123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 07.07.2019

Аялдар арасындагы футбол чемпионатында АКШ жеңди

Azattyk.org 

Франциянын Лион шаарында өткөн Аялдар арасындагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Кошмо Штаттардын командасы Нидерландын спортчуларын 2-0 эсебинде жеңди. Биринчи голду оюндун 61-мүнөтүндө Меган Рапино тепсе, экинчи топту атаандашынын дарбазасына Роуз Лавелль киргизди. Ушуну менен Кошмо Штаттардын командасы төртүнчү ирет дүйнөлүк мелдеште чемпион болду. 2015-жылы Канадада өткөн мундиалда да америкалык кыз-келиндер биринчи орунду ээлешкен.

Экзит-полл: Грекиядагы шайлоодо оппозиция алдыда баратат

Azattyk.org 

Экзит-поллдордун сурамжылоолоруна ылайык, Грекиядагы парламенттик шайлоодо оппозициядагы оңчул-борборчул “Жаңы демократия” партиясы алдыда баратат. Кириакос Мицотакис башында турган партия премьер-министр Алексис Ципрастын “Сириза” партиясынан көбүрөөк добуш алары күтүлүп жатат. Расмий жыйынтыктар дүйшөмбүнүн таңында белгилүү болот. Байкоочулар 40 градуска жеткен аптаптан улам шайлоочулар 7-июлда өткөн добуш берүүгө жигердүү катыша албай калганын белгилешти. Грекияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик... Читать дальше...

Чымкентте кармалгандардын айрымдары бошотулду

Azattyk.org 

Казакстандын Чымкент шаарында 6-июлда кармалгандардын айрымдары бошотулду. Алардын бири Данияр Байтилеу полиция кармалган адамдардын манжаларынын тагын алып, сүрөткө тартып, түшүнүк кат жаздыргандан кийин коё бергенин билдирди. Алардын көбүн алты сааттай кармашкан. Жалпысынан бул күнү шаардын борбордук аянтына чыккан 50дөй адам кармалган. Алардын баарына “мыйзамсыз митингге катышкан” деген айып тагылды. Баш калаа Нур-Султандын күнү жана биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү 6-июлда... Читать дальше...



Иран уран байытууну өзөктүк келишимдеги чектен ашырды

Azattyk.org 

Иран 7-июлдан тарта уран байытууну 2015-жылкы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67% ашырды. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи билдиргенин агенттиктер жазышты. Ал Тегеран ар бир алтымыш күндө келишимде өзүнө алган милдеттенмелердин биринен баш тартарын билдирди. Бирок Тегеран дүйнөлүк алты держава менен келишилген макулдашуудан толук чыкпай жана аны жокко чыгарууну көздөбөй турганын кошумчалады. Иран бийлиги май айынын башында келишимдин алкагында өзүнө алган... Читать дальше...

Бишкек-Торугарт жолунда жүргүнчү ташыган автоунаа кырсыкка кабылды

Azattyk.org 

Бишкек–Торугарт автожолунун 55-чакырымында 7-июлда кечке жуук жол кырсыгы катталды. Чүй облустук милициясы билдиргендей, мал жүктөп бара жаткан жеңил автоунаанын чиркегичи чыгып кетип,  каршы тилкеде келе жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу «Мерседес-Бенц Спринтер» машинеси менен кагылышкан. Ысык-Көлгө жүргүнчү ташып бара жаткан кичи автобуста жалпы 18 киши бар болгону, кырсыктан эч ким жабыркабаганы айтылды.  Төрт адам ооруканага саламаттыгын текшерүү максатында жиберилген.

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусу 12 кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Ооганстандын расмий бийлиги билдиргендей, Газни шаарындагы жанкечтинин жардыруусунан кеминде 12 киши мүрт кетип, жарадарлардын саны 180 кишиден ашты. 7-июлда болгон жардыруу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды. Оор жарадарлар баш калаа Кабулдун ооруканаларына жиберилди. Ушул эле Газниде бир күн мурда мечитте болгон жардыруудан 20га чукул адам жаракат алган. Ал чабуул үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өз мойнуна алган. 7-июлда Катардын баш калаасы Дохада Ооганстандагы... Читать дальше...

Түркияда кыргыз жигит киши колдуу болгону кабарланды

Azattyk.org 

Бул тууралуу жергиликтүү «CNN Türk» телеканалы маалымат таратты. Анда 7-июлдун таңында Анталия аймагынын Алания шаарында 23 жаштагы кыргызстандык М.И.нин жерде кыймылсыз, канга чыланып жатканы жазылган. Жергиликтүүлөр «Тез жардамга» жана жандармерияга кабар беришкен. Бирок «Тез жардам» кызматкерлери келишкенде кыргызстандык жигиттин мылтыктан атылган октон каза болгонун жарыялашкан. Аланиянын башкы прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү 40 жаштагы А.Й.ни кармашкан. Суракта шектүү... Читать дальше...



Сот аткаруучуну түрткүлөгөн аялга карата тергөө иши башталды

Azattyk.org 

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 6-июль күнү социалдык тармактарга тараган видеотасмада сот аткаруучуну түрткүлөп, урушуп жаткан аялдын иши Жоруктар кодексинин 119-беренеси боюнча («Майда бейбаштык») сотко чейинки өндүрүшкө алынып, бирдиктүү реестрге катталды. Учурда бул иш боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Ош ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдагандай, видеотасмадагы аял Ош шаарынын тургуну, 52 жаштагы Э.М. Кара-Суу райондук сотунун сот аткаруучусун түрткүлөп, тилдеген. Читать дальше...

Орусиядан келаткан үч кыргызстандык жол кырсыгында каза болду

Azattyk.org 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан Кыргызстанга жеңил машинеде жолго чыккан кыргызстандыктар аварияга кабылып, үчөө мүрт кетти. Бир киши Оренбургдагы ооруканага жаткырылды. Кырсык 7-июлга караган түнү Оренбург облусунун аймагындагы Тоцкое кыштагында болду.  Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги алардын баары Кыргызстандын жарандары экени аныкталганын билдирди. Полиция кылмыш ишин козгоду.  Оренбургдагы ардактуу консул жергиликтүү органдар менен иштешип жатат. Маркумдардын сөөгү шейшембиде мекенине жиберилет. Читать дальше...

Жүк ташуучу поездде Германияга бараткан мигранттар Австрияда кармалды

Azattyk.org 

Австрия полициясы муздаткыч жүктөлгөн поездде Германияга бараткан 11 мигрант кармалганын билдирди. Расмий кабарларга ылайык, алар 6-июлда өлкөнүн түштүк тарабындагы станциялардын биринде колго түшкөн.  Поезд Австрияга Словениядан келген. Жабык вагондо дээрлик 40 саат отурган мигранттар вагондун дубалын уруп жатканда башкалар байкап калышкан.  Мигранттардын айтымында, 4-июлда аларды ортомчулук менен алектенген адам поездге чыгарып, Германияга жеткирүүгө убада берген. Ар бири ага 1000 евродон төлөгөн. Читать дальше...

Могерини: сот эркиндиги жана сөз эркиндиги - кызматташтыктын негизги өзөгү

Azattyk.org 

Сот эркиндиги жана сөз эркиндиги - Европа Биримдиги менен Борбор Азиядагы мамлекеттердин кызматташтыгынын маанилүү өзөгү. Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Бишкекте 7-июлда ушундай пикирин айтты. "Азаттыктын" кабарчысынын Тажикстандагы, Казакстандагы айрым журналисттерге бийликтин катаал мамилеси,  Борбор Азиядагы сөз эркиндигине байланыштуу суроосуна анын жообу төмөнкүчө болду: - Ар бир өлкөдө жагдай ар башка. Мен эч кандай баа бере албайм. Читать дальше...

Билим берүү тармагын уят кылган каталар

Azattyk.org 

5-июль күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн документтери ката басылып чыкканы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаганын кабарлады.

Иран уранды келишимдегиден көп байытып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Иран уран байытуунун көлөмүн 2015-жылдагы келишимде көрсөтүлгөн талаптардан ашыра баштаганын жарыялады. Өкмөттүн басма сөз катчысы Али Рабией 7-июлдан тартып Тегеран уранды байытуунун көлөмүн 3,67 пайыздан ашырганын билдирди. Бирок кайсы даражага чейин көтөрүлөрү ачык айтылган жок.  Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) Иран келишимде көрсөтүлгөндөн көбүрөөк байытылган уран чогултканын тастыктады.  Май айында тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчы 2015-жылы келишимге кол койгон мамлекеттер - Британия... Читать дальше...

Могерини Азимжан Аскаровдун маселеси талкууланып жатканын айтты

Azattyk.org 

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Кыргызстанда өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун маселеси талкууланып жатканын билдирди.  7-июлда Бишкекте «Европа Биримдиги - Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан соң «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна ал: - Бул маселеге байланыштуу бардык суроолор талкууланып жатат. Маселе ачык-айкын жана конструктивдүү пикир алмашуунун негизинде талкууланып жатканын белгилейм, - деп жооп берди. Читать дальше...

Иркутск облусунда дайынсыз жоголгондордун 30у аман табылды

Azattyk.org 

Орусиянын Иркутск облусундагы суу каптоодон кийин жоголгондордун арасынан 30 киши аман табылды. Дагы 11 адамдын дайыны чыкпай жатат. 22 киши мерт болгонун «Интерфакс» агенттиги жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып жазды.   Ташкын жүзгө жакын калктуу конушту каптады. Үч жарым миң турак-жай жараксыз болуп калды. 33 миң адам үйүнөн ажырады. Жүздөгөн адамдар ооруканага түштү. Баштапкы маалыматтарга караганда, зыяндын көлөмү 29 миллиард рублге бааланууда. 25-июнда башталган нөшөрдөн улам Иркутск облусунда беш чоң дарыядан суу ташкындаган.

Ошто спортчулар Ак Бууранын жээгин тазалашты

Azattyk.org 

Жалпы ишембиликтин алкагында шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери алтымыштан ашуун спортчулар менен кошо Ак-Буура дарыясынын жээгинен тартып борбордук базарга чейин тазалашты. Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, анда негизинен суу жээгин желим бөтөлкө менен баштыктардан тазалоо иштери жүрдү. (MdN)


Музыкальные новости
Григорий Лепс

«Я бы поступил иначе»: Юрий Лоза прокомментировал поступок Лепса, выбившего телефон у фанатки





Персональные новости
Игорь Маковский

Сотрудники «Россети Центр» и «Россети Центр и Приволжье» присоединились к Неделе популяризации донорства крови





Могерини: Борбор Азиянын күчтүү жана туруктуу болушун каалайбыз

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Борбор Азия чөлкөмүнүн күчтүү жана туруктуу болушун каалайт. Ал үчүн жакырчылык менен күрөшүп, аялдардын укуктарын коргоо жаатында иштер жасалышы керек. Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Бишкекте 7-июлда ушундай пикирин айтты.  Могерини Кыргызстандын баш калаасында «Европа Биримдиги - Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна келген. Ал жыйындын жемиштүү болгонун белгиледи. Буга мисал кылып Кыргызстан... Читать дальше...

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы дүйнө салды

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедакалый Абылгазиевдин апасы Жеңилдик Абылгазиева 86 жашында дүйнө салды.  Өкмөт башчынын басма сөз катчысы билдиргендей, ал оорудан улам 7-июлда жашоо менен кош айтышты.  Жеңилдик Абылгазиева Бишкекте уулу Мухаммедкалый Абылгазиев менен жашаган.  "Азаттык" радиосунун жамааты  маркумдун жакындарына көңүл айтат.

«Ата конуш» тасмасы Стамбулда биринчи орунду алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык Гүлнара Айтмаматова тарткан «Ата конуш» аттуу даректүү тасма Стамбулда «TRT Gelececin iletişimcileri» аттуу кинофестивалда 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» режиссер өзү кабарлады.  - Бул менин чет өлкөдөгү эң биринчи жеңишим болду. Калыстар биздин фильм жогорку деңгээлде тартылганын айтышты. Анан дагы эки жерден иштешүүгө сунуш түштү, - деди Айтмаматова. Тасма Нарын облусунун эң суук Өрүк-Там айылында тартылган. Учурда бул айылда кыркка жакын үй-бүлө жашайт. Жашоо-шарты оор. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Московкой области сотрудник Росгвардии тренирует юных тхэквондистов


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Хачанов объяснил, почему снялся с турнира ATP 500 в Барселоне


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Шашлыки и дача отменяются: аномальная погода на майские праздники в Москве, Питере и регионах





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге: «Запуск «Ангары-5» — новая страница в развитии космической отрасли России» 


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко сравнил Всебелорусское народное собрание с «пустотой»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Фрэнк Синатра

Леонардо Ди Каприо снимется в фильме Скорсезе о жизни певца Фрэнка Синатры



Москва

Бастрыкину представят доклад по делу о нападении на съемочную группу «Известий»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net