Трамп салык декларациясы тууралуу сырды сот аркылуу коргойт
АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресстин Өкүлдөр палатасынын бюджет комитетине, Нью-Йорк штатынын прокуроруна жана Нью-Йорк салык кызматына каршы сотко доо арыз менен кайрылды. Трамп анда өзүнүн салык декларациясы тууралуу маалыматтын берилишине тыюу салууну өтүнгөн. Ал АКШнын президенти болуп шайланганга чейин такай Нью-Йоркто жашаган. Бул тууралуу "CNBC" телеканалы маалымдады.
АКШда демократтар президент Трамптын акыркы алты жылдагы салык декларациясын көрсөтүүнү талап кылып келет.
Апрель айында демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасынын Киреше жана чыгаша комитетинин төрагасы Ричард Нил АКШнын ички кирешелер кызматына кат жазып, президент Трамптын салык декларациясы тууралуу маалымат берүүнү талап кылган.
2016-жылы президенттик шайлоонун алдында талапкер Трамп өзүнүн салык декларацияларын жарыялай турганын айткан. Бирок президент болуп шайлангандан кийин убадасын аткарган эмес.
Ал эми 2017-жылы майда интервью берип жатып, салык декларациясын президенттиктен кеткенден кийин жарыялай турганын айткан.