123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 30.07.2019

Нарындын кароосуз калган борбору

Azattyk.org 

Нарын шаарынын борбордук аянты кароосуз калды. Чөп кургап, отургучтардын мыгы оркоюп чыгып турат. Талкаланган тосмолор шаардын көркүн бузат. Мэрия "өкмөттөн акча келбей, аянт реконструкциядан өтпөй калганын" жүйө келтирет. Аймактагы кабарчыбыз Мирлан Кадыров тоолуу аймактын борборун аралап чыкты.

Инвестицияны илгерилетүү агенттигин ТИМдин алдында түзүү сунушталды

Azattyk.org 

Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги Тышкы иштер министрлигинин алдында кайра түзүлүшү мүмкүн. Министрлик чет өлкөдөн инвестицияны тартуу жана долбоорлорду ишке ашырууну координациялоо максатында ушундай сунуш киргизген. Мекеменин Маалымат департаментинин жетекчиси Уланбек Дыйканбаевдин белгилешинче, учурда бул маселе изилденип жатат. “Маселе азыр изилдөө этабында, чечиле элек. Агенттикти Тышкы иштер министрлигинин алдындагы инвестицияларды тартуу жана экспортторду жылдыруу агенттиги деп кайра түзөлү деген демилге болгон”. Читать дальше...

Бишкектеги жер сатууда Нариман Түлеевдин аты чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин жогору жагындагы Ала-Арча-3 VIP шаарчасындагы жер тилкелерин сатууда мурдагы мэр Нариман Түлеевдин аты аталууда. “ПолитКлиника” медиасынын жазганына караганда, 2009-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын №327 токтому менен Ала-Арча дарыясынын жээгинен Э.Жапаров жана К.Дүйшөнов аттуу жарандарга турак жайы жок деген негизде жер тилкелери бөлүнүп берилген. Журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар экс-мэрдин жакын адамдары экени, кийин ошол аймактагы алты жер тилкеси Түлеевдин жакын адамдарынын колуна өтүп кеткени аныкталган. Читать дальше...



Москвадагы митинг: дагы бир кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө комитети Москва шаарында ишемби күнкү нааразылык акциясына байланыштуу "калайман башаламандык, аны уюштуруу жана катышууга чакыруу" беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бул 27-июлдагы митингден кийин козголгон төртүнчү кылмыш иши болуп калды. Мекеменин сайтында "Тергөөдө айрым адамдардан турган топ калайман башаламандык болуп кетерин билип туруп мыйзамсыз митингге катышууга чакырган билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жайгаштырганы аныкталды" деп жазылат. Мунун алдында Москва... Читать дальше...

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясында жетекчилик орун талашка түштү

Azattyk.org 

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясында жетекчилик орун талашка түштү. Быйыл 22-июнда жалпы чогулушта президент болуп бекитилгенин айткан Бакыт Рысбеков 30-июлда “Азаттык” радиосуна кайрылып, ага чейин убактылуу жетекчи катары дайындалган Эрик Ирискулбеков кеңсени, мөөрдү жана башка материалдык баалуу буюмдарды өткөрүп берүүдөн баш тартып жатканын айтты. - Үч айдан кийин Ирискулбеков “Банктан менин колумду өткөрбөй жатышат, “милдетин аткаруучу” деген макам мага тоскоолдук болууда, иштин баары токтоп калды... Читать дальше...

Азимкан Жусубалиев 14 жылга эркинен ажыратылды

Azattyk.org 

Бишкектин Ленин райондук соту транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди 14 жылга эркинен ажыратты. Ал эми пара алууга ортомчулук кылган деп айыпталып жаткан Болот Токтобаев төрт жылга эркинен ажыратылып, Бехруз Гулрузовго 2 млн. 600 миң сом айып салынды. Жусубалиевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрыларын айтты. Бүгүнкү соттук териштирүүдө Азимкан Жусубалиев, аны менен бирге айыпталган Болот Токтобаев жана Бехруз Гулрузов акыркы сөзүн сүйлөштү. Читать дальше...

Тегерандын экс-мэрине аялын өлтүргөнү үчүн өлүм жазасы берилди

Azattyk.org 

Иранда сот Тегеран шаарынын мурдагы мэри Мохаммед Али Нажафини экинчи аялынын өлүмү үчүн күнөөлүү деп тапты жана өлүм жазасына тартуу тууралуу өкүм чыгарды. Өлкөнүн сот системасынын басма сөз өкүлү Голамхосейн Эсмаили "Mizan" маалымат агенттигине "сотто айыпталуучу кылмышка атайлап барганы аныкталды" деп билдирди. 67 жаштагы Нажафи соттун төмөнкү инстанциясынын өкүмүнө арызданып Жогорку сотко 20 күндүн ичинде кайрыла алат. Анын экинчи аялы Митра Остаддын сөөгү ушул жылы 28-майда Тегерандын түндүк-батыш тарабындагы үйүндө табылган. Читать дальше...



Москвада митингге чыккан 40 адам камакка алынды

Azattyk.org 

Орусиянын Москва шаарында 27-июлдагы митингде кармалгандардын соту болду. Анда 40 адамга камоо тууралуу административдик жаза берилди. Эң чоң жаза мөөнөтүн "Навальный Live" студиясынын алып баруучусу Владимир Милов алды. Ал 30 күнгө эркинен ажыратылды. Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору Ивана Жданов баштаган төрт адам 15 күнгө кесилди. Калгандарына 3 күндөн 13 күнгө чейин абакта камоо боюнча жаза мөөнөтү чегерилди. Камалгандардын арасында Москва шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган... Читать дальше...

Азимкан Жусубалиев сотто акыркы сөзүн айтты

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев, аны менен бирге айыпталган Болот Токтобаев жана Бехруз Гулрузов акыркы сөзүн сүйлөштү. Жусубалиев кызматта турганда автожолдорду куруу боюнча өлкөдө 13 ири долбоор ишке ашып жатканын, бирөөндө да эч кандай кызыкчылыктарга жол берилбегенин айтып, соттон аны актоону өтүндү. Бул иш боюнча айыпталган Токтобаев жана Гулрузов да соттон актоо чечимин чыгарууну суранды. Ишти Биринчи май... Читать дальше...

Азимжан Аскаров абакта калды

Azattyk.org 

Чүй облустук соту өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Исмаилова: Аскаровдун иши боюнча Жогорку сотко кайрылабыз

Azattyk.org 

Чүй облустук соту өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко доо арыз жолдошорун билдирди.

"Досье" Африкада киши колдуу болгон журналисттер боюнча иликтөөсүн жарыялады

Azattyk.org 

"Досье" иликтөө борбору Борбордук Африка Республикасында үч орусиялык журналисттин киши колдуу болгонунун бир жылдыгына карата иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченконун Интернеттеги жазышуулары, телефон сүйлөшүүлөрү жана бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү талданып, иликтенген. Ага ылайык, журналисттер Борбордук Африка Республикасына келери менен эле аларды аңдуу башталган, ага "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын өкүлдөрү катышкан. Алар ошондой... Читать дальше...

ЕККУ Кадамжай милициясына көчмө кабылдама унаасын тапшырды

Azattyk.org 

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) пилоттук долбоорунун алкагында Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө көчмө кабылдама унаасы тапшырылды. Облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, көчмө кабылдаманын милдети - милиция менен элдин, айрыкча алыскы айылдардын байланышын жакшыртуу, тургундардын арыз-сунуштарын кабыл алуу. Айыл жерине барып, калктын кайрылууларын кабыл алууга атайын шаймандар менен жабдылган унаа буга чейин Лейлек жана Баткен райондору менен Кызыл-Кыя шаарына да берилген. Читать дальше...

ТИМ: Жээнбеков менен Рахмон чек ара боюнча бир пикирге келишти

Azattyk.org 

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек ара боюнча соңку сүйлөшүүдө бир пикирге келе алышты. Бул тууралуу бүгүн 30-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев Бишкекте өткөн брифингде маалымдады. Дыйканбаевдин белгилешинче, эки президент мамлекеттик чек ара маселесин чечүүгө даярдыгын билдиришти жана бул жолугушуу алардын саясий эркин көрсөттү. - Президенттер мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдө башкы  элемент болуучу юридикалык негиздерге... Читать дальше...

Казакстан: түрмөдөгү кыйноого байланыштуу беш адам камалды

Azattyk.org 

Казакстанда Ички иштер министрлиги Алматы облусундагы Заречный айылындагы абактагы кыйноого байланыштуу түрмө башчысынын орун басары баштаган беш кызматкер камакка алынганын билдирди. Министр Ерлан Тургумбаев бул абактын жетекчиси, анын дагы эки орун басары болуп жети адам кызматтан бошотулганын, 14 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылганын маалымдады. Укук коргоочулар түрмөдө жаткандарды кыйнагандарга жеңил жаза берилип калганына нааразы болуп жатат. Мунун алдында социалдык тармактарда... Читать дальше...

"Левада": Путиндин 2024-жылы да президент болушун каалабагандар көбөйдү

Azattyk.org 

Орусиядагы "Левада-борбору" уюмунун соңку сурамжылоосуна ылайык, жарандардын 38 пайызы 2024-жылы Владимир Путиндин кайрадан президент болушун каалабайт. Соңку бир жылдын ичинде ушундай ойдо жүргөндөрдүн көрсөткүчү 11 пайызга көбөйдү. Сурамжылоо 18-24-июль күндөрү жүргүзүлгөн жана ага катышкандардын 54 пайызы Путиндин кийинки мөөнөткө калышын колдогон. Ал эми арсар ойдогулар да кыйла көбөйүп, 8 пайызды түзгөн. Орусиядагы мыйзамдарга ылайык, Владимир Путин үч жолу катары менен президент боло албайт. Читать дальше...


Музыкальные новости
Моргенштерн

Кто из российских звезд перевел миллионы рублей жертвам «Крокуса»: сколько пожертвовали SHAMAN, Моргенштерн*, Бузова, Крид, INSTASAMKA, «Пикник» и другие





Персональные новости
Желдорреммаш

На ЧЭРЗ приступили к реорганизации производственной площадки





31-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

31-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36; Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24... Читать дальше...

Голливудду эңсеген кыргыз гримёру

Azattyk.org 

Айгүл Кыдыралиева – гримёр. Ал Саякбай Каралаевдин образын жаратканы үчүн Лондондо сыйлык алган. Таланттуу гримёрго актерлор гана эмес, башка кесиптин ээлери да кайрылат.

АКШ: 2001-жылдагы терактка шектүү тергөө менен кызматташат

Azattyk.org 

АКШда 2001-жылы 11-сентябрдагы теракттын уюштуруучуларынын бири деп шектелген Халид Шейх Мохаммед бул окуяларга Сауд Арабиясынын катыштыгы бар деген маалыматты ырастап көрсөтмө берет жана бул үчүн өзүн өлүм жазасына тартпоону суранат. Бул тууралуу "The Wall Street Journal" басылмасы жазды. Гезиттин билдиришинче, ушул тушта Гуантанамо түрмөсүндө жаткан Халид Шейх Мохаммед Манхэттендеги Федералдык сотко кайрылды. Бул сот ушул тушта терактта курман болгондордун жакындарынын доо арызын карап жатат. Читать дальше...

Иран: сот хижабсыз сүрөтүн жарыялагандар түрмөгө түшөрүн эскертти

Azattyk.org 

Тегеран революциялык соту АКШда жашаган теги ирандык активист Масих Алинежаддын чакырыгын кубаттап жоолуксуз, хижабсыз сүрөтүн жарыялаган кыз-келиндер 10 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти. Мунун алдында Алинежад социалдык тармактарда "Ак чөйрө" деп аталган каршылык өнөктүгүн баштаган жана анда ирандык кыз-келиндерди жылаң баш, чүмкөнбөгөн сүрөтүн жарыялоого чакырган. Иранда 1979-жылкы Ислам революциясынан кийинки бийлик аялдар шарияттын мыйзамдарына ылайык кийинип жүрүшү керек деп чечкен. Читать дальше...

Алтымышка жакын бейөкмөт уюм мамлекеттен социалдык заказ алмай болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл 88 бейөкмөт уюм мамлекеттен социалдык заказ алуу үчүн сынакка катышты. Натыйжада коомдук пайдалуу 56 долбоор тандалып алынып, 38 миллион сомдук каржылоого уруксат берилди. Бул тууралуу 30-июлда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, каржылоого уруксат алган долбоорлор майыптарды, кары-картаңдарды тейлөөнү жакшыртууга, аларды компьютер колдонууга, тикмечиликке үйрөтүүгө, абактан бошонуп чыккан аялдарды социалдык... Читать дальше...

Сирия жана Иракка адашып кетип калгандардын тагдыры Бишкекте талкууланууда

Azattyk.org 

Кыргызстан Жакынкы Чыгыш мамлекеттериндеги радикал топторго адашып кошулуп кеткен жарандарын мекенине качан алып келери азырынча так эмес. Бирок бул жаатта пландалган иштер дээрлик аяктап калганын "Азаттык” радиосуна Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов билдирди. Кыргыз өкмөтү түзгөн жумушчу топ ушул тапта бул гуманитардык операциянын алкагында иштеп жатат. Бишкекте 29-июлда Сириядагы жана Ирактагы радикал диний агымдарга Борбор Азиядагы мамлекеттерден барып кошулган жарандардын тагдыры... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

GeekVape в сотрудничестве с Absolute Racing выиграла чемпионат в категории GT3


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Рыбакина, наряду со Свёнтек, имеет 70% побед на WTA-1000 против соперниц из топ-10


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Выпуск ЦФА на платформе «Атомайз» поможет снизить нагрузку на экологию





Путин в России и мире
Москва

Путин оценил перспективы строительства ВСМ Москва — Санкт-Петербург


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

СМИ: Байден и Шольц не успели предложить Москве обменять Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Диана Арбенина

Певица Диана Арбенина опубликовала редкое фото сына



Москва

У калужской дороги нашли автомат, который мог принадлежать террористам из "Крокуса"

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net