Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 05.07.2019

Кызыгы көп кылыктуу клиптер

Azattyk.org 

"Азаттык+" бул жолу кыргыз клип дүйнөсүндөгү көрүнүштөрдү талкуулады. Кыргызстандагы эң көп көрүлгөн жана эң кымбат клиптер кайсылар? Сапаттуу клиптердин жаралышына эмне тоскоол болуп жатат?

Түркиядагы жардыруу үч кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Түркиянын түштүк-чыгышында машинеге коюлган бомба жарылып, үч сириялык мүрт кетти. 5-июлда болгон окуя боюнча президент Режеп Тайып Эрдоган «террорчулукка байланышы болушу мүмкүн» деп айтты. Сирия менен чек арага жакын Рейханлы шаарында болгон жардырууда бир адам жаракат алганы кабарланды. «Рейтерс» агенттиги коопсуздук кызматтарындагы булактарына таянып, машинедегилердин ичиндеги сириялыктардын бирөө жанкечти болгонун жазды. Рейханлы шаарында миңдеген сириялык качкын бар. 2013-жылы бул калаада эки автоунаа жардырылып... Читать дальше...



Манас Арабаевдин үй камагына чыгарылганы маалымдалды

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев үй камагына чыгарылды. Анын баш коргоо чарасын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карап, ушундай чечим чыгарганын "Азаттыктын" укук коргоо органдарындагы жеке булагы билдирди.  Манас Арабаев 2-июнда кармалган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда аны "сот системасынын куратору" деп атап келишкен. УКМК Арабаевди "Коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп кармаган. Мекеме тараткан маалыматта... Читать дальше...

Футбол достукту бекемдейт

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек жаш футболчуларынын “Достук кубогу” турниринин экинчи айлампасы уланып жатат. Ушул аптада Анжиян облусундагы Балдар жана өспүрүмдөр футбол мектебинин аянтчасында өткөн оюнда Өзбекстандын Анжиян жана Кыргызстандын Ош облусунан барган 12 жаштан 15 жашка чейинки футболчулар беттешти. Оюн кыргызстандык жаш футболчулардын жеңиши менен аяктады.

«Хан-Теңиридеги» үрөй учурган кылмыш

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт өрөөнүндө жайгашкан «Хан-Теңири» лагеринде киши колдуу өлгөн эки адамдын сөөгү Каракол шаарына жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлө баштады.

Назарбаевдин небереси Лондондо чыр салды

Azattyk.org 

Лондондун соту Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултанды күрөөгө бошотту. Ал маңзат чегип алып, полиция кызматкерин тиштеп алган деп айыпталууда. Суданда бийликтеги аскерлер менен оппозиция өлкөнү башкаруу боюнча мунаса табышты.



Германиянын жараны "ИМге" кошулганы үчүн кесилди

Azattyk.org 

“Ислам мамлекети” террордук тобунун катарына кошулганы үчүн айыпталган Германиянын 32 жаштагы тургуну беш жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Штутгарт шаардык соту 5-июлда чыгарды. Сабинэ Ульрике С аттуу аял, 2013-жылдын соңунан 2017-жылдын август айына чейин Сириянын аймаганда жашаганы айтылууда. Прокурорлордун версиясына ылайык, ал Сирияга бараары менен террордук топтун согушкерине турмушка чыккан. Айыпталуучунун күйөсү 2016-жылы кармашта өлтүрүлгөн. Прокурорлор Сабинэ С башка жарандарды... Читать дальше...

Башкы прокуратура КСДПны кайра каттоодо мыйзам бузуу болгонун аныктады

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Кыргызстан социал-демократиялык партиясы боюнча Бирдиктүү реестрдеги маалыматтарга өзгөртүү киргизүү мыйзамсыз болгонун моюнга алды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, Башкы прокуратуранын буга байланыштуу жообун тиркеген. Ушундай жооп болгонун Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы да “Азаттыкка” ырастады. Министрликтин жооптуу кызматкерлерин дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу... Читать дальше...

Ошто журналисттик иликтөө боюнча семинар өттү

Azattyk.org 

Семинарда журналисттер идея издөө, маалымат булактары менен иштөө, фактыларды текшерүү өңдүү көндүмдөрдү үйрөнүп, иликтөөчү журналисттердин укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат алышты. Семинарга “Панамагейт” маселесин иликтеп, коомчулукка алып чыккан молдовалык иликтөөчү журналист Владимир Тхорик катышып, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Окуу-семинар журналисттерге жана жарандык активисттерге коомдук маанилүү маселелер боюнча маалымат издегенди, эл аралык стандарттарга шайкеш иштегенди үйрөтүү максатын көздөйт. Читать дальше...

Чет элдик жаран Бишкекте жерге берилди

Azattyk.org 

«Cambridge School» мектебинин нигериялык 34 жаштагы окутуучусу 2-июлда "Айчүрөк" соода борборунун жанында жеген таяктын уусунан каза болду. Сөөгү 5-июлда Байтик айылындагы Чоң-Арык көрүстөнүнө коюлду. Маркумду сабаганга шек саналган 22 жаштагы жаран кармалган. Ички иштер министрлиги өлүм менен аяктаган чыр-чатакка кандай жагдайлар себеп болушу мүмкүн деген божомолдорду айта элек. Маркумдун жакындары каза болгон жаран сабырдуу жигит болгонун айтып жатышат. Кылмыш иши адегенде "адамдын денесине оор залал келтирүү" беренеси боюнча козголгон.

Ошто ЕАЭБдин талаптарына шайкеш касапкана ачылды

Azattyk.org 

Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына жооп берген касапкана Өзгөн районунда ачылды. Аны курууга жалпысынан 15 миллион сом сарпталды. Өзгөн райондук администрациясынын агрардык маселелер боюнча бөлүм башчысы Имангазы Абдраевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, 11 миллион сомду мамлекет берди, калганын “Касым ата” фермерлдик чарбасы кошкон: -Бул касапкана ЕАЭБдин да, ХААСПтын да стандарттарына толугу менен жооп берет. Бул цехтин курулушу үчүн Айыл чарба министрлиги “Айылбанктан” 11 млн. Читать дальше...

Акун Батукаев боюнча материалы үчүн “Апрель” телеканалын сотко берди

Azattyk.org 

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Апрель” телеканалын жана анын журналисти Канат Каниметовду сотко берди. Ага кримтөбөл Азиз Баткуевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулганына байланыштуу ушул жылдын 6-майында эфирге кеткен материалы себеп болгон. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна журналист Канат Каниметов билдирди. Маалыматка караганда, соттун биринчи отуруму 16-июлга белгиленген. "Соттон келген кабарды өзүм көрө элекмин. “Апрелдин” сайтында турат. Анда менин атым да аталыптыр. Сотко бергенге деле негиз жок болчу. Читать дальше...

6-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

6-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33, Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33, Баткен, Жалал-Абад... Читать дальше...

Театрларды оңдоого 198 млн. сом бөлүндү

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев театралдык оюн-зоок мекемелеринин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн каражат бөлүү чечимине кол койду. Ага ылайык, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын оңдоого 84 605 100, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына 97 658 300 жана Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого 16 млн. сом бөлүнмөй болду. Быйыл Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры... Читать дальше...

Элита жаңырмайынча коом өнүкпөйт

Azattyk.org 

Акыркы күндөрү коомчулукта Кыргызстанды башкарууга жаңы саясий элита келиши керек деген ой-пикирлер көп айтыла баштады.


Музыкальные новости
Денис Мацуев

Концерт Дениса Мацуева «Jazz and friends»





Персональные новости
Алексей Сёмин

Чем интересен EVOLUTE i-SPACE? Почему его стоит купить рядовому потребителю





Индонезия эл аралык таштандыдан баш тартууда

Azattyk.org 

Индонезия бийлиги Европа өлкөлөрүнөн келген негизинен желим таштандылар толтурулган ондогон контейнер артка кайтарыларын билдирди. Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери эл аралык таштандылар чогултула турган полигон болуудан баш тартып жатышат. Индонезияга желим таштандылар АКШ, Австралия, Германия, Франция жана Гонконгдон келет. Өткөн айда Жакарта АКШдан келген беш контейнерди артка кайтарган. Кытайдын 2018-жылы чет өлкөлөрдөн желим таштандынын импорттолушуна тыюу салган чечиминен кийин өнүккөн мамлекеттер аны кайда алып барарын билбей убара. Читать дальше...

Милиция нигериялык жарандын өлүмүнө байланыштуу маалымат берди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Бишкекте нигериялык жаранды өлүмгө алып келген окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берди. Кылмышка шектүү киши нигериялык жаран Али Тижжани Абубакар менен кокустан чырдаша кеткенин, экөө мурда тааныш болбогонун айтып, көрсөтмө берген. Чыр “Айчүрөк” соода борборунун кире беришинде чыккан. Анын көрсөтмөсүнө караганда, “Чынар” соода борборунун алдында социалдык тармак аркылуу достору менен түз эфирде сүйлөшүп жаткан учурда ага чет элдик жаран келип, телефонго тартпашын айткан. Читать дальше...

Гонконг: студенттер Кэрри Лэм менен сүйлөшүүдөн баш тартышты

Azattyk.org 

Гонконгдогу эки университеттин студенттер союзу шаар башчысы Кэрри Лэмдин сүйлөшүү тууралуу чакыруусунан баш тартышканын жума күнү билдиришти. Лэм жаштар менен кылмышкерлерди Кытайга экстрадициялоону карай турган мыйзамды талкуулап, алардын да үнүн угуу максатында чакырган. Студенттер Лэмдин бул аракеттери чын дилден экенин ишенишпейт. Алардын айтымында, мындай талкуулар жабык эмес, коом алдында өтүшү керек. Студенттер аталган мыйзамга каршы акциялардын башында турушкан. Июнь айынын башында... Читать дальше...

Элеттик аялдардын башын кошкон күн

Azattyk.org 

Аксыда элеттик аялдардын күнү белгиленди. Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунан чогулган 100дөй демилгелүү ишкер аялдар флешмоб уюштуруп, өз колунан жасалган буюмдарды жана таттууларды жармаңкеге коюшту.

100дөн ашуун ЗАГС кызматкери акыйкатчыга арызданды

Azattyk.org 

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ЗАГС бөлүмүнүн 126 кызматкери акыйкатчыга кайрылды. Алар бирдей айлык акы алуу укугун коргоп берүүнү жана жетекчиликтин басымынан коргоону өтүнүшкөн. Өздөрү иштеген мекеме жетишерлик иштебей жатканын белгилешип, жумушту жакшыртуу боюнча сунуштарын айтышкан. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады. Акыйкатчы жамааттык арыз менен таанышып, маселени карап чыгуу үчүн мекеме аралык комиссия түзүүнү өтүнүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кат жөнөттү. Читать дальше...

Экс-мэрлер 6-сентябрга чейин абакта калды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин карап, аларды 6-сентябрга чейин абакта калтырган чечим чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттон кабарлашты. Соттук териштирүү маалында прокурор айыпталуучулардын баш коргоо чарасын дагы эки айга узартууну, жактоочулар бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүшкөн. Кулматов "Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган" деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго "«Дастан»... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

RU.TV превращает Русскую Музыкальную Премию в Мюзикл


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Анастасия Потапова

Потапова всухую обыграла Шнайдер в 1-м круге турнира в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Кабардино-Балкарии стартует крупнейшая экологическая акция «Вода России»





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о формировании взаимовыгодного международного сотрудничества


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко пообещал потенциальным агрессорам ответ всеми видами оружия




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

В РПЦ отказались называть причины запрета в служении иерея Сафронова, отпевавшего Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Баста

Рэпер Баста благословил девушку на брак во время своего концерта



Москва

Добровольческий форум «ПРО-защита» собрал 150 псковских школьников

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net