Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 29.07.2019

Катаал жолго катылган турмуш

Azattyk.org 

Баткендин Зардалы аймагында элдин өз күчү менен курган көпүрөсү. Токтогул районунун алыскы айылдарындагы оорукана тартыштыгы. Жайлоосу элди кызыктырган, бирок дааратканасы качырган туризм. Бир айылга кыргыз телеканалдарын көрсөткөн техник. Баасы көтөрүлбөй жаткан көлдүн өрүгү.

Москвада 27-июлда кармалган активисттерге өкүм чыга баштады

Azattyk.org 

Орусиянын соттору 27-июлда Москвадагы каршылык акциясында кармалган демонстранттар менен саясатчыларга өкүм чыгара баштады. Дүйшөмбү күнү Москванын Щербинский райондук соту оппозиционер Илья Яшинге "коомдук иш-чараны уюштуруунун тартибин бузду" деген негизде 10 күндүк абак жазасын чектеди. Яшин Москва шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн каттоодон өтө албай калган. Ушундай эле айып менен 8-сентябрда өтүүчү шайлоого талапкер боло албай калган дагы бир активист Константин Янкаускас жети күнгө камалды. Читать дальше...

Сапар Исаковдун тарапкерлери бийликке талап коюшту

Azattyk.org 

Нарындын Кочкор районунда камактагы экс-премьер-министр Сапар Исаковдун тарапкерлери митинг өткөрүштү. Алар Сапар Исаковду саясий туткун деп, эркиндикке чыгарууну талап кылышты. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын билдирүүсүндө кочкорлуктардын 70% ашууну 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Жээнбеков – Исаков тандеми үчүн добуш беришкени белгиленген. Мындан сырткары Сапар Исаков баш болгон мурдагы чиновниктер бир жылдан ашуун убактан бери абакта мыйзамсыз отурганы айтылат. Митингдин соңунда бийликке... Читать дальше...



Миграциянын жүгүн тарткан аялдар

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу жумуш издеп жер которгон ички мигранттардын турмушун талдадык. Айрыкча Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы үй-бүлөлөрдүн түйшүгүн өз мойнуна алган аялдардын жагдайы тууралуу ачык баарлаштык.

ТХ: Түркмөн президенти тууралуу ушак тараткандар кармалууда

Azattyk.org 

Түркмөнстанда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун "өлүмү" тууралуу маалымат тараткан адамдар кармала баштады. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» (ТХ) басылмасы өз кабарчыларына жана булактарына таянып жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 25-июлдан бери «Түркмөнтелеком» ишканасынын Лебап облусундагы бөлүмүнүн бир кызматкери, Суу чарба башкармалыгынын жана жергиликтүү Турак жай-коммуналдык чарбасынын бирден жумушчулары кармалган. Азырынча бул маалыматты башка көз карандысыз булактар ырасташа элек. Читать дальше...

Серикжан Билаштын соту башталды

Azattyk.org 

Казакстандын Нур-Султан шаарында сот «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун лидери Серикжан Билаштын өтүнүчүн канааттандырды.

Навальный ооруканадан кайра абакка которулду

Azattyk.org 

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ооруканадан кайра абакка которулду. Бул тууралуу анын жеке дарыгери Анастасия Васильева бүгүн журналисттерге билдирди. Ал саясатчынын саламаттыгынын начарлашына эмне себеп болгону аныкталбастан түрмөгө которулганына каршылыгын билдирүүдө. Навальный №1 атайын кармоо жайында 30 күндүк административдик жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. 28-июлда эртең менен бети шишип, териси кызарып чыккандыктан ооруканага жеткирилген. Москвадагы 64-оорукананын дарыгерлери саясатчы аллергия болгонун айтышкан. Читать дальше...



Тоңдо Салбуурун фестивалы өттү

Azattyk.org 

Тоң районунун Үч-Коргон жайлоосунда Салбуурун фестивалы өттү. Фестивалга чет элдик жана ички туристтер күбө болушту. Иш-чарага жалпысынан 300дөй адам катышып, бүркүт салуу, ителги салуу, жаа атуу өңдүү бир катар улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү. Салбуурун өнөрүн элге жайылтууга кошкон салымы үчүн айрым катышуучуларга ыраазычылык барактары тапшырылды. Иш-чара Тоң районунун мамлекеттик администрациясы, "Тескей жээк” этно маданий туризм дестинациясы, Салбуурун федерациясы менен биргеликте уюштурулган. Читать дальше...

Ривз: Чек араны чечиш үчүн саясий эрк керек

Azattyk.org 

Маделин Ривз - Англиядагы Манчестер университетинин ага окутуучусу, социалдык антропология илимдеринин доктору, “Борбор Азияны изилдөө” журналынын редактору. Ривз чек ара, миграция маселелери боюнча адис. Ал кыргыз-тажик чегиндеги маселелер боюнча “Азаттыктын” суроолоруна кат жүзүндө жооп берди.

Ноокенде спикер Жумабековго жолуга албай калгандар нааразы болууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун Ноокенде эл менен жолугушуусуна айрым каалоочулар кире албай калганын айтып 29-июлда “Азаттыкка” Сакалды айылынын тургуну, “Алаш-Ата” лагеринин директору Акрам Сакиев кайрылды. Ал райондук администрациянын жыйындар залында өткөн жолугушууга Бүргөндү, Масы айылдарынан келген дагы 5-6 адам киргизилбегенин айтты. “Паспортубузду көрсөтсөк күзөтчүлөр тизмеде жок экенсиңер деп сыртка чыгарып салды. Мен Тоскол-Ата айылындагы жолдун акыбалы боюнча Жумабековго кайрылуу үчүн келдим. Читать дальше...

Жантөрө Сатыбалдиев соттогу күбөгө: Тагдырыбыз чечилип жатат, чындыкты айт

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда борбор калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу соттук териштирүү уланып жатат. Бүгүн Мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлдөрү Шараф Ачилдиев жана Таалайбек Ашырбаев күбө катары көрсөтмө беришти. Алар оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин сөзсүз акт түзүлөрүн, ансыз объект эксплуатацияга кабыл алынбасын, бардык мыйзамдар сакталганын жана жогорку кызмат адамдарынан эч кандай басым болбогонун айтышты. Ошондой эле “Курулушта тийиштүү документтер... Читать дальше...

Британия Иран менен танкерлерди алмашпай турганын билдирди

Azattyk.org 

Улуу Британия Иран менен мунай танкерлерин алмашпай турганын билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Доминик Рааб "Иран Перс булуңунда кармалган британиялык кемени бошотсо, Британия да ирандык мунай ташыган кемени коё берет" деген ойлорду четке какты. Ал "BBC", "Sky News" телеканалдары менен маегинде Иранды эл аралык эрежелерди сактоого үндөдү. Эки жума мурда британ бийлиги Гибралтарда Сирияга мунай ташып баратат деген шек менен Ирандын бир танкерин кармаган болчу. Аны улай, 19-июлда Иран күчтөрү... Читать дальше...

Москва бейтапканасы: Навальныйдын абалы "канааттандырарлык"

Azattyk.org 

Жекшемби күнү абакта жаткан жеринен ооруканага жеткирилген орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы "канааттандырарлык". Бул тууралуу Навальный жаткан Москвадагы 64-шаардык оорукананын өкүлдөрү билдиришти. Бейтапкананын дарыгери Элдар Казахмедов оппозиционер аллергия болгонун, бирок "ага эмне себеп болгонун так айтуу кыйын экенин" "Интерфакс" жаңылыктар агенттигине маалымдады. Навальныйдын жеке дарыгери Анастасия Васильева 43 жаштагы саясатчы белгисиз химиялык заттан ууланышы мүмкүн деген тынчсыздануусун айтты. Читать дальше...

Баткен: Чек арада жабыркаган 16 адам ооруканада дарылануусун улантууда

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы соңку жаңжалда ар кандай жараат менен ооруканага түшкөндөрдүн 16сы дарылануусун улантууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна 29-июлда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Ооруканага баш-аягы 31 адам кайрылган болчу. Дарыланып жаткандардын абалы туруктуу жана дары-дармек жетиштүү экени айтылды. Өкмөттүн өкүлү жабыркагандардын ал-абалы менен таанышып, аларга материалдык жардам берди. 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Читать дальше...

30-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

30-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...

Эсеп палатасынын кызматкери УКМКга камалды

Azattyk.org 

Эсеп палатасынын инспектору Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигиндеги финансылык тартип бузууларды жашырган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 29-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Асель Адылбек кызы "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда: - Эсеп палатасынын башкы инспектору А.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, агенттиктеги кызматкерлердин каржылык укук бузууларын жаап жашырган. Кылмышка шектүү кызматкер... Читать дальше...


Музыкальные новости
Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ





Персональные новости
Актёр

«Поборол это гнусное чувство». Актер Галкин — о своей маленькой дочке, зависти и настоящей любви





Кытайлык казактардын укугун коргогон активисттин соту башталды

Azattyk.org 

Казакстанда кытайлык казактардын маселесин көтөрүп келген «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун лидери Серикжан Билаштын соту башталды. Ага "улут аралык кастыкты козуткан" деген айып тагылууда. Алгачкы соттук жараян 29-июлда Нур-Султан шаарында өттү. Бирок анда судья активист "экстремисттик билдирүүлөрүн" Алматы шаарында айтканын белгилеп, иш бул шаарда каралышы керек деген чечим чыгарды. Билаш үй-бүлөсү менен кошо Алматыдагы батиринде үй камагында кармала турган болду. Кытайдан көчүп келип, Казакстанда... Читать дальше...

Чатырда жашаган эненин ыйы

Azattyk.org 

Көк-Жаңгак шаарында көчкү түшүү коркунучу бар аймакта чөбөрөсү менен жашаган 70 жаштагы байбиче коопсуз жайга көчүүнүн аргасын таппай жатат. Төрт баласынан айрылган Шарапат Шамшидинова карыганда жаңы турак жай салууга чамасы келбей турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын байбичеге көчүү тууралуу эскертүү бергени менен жергиликтүү бийлик алгылыктуу жардам көрсөтө албай жатат.

Москвада ишембидеги акцияда кармалгандардын соту өтүүдө

Azattyk.org 

Орусиянын борбору Москвада ишемби күнкү нааразылык акциясында кармалгандардын соту өтүп жатат. Оппозиционер Илья Яшинди Щербинский райондук сотуна алып келишти. "Навальный-LIVE" студиясынын алып баруучусу Владимир Миловдун иши Симоновский райондук сотунда каралганы жатат. "ОВД-Инфо" укук коргоо порталы соттук жараяндар Москванын баш-аягы 22 сотунда өтөөрүн маалымдады. Сотко орус баш калаасындагы 70ке чукул полиция бөлүмүндө кармалып турган адамдар алып келинет. 27-июлда шаардык думага катталбай... Читать дальше...

Психиатриялык ооруканадан качкан бейтап изделүүдө

Azattyk.org 

Чүйдүн Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканадан качкан адам изделүүдө. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 20 жаштагы Азамат Токушев 27-июлга караган түнү качып кеткен. Сокулук райондук соту аны бул ооруканада күчтөп дарылоого 2018-жылы жөнөткөн. Милиция эгер ал тууралуу маалымат болсо 0 (312) 60-75-67, 0 (702) 54-32-27 , 0 (500) 05-88-06 же 102 номурларына телефон чалып кабарлоону өтүндү.

Ажайып Кыргызстан: Сары-Челекке саякат

Azattyk.org 

Атканда тоодон кашка таң, Артыкча сонун байкасаң. Көл болбой эгер кыз болсоң, Көз тиймек экен капкачан. Атактуу акыр Байдылда Сарногоевдин бул ыр саптары айтылуу Сары-Челек көлүнө арналган.

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия обеспечила правопорядок во время футбольного матча «ЦСКА» - «Спартак» в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время пути поездов от Москвы до Черного моря до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Баста

Рэпер Баста благословил девушку на брак во время своего концерта



Москва

Неколониальные товары // Вручены призы Московского кинофестиваля

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net