Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 28.07.2019

Кабул: "Жашылдар багыты" кыймылынын имаратына чабуул жасалды

Azattyk.org 

Ооганстандын борбор шаары Кабулда президент Ашраф Ганинин өнөктөшү, мурдагы ички иштер министри Амрулла Салех жетектеген "Жашылдар багыты" кыймылынын имаратына чабуул жасалды. Окуяга күбө болгондордун маалымдашынча, алгач имаратта бомба жарылган, андан кийин куралчан адамдар кирип барып, атышуу башталган. Күбөлөрдүн айтымында, Амрулла Салехти ал жерден аман-эсен алып чыгып кетишти. Айрым маалыматтарга караганда, чабуулда бир адам ажал тапты, ондон ашык киши жаракат алды.  "Жашылдар багыты"... Читать дальше...

Жээнбеков: Орусия менен бирге алдыга жылгыбыз келет

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда Чолпон-Ата шаарында "Кыргызстан жана Орусиянын жаш лидерлери" форумунун катышуучулары менен жолугушту. Мамлекет башчы эки өлкөнүн жаштарынын мындан аркы кызматташтыгы үчүн жаш лидерлердин форуму мыкты шарт түзөөрүнө үмүт артты. “Бизди Орусия менен тарыхый достуктун, союздаштыктын жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизденген ишеничтүү мамилелер байланыштырып турат. Орусия биз үчүн жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш. Биз Орусия менен бирге алга жылгыбыз келет... Читать дальше...



Түркмөн ырчылары президенттин өлүмүнө ишенбөөгө чакырып жатат

Azattyk.org 

Түркмөнстанда айрым эстрада ырчылары, блогерлер социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу мекендештерин президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу кабарга ишенбөөгө чакыра баштады. Анда #duryalan ("токто, жалган") деген хештэг менен жазылган билдирүүлөрдө негизинен президентке өмүр тилеп, жалган маалымат тараткандарга каргыш айтылды. Өз өмүрүн өлкө башчысы үчүн садага чабууга даяр экенин айткандар да болду. Ушул жуманын башында Гурбангулы Бердымухамедов мезгилсиз ажал тапканы тууралуу кабар тараган. Читать дальше...

Гонконгдо полиция демонстранттарды кууп таратты

Azattyk.org 

Гонконгдо 27-июлда он миңдеген адамдар кайрадан көчөгө чыкты. Нааразылык акциялары шаардын Юньлон районунда өттү. Бул райондо бир апта мурун өкмөткө каршы митингге чыккандар тарап баратканда темир, жыгач союлдар менен куралданган, жүздөй адамдан турган топ кол салган. Анда ондогон адам жаракат алган. Ишемби күнкү нааразылык акциясынын катышуучулары буга байланыштуу полициянын аракетин айыпташты жана экстрадиция тууралуу талаштуу мыйзам долбоорго каршылык билдиришти. Гонконг бийлиги бул жолу митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес. Читать дальше...

"Талибан" ооган өкмөтүнүн сүйлөшүү сунушун четке какты

Azattyk.org 

"Талибандын" өкүлү Сухаил Шахин аталган топ тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ооган өкмөтү менен АКШ чет өлкөлүк аскерлерди чыгаруу тууралуу макулдашкандан кийин гана барарын айтты. Кыймылдын басма сөз өкүлү Забихулла Мужахид болсо Кабул менен жолугушуу тууралуу макулдашылбаганын билдирди. Мунун алдында ооган бийлигинин тынчтык сүйлөшүүлөр боюнча өкүлү Абдул Салам Рахими 15 адамдан турган атайын топ талибдер менен түз, тынчтык сүйлөшүүгө даярданып жатканын кабарлаган. Ал бул тууралуу АКШнын Ооганстандагы... Читать дальше...

Навальный “түшүнүксүз аллергия” менен ооруканага түштү

Azattyk.org 

Орусияда оппозициячыл саясатчы, Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун башчысы, №1 атайын кармоо жайында административдик жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Алексей Навальный 28-июлда эртең менен клиникалык ооруканага жаткырылды. Учурда ал терапия бөлүмүндө дарыланууда. Фонддун басма сөз катчысы Кира Ярмыш дарыгерлер Навальныйга “курч аллергиялык реакция” деген аныктама бергенин билдирди. Маалыматка караганда, саясатчынын бети шишип, териси кызарып кеткен. Ал эмнеден аллергия болгону аныктала элек. Ярмыш буга... Читать дальше...

Карамушкина: Атамбаев Жээнбеков менен элдешпейт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен элдешпей турганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Эл өкүлү Атамбаевдин Москва сапарынан кийин “Атамбаев менен Жээнбеков элдешеби?” деп сурап кайрылгандар көбөйгөнүн жазды. Кармушкина Атамбаев кандай шартта Жээнбеков менен элдеше турганын санап берди. “Президент Матраимовдор чыгарып кетти деген каражаттар боюнча тергөө баштоону, Жээнбеков, Матраимовдордун... Читать дальше...



Евробиримдик Москвадагы митинг боюнча билдирүү жасады

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Орусиянын Москва шаарында нааразылык акциясына чыккандардын кармалышы тууралуу билдирүү таратты. Анда бул окуялар "сөз эркиндигине, жарандардын тынч чогулуу укугуна шек келтирет" деп айтылат. "Бул - Орусиянын Конституциясында бекитилген жарандардын негизги укуктары. Биз бул укуктар корголот деп ишенебиз", - деди Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча комиссарынын басма сөз катчысы Майя Косьянчич. Уюм жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө орус бийлиги ЕККУнун... Читать дальше...

Душанбе абакта отурган 80 ооганды Кабулга өткөрүп берди

Azattyk.org 

Тажикстан бийлиги абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Ооганстандын 80 жаранын Кабулга өткөрүп берди. Эми алар калган мөөнөтүн өз өлкөлөрүндөгү абактарда өтөйт. Ооганстандын Душанбедеги элчилигинин басма сөз катчысы Фахим Кухдоманинин 28-июлда “Эркин/Европа Азаттык” радиосунун тажик кызматына айтканына караганда, бул адамдар ооган-тажик чек арасындагы “Төмөнкү Панжи” көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу таңкы саат төрттө өткөрүлүп бере баштады. Ооган дипломаттарынын маалыматына караганда, Тажикстандын түрмөлөрүндө... Читать дальше...

Журналист жана тарыхчы Кара-Мурза дүйнө салды

Azattyk.org 

Тележурналист жана тарыхчы Владимир Кара-Мурза 28-июлда 59 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун уулу, кенже Владимир Кара-Мурза “Твиттердеги” баракчасына жазды. 1990-жылдары Кара-Мурза “Останкинодо” иштечү. 1993-жылы Орусиядагы алгачкы менчик НТВ телекомпаниясына өтүп, "Сегодня в полночь" деген автордук берүүсүн алып барган. Телеканал “Газпромдун” карамагына өткөндөн кийин журналист ал жактан кетип, ТНТ, ТВ-6 жана RTVi каналдарында эмгектенген. Көп жыл “Эркин/Европа Азаттык” радиосунун... Читать дальше...

Чек арадагы чырда жабыркагандар ооруканадан чыга элек

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында ок жаңылып, таш тийип ооруканада жаткандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков кабарлады. Анын айтымында, учурда 16 киши ооруканада жатат. Алардын арасында чек ара, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар бар. 27-июлда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана райондун акими жабыркагандардан кабар алды. "Дары-дармек жетиштүү. Жабыркагандардын абалы туруктуу, кооптонууга негиз жок". Читать дальше...

Берлиндеги гей парадга жарым миллион адам катышты

Azattyk.org 

Германиянын борбору Берлинде кумсалардын 41-маршына жарым миллион киши катышты. Марш шаардын батыш бөлүгүндөгү Курфюрстендамм көчөсүндө башталып, Бранденбург дарбазасына чейин болду. "Google" жүрүштүн картасын асан-үсөн түстө көрсөтүп турду. Ага Орусия, Грузия, Беларус жана постсоветтик өлкөлөрдөн жүздөгөн орус тилдүү активисттер катышты. Жүрүштүн катышуучулары түстүү желекке Орусиянын президенти менен Чеченстандын лидеринин сүрөтүн илип, “Бизди кууп жетпейсиң!” деп орус жана немис тилдеринде жазып көтөрүп чыгышты. Читать дальше...

29-июлда абанын температурасы 40 градуска жетет

Azattyk.org 

29-июлда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 34…39; Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 32…37; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40; Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32; Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32 градус болот. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 37…39 градус ысык болот.

Жасалма эттин доору жакындады

Azattyk.org 

Жылуу ванна же душ жакшы уйкуга көмөкчү. Жошуа дарагы 50 жылда бештен бирге азаят. Жасалма эт келечекте табигый этке атаандаш болот. Териден 1000 эсе сезимтал жасалма тери.

Атамбаевдин баласы соңку окуялар тууралуу пикирин айтты

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасынын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча “Фейсбуктагы” баракчасына пикирин жазды. Ал убагында үй-бүлөсү, жакындары айта албаган чындыкты атасына айтып келгенин жазган. "Соңку учурда "атаңа бийликте турганда айтпайт белең" - деген суроолор көп берилип жатат. Мен бир чындыкты айткым келет. Үй-бүлөмдүн, жакындардын духу жетпей турганда, мен атама "сиздин шопуруңуз, жансакчыңыз, балашкаларыңыз, сиз мамлекетибизге жасаган жакшы иштерге... Читать дальше...

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери күч сынашты

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 2014-жылы куралдуу кылмышкерлерди колго түшүрүү учурунда октон каза тапкан Бакытбек Абдраевдин элесине арналган спорттук иш-чара өттү. Чемпионат таяк тартыш, аркан тартыш жана гиря көтөрүү боюнча өтүп, ага өлкөнүн укук коргоо бөлүмдөрүнөн 200гө жакын кызматкер катышты. Биринчи орунду Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полку, экинчи орунду атайын адистештирилген күзөт кызматы жана үчүнчү орунду Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы ээледи. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана атайын кубок тапшырылды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

Тимати показал идеальный пресс: горячее видео от рэпера





Персональные новости
Антонио Вивальди

«Вивальди. Времена Года. Шнитке. Кончерто Гроссо»: концерт в старинном соборе при поддержке Relax FM





Иран жана Омандын тышкы иштер министрлери Тегеранда жолукту

Azattyk.org 

Ишембиде Иран менен Омандын тышкы иштер министрлери Мохаммад Жавад Зариф жана Юсеф бен Алави Тегеранда жолугушту. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин "Телеграм-каналындагы" маалыматта “эки тараптуу кызматташтык, эки өлкө ортосундагы мамиле жана аймактагы, дүйнөдөгү соңку кырдаал талкууланганы” айтылат. Министрлер Тегеран менен Маскаттын ортосундагы консультацияны улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга чейин Омандын Консультативдик кеңешинин вице-спикери (Межлис аш-Шура) Мухаммед Абу Бакр Салем... Читать дальше...

Аймактык шайлоо комиссиялардын кеңеши түзүлдү

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аймактык шайлоо комиссияларынын кеңешин түздү. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Назарали Арипов кабарлады. Анын айтымында, жаңы түзүлгөн кеңеш талкууга, ар кайсы комиссиялардын пикир алмашуусуна аянтча болуп берет. Анын курамына ар бир аймактык комиссиядан экиден, Ош, Бишкекти кошуп 12-14 киши кирет. Аны БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жетектейт. Кеңештин чечимдери сунуш иретинде берилип, юридикалык күчкө ээ болбойт. Аймактык шайлоо комиссияларынын... Читать дальше...

Пакистанда согушкерлердин кол салуусунан 10 аскер мүрт кетти

Azattyk.org 

Түндүк Вазиристан жана Белужистанда согушкерлердин кол салуусунан кеминде 10 жоокер өлгөнүн Пакистандын армия жетекчилиги билдирди. Маалыматка караганда, 27-июлда ооган чек арасы тараптан ок чыгарган алгачкы кол салууда алты аскер мерт болгон, андан соң атышууда дагы төрт жоокер жан берди. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Техрик-е Пакистан талибан” деп аталган уюм алган. Премьер-министр Имран Хан 27-июлдагы кол салууда каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. “Мен улуттук коопсуздукту сактоо... Читать дальше...

Кечиккен автобус, үзүлгөн үмүт

Azattyk.org 

Жумагүл Барктабасова кийинки муун кара сөзчүлөрдүн өкүлү. Эгемен өлкөнүн энчисине тийген кыйынчылыктар менен карама-каршылыктар мына ушул муундун чыгармаларында кандай чагылдырылууда?

Москвадагы тынчтык митингинде ондогон киши сабалды

Azattyk.org 

27-июлда Москвада шаардык кеңешке талапкер болгон оппозиционерлерди колдогон акция өттү. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ага 3,5 миңдей киши катышты. “ОВД-Инфо” укук коргоо порталынын болжолунда катышуучулардын саны мындан кыйла көп болгон. Нааразылык акциясына чыккандар мэриянын алдына чогулууну пландаган. Бирок полиция, ОМОН жана Росгвардия ал жакка барчу жолдун баарын тосуп, чогулгандарды сүрүп чыгарууга аракет кыла баштаган. “ОВД-Инфо” түнкү саат 23:30га карата миңден ашуун киши кармалганын жазды. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

РОСГВАРДИЯ ОБЕСПЕЧИЛА ПРАВОПОРЯДОК ВО ВРЕМЯ ФУТБОЛЬНОГО МАТЧА «ЦСКА» - «СПАРТАК» В МОСКВЕ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В СВАО Москвы реконструируют дорогу и построят мост





Путин в России и мире
Москва

Эксперт: корректировка порогов крупного и особо крупного ущерба по экономическим статьям оправдана и своевременна


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Джиган запретит дочери Ариеле встречаться с определенной категорией парней



Москва

Армия в СВО бьется за ментальную независимость России

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net