Президенттер чек араны чечеби?
Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу Чолпон-Атада уланат.
Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу Чолпон-Атада уланат.
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлда парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, президент Владимир Зеленскийдин "Эл кызматчысы" партиясы добуштардын 43,16 пайызын алды. Орусияга ыктаган "Оппозициялык платформа - Жашоо үчүн!" партиясына 13,05 пайыз добуш тийди. Үчүнчү орунду Юлия Тимошенканын "Батькивщина" партиясы 8,18 пайыз менен алды. Мурдагы президент Петр Порошенконун "Европалык тилектештик" партиясын шайлоочулардын 8,10 пайызы колдоду. Украин парламентине... Читать дальше...
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 26-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Рахмонду президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. 27-июлда Чолпон-Ата шаарында эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр уланат. Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара... Читать дальше...
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео өлкөнүн атайын кызматтарына шилтеме кылып, Иран "Шахаб-3" үлгүсүндөгү ортоңку аралыктагы ракеталарын учурганын билдирди. Ага ылайык, ракеталар Тегерандан анча алыс эмес жерде учурулган жана миң чакырым аралыкка чейин жеткен, бирок Ирандын аймагынан ары өткөн эмес. Помпео "Тегеран ракетанын бутага жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу максатында сынаганын" айтты. Иран ракета учурганы тууралуу комментарий бере элек. Өткөн жылдын аягынан бери Вашингтон менен Тегерандын алакасы курчуп жатат. Читать дальше...
Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавы чектешкен жерде бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон эки тараптын эли менен жолугушту. Жолугушууга кыргыз тараптан саналуу гана адамдар катышып, карапайым адамдардын талаптары айтылбай калганын Ак-Сай айылынын айрым тургундары «Азаттыкка» билдиришти. «Президент жолуга турган адамдар менен жолугуп кеткен окшойт. Бирок биз менен жолукканда жакшы болмок. Биздин да айта турган сөздөрүбүз көп эле. Читать дальше...
Украинанын атайын кызматы кармаган орусиялык танкердин экипажы Москвага учуп келди. Ливиянын жээгинде мигранттарды ташыган дагы бир кеме аңтарылып, болжол менен 150дөй киши көз жумду. Кошмо Штаттар 16 жылдан кийин өлүм жазасын федералдык деңгээлде калыбына келтиргени жатат.
Британиядагы медиа тескөөчү мекеме "Ofcom" орусиялык RT телеканалына (мурдагы Russia Today каналы) бир жактуу маалымат таратканы үчүн 200 миң фунт айыппул салды. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады. Былтыр жыл аягында "Ofcom" RT телеканалы 17-марттан 22-апрелге чейинки жети жолку берүүсүндө "бейтарап маалымат таратуу эрежелерин бузду” деп билдирген. Сюжеттер негизинен Солсберидеги окуя, Сириядагы куралдуу жаңжал тууралуу болгон. Буга жооп ирээтинде Орусиянын “Роскомнадзор” мекемеси Британиянын... Читать дальше...
Маркумдар үчүн эмнеге мечит эмес, театр жайлары сөөк узатаар ыйык жайдын милдетин аткарууга тийиш?!
Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавы чектешкен жерде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон эки тараптын эли менен жолугушту. Жолугушууга кыргыз тараптан саналуу гана адамдар катышып, карапайым адамдардын талаптары айтылбай калганын Ак-Сай айылынын айрым тургундары “Азаттыкка” билдиришти.
26-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворухтун чегинде жолукту.
Австрия Орусиянын жараны Игорь Зайцевге эл аралык издөө жарыялады. Өлкөнүн коопсуздук кызматы 65 жаштагы Зайцевди "тыңчы жана Башкы чалгын башкармалыгында иштейт" деп айыптап жатат. Жергиликтүү маалымат каражаттар Зайцевдин иши өткөн жылы күзүндө Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп шек саналган австриялык полковник менен байланышы болушу мүмкүндүгүн жазды. Анда мурдагы аскер кызматкери 1990-жылдан тарта орус тыңчылары менен байланышта болгону, Австриядагы миграциялык кризис, аскер авиациясы... Читать дальше...
Өлкөнүн курама командасы Азия кубогунан кийин 91-орундан 95-сапка түшүп калган.
КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана ТРнын Президенти Эмомали Рахмон 26-июлда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү жана Исфара шаарындагы Ворух айылдык кеңешинин Тожикон айылындагы кыргыз-тажик чек ара тилекесинин кесилишинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюндагы райондорунун жашоочулары менен биргелешкен жолугушуу өткөрүштү.
Сокулук райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго акчалай айыппул салды. Буга чейин Маалыматтык технологиялык жана байланыш комитетинин мурдагы жетекчиси Бакыт Шаршембиев «кадыр-баркыма шек келтирди» деп Момбековдон 1 миллион сом моралдык кенемте өндүрүүнү талап кылган. Сот 26-июлда Шаршембиевдин арызын негиздүү деп тапты. Чечимге ылайык, Рыскелди Момбековду Бакыт Шаршембиевдин пайдасына 25 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Депутат Момбеков соттун чечимине нааразы экенин айтып... Читать дальше...
Кыргыз-тажик президенттеринин эл менен жолугушуусунда ынтымак тууралуу кеп болду. Бул тууралуу Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургуну, аймактык оорукананын жетекчиси Маида Атаханова “Азаттыкка” билдирди. Ал 26-июль күнү Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин Ак-Сай-Ворух айылдарынын тургундары менен жолугушуусуна катышкан. "Бул жолугушууда эки элдин ынтымагы тууралуу кеп болду. Чек ара жөнүндө айтылган деле жок. Алар бизге ынтымакта жашоо тууралуу насаат-кеңештерин айтышты. Алардын кеңешин... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) дизайнер Никита Тарасенконун атайын кызматка суракка келбегени боюнча комментарий берди. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта «эми аны кайра суракка чакырууну УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы чечет» деп айтылат. Никита Тарасенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке 26-июлда күбө катары сурак бериши керек болчу. Бирок ал «Фейсбуктагы» баракчасына уктап калганын, УКМКга 27-июлда бара турганын жазды. Тарасенко атайын... Читать дальше...
26-июлда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун катышуусунда башкы көзөмөл органынын ушул жылдын алгачкы алты айында аткарган иши тууралуу жыйын өттү. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында (январь-июнь) коррупцияга каршы 1640 текшерүү болуп, 1376 прокурордук чара көрүү актысы түзүлгөн. Анын жыйынтыгында 47 млн. 614 миң 991 сом бюджетке кайтарылган. Башкы прокуратуранын расмий сайтындагы маалыматка караганда, мыйзамдардын аткарылышы боюнча алты айда прокуратура тарабынан 2709 текшерүү болуп, 3161 прокурордук чара көрүү актысы келтирилген. Читать дальше...
Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Атабек Умаров жетектеген Триатлон федерациясына мурдагы президент Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримовага таандык резиденция бекер берилет. Бул тууралуу аталган федерацияны өнүктүрүү боюнча өкмөттүн токтомунун долбоорунда жазылды. Ага ылайык, резиденция спортчуларды машыктырган борборго айланат. Өкмөт ал үчүн 1,7 миллион доллар бөлөт. Резиденция Ташкент облусунун Бостанлык районундагы "Сижжак" эс алуу зонасында жайгашкан. Гүлнара Каримовага кылмыш иши козголгондо... Читать дальше...
Тунистин алгачкы түз шайланган президенти Бежи Каид Эс-Себси 92 жашында дүйнөдөн өттү. Эс-Себси “Араб жазынан” кийин өлкөдөгү ийгиликтердин авторлорунун бири болуп саналат. Президенттин милдетин убактылуу парламент спикери аткара баштады.
Казакстанда бөкөндөргө мыйзамсыз аңчылык кылгандарды кууп баратканда ок жеген токойчу Каныш Нуртазиновдун сөөгү жерге берилди. Анын зыйнатына өкмөт өкүлдөрү катышты. Президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен Нуртазиновго биринчи даражадагы "Айбын" сыйлыгы ыйгарылды. Окуя 23-июлда Акмоло облусунда болгон. Инспектор Каныш Нуртазинов шериги Самат Оспанов экөө бөкөнгө мыйзамсыз ууга чыккан аңчылардын изине түшүп кууп баратканда, браконьерлер токойчуларды аткан. Анда Самат Оспановго да ок тийген, ал учурда дарыланып жатат. Читать дальше...
Байтиктин Кайырма айылынын тургундары он жылдан бери иштеп жаткан “Тоо-шагыл” жоопкерчилиги чектелген ишканага нааразы. Алар аталган ишкана Кайырма айылынын борбордук жолу аркылуу 40 тонналык машинелер менен таш ташып, жолду жарактан чыгарды деп эсептешет.
Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушуусун тарыхый деп баалады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары эгемендик жылдарынан бери алгачкы жолу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жолугушту. Бул биздин сунушубузду колдогон урматтуу Эмомали Рахмондун акылдуу чечими менен болду», - деди Жээнбеков. Ал кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалды биргелешип иликтеп, мындан ары... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариаты маалымдагандай, кырсыкта 150дөй киши өлгөн болушу мүмкүн, дагы 150дөй адам куткарылды. Ливиянын деңиз коопсуздугу кызматы 145 кишини куткарышканын билдирди. Каза тапкандардын саны ырасталса, анда бул Жер ортолук деңизде быйыл катталган эч чоң кырсык болуп калмакчы. Аман калгандар чакан жыгач кеме Хомс шаарынын жанында аңтарылып кеткенин айтып беришти. Акыркы бир нече жылда Африка жана Жакынкы Чыгыштан он миңдеген киши Европага ооп келди. Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысынын милдетин аткаруучу болуп румын Корнел Феруцэ дайындалды. Буга чейинки жетекчиси жапониялык Юкия Амано 18-июлда көз жумган. Ал БУУнун бул түзүмүн 2009-жылдан бери жетектеп, Ирандын өзөктүк программасынан улам чыккан талаш-тартыш күчөп турган кезде оңой эмес дипломатиялык сүйлөшүүлөргө катышып келген. Корнел Феруцэ бул кызматты БУУга мүчө мамлекеттер президенттикке талапкер тандаганча аткарат. МАГАТЭ талапкер тандоо качан болорун маалымдаган жок. Читать дальше...
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 2019-жылдын алгачкы алты айында (январь-июнь) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 1495 иш катталып, келтирилген чыгым 4 млрд. 399,9 млн. сомду түзгөнүн билдирди. Анын ичинен 2 млрд. 826,2 млн. сом бюджетке кайтарылган. Финансы полициясы коррупциядан кайтарылган каражат түшчү бирдиктүү депозиттик эсеп ачылгандан бери ага 738 млн. 441 миң сом которгонун кошумчалады. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.