123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 08.07.2019

Тажикстан: абактагылар нандан ажал табышты

Azattyk.org 

Тажикстанда абактагы 14 киши каза болду. Бийлик жаза өтөөчүлөр нан жеп, ууланган деп алгачкы тыянагын чыгарды. Гонконгдо он миңдеген адам, өзгөчө жаштардын жүрүшү 7-июлдун кечинде да уланды. Грециядагы парламенттик шайлоодо оппозициялык “Жаңы демократия” партиясы жеңди. «84 жаш – болгону сандар гана» деп, польшалык Хелена Норович төрт жылдан бери моделдик ишмердигин улантууда.

Зөөкүр күйөөсүн аяган аялдар

Azattyk.org 

2018-жылы Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 62 аял каза болуп, 288и жараат алган. "Эже-сиңдилер" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы үй-бүлөдөгү зомбулук темасына арналды.

Германия Сирияга аскер жөнөтүү тууралуу АКШнын сунушун четке какты

Azattyk.org 

Германия кургакта согушкан аскерлерин Сирияга жөнөтүү тууралуу АКШнын сунушун аткарбайт. Бул тууралуу немис өкмөтүнүн өкүлү Штеффан Зайбер 8-июлда маалымдады. Ал «расмий Берлин буга чейинки милдеттенмелерин аткарып, Иорданиянын аймагындагы абадан чалгындоо иштерин уланта берет», деп билдирди. Зайбер «Ислам мамлекети» террорчул уюмуна каршы бириккен коалициянын өкүлдөрү жакынкы күндөрү жолугуп, андан аркы аскердик жана башка иштерди талкуулап алышы керек экенин кошумчалады.  Немис парламентинде... Читать дальше...



Журналисттин сөгүнүшү Грузияны дүрбөттү

Azattyk.org 

Грузияда оппозициялык «Рустави-2» телеканалынын алып баруучусу Георгий Габуния Орусия президентин оозго алгыс, ыплас сөздөр менен сөккөндөн кийин канал бир нече саатка берүүлөрүн токтотуп койду.

Алмазбек Атамбаев ИИМге суракка чакырылды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Ал күбө катары чакырылганын ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова «Азаттыкка» билдирди.  Чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришти. Анда мурдагы президент 9-июлда эртең менен Тергөө кызматына барышы керек экени жазылган.   Бирок Атамбаев суракка барбай турганын журналисттерге айтып, буга азыркы бийликке ишенбестигин... Читать дальше...

Жайытта жаатташкандар

Azattyk.org 

Нарын облусундагы чеги так белгиленбеген жайыттар райондор арасында талаш жаратты. Суусамыр жайлоосундагы акты сатып акча тапкандар. Табият койнунда эс алгандарды таштанды тердирткен баткендик жаштар. Эски чайхананы бала бакчага айланткан өзгөндүктөр. Азыркы интеллигенциянын жагдайын эски драмага салган Байжиевдин музыкалык спектакли.

Бусурманкул Табалдиевдин кайда экени белгисиз

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу иште аты аталган Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевдин кайда экени белгисиз. Ишти тергеп-иликтеп жаткан Ички иштер министрлиги анын  дайын-дареги тууралуу маалымат бере элек. Ошондой эле мекеме Табалдиевдин өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу кабарды ырастай элек. Мамлекеттик чек ара кызматы да кайсы бир жарандын өлкөдөн чыгып кеткени боюнча маалымат берилбей турганын билдирди. «Азаттыктын» Бусурманкул... Читать дальше...

Маданият жетекчилеринин акыркы алпы

Azattyk.org 

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мурдагы маданият министри Марклен Баялинов акыркы сапарга узады. Маркум менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.



Орусия: Евкуров коргоо министринин орун басары болду

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Ингушетиянын мурдагы башчысы Юнус-Бек Евкуровду коргоо министринин орун басары кылып дайындады. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында жарыяланды. Ага ылайык, Евкуров генерал-лейтенант наамындагы кызматка барды.  Юнус-Бек Евкуров өз эрки менен кызматтан баш тартарын 25-июнда күтүүсүз жарыялаган.  Путин 26-июнда Евкуровдун кызматтан кетүү жөнүндө арызын канааттандырган. Анын ордуна Ингушетиянын башчысынын милдетин аткаруучу кылып Махмуд-Али Калиматовду дайындаган. Читать дальше...

Батукаевдин иши: Табалдиев качтыбы?

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгаруу ишинде аты аталып келаткан Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевдин өлкөдөн чыгып кеткени айтыла баштады.

Жарылуудан кийинки жашоо

Azattyk.org 

Өткөн жылы октябрь айында Орусиянын Ленинград облусундагы Гатчина аймагында пиротехника чыгаруучу заводдо жарылуу болуп, беш кишинин өмүрү кыйылган. Азыр заводдун айланасында турган элдин жашоосу дагы эле күтүү абалында. Ошол жарылуудан кийин Гатчинадагы абал кандай болду экен?

Конгантиев экинчи жолу «акталды»

Azattyk.org 

Биринчи май райондук сотунун мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган чечимин коомчулуктун кайсы бир бөлүгү кескин сындап жатат.

Украина: телеканалга «мамлекеттик чыккынчылык» боюнча айып коюлду

Azattyk.org 

Украинада Башкы прокуратура Орусия менен телекөпүрө форматында берүү уюштурганы жаткан «News One» телеканалына «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген айып менен кылмыш ишин козгоду. Башкы прокурор Юрий Луценко алып баруучулардан тартып телеканалдын кожоюндарына чейин суракка чакырылганын билдирди. Андан сырткары каналдын активдерин камакка алыш үчүн сотко доо арыз даярдалып жатканы маалым болду. Мунун алдында «News One» телеканалынын 12-июлга белгиленген Орусия менен телекөпүрөсү болбой калган.... Читать дальше...

Жээнбеков: Баткендеги чек ара көйгөйлөрүн чечүү багытында ырааттуу иш жүргүзүлөт

Azattyk.org 

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн 8-июлда президенттик аппараттын, Коопсуздук кеңешинин, күч органдарынын жана Баткен облусунун жетекчилигин чогултуп, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселесин талкуулады. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында Баткендеги көйгөйлөр тууралуу сөз болду. Жээнбеков аларды чечүү багытында ырааттуу иш жүргүзүлө тургандыгын баса белгиледи. «Коңшуларыбыз менен достук мамилени сактоо жана өнүктүрүү Кыргызстан үчүн маанилүү. Муну менен бирге... Читать дальше...

«Укук» жана «Соцсервис» ишканалары түзүлдү

Azattyk.org 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин алдында «Укук» жана «Соцсервис» мамлекеттик ишканалары түзүлдү. Бул тууралуу чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун 8-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. «Укук» ишканасы сот, прокуратура, укук коргоо органдары, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш, миграция, коргонуу, өзгөчө кырдаалдар, жаза аткаруу, чек ара, радиациялык жана өрт коопсуздугу тармагында иштеген мекемелер үчүн маалымат системаларын иштеп чыгып, алардын... Читать дальше...

ЖАМК: Шамшиевдин машинесин уурдоого шектелип, каза тапкан адам үй камагында болчу

Azattyk.org 

Кинорежиссер Болот Шамшиевдин машинесин уурдоого шектүү катары соттолуп жаткан Юрий Ликов Бишкектеги №1 тергөө абагынан быйыл май айында чыккан. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна Жаза аткаруу мамлектетик кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди: - Ал бизде тергөө абагында бир аз кармалган. Быйыл 2-майда №47 абакка которулган. Ал жерден дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөндөн кийин оорусуна байланыштуу Кардиология жана терапия борборуна дарылануу үчүн которулган экен. Ал жактан соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Юрий Лоза

«У меня такого не было»: Лоза предположил, почему зрители ушли с концерта Серова





Персональные новости
Александр Бастрыкин

Бастрыкин взял на контроль дело о калечащем пациентов нейрохирурге из Москвы





Арзып жеткен «Алтын сертификат»

Azattyk.org 

8-июлда Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда президент Сооронбай Жээнбеков жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган 52 улан-кызга «Алтын сертификат» тапшырды.

Башкы прокуратура Конгантиев боюнча чечим кабыл ала элек

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Молдомуса Конгантиевге карата чыккан чечимге байланыштуу шаардык сотко кайрыла элек. Бул тууралуу бүгүн 8-июлда «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева билдирди. Анын айтымында, апелляциялык арыз берилеби же жокпу, соттун чечими колго тийгенден кийин белгилүү болот.  - Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө чечим бизге берилгенден кийин ал маселе каралат. Азыркы учурда чечим келип түшө элек, - деди ал.  5-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган.

БУУ: бир жылда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 50 миңдей аял ажал тапты

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жаңы баяндамасына ылайык, 2017-жылы дүйнөдө 87 миңдей кыз-келин киши колдуу болгон, аялдардын 50 миңге чукулун өнөктөшү, жакын туугандары өлтүрүп койгон.  Мындай мыккаачылыктын көбү (20 миңге чукул) Азия чөлкөмүндө катталган. Африкада 19 миңдей, Америка континентинде 8 миң, ал эми Европада 3 миң аял өнөктөшүнүн жана туугандарынын колунан ажал тапкан.  Уюмдун баяндамасында жазылгандай, 2012-жылдагы көрсөткүчтөргө... Читать дальше...

Түркияда кыргызстандык мигрант окко учту

Azattyk.org 

7-июлда Түркиянын жергиликтүү басылмаларында Алания шаарында 23 жаштагы кыргызстандык өлтүрүлгөнү тууралуу кабар тарады. Окуя боюнча Аланиянын прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, көп узабай полиция кылмышка шектүү адамды жашынып жүргөн жеринен кармаган.

Жээнбеков: Бүтүрүүчүнүн 38% өтпөй калды, бирок элеттен чыккан мыктылар көбөйүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 38 пайызы жогорку окуу жайына өтүүгө зарыл босогодон өтпөй калышты. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшыруу аземинде билдирди. Бирок президент быйылкы жалпы республикалык тестирлөөдө «Алтын сертификат» жана эң жогорку балл алгандардын 57 пайызы аймактарда окуган улан-кыздар экенин «канааттануу менен белгилей турганын» айтты: - Ошол эле учурда өлкөбүздүн билим берүү системасын каржылоо деңгээли ички дүң өнүмдүн 6 пайызын түздү. Читать дальше...

Иркутскиде ташкында ажал тапкандардын саны 23кө жетти

Azattyk.org 

Орусиянын Иркутск облусунда чукул кырдаалдар боюнча кызматтар дагы сегиз адам изделип жатканын кабарлашты. 8-июлда эки адам аман-эсен табылганы белгилүү болду.  Иркутскиде 25-июнда башталган нөшөрдөн улам беш чоң дарыядан суу ташкындаган. Суу жүзгө жакын калктуу конушту каптап, 3,5 миң турак жай жараксыз болуп калды. Табыгый кырсыктын айынан 33 миң адам үйүнөн ажырады. Жүздөгөн адамдар ооруканага түштү. Баштапкы маалыматтарга караганда, зыяндын көлөмү 29 миллиард рублга бааланып жатат.

Спорт в России и мире
Москва

Сотрудники Росгвардии приняли участие в чемпионате Центрального округа по боксу.


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Сафиуллин не смог выйти во второй круг турнира ATP в Барселоне


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

"Самое опасное" начнётся в пятницу: Синоптик предупредил об аномальной погоде в России





Путин в России и мире
Москва

Путин 22 апреля проведет в Москве переговоры с президентом Азербайджана Алиевым


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко сравнил Всебелорусское народное собрание с «пустотой»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Баста

Элтон Джон, Баста, Райан Рейнольдс, Натали Портман — собственники футбольных клубов



Москва

Житель Москвы напал на следователя, прибывшего для проведения обыска к его отцу

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net