Аба ырайы: жамгыр жаабайт
25-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27;
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22 °, күндүзгү жогорку температурасы 34…36 ° болот.