткан учурда кырсыкка кабылып, Көкөмерен дарыясына агып кеткен. 2-июлда Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун, 4-июлда небереси Сафиянанын сөөктөрү табылып... Читать дальше...

Путинге каршы жолго чыккан бакшы Читада нааразылык акциясына катышты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путинге карыш жөө жүрүшкө чыккан якутиялык бакшы Александр Габышев Чита шаарында массалык митингге катышты. Шаарда гайд-паркта өткөн митингди «Жарандык тилектештик» уюму жана коммунисттер уюштурган. 700дөн ашык киши топтолгон митингдин башкы урааны «Путинсиз Орусия» болду. Митингде сөз сүйлөгөн бакшы Габышев Путинге каршы сөз сүйлөп, эки жыл ичинде Москвага жетүүнү көздөп жатканын билдирди. 51 жаштагы Александр Якутск шаарынан Москваны көздөй беш ай мурда чыккан. Читать дальше...

Элет эңсеген бала бакча курула баштады

Azattyk.org 

Араван районундагы Юсупов айыл аймагында бала бакча жетишсиздигинен башталгыч мектептин эки каанасы бала бакчага берилген. Наристелер ошол жерде тамактанып, уктап, тамга таанышат. Муктаждыктан улам, учурда аталган айыл аймагында эки кабаттуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө сегиз күнгө тыюу салынды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту баш калаанын борбордук бөлүгүнө 12-июлдан 20-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды. Бул соттон алынган маалыматка караганда, мындай арыз менен Биринчи май районунун жетекчилиги кайрылган. Ага 12-июлда Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин келиши жана бир катар расмий иш-чаралар себеп катары көрсөтүлгөн.  Буга байланыштуу Бишкек мэриясы бардык митинг-акцияларды Горький атындагы гүлбакча өткөрүүнү сунуш кылып жатат. Өткөн апталарда Бишкектин... Читать дальше...

Ооганстан: мейманканага кол салуудан алты адам мерт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадгис провинциясындагы мейманканага кол салуудан төрт полиция кызматкери жана эки тынч жаран каза болду. Бул кол салуу мындан беш күн мурун Катарда өткөн «Талибан» менен ооган өкмөт өкүлдөрүнүн тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөрүнөн соң болуп отурат.  Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Нусрат Рахиминин айтымында, 13-июлда түшкө маал беш согушкер мейманканага кирип барып кол салган. Коопсуздук күчтөрү менен атышта алардын үчөө өлтүрүлүп, экөө колго түштү. Атыш маалында... Читать дальше...

Жөө күлүктөр Маслова менен Кеңешбеков алтын медаль тагынды

Azattyk.org 

Жөө күлүктөр Дарья Маслова жана Нурсултан Кеңешбеков Олимпиада оюндарынын чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган мелдештин жеңүүчүлөрү болду. Турнир ушу тапта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат жана 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына лицензиялар ойнотулууда. Мелдеште Дарья Маслова кыз-келиндер арасында 5000 метр аралыкка жарышка чыгып, 16 мүнөт 12 секунд көрсөткүчү менен мара сызыгына биринчи келди. Ошого карабай олимпиадалык жолдомо алууга Дарьяга 30 секунд убакыт жетпей калды. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

МФК «Динамо Пушкино» вошел в топ-8 команд Всероссийского футбольного турнира «Кубок Казани»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Мария Шарапова

Первая ракетка России рассказала об общении с Шараповой


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Экологический телемост регоператора МСК-НТ связал школьников Подольска и Москвы





Путин в России и мире
Москва

Путин утвердил закон о справедливой оплате сверхурочной работы


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко ограничил выплату дивидендов гражданам недружественных стран




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский допустил, что Москва и Киев начнут мирные переговоры


Навальный в России и мире
Москва

Мосгорсуд оставил в СИЗО журналистку Фаворскую, обвиняемую в экстремизме за репортажи о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Елена Маркелова

Продолжается реализации проекта - победителя 1 конкурса 2024 года Фонда президентских грантов «Интеграция в общество детей и подростков с ментальными особенностями методами адаптивной гимнастики»



Москва

Норвежский генерал: Россия модернизирует свои войска быстрыми темпами

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net